УЛУТТУК НАРК – УЛУТ ЖҮЗҮ

  • 24.03.2025
  • 0

Эсиңиздерде болсо керек, жыл жаңырар алдында КР Президенти
Садыр Жапаровдун Кыргызстандын «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндөгү жарлыгы жарык көрдү. Муну Кыргызстандын, жамы кыргыз журтунун коомдук-саясий, социалдык-экономикалык, маданий-руханий жактан стратегиялык өнүгүүсүнүн жалпы улуттук уңгу жолу катары карасак болот. Ошондуктан Улуттук уңгужол дүйнөлүк деңгээлдеги бийиктикке умтулган көөнө улуттук демдин өзөктүү жолу болуп саналат. Анткени Эгемен Кыргызстанды өз жарандарына туруктуу, коопсуз, бейпил, бакубат, бардар турмуш тартуулоо аркылуу бакубат өлкөнү түзүү максатын көздөп, алдын ала башбагыты аныкталган, узак мөөнөткө эсептелген идеялар тутумун азыркы доор талабына ылайык кайра жаратуу муктаждыгы келип чыккан. Аны Кыргызстандын, анын ичинде жамы кыргыз журтунун идеологиялык башкы таянычы катары карасак болот. Улуттук уңгужолдун башкы өзгөчөлүгү ушу: барыдан мурда таалим-тарбияга, мамлекеттин кичи модели катары эсептелген үй-бүлөгө, билим берүүгө, айрыкча окутуунун заманбап жаңы моделине трансформациялоо маселесине басым жасалууда.

Улуттук уңгужол, анын ичинде ата-бабамдын эзелки кеби тууралуу сөз козгой турган болсок, кыргыз калкы мындан 3 миң жыл мурда эле Евразия аймагында жашап келгени баарыбызга маалым. Мына ошол мезгил аралыгында кыргыз калкына канча душман кол салса да, өзүнүн биримдиги, ынтымак-ырашкерлиги менен өз душманынын мизин кайтарып, кажыбас кайраттуулугу менен таанымал болгон. Келечекке кадамын кенен таштаган өзүнүн дарамети, кажыбас кайраты, жеңилбес күчү, карт тарыхта «кыргыз» деген түпкү нукура аты менен калды. Мындай элдер карт тарых жайыгында сейрек кездешет.

Улуу бабабыз Манас атанын урпагын улаган, өзгөлөргө жалданбаган, өзгөлөрдөн жалтанбаган курч мүнөзү бар, элдин үмүтүнө бекем ишенген, колунан көөр төгүлгөн, сүйлөсө оозунда кеби бар, иштесе колунда иши бар кадырман калк экенибизге сыймыктанып келебиз. Мына ушундай нарктуулуукка ээ болгон, дүйнө таанымы кенен, ой жүгүртүүсү таза, ар-намысты бийик койгон, көөдөнүндөгү ойду акылмандыкка салып, ички туюму жана дарамети менен иш кылган, тарыхын сатпаган туруктуулугуна бир чети сүйүнүп, бир чети толкунданып, жер үстүндө алакандай кыргыз эл бар экенине кантип сүйүнбөй койбойсуң.

УЛУТТУК НАРК – УЛУТ ЖҮЗҮ

Нарк деген сөзгө улай, кыргызга тиешелүү ата-бабабыздын колдонуп келген ички жөрөлгөлөрү, каада-салты, үрп-адаты, алмустактан бери колдонуп келе жаткан буюм-тайымы, турмуш-тиричилигине бүйрө экендигин билдирсе, бүткөн боюна сиңирип ала жүргөн диний ишеними, мамлекеттик тили баа жеткис байлык болуп эсептелет эмеспи. Кыргыз макалында “Ааламдын көркүн көз ачат, адамдын көркүн сөз ачат” демекчи, элибиз сөз баккан, орду менен таптап сүйлөгөн, ташка тамга баскандай кайраттуу мүнөзү аркылуу жеңилбес душманды да күчүнөн тайдырган. Демек, кичинекей баладан баштап улуу муунга чейин макалдатып сүйлөгөн чеберчилик ушундан го деп ойлойм.

Ушу тапта кыргыз наркын элге жайылтуу, аны көрсөтмөлүү түшүндүрүү бала бакчадан башталып, жогорку окуу жайларында да салттуу улантылып жатат. Ошол себептүү кыргыз элинин баалуулугу  бүтүндөй “Мен кыргызмын” деген ар бир жаранга байлык болот деп ойлоймун. Ошондон улам, КР Президентинин «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү» тууралуу жарлыгына ылайык, биз 2025-2026-жылды улуттук нарк-насил, каада-салт, үрп-адат, өнөр, билим, тамак-аш, турак жай, ашкана, элдик музыкалык аспап, дене тарбия, улуттук кийимди жайылтууда жана тарбия жаатына багытталган иш-чара өткөрүүнү чечтик.

Маселен, ушул жылдын 28-февралында Балыкчы шаарындагы № 1 мектепте «Сайма» иш-чарасы өттү. Анын негизги максаты кыргыз элинин улуттук баалуулуктары менен таберик көркөм дөөлөттөрүн окуучулар менен бирге ачып көрсөтүү болсо, ага утурлай окуучулар менен ата-энелер бирге катышып, нарк-насилдин улуулугун өз дүйнө таанымы аркылуу ачык көрсөтүп жатышты. Улуу наркты бүткөн боюна сиңирген, өз элинин камкордугун ойлогон, ишенимди ичине бекем камтыган улут бар экенине дагы бир ирет ичибизден сүйүнүп отурдук. Ага мектеп окуучулары, ата-энелер жана жалпы мектеп жамааты жабыла катышып, иш-чаранын жүрүшүн кыргыз элинин салттуу көрүнүшү аркылуу сахналаштырып, чеберчилик менен ачып беришти. Ар бир катышуучунун жүрөк кылын терметкен таланты көрөрмандардын купулуна толуп, аларды кызыга карап отурушту. Негизги максат окуучулар ушундай баалуулуктарга өзүлөрү катышып,  ар бир жасалганы өз колу менен кармап, туюп, чечмелеп бериши керек эле.

Баланын төрөлгөнүнөн баштап, дөөлөттүү карылыгына чейин элибиздин ыймандык-адептик баалуулуктары, тарбиялык түшүнүккө ээ болгон жөрөлгөлөрү жогорку деңгээлде  чагылдырылып, чыныгы таланттуулар биздин мектепте окушат экен деген ойдо калдык. Бул жерде «адам» деген философиялык түшүнүк, адамдын инсандык калыптанышы, өмүр кечириши, турмуш-тиричилиги, аны утурлай өмүр менен кош айтышканга чейинки басып өткөн жолу чагылдырылды. «Баланын төрөлүшү», «Баланы бешикке салуу», «Тушоо той»,«Уул-кызга тарбия берүү», «Кыз узатуу», «Келин алуу» жана башка жөрөлгөлөрү көрсөтүлдү. Окуучулардын чыгармачылык дарамети менен  таланты терең мазмунда ачылып,  комузда кол ойноткону, ырдаганы, бийлегени, кыргыз элинин улуттук кийимдер көргөзмөсү келген коноктордун купулуна толуп турганы таасын байкалды. Ашканада кыргыз элинин улуттук тамак-аштын бардык түрү көрсөтүлүп, атайын көргөзмө тартууланды. Азыркы шартта колдонуудан алыстап, унутта кала баштаган бардык тамактардан даам сыздык.

Жыйынтыктап айтканда, максаты бийик, милдети ыйык, окуучусуна сунганы билим, тарбиясы бекем, жан дүйнөсү кенен, өз окуучусун өлкөнүн акылдуу инсаны болууга үндөгөн, кулачын кенен жайган, ыйык кесиптин ээси – мугалимдерге, мектептин жалпы жамаатына, билимге умтулган, келечекте мыкты инсан, мыкты атуул болуп чыгабыз деген  ишеним берген окуучуларыбызга, «жеңилин жерден, оорун колдон алган» мектеп үчүн колдоо, жардамын аябаган ата-энелерге терең ыраазычылык билдирүү менен, Кыргызстанды «мыкты өлкө» катарына кошууга салым кошкон жалпы элибизге чоң ыраазычылыгыбызды билдиргибиз келет. Ар бир кыргыз жаранынын алдындагы атуулдук парзы менен ыйык милдети – мамлекетке кошкон салымы. Ошондой эле билим жаатында өсүп келе жаткан жаш муундарыбыз ушундай максаты бийик, келечекке кенен караган окуучуларыбыз көп болсо деген изги тилек жүрөк түпкүрүндө орун алды.

Мугалим болгондуктан окуучулардын ички сезимин түшүнүп, арышын кенен салган, келечекке бийик караган жаштарыбыз өсүп келе жатканына күбө болуп, ичимен бир жылмайып алдым. Ошентип, иш-чарага келген коноктор да рухий азык алып, үйлөрүнө көңүлдүү кайтты деген ойдомун. Жолду бойлой кыргыздын нарктуулугу өчпөсө, дүйнө таанымы аркылуу канат күүлөп келе жаткан муунубуз бийиктиктен түшпөсө, ар дайым дүйнө элин суктантып турса деген изги тилек менен тарадык.УЛУТТУК НАРК – УЛУТ ЖҮЗҮ

Улуттук уңгужол өнөлгөлүү өнүгүү жолу, дүйнөлүк бийиктикке умтулган улуттук демдин өзөктүү жолу болуп калды. Мунун баары жоктон жарала калган нерсе эмес, анын артында иштиктүү камылгалар жана көптөгөн көйгөйлүү көртүйшүк, ырааттуу жана ыргактуу жүргүзүлгөн иш-аракеттер турары бышык. Азыр ага Кыргызстандын идеологиялык башкы таянычы катары баа берсек жаңылбайбыз. Тагдырга жазалган тарыхый эстутум, даанышмандардын уламалуу акыл-эс туюму, накта наркка уюган накыл кептер элибиздин демине дем кошуп, келечекке багыт берген жалпы улуттук уңгужол милдетин аткарды. Кырк уруу кыргыз журту баатыры миң, башчысы бир болуп, тар жол, тайгак кечүүдө эзелки жоо жапырыгынан сактап, кут даарыган мекенин ар дайым коргоп келди. Миңдеген жылдар мезгил сынынан өткөн улуттук нарк-насил баштаган жазылбаган мыйзамдары, жүрүм-турум эрежелери жамы журт ыйык туткан нукура улуттук баалуулуктары, карманган салт-санаасы, эне тили, маданияты баш-аягы белгисиз туңгуюкка түшүп кетүүдөн сактады.

УЛУТТУК НАРК – УЛУТ ЖҮЗҮ

Айдай Дүйшөева,
Балыкчы шаарындагы №1 мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер