ТАГДЫРДАН ТААЛАЙ ТАЛАШКАНДАР

  • 03.12.2025
  • 0

ТАГДЫРДАН ТААЛАЙ ТАЛАШКАНДАР

же майып балдардын санын кантип кыскартса болот

Эске салсак, ар жылдын 3-декабрында Майыптардын эл аралык күнү белгиленип келет. Ошондон улам, тактап айтканда, 15-ноябрдан 15-декабрга чейин дүйнөнүн туш тарабында, анын ичинде Кыргызстан аймагында «Биз биргебиз!” ураанынын алкагында ар кандай иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул эми анчалык асмандата турган майрам деле эмес, тек өткөн мезгил аралыгында майыптарга, азыркы тил менен айтканда, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, анын ичинде балдарга камкордук чараларынын жыйынтыгын чыгарчу учур деп койсок жаңылбайбыз. Ушу тапта аз камсыз болгон бүлөдөгү 218 миңден ашуун бала, ата-энесинен ажыраган 3 миңдей томолой жетим, баш-аягы 37 миңден ашык майып бала мамлекеттин каттоосунда турат. Андан сырткары, эмгек мигранттарынын 95 миңге жакын баласы катталган. Арасында туугандары, чоочун адамдар менен чогуу жашагандар бар, таптакыр эле кароосуз калгандары бар. Убагында кимдир бирөөлөрдөн зордук-зомбулук көргөндөр да жок эмес. Айрыкча карапайым калк катмарындагы майып балдардын саны жылдан-жылга өсүп баратканы кооптондурбай койбойт. Азыр мына ошого өзгөчө көңүл бурууга аргасызбыз.

 

Сатистикалык маалыматтарга таянсак, 2024-жылы Кыргызстанда баш-аягы 37627 майып бала катталган. Албетте, бул андан мурдагы жылга салыштырмалуу кыйла көптүк кылат: акыркы мезгилде жыл сайын алардын катарына болжол менен миңге жакын бала кошулуп турат. Ошондон улам, жарандарды социалдык коргоо багытында жумшалган бюджеттик чыгымдар да бир топ арбыды: ал өткөн жылы 62 млрд 211 млн сомду түзгөн.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 7 калыбына келтирүү борборунда аутизм оорусу менен 245, ДСП оорусу менен 3456, дауна синдрому менен 573 бала туруктуу катталган. Эми, иш жүзүндө бул статистикалык маалымат так болбошу деле мүмкүн: катталбай калгандар андан дагы арбын, ал эми акыл-эси кем балдар четтен чыгарын барыбыз эле баамдап турабыз. Тилекке каршы, айрым калыбына келтирүү борборлору Саламаттык сактоо министрлигине баш ийбейт. Демек, алар биридиктүү борборлоштурулган тейлөөдөн сырткары калган.

Ошону менен бирге, мындай майып балдарды спорт, чыгармачылык, билим берүү, медициналык жардам мекемелерине коштоп жүрчү социалдык кызматкерлердин саны, аларды тейлеген жеке ассисенттердин саны да өсүп барат. Эң кызыгы, жанагы жеке ассисенттер ушу кезге чейин жол чыгымдарын өздөрүнүн жеке каражаттарынын эсебинен төлөп келгени белгилүү болду. Бул дагын да болсо майып балдардын ата-энелеринин өзүнө күч келип жатат деген кеп.

Ушу тапта социалдык кызматкерлердин санын көбөйтүү жана жол акысынан биротоло бошотуу демилгеси көтөрүлүүдө. Ал азырынча арабөк турган маселе. Маселен, 4 миң мамлекеттик камкордукка муктаж балага 1 социалдык кызматкер туура келет. Андан тышкары, тармактык мамлекеттик органдардын аймактык мекемелеринде дагы башка 198 адис эмгектенет. Андан тышкары, азыркы учурда 800 социалдык кызматчы 9 миңден ашуун жалгыз-жарым жашаган жана майып адамдарга жардам берет. Алар аз камсыз болгон жана жардамга муктаж жарандардын балдарына да каралашууга аргасыз.

Эми, мындай кычалыш маселелер өнүккөн өлкөлөрдө кыйла жакшы чечилген. Ал эми бизде алардын биржаңсыл чечилиши кыйын. Анын бары кайрадан эле экономикалык көйгөйлөргө барып такалары бышык. Жаңыдан бутуна туруп келаткан Кыргызстан үчүн майып балдарга жетиштүү камкордук көрүүдөн алыс деген кеп. Өзгөчө алыскы элет жергесинде жашаган мындай бүлөлөр жакындан жардам көрүүгө муктаж. Алтургай, камкордук көрүү мекемелерине жармакташ жашаган бүлөлөр деле жарып кеткен жери жок. Демек, биз азыртан майып балдардын санын кыскартуу жаатында бардык тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирге кандайдыр бир комплекстүү кескин чараларды көрүүбүз зарыл.

Албетте, мында жандуу жаратылыштын жаңылыштыгынын да үлүшү бар экенин тана албайбыз. Ошону менен бирге, айрым бир аймактык алабарман үрп-адаттардын, ден соолук жөнүндө калпыс түшүнүктөрдүн да үлүшү бар экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Мисалы, жанагы ар кандай дин чапанын жамынуу менен, өз балдарын иммунологиялык алдын алуу чараларынан качып, алтурсун караманча каршы чыгып, вакцинациялоодон баш тарткан ата-энелердин жаза чаралары да мыйзам чегинен сырткары кабоого тийиш. Болбосо, жугуштуу дарттардын жайылышына ким жооп берет? Каалаган динин каалагандай тута берсин, бирок башка жармакташ жашаган кишилердин, же молдокелерибиздин жалпак тилине салганда, момун мусулмандардын убалына калбашы кажет!..

Азыркы аңкилдек аткан ааламдашуу доорунда бардык өлкөлөр жакын туугандардын никеге турушунан же жыныстык катнаштыгынан келип чыккан генетикалык өнөкөт дарттардын алдын алуу чараларына өзгөчө маани бериле баштады. Алтурсун, ал айрым өлкөлөрдө мамлекеттик деңгээлге чейин көтөрүлдү десек жаңылбайбыз. Окумуштуулардын айтымында, жакын туугандардын кан аралашуусу алардын укум-тукумунун акылдан алып, азапка салган эң оор жана айыккыс дарттарга чалдыгышына түрткү берери бышык.

Андан тышкары, жубайлардын ортосундагы “гендик шайкештик” деген да жарыктык бар эмеспи. Анын кесепети дагы “кан аралашуу” залакасынан кем эмес. Ошондон улам, генетикалык дарттардын келип чыгуу себептери жана аны дарылоо жолдору дарыгерлер менен гендик инженерия тармагынын баш оорусуна айланып келет.

Ата-бабаларыбыз башынан эле жаштардын жети ата өткөнгө чейин үйлөнүшүнө тыюу салган. Алар үйлөнгөнгө чейин кыздын же жигиттин жүн-жайы, ата-теги, жек-жааты тыкыр сүрүштүрүлгөн, анан чечим кабыл алынган. Биз мындай нечен кылым сынынан тайгылбай өткөн улуттук нарк уңгу жолун унутта калтырбашыбыз керек. Анткени, биз муну ата-бабаларыбыздын миңдеген жылдар бою жүргүзгөн байкоолорунун жыйынтыгы катары карасак болот. Аны азыркы генетика илими деле таасын-так далилдеп отурбайбы.

Менимче, мындай нукура элдик нарк, улуттук салт-санаа бир дагы элде жок чыгар. Чын-чынына келгенде, “жети ата тыюусу” – шарттуу гана мөөнөт чыгар. Анткени, айрым генетиктердин айтымында, укумдан-тукумга улана турган мындай мутагендик белгилер менен ДНК чынжырчалары жети эле эмес, жетимиш ата өткөнгө чейин сакталышы мүмкүн. Дегеле, туугандардын кан аралашуусу генетикалык кесепетин мындай кой, этикалык наркка да сыйбайт, моралдык жоопкерчиликке да жатпайт.

Маселен, ушул кезге чейин арап элдеринде жакын туугандардын никеге туруусунун анчалык деле эрен-төрөнү жок болгон, а бирок тубаса дарт менен ооруган балдар көп кездешкен. Алтургай, ал улуттук кааданын өзгөчөлүү бир маданий бөлүгү катары саналган. Жакында Бириккен Арап Эмиратынын окумуштуулары генетикалык тубаса дарттардын себептерин кылдат иликтеп чыккан соң, Эмираттын Геномдук кеңеши 2025-жылдын 1-январынан тарта үйлөнө турган жарандардын баары сөзсүз түрдө генетикалык тесттен өткөрүлүүгө тийиш деген жыйынтыкка келген. Генетикалык тест 570 гендик мутацияны, ошондой эле кардиомиопатия, эпилепсия, атрофия, муковисцидоз сындуу 840 тукум куучулук өнөкөт дартты аныктай алат.

Мына, жакында эле коңшу Өзбекстандын окумуштуулары да ушул багытта жүргүзүлгөн изилдөөлдөрдүн жыйынтыгын жарыялады. Аларда деле акыбал анчалык жакшы эмес болуп чыкты. Эми мамлекеттик деңгээлде тиешелүү чаралар көрүлөт деген ойдомун. Анткени, ири каржыны, кадрдык даярдоону жана кыйла чеберчиликти талап кылган андай татаал изилдөөлөр өкмөттүн көмөгүсүз ишке ашуусу кыйын.

Ушу тапта Кыргызстанда 230 миңден ашуун майып бар, анын 30 миңден ашууну тагдырдын татаал жана катаал мындай жазымышынан өз таалайын талашкан балдар болуп саналат. Бизде дагы ошондой изилдөөлөр жүргүзүлсө жакшы болмок. Анткени, эки-үчтөн майып балдары бар бүлөлөр арбын. Тукум куучулук оор дартка чалдыккандарды дарылаганга караганда, алардын алдын алуу кыйла жеңил болмок.

Кемел Белек, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер