ТАБИГЫЙ ИЛИМДЕРДЕ ЭЛ АРАЛЫК PISA ИЗИЛДӨӨСҮНҮН ТЕСТТИК ТАПШЫРМАЛАРЫ КАНТИП АТКАРЫЛАТ

  • 28.05.2021
  • 0

PISA (Programme for International Student Assessment) – дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө окуучулардын сабаттуулугун жана билимин, практикада колдонуу билгичтигин баалоо боюнча эл аралык программа бүгүнкү күндө актуалдуу. Сынак 1997-жылы иштелип чыгып, биринчи жолу 2000-жылы башталган. Бул программа экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюму аркылуу ишке ашырыла турганы бизге белгилүү. Бул актуалдуу маселени чечүүдө Кыргызстанда 2025-жылы PISA изилдөөсүнө катышуу максатында билим берүү системасында ишаракеттер жүргүзүлүүдө.

PISAда билим берүүнүн сапатын мониторинг жүргүзүү аркылуу төрт негизги багытта окуу сабаттуулугу, математикалык сабаттуулук, табигый илимдер боюнча сабаттуулук жана компьютердик сабаттуулук боюнча жүргүзүлөт. PISA мектепте билим берүү сапатын баалоо мониторингинин максаты чыныгы жашоодо мектепте алган билимдерди колдоно билүүнү баалоо. Изилдөөнүн объектиси 15 жаш курагындагы окуучулар. Көпчүлүк өлкөлөрдө бул куракка келгенде милдеттүү билим алуу менен аяктайт. Мамлекеттик программа боюнча орто мектепте билим алуу жогорку класстарда көп айырмаланбайт. Билим берүүнүн биринчи этабы өтө маанилүү: себеби баштапкы билим, билим алуунун негизги пайдубалы болуп саналат. Эгерде балада жеке жөндөмдүүлүгү жана өз алдынча үйрөнүү сапаты болсо, анда ал коомдо жеңил ийгиликке жетүүсү абзел. Дүйнөдөгү тездик менен болгон өзгөрүүлөргө окуучулардын көндүмдөрүн калыптандыруу; учурдун заманбап мезгилиндеги пайдалуу кесиптерге багыттоо, заманбап технологияларды пайдаланууга билим, билгичтик көндүмдөрүн, көйгөйлөрдү чечүүгө даярдоо, сунуштарды киргизүүгө машыктыруу; чет өлкөлүк билим берүү жыйынтыктарын азыркы билим берүүнүн максаты менен жуурулуштуруу; дүйнөдөгү жана өлкөдөгү билим берүү прогрессинин ылдамдыгын салыштыруу; билим берүү чөйрөсүндөгү тажрыйба менен ой бөлүшүү жана пикирин айта билүүгө машыгуу болуп эсептелет. PISA-окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасы – бул жалпы билим берүүнүн сапатын мониторингдик изилдөө, азыркы коомдо толук кандуу жашоого, б.а. адам ишмердүүлүгүнүн, баарлашуунун жана социалдык мамиленин, ар түрдүү сферанын кеңири диапазонун чечүүгө багытталганы менен өзгөчөлөнөт. Демек, программанын функционалдык сабаттуулугу жана анын функциялары, табигый илимий сабаттуулуктар, PISA изилдөөсүндө окуучулар ээ болуучу деңгээлдер, окуучулардын табигый билимдер боюнча сабаттуулугун баалоонун ыкмалары аркылуу гана ишке ашырылат. Функционалдык сабаттуулук – алган билимдерин күнүмдүк маселелерди, көйгөйлөрдү чечүүдө колдоно билүү. Коомдогу фактыларды талдайт, жалпылайт жана өзүнө керектүүсүн кабыл алат.

ТАБИГЫЙ ИЛИМДЕРДЕ ЭЛ АРАЛЫК PISA ИЗИЛДӨӨСҮНҮН ТЕСТТИК ТАПШЫРМАЛАРЫ КАНТИП АТКАРЫЛАТ

Математикалык сабаттуулук – ар түрдүү контексттерде математиканы формулировкалоо, колдонуу жана интерпретациялоо жөндөмү. Ал өзүнө математикалык талдоо жана кубулуштарды сүрөттөө, түшүндүрүү жана прогноздоо үчүн математикалык түшүнүктөр, процедуралар, фактылар жана инструментарийлер боюнча математикалык ой жүгүртүүлөрдү колдонуу.

Табигый-илимий сабаттуулук – илимий методдордун жардамы менен изилденип, такталып, байкоолорго жана эксперименттерге негизделген тыянактарга алып келүүчү реалдуу кырдаалдардагы көйгөйлөрдү табигый-илимий билимдерди колдонуу менен аныктоого жөндөмдүүлүк. Ал тыянактар курчап турган дүйнөнү, адам баласынын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында келип чыккан андагы өзгөрүүлөрдү түшүнүү жана тийиштүү чечимдерди кабыл алуу.

Окуу сабаттуулук – жазуу түрүндө берилген тексттерди түшүнө билүүсү жана ой жүгүртүүсү, өз максаттарына жетүү үчүн аларды пайдалана билүүсү. Окуу технологияларына жана аларды түздөн-түз кабыл алуусуна гана баа берилбестен, текстти окуп түшүнүп жана ой жүгүртүүсүнө, аларга болгон көз караштарына, мамилелерине да көңүл бурулат.

Маселелерди чечүү компетенттүүлүгү – реалдуу-дүйнөлүк маселелерди чечүүдө таанып-билүү жөндөмдүүлүгүн пайдалана билүү. Тестте деңгээлдер боюнча берилген ар түрдүү суроолорго эркин жооп берүү жана талдай билүү. Табигый илимдерде концептуалдык ой жүгүртүү, чечимдерди кабыл алуу, окуучулар компетенттүүлүктөр аркылуу ээ болуучу натыйжаны аныктоого үйрөнө билүү. Мектептерде билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүүдө окуучулардын жалпы билим алуусуна жана интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бөлүү.

Окуучулардын математикалык, окуу жана илимий сабаттуулугун текшерүүдө PISA эл аралык изилдөөсүнүн тесттик тапшырмаларынын үлгүлөрү иштелип берилди. “Суу–жашоонун булагы” тексттин негизинде бирден алтыга чейинки деңгээлдеги тесттик тапшырмалар суроолору жана жооптору менен берилди. Суу – суутек менен кычкылтектин химиялык бирикмеси болуп эсептелет. Ал шартка жараша түрдүү абалда (буу, булут, жаан, кармөңгүмуз) болот. Сууда көпчүлүк заттар жакшы эригендиктен табиятта таза химиялык суу кезикпейт. Андагы эриген заттын түрүнө жараша суу тузсуз, туздуу жана өтө туздуу болуп айырмаланат. Тузсуз суу тиричиликте чоң мааниге ээ экени баарыбызга белгилүү. Ал эмес 22-март дүйнө жүзү боюнча Суу ресурстарынын күнү катары белгиленип келүүдө. Бул дата Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын чечими менен кабыл алынган. Күн системасынын башка планеталарына салыштырганда Жерде жашоо үчүн жакшы шарттар түзүлгөн. Анткени Жерде суунун үч абалда сакталып турушуна ыңгайлуу температура бар. Жерде жаан-чачын болуп турат, дарыялар жана океандар бар. Суу мейкиндиги Жердин 391134060 км2 аянтын ээлейт.

ТАБИГЫЙ ИЛИМДЕРДЕ ЭЛ АРАЛЫК PISA ИЗИЛДӨӨСҮНҮН ТЕСТТИК ТАПШЫРМАЛАРЫ КАНТИП АТКАРЫЛАТ

1-суроо: Туташ суу мейкиндиги Жер шарынын ¾ бөлүгүн ээлеп Дүйнөлүк океанды түзөт. Ал өзүнө Жердеги суунун 98% камтыйт. Дүйнөлүк океан деп кайсы океандарды эсептөөгө болот?

А. Тынч океаны, Кара-Дарыя, Кичи-Ала-Арча, Атлантика океаны;

Б. Сары-Дарыя, Түндүк муз океаны, Тынч океаны, Инд океаны;

В. Тынч океан, Түндүк муз океан, Инд океан, Атлантика океан;

Г. Инд океаны, Ысык-Көл, Орто-Токой, Чатыр Көл.

Дүйнөлүк океандын баардык сууларында газдар, органикалык эмес жана органикалык заттар эриген түрдө көп кездешет. Планетабызда суу жалаң гана океан, деңиздерде эмес, кургактыктагы чуңкурларда, көлдөрдө, саздарда, дарыяларда, тоолордо муз түрүндө кездешет. Дүйнөлүк океандагы суу менен салыштырганда кургактыктагы суу анын 2% түзөт. Суу көрөңгөсүнүн көбү тоңгон муз түрүндө, ал эми аз бөлүгү дарыяларда сакталат.

2-суроо: Жердин калың кыртышында сакталган суу, Дүйнөлүк океандагы, кургактыктагы, атмосферадагы суу биригип планетабыздын кайсы суу катмарын түзөт?

А. Атмосфера; Б. Гидросфера; В. Тропосфера;
Г.
Ионосфера.

ТАБИГЫЙ ИЛИМДЕРДЕ ЭЛ АРАЛЫК PISA ИЗИЛДӨӨСҮНҮН ТЕСТТИК ТАПШЫРМАЛАРЫ КАНТИП АТКАРЫЛАТ

Суу атмосферада буу түрүндө да кездешет. Атмосферанын нымдуулугу Жердеги суу запасынын 1/1000 бөлүгүн түзөт, ошондуктан анын салымы абдан чоң. Ал дарыя, көл, мөңгүлөрдү суу менен толуктап турат. Атмосферадагы суу буулары планетабыздын муздап кетпешине шарт түзөт. Суу жер кыртышындагы жаракаларга, тоо тектериндеги майда боштуктарга кирип, Жер астындагы сууну пайда кылганын байкоого болот. 

 

 

3-суроо: Жер астындагы суулар жана дарыя, көл, мөңгү ошондой эле суу буусу биригип планетабыздын суу катмарын гидросфераны түзөт. Жердин гидросферасын түзүп турган сууну кандай күчтөр кыймылга келтирет?

А. Жер астындагы суунун таасириндеги күчтөн.

Б. Жердин тартылуу күчүнүн таасириндеги күчтөр.

В. Күн нурунун жылуулугу болгон негизги күчтөр.

Г. Планетабыздын суу катмарындагы күчтөр.

Жердеги суу үзгүлтүксүз айланма кыймылда. Суу кургактыктын бетинен, дарыялардан, деңиздерден, океандардан, көлмөлөрдөн бууланып, атмосферанын нымдуулугун толуктайт. Атмосферадагы суу буусунун 90% анын төмөнкү 5 км катмарында жайгашкан. Бул нымдуулуктун көпчүлүк бөлүгүн океандын бетинен бууланган суу буулары түзөт. Бийиктикте абанын температурасы төмөндөгөндө булуттар пайда боло баштайт. Шамал булуттарды бир орундан экинчи орунга которот, аны менен кошо атмосферанын нымдуулугу да өзгөрөт.

4-суроо: Жердеги суу үзгүлтүксүз айланма кыймылда болсо, суу кургактыктын бетинен, дарыялардан, деңиздерден, океандардан, көлмөлөрдөн бууланып, атмосферанын нымдуулук запасын кантип толуктайт?

А. Атмосферадагы нымдуу буулар жаан-чачындын эсебинен толукталат;

Б. Атмосферадагы кар, муз, суу буулары жана мөндүрдүн эсебинен толукталат;

В. Атмосферадагы жаан-чачын жер кыртышын нымдайт;

Г. Атмосферадагы нымдуулукту океан бетинен бууланган суу буулары толуктайт.

5-суроо: Жаратылышта суунун айланышы кандай процесстердин негизинде жүрөт?

А. Атмосферадагы нымдуу буулар жаан, кар, мөндүр түрүндө Жерге түшөт;

Б. Атмосферадагы суу буулары Жерге түшүп бууланат;

В. Атмосферадагы суунун сиңиши Жер астындагы суулар аркылуу бууланат;

Г. Атмосферадагы нымдуу буулар жаан, кар, мөндүр түрүндө Жерге түшүп сиңип, абанын агымы аркылуу келип кошулат.

 

Күн нурунун таасири астында суу бууланат, карлар жана муздар эрийт, сууну бир орундан экинчи орунга которуштурган аба жана суу агымдары пайда болот. Жердин тартуу күчүнүн таасири менен жаан тамчылары жерге түшөт, бийиктиктен суу төмөн көздөй агат, жерге сиңе баштайт. 

 

6-суроо: Эмне үчүн суу бууланат, кар эрийт жана суу агымдары пайда болуп, суу тамчылары жерге түшөт?

А. Күн нурунун жылуулугунан жана Жердин тартуу күчүнүн таасиринен;

Б. Электр жылуулугунан жана өз ара тартуу күчүнүн таасиринен;

В. Жылуулук нуру менен Жердин тартылуу күчүнүн таасиринен;

Г. Жердин тартуу күчү менен тартылуу күчүнүн таасиринен.

Окуучулардын жетишкендиктерин баалоодо PISA эл аралык изилдөөсүнө ылайык жогоруда деңгээлдер боюнча берилген тапшырмаларды көңүл буруп окуу; тексттеги табигый кубулуштун себеп-натыйжасын табуу, касиеттерин аныктоо жана салыштыруу; түшүнүктөрдү синтездөө, схема, сүрөттөр менен иштөө билгичтигин, фактыларды түшүндүрүү кырдаалдарды эске алуу менен баалоо.

Деңгээл/баллPISA изилдөөсүндө табигый илимий сабаттуулукту изилдөө боюнча окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр
6

 

708-10006-деңгээлге жеткен окуучулар табигый билимдер физика, биология, география, химия, астрономиянын өз ара байланышкан мазмунун, жол-жоболорун жана методдорун жаңы кубулуштарды, окуяларды болжолдоолорду түзүүдө колдоно алат. Мектеп программасынан алган билимдерин жана креативдик милдеттерди чечүүдө, жөндөмүн, тажрыйбасын пайдалануу менен өз алдынча ой жүгүртүп чечим чыгара алат. Алар илимий далилдерге жана теорияларга таянып, аргументтерди башка далилдерге негиздей алат. Алган билимдерин практикада колдонот, алардын жаратылыштагы байкалыштарын, күндөлүк турмуштагы маани-син аныктоого жетишет. Бул деңгээлде окуучулар табигый билимдерин жана өз алдынча чыгармачылык менен алган билимин татаал эксперименттерди жүргүзүүдө колдонот, изилдөөдө жана компьютерде өзүнүн туура тандоосун жүргүзө алат.
5633-7075-деңгээлде окуучулар өздөрүнүн билимин пайдалануу менен татаал аталыштарды түшүнүү, кубулуш, окуялар менен процесстердин байланыштарын билет. Илимий билимдерди байланыштырып билим менен эксперименттерди жүргүзүп, маалымат алып өздөрүнүн формулировкасын бере алат. 5-деңгээлге жеткен окуучулар каталарды, белгисиз булактарды илимий далилдердин натыйжасында ар кандай ыкмаларды колдонуп, чечмелеп, жыйынтык чыгара алышат.
4559-6324-деңгээлге жеткен окуучулар өздөрүнүн билимин пайдаланып татаалыраак маселелерди, кырдаалды, процессти түшүндүрүп, жыйынтык чыгара алат. Алар эксперименттердин планын негиздеп, жол-жоболорун жана ыкмаларын таанып билип, билим элементтерине таянып колдонот.
3484-5583-деңгээлге жеткен окуучулар билим, билгичтигине таянып кубулуштагы түшүнүктөрдү таанып кураштыра алат. Мазмундук элементтерге негиздеп, жөнөкөй эксперимент жүргүзө алат. Илимий жана илимий эмес суроолорду аныктай билет.
2410-4832-деңгээлдеги окуучулар билимдерине таянып маалыматтарды чечмелеп, жөнөкөй эксперименттердеги түшүнүктөрдү таанып биле алат. Түшүнүктөрдү, процесстерди, закондорду айырмалай алат.
1335-409Күнүмдүк турмушта кездешүүчү кубулуштарды билүү. Маселени чечүү үчүн ар кандай маалыматтарды аныктай билүү. Табигый билимдердеги фактыларды, түшүнүктөрдү, закондорду түшүнүү.

 

 

Жыйынтыгында деңгээлдер боюнча берилген тексттерден маалыматты чечмелеп, илимий жана илимий эмес суроолорун негиздеп жыйынтык чыгарып, проблемаларды таап, аныктап алардын жообун негиздейт. PISAнын тесттик тапшырмасын аткарууда окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөрү боюнча бааланат.

Аскербүбү Сөлпүбашова,
Наргиза Ажыкулова,
Кыргыз билим берүү академиясынын ага илимий кызматкерлери

 

Бөлүшүү

Комментарийлер