ӨСПҮРҮМ КЫЗДАРДЫ ЭМДӨӨ: ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНЫ

  • 29.11.2022
  • 0

ӨСПҮРҮМ КЫЗДАРДЫ ЭМДӨӨ: ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНЫ

Кыргызстанда өспүрүм кыздарды папиллома вирусуна каршы акысыз эмдөө жүрүп жатат. Эмдөө башталгандан бери максаттуу топтун 50% ашыгы эмделди. Ноябрь ичинде баардыгы болуп 227 867 ашык өспүрүм кыздар эмдөөдөн өттү. Кээ бир ата-энелер буга кооптонуп жатканын, адистердин кеп-кеңешине муктаж экендиктерин билдирүүдө.

Ушул кырдаалды эске алуу менен, биз эмдөө жүргүзүү эмне үчүн зарыл жана анын мааниси тууралуу айтып беребиз.

Папиллома вирусу деген эмне жана эмдөөдөн өтүүнүн мааниси

Алгач папиллома вирусу деген эмне экендигине кененирээк токтололу. Папиллома вирусу — жатын моюнчасынын рагын пайда кыла турган вирус. Ден соолукка олуттуу коркунуч туудурган рактын бул түрү 15 жаштан 44 жашка чейинки аялзатынын арасында эң көп таралган. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсеби боюнча, Кыргызстанда жыл сайын 600гө жакын аял жатын моюнчасынын рагы менен ооруйт жана анын 300гө жакыны өлүм менен аяктайт.

Кыргызстанда адатта жатын моюнчасынын рагына чалдыккандардын 40%га жакыны өнүккөн стадиясында аныкталат. Министрлик жатын моюнчасынын рагы менен ооруган бейтаптарды диагностикалоого, дарылоого жана кароого жыл сайын 500 миң АКШ долларын жумшайт.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 2018-жылы дүйнө жүзү боюнча 560 миңден ашуун аял жатын моюнчасынын рагына кабылып, анын ичинен 300 миңден ашыгы оорудан каза болгон. Аялдардын жатын моюнчасынын рак оорусунун негизги себеби — эң кеңири таралган вирустардын бири болгон адамдын папиллома вирусу (HPV). Өнөкөт HPV инфекциясы аялдарда жатын моюнчасынын рагынын өнүгүшүнө алып келет.

Эмдөөдөн өтүү эмне үчүн маанилүү?

Саламаттык сактоо министрлиги өспүрүм кыздарды пландуу эмдөө келечекте жыл сайын 600гө жакын жатын моюнчасынын рак оорусун жана 300гө жакын өлүмдүн алдын алууга болорун белгилейт.

Бишкектеги иммунопрофилактика бөлүмүнүн башчысы Бурул Асыкбекованын маалыматы боюнча, учурда айрым ата-энелер туура эмес маалыматтарга ишенип, эмдөөдөн баш тартууда. Ал вакцинанын зыяндуулугу тууралуу тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбесин белгиледи.

— Эмдөө тукумсуздукка алып келет экен деген жана башка ушул сыяктуу ар кандай маалыматтар таратылып, эне-аталар эки анжы ойдо калууда. Эмдөө — бул оорунун алдын алуу болуп эсептелинет. Ооруп калып дарыланууга караганда, алдын ала эмделип койгон жакшы», — дейт ал.

ӨСПҮРҮМ КЫЗДАРДЫ ЭМДӨӨ: ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНЫ

Саламаттык сактоо министрлигинен вакцина башка препараттардай эле терс реакция берерин эскертишти. Вакцина алганда ийне сайылган жерде ооруу болуп, дене табы көтөрүлүп, баш ооруусу жана алсыздык болушу мүмкүн. Адистердин айтымында, бул реакциялар убактылуу жана адамдын ден соолугуна эч кандай коркунуч алып келбейт.

Эмдөө канча жолу жана кайсы жерде жүргүзүлөт?

Эмдөө мектептердин медициналык бөлмөлөрүндө жүргүзүлүүдө. Эмдөө иштери жылына эки жолу дифтерияга жана селеймеге каршы ревакцинациялар менен бир убакта мектептерде эмдөө программасынын алкагында өткөрүлүүгө тийиш.

Адистердин айтымында, жылына бир жолу эмдөө – жетишсиз. 2011-жылдын январь-декабрында төрөлгөн кыздар үчүн HPV вакцинасынын биринчи дозасы 2022-жылдын ноябрында жана экинчи дозасы 2023-жылдын май айында берилет. 2008-жылдын январынан 2010-жылдын декабрына чейин төрөлгөн кыздарга HPV вакцинасынын биринчи дозасы 2022-жылдын ноябрында жана экинчи дозасы 2023-жылдын май айында берилет.

HPV вакциналары эрте жашта жасалганда натыйжалуу болору айтылууда. Эгерде кыз/аял HPV инфекциясын жуктуруп алган болсо жана вирустук ДНК реципиенттин ДНК клеткаларына интеграцияланган болсо, алар натыйжасыз. Ошондуктан, HPV вакцинасы жыныстык активдүүлүккө кирише элек кыздарда жатын моюнчасынын рагын алдын алуу каражаты катары колдонулат жана бул ооруга даба боло албайт.

Эмдөөнүн терс таасирлери жөнүндө эмне белгилүү?

Эмделгенден кийин бир нече сааттын ичинде анча-мынча реакция пайда болушу мүмкүн. Бирок алар бир аз убакыт өткөндөн кийин жок болот жана көп коркунуч алып келбейт.

Көпчүлүк учурда, терс таасирлери жеңил жана тез өтөт. Алардын белгилери: ийне сайылган жердин териси бир аз ооруксунуп, кызарып чыгат, дене табы көтөрүлүп, баш айлануу, баш оору, жүрөк айланышы мүмкүн.

Эмдөөдөн кийин, башка медициналык процедуралардагыдай эле, кээ бири эси ооп калышы мүмкүн. Бул инъекция алган учурдагы стресске байланыштуу.

ӨСПҮРҮМ КЫЗДАРДЫ ЭМДӨӨ: ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНЫ

Эскерте кетсек, Кыргызстанда адамдын папиллома вирусуна каршы өспүрүм кыздарды эмдөө башталган 14-ноябрдан бери максаттуу топтун 50% ашыгы эмделди. Ноябрь ичинде баардыгы болуп 227 867 өспүрүм кыздар эмдөөдөн өттү.

Андыктан, урматтуу ата-энелер, тастыкталбаган маалыматтарга таянып, балдарыңыздардын ден соолугуна доо кетирип алуудан алыс болууңуздарды өтүнөбүз.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер