СТУДЕНТТЕРди шыктандырган ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯ
- 20.12.2024
- 0
Президент Садыр Жапаров жогорку окуу жайлардын мыкты деп табылган 90 студентине Президенттик стипендия тапшырды. Иш-чарада өлкө башчы “Мамлекет өз өлкөсүнө берилген, өз тарыхын аздектеген жана элибиздин руханий баалуулуктарын сактаган жаштарды ар дайым колдойт”, — деп баса белгиледи.
– “Кыргызстандын жаркын келечеги – биздин жаштарыбыз!” деп, жаштарга, айрыкча, жогорку окуу жайларда, билим алып жаткан студенттерге абдан чоң үмүт артып келебиз. Себеби университет гүлгүн курактагы жаштарга тандаган кесиби боюнча терең билим берип, ар тараптан такшалтып, таптап чыгара турган универсалдуу билим уясы. Жогорку окуу жайлардан өзүн да, өлкөсүн да өнүктүрүүгө дилгир жаштар чыгат деген ишеничибиз чоң!
Президенттик стипендия бул жөн эле сыйлык эмес. Бул – тигил же бул тармактын кесипкөй адиси болууга жан үрөп, алдына бийик максаттарды койгон студенттердин эмгегин баалоонун, дараметин колдоонун, талантын ачууга шык-дем берүүнүн белгиси! Биз силердин билимиңерди баалоо менен өлкөбүздүн келечегине инвестиция кылып жатабыз деп эсептейбиз. Мамлекет өз өлкөсүнө берилген, өз тарыхын аздектеген жана элибиздин руханий баалуулуктарын сактаган жаштарды ар дайым колдойт, — деди президент.
Президенттик стипендияга Баткен мамлекеттик университетинин үч студенти ээ болду. Алардын бири – педагогика факультетинин 4-курсунун студенти Айзат Абдижалил кызы. Ал 1-курска келгенде Президенттик стипендия тууралуу угуп, ошол кезден эле даярдыкты баштаган. Окуу жайдагы кандай гана иш-чара болбосун, баарына активдүү катышып келген. Илимий конференциядан алган I даражадагы диплом, студентти шыктандырып, ого бетер кызыгуусун арттырган.
– Садыр Нуркожоевичтин колунан стипендия алып, өзгөчө сезимде болуп турам. Окуу жайымдын ректору Айдарбек Гыязов өзү чалып куттуктаганда ого бетер сүйүндүм. Менин президенттин колунан стипендия алышыма өзүмдүн эле эмес, окутуучуларымдын да салымы зор. Илимий конференцияларга, олимпиадаларга катышып, көп сертификат, дипломдордун ээси болдум. Аны менен катар эле коомдук иштерге да активдүү катыштым. 1-курстан бери өзүмдү көрсөттүм. Ошол себептен бул сыйлыкты көп убакыт күттүм десем болот, — дейт студент.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин филология бөлүмүнүн кытай тили жана адабияты багытында 4-курста билим алып жаткан Нуриса Бейшекеева да өлкө башчынын колунан стипендия алып, кубанычында чек жок. 2025-жылы окуу жайды кызыл диплом менен аяктап, магистратураны Кытайдын окуу жайында улантууну көздөйт.
– Университетте билим алган алдыңкы студенттердин ичинен эң мыкты деп табылып, Президенттик стипендияга татыктуу болуп жатканыма абдан кубанычтамын. Бала кезимден эле класстын старостасы болуп, мектептеги иш-чараларга активдүү катышып, окуу жайымдын президенти болгом. Кийин университетке келгенде да өзүмдүн активдүүлүгүмдү токтотпой, тайпамдын старостасы болууга жетиштим. Кытай тили багытындагы республикалык, эл аралык сынактарга катыштым. “Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилени чыңдоо”, “Кытай тилинин Кыргызстанга таасири” деген сыяктуу темаларда илимий макалаларды жаздым. Келечекте Кыргызстан менен Кытайдын мамилесин чыңдоо жаатында дипломат болууну кыялданам, — дейт Нуриса Бейшекеева.
Ушул эле окуу жайдын коммуникация факультетинин журналистика бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Алина Маматова да Президенттик стипендиянын ээси. Ал — «КМШнын мыкты студенти», » Түрк мамлекеттеринин мыкты студенти» наамдарына татыктуу болгон. Мектеп курагынан “Президентке жолугуп, сыйлык алам” деген ой менен ЖРТда аракет кылып, тилекке каршы, аз эле айырмачылык менен ЖРТдан эң көп балл алган окуучулардын катарына кирбей калган. Бирок быйыл тилеги орундалып, президенттин колунан стипендия алып отурат.
– Чындыгында, күткөн эмесмин. Университет тарабынан сунушталып калганыма таң калып, ошону ийгилигим деп кубанып жүргөм. Ажонун колунан бул сыйлыкты алуу өзгөчө бакыт, кубаныч, беш жылдык эмгегимдин жемиши деп билем. Албетте, мындай сыйлык биз үчүн стимул, мотивация болот. Буга чейин тайпамдын алдыңкы студенти катары окуудагы жетишкендиктерим үчүн стипендия алып келгем. Университеттеги билим берүү, коомдук-маданий иш-чараларда да активдүү болууга болгон күчүмдү жумшадым, — деди Президенттик стипендиянын ээси.
Ошондой эле бул сыйлыкка Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын алты студенти татыды. Педиатрия факультетинин 5-курсунун студенти Абдыкаарова Нуржандын айтымында, медицина тармагында «3» албай окуу оор болгонуна карабай, бар күчүн жумшады. «Педиатр Алюмни» ийриминин мүчөсү катары педиатрия багытында студенттердин ортосунда тажрыйба алмашуу, билимин тереңдетүү жана келечектеги адистерди колдоо боюнча ар кандай иш-чараларга катышып келет. Балдардын оорубаганын каалаган студент Кыргызстандагы педиатрия тармагын өнүктүрүүнү каалайт.
Ал эми ушул эле окуу жайдын студенти Осмоналиев Изар мектептеги ийгиликтери үчүн 2020-жылы ЖРТнын жыйынтыгы боюнча топ–70 окуучунун арасына кирип, президенттин сыйлыгына ээ болгон. Арадан жылдар өтүп, дагы бир ирет өлкө башчынын колунан стипендия алды. Ал КМШнын илимий окуу жайларынын арасында «Мыкты студент – 2023» номинациясынын ээси, Москва мамлекеттик медициналык университетинде өткөн «Клиникалык дебют» биринчи педиатриялык дисциплиналар аралык студенттик олимпиада, «Педиатрия муундар кесилишинде» аттуу VIII эл аралык педиатрлар спартакиадасында 1-орунду ээлеген. 5-курстун студенти №3 балдар ооруканасында мед мырза болуп иштеп, билимин практикалык түрдө чыңдоодо.
– Президенттик стипендияга ээ болуу – мен үчүн чоң сыймык жана жоопкерчилик. Бул жетишкендик менин эмгегимдин жана туруктуу аракетимдин натыйжасы деп эсептейм. Менин максатым – келечекте медицина тармагында жаңы идеяларды жана инновацияларды алып келүү, элге пайдалуу боло турган долбоорлорду ишке ашыруу. Алган 60 миң сомго биринчи ата-энеме белек алып берип, калганын көптөн бери досторум менен ойлонуп жүргөн бизнес долбоорго салам, — деген ойдо.
Мындан сырткары, Ош мамлекеттик университетинин сегиз студенти Президенттик стипендияга татыктуу болду. Кыргыз-кытай факультетинин студенти Таңсулуу Калысбек кызынын айтымында, кичинекей кезинен китепке жакын, өзү курактуу кыздар оюнчук сураса, ал китеп алууну жакшы көрчү. “КМШнын мыкты студенти – 2022” наамынын ээси. Кытай тарабынан уюштурулган тил билүү деңгээли боюнча экзаменден жогорку баа алган. Билимде гана эмес, аскага чыгуу спорттун түрү боюнча бир катар эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүсү.
– Албетте, бул стипендияны алууну кыялдангам, бирок өтүп кетериме толук ишенген эмесмин. Себеби билим сапаты менден да жогору студенттер бар да деген ойлор келди. Өткөнүмдү укканда ыйларымды же сүйүнөрүмдү билбей, колдорум титиреп калды. Анан президенттин колунан стипендия алганымды элестетип алып, бир топ толкундандым. Тапшырылган күнү башкача эмоциялар болду. Кезегим келерде да “ыйлабашым керек” деп өзүмдү жубатып жаттым. Азыр деле кубанычым койнума батпай, түшүмбү же өңүмбү деп турам, — дейт.
Айгерим Токтобаева,
“Кут Билим”
Комментарийлер