ТАНДОО – 2024: МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН ДАЙЫНДООНУН ЖАҢЫ ЭРЕЖЕСИ

  • 05.03.2024
  • 0

Беш жылдан ашык мектеп директору болуп иштегендер жаңы эреже боюнча конкурстук тандоодон өтөт. Бир эле мектепте беш жыл иштеген соң, дагы бир жолу сынактан өткөнгө уруксат берилет. Үчүнчү жолкуга жол берилбейт, бирок башка мектепке талапкер болуп катталып, сынакка катыша алат. Жаңы эреже боюнча алты айдан кем эмес сыноо мөөнөтү менен  дайындалат. Сыноо мөөнөтүн ийгиликтүү өткөн учурда иш берүүчү менен  беш жылга мөөнөттүү эмгек келишими түзүлөт. Учурда 300дөн ашык орун бош турат. Анда эмесе, сынактын жаңы эрежесин карап көрөлү.

ТАНДОО – 2024: МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН ДАЙЫНДООНУН ЖАҢЫ ЭРЕЖЕСИ

Өткөндөн сабак

Өткөн сынакка кайрылып көрсөк, ал учурда сынакка ким кааласа эле конкурска катышып келди. Жыйынтыгында жаш жана тажрыйбасыз директорлор кабыл алынып, айрым мектептерде олуттуу көйгөйлөр орун алганын жазганбыз. Анда конкурстан өткөндөрдүн биринде кургак учук аныкталса, экинчиси, соттолгон деп чыгышты,  үчүнчүсүн — жамаат кабыл албай, төртүнчүсү — дегеле билим берүүдөн таптакыр алыс экени аныкталып, дагы бирөөсү мектеп менеджментин такыр билбегени коомчулукта нааразычылык пайда кылган. Мындай олуттуу маселеде “жети өлчөп, бир кесүү” керек экени, шашылыш чечим кабыл алууга болбоорун көрсөттү. Анда деле азыркыдай электрондук форматта өткөн, адам фактору катышкан эмес.

Азыркы ааламдашуу доорунда бир гана директор болуу, албетте,  жетишсиз. Менеджер, стратег, лидер, муну менен бирге учурдун санариптик адистигин, мектептин келечегин так билиши шарт. Негизи эле заман менен кошо арымдаш келаткан мектеп жетекчилери аз эле санда, көбүнчөсү илгеркидей эле иштеп келишет. Билим берүү жана илим министрлиги жогоруда айтылган себептерди эске алуу менен сынактын Жобосуна жаңы өзгөртүүлөрдү киргизди. Ириде мектеп жетекчиси  окуучуларга келечекте кандай таасир бере алат? Билим берүү системасынын деңгээли жогорулайбы деген багыт биринчи кезекте көздөлүшү зарыл. Жаңы эреже боюнча тандалып алынган директор ириде мойнуна өтө чоң жүк артылганын түшүнүп, жакшы натыйжа берүүгө умтулса, анда министрликтин жасап жаткан реформасынан майнап чыгаарында шек жок.

Өткөн жылы Баткен облусу боюнча тестирлөөдөн эң көп упай алган Гүлмира Исакова, мурда ал Кадамжайдагы О.Абдрахманов мектебинде директор болуп иштеген. Компьютердик тестирлөөдө берилген 80 суроодон 74 туура жооп берген экен.

— Ушундай ыкма менен жетекчилердин деңгээли текшерилип турушу керек. Мага абдан жакты. Негизи эле билим берүү мекемесинде иштегендер изденип иштеши шарт. Анткени ал – билим булагы. Мектеп жетекчилери мугалимдерге бардык жактан жардам бергенге даяр болушу керек. Андыктан ал методикалык жактан, заманбап технология боюнча жакындан жардам бериши зарыл, — деди жетекчи.

Өткөн жылы айрым талапкерлер документ тапшырууда эле бир топ олчойгон каталарды кетиришкени, өзүнүн электрондук почтасынан эмес ар кайсы жерден жөнөткөндөрү, аны колдонгонду билбегендери четтен чыккан. Эң башкысы көпчүлүк талапкерлер тестирлөөнүн суроолоруна канааттандырарлык жооп беришкен эмес.

Конкурстун максаттары жана милдеттери

Билим берүү жана илим министринин орун басары М.Касымалиевдин айтуусунда, конкурс билим берүү системасында кадрларды тандоо жана жайгаштыруу боюнча иштин алкагында жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин бош кызмат ордун ээлөөгө талапкердин кесиптик компетенциясы жана жеке сапаттары, мындан сырткары кызмат ордуна коюлган квалификациялык талаптарга, кызматтык милдеттерге шайкештигин баалоонун негизинде жүргүзүлөт.

Сынактын максаты — билим берүү чөйрөсүндө зарыл компетенцияларга, жогорку башкаруучулук сапаттарга, тиешелүү жогорку педагогикалык билими болгон адамдарды альтернативдүү атаандаштык негизде тандоону көздөйт. Ал эми милдеттери  —  жалпы билим берүү уюмдарынын жогорку кесипкөй башкаруучу кадрдык курамын түзүүгө багытталган мамлекеттик кадр саясатын жүзөгө ашыруу, билим берүү системасында кадрларды тандоо жана жайгаштыруу боюнча иштин алкагында талапкерлердин кесиптик компетенцияларын жана жеке сапаттарын, алардын жалпы билим берүү уюмунун жетекчилик кызмат ордуна коюлган кызматтык милдеттерге шайкештигин баалоону өркүндөтүү болуп саналат.

Конкурсту  “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору” мекемеси өткөрөт.

Конкурстун катышуучуларына коюлган талаптар

— Конкурс жетекчинин бош кызмат ордун ээлөөгө мамлекеттик же муниципалдык жалпы билим берүү уюмунда беш жана андан ашык жыл иштеген бардык жетекчилер, ошондой эле жаңы эксплуатацияга кабыл алынган мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин жетекчилери үчүн өткөрүлөт, — деди министрдин орун басары М.Касымалиев.

Сынакка катышууга квалификациялык талаптарга шайкеш келген Кыргыз Республикасынын жарандарына уруксат берилет.  Ириде педагогикалык жана билим берүү чөйрөсүндө иштеген башка адистик боюнча тиешелүү жогорку кесиптик билими бар; жалпы билим берүү уюмунда жети жылдан кем эмес үзгүлтүксүз педагогикалык, анын ичинде жалпы билим берүү уюмдарынын типтүү штаттарына ылайык директордун же директордун орун басарынын кызмат ордунда эки жылдан кем эмес иш стажы бар; ыйгарым укуктуу органда жана анын аймактык бөлүмдөрүндө башкы кызмат ордунда эки жылдан; ыйгарым укуктуу органда жана анын аймактык бөлүмдөрүндө улук кызмат ордунда үч жылдан; аймактык билим берүү органдарынын алдындагы методикалык кабинеттердин жетекчиси кызмат ордунда беш жылдан кем эмес үзгүлтүксүз педагогикалык иш стажысы бар; атайын педагогикалык билими жана адистиги боюнча  беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн атайын жалпы билим берүү уюмдары үчүн) болуусу шарт.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексин, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын жана билим берүү, илимий ишти регламенттөөчү башка ченемдик укуктук актыларды, жалпы билим берүү уюмунун ишин пландоонун жана контролдоонун формаларын уюштуруунун жалпы принциптерин, уюмдун ишинин натыйжалуулугун баалоо жана персоналды башкаруу методдорун, документ жүгүртүү ыкмаларын, ички тартип эрежелерин, административдик жана жарандык мыйзамдарды, билим берүүдөгү каржылоону, мектептик билим берүү маселелери боюнча мамлекеттик институттар менен коомдук уюмдардын укуктарын жана функцияларын билген; Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын билген: билим берүү сапатын жогорулатуунун билим берүү системаларын башкаруу теориясын жана методдорун билген, башкаруу чечимдерин ыкчам кабыл алуу, алардын кесепеттерин болжолдоо, ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана эл алдында чыгып сүйлөө көндүмдөрүнө ээ болгон, пайдалануучунун деңгээлинде IT технологияларын колдоно билген; аракетке жөндөмдүү, аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таануу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими чыгарылбаган; соттуулугу болбогон; медициналык каршы көрсөтмөлөрү жок; мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен аныкталган мөөнөттүн ичинде педагогикалык иш менен алектенүү укугу чектелбеген талапкер гана катыша алат.

Конкурска катышууга кимдерге жол берилбейт

Педагогикалык иш жүргүзүү укугунан ажыраган же чектелген; соттуулугу бар, ошондой эле адамдын өмүрүнө, ден соолугуна, эркиндигине, жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине, конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштары үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган соттуулугу барлар (жоюлганына карабастан); Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган; медициналык каршы көрсөтмөлөрү бар.

Кандай документтер керек?

Белгиленген форма боюнча жазуу жүзүндөгү жеке арызын жана сүрөтүн (3×4 см); инсандыгын ырастаган документтин (паспорт) көчүрмөсү; бардык тиркемелери менен жогорку билимин жана тиешелүү педагогикалык квалификациясын тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн); эмгек китепчесинин көчүрмөсү (документтерди тапшырган учурдагы датасы менен нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн); резюме; соттолбогондугу жөнүндө маалымкат. Жарактуулук мөөнөтү маалымкатты алган күндөн тартып үч айды түзөт; психикалык ооруларынын жана наркологиялык диспансерлерде каттоосунун жоктугу жөнүндө маалымкат. Жарактуулук мөөнөтү маалымкат алынган күндөн тартып алты айды түзөт.

— Документтерди өз убагында, аларды толук эмес көлөмдө бербесе талапкер сынакка катышуудан четтетилет. Сынакка катышып жаткан адам жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин бир гана бош кызмат ордуна талапкер боло алат.  Жетекчилик кызмат ордунда жалпысынан  он  жылдан ашык иштеген талапкер ошол эле жалпы билим берүү уюмунун жетекчилик кызмат ордун ээлөөгө конкурска катыша албайт. Ошондой эле талапкер  документтерди өз убагында тапшырбаса; сынактын талаптарына жооп бербесе; документтерди толук көлөмдө бербесе сынакка катыша албайт, — деди министрликтин башкы адиси А.Кусеинова.

Талапкер документтердин көчүрмөлөрүн өзүнүн жеке электрондук почтасы аркылуу гана Улуттук борбордун электрондук почтасына жөнөтөт. Документтерди кабыл алуунун мөөнөтү конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандыруу ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып он жумуш күндү түзөт.

Конкурсту өткөрүү тартиби

Конкурс эки этап менен өтөт. Биринчи этап – документтерди экспертизалоо;  экинчи этап – квалификациялык тестирлөө.

Биринчи этапта Улуттук борбор документтерди кабыл алуу мөөнөтү аяктаган учурдан тартып беш жумуш күндүн ичинде жогоруда көрсөтүлгөн талаптардын шайкештигине экспертиза жүргүзөт. Эксперттик комиссиянын курамы, алардын укуктары жана милдеттери Улуттук борбор тарабынан бекитилет.

Документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу орган эки жумуш күндүн ичинде талапкерлерге квалификациялык тестирлөөнү жүргүзүүнү уюштурат.

Тестирлөөгө катышууга квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлерге уруксат берилет. Тестирлөөнү жүргүзүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталып, бирдиктүү система боюнча электрондук форматта жүргүзүлөт.

— Биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча Улуттук борбор: документтери экспертизалоодон өткөн жана конкурстун экинчи этабына уруксат берилген талапкерлердин тизмесин бекитет; документтери экспертизалоодон өтпөй калган жана экинчи этабына уруксат берилбеген талапкерлердин тизмесин бекитет; экспертизалоодон өткөн жана экинчи этапка катышууга уруксат берилген талапкерлердин тизмеси бекитилгенден кийин үч жумуш күндүн ичинде электрондук почта (телефон) аркылуу маалымдайт, — деди Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борборунун директору Бактыгүл Шамшидинова.

Тестирлөө кесиптик даярдыгынын, билим берүү, педагогика, психология, менеджмент, Кыргыз жараны концепциясы жана билим берүүдөгү каржылоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын билүүсүнүн, ошондой эле маалыматтык технологияларды билүүсүнүн деңгээлин баалоо максатында жүргүзүлөт.

— Улуттук борбор тестирлөөнү уюштуруу жана жүргүзүү боюнча төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат: тестирлөөнүн формасын жана босоголук баллын белгилейт; тестирлөөнү жүргүзүү тартибин жана графигин аныктайт; нускаманы иштеп чыгат жана бекитет; тесттик суроолордун базасын иштеп чыгат, түзөт жана жаңылап турат; тесттик суроолорду бекитет; тестирлөөнүн катышуучуларын каттоону жүргүзөт; компьютердик тестирлөөнү жүргүзөт; тестирлөөнүн жыйынтыктарын иштеп чыгат жана тестирлөөнүн протоколун түзөт; талапкерге тестирлөөнүн жыйынтыгын берет. Тестирлөө аяктагандан кийин жыйынтыктары дароо компьютердин экранында көрсөтүлөт, — деди Улуттук борбордун жетекчиси.

Талапкерлердин арасында тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң көп сандагы балл алган талапкер жеңүүчү деп таанылат. Эгерде сынакта бир нече катышуучусу бирдей балл алса, анда талапкерлердин каалоосу боюнча ошол эле күнү негизги тестирлөөнүн суроолорунун санынын үчтөн биринен ашык эмес көлөмдөгү кошумча тестирлөө жүргүзүлөт.

Негизги тестирлөөдөн кийин жана кошумча тестирлөөдөн кийин босоголук баллдан эң жогорку баллды алган талапкер жеңүүчү болот.

Эгерде конкурстун жеңүүчүсү мөөнөттүү эмгек келишимин түзүүдөн баш тартса ыйгарым укуктуу орган беш жумуш күндүн ичинде кайрадан конкурс жарыялайт.

Техникалык апелляция

Конкурстун жыйынтыктары менен макул болбогон учурда талапкер техникалык апелляция берүүгө укуктуу. Техникалык апелляцияга арызды талапкер тестирлөө жүргүзүлгөн жерде, ал аяктагандан кийин бир сааттын ичинде жеке өзү тариздейт. Улуттук борбор техникалык комиссияга апелляция берген талапкердин катышуусунда компьютердин экранына анын жыйынтыгын, жоопторун жана алынган баллдын ылайык келишин аныктоо үчүн тесттин ачкычтарын көрсөтөт. Арызды кароонун жыйынтыктары протокол менен таризделет, аларга техникалык комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү кол коёт. Техникалык комиссиянын ишинин материалдарын архивдик сактоо бир  жылдык мөөнөткө белгиленет.

Жаңы эреже

Жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин дайындоо конкурстун жыйынтыгы боюнча алты айлык сыноо мөөнөтү менен жүзөгө ашырылат. Сыноо мөөнөтү аяктагандан кийин сынактын жеңүүчүлөрү менен беш жылга мөөнөттүү эмгек келишими түзүлөт же ээлеген кызмат ордунан бошотулат.

Бир эле адам бир эле жалпы билим берүү уюмунда жалпысынан 10 жылдан ашык жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин ишин жүзөгө ашыра албайт.

— Сыноо мөөнөтүнөн өтпөгөн жетекчилер конкурска бир жылдан кийин катыша алат. Жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин ыйгарым укуктары белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин, ошондой эле төмөнкү учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулганда токтотулат. Эгерде сыноо мөөнөтүндө канааттандырарлык эмес жыйынтыктарды көрсөтсө; жеке арыз бергенде; кызыкчылыктардын кагылышын болтурбоо жана жөнгө салуу боюнча өз убагында иш-аракеттерди жасабаса; Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган негиздер боюнча; соттун күчүнө кирген айыптоо өкүмү болгон учурда; сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылганда; Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде; Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда; аны өлдү же дайынсыз жоголду деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде кызмат ордунан бошотулат, — дейт министрдин орун басары.

Сыноо мөөнөтү аяктаганга чейин эмгек келишимин бузуу, жалпы билим берүү уюмунун жетекчисин кызмат ордуна которуу жана бошотуу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер