СӨЗ ӨНӨРҮНҮН ЖАҢЫ ГОРИЗОНТТОРУ: ПРОФЕССОР МАРКЛЕН КОҢУРБАЕВ ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК «ЖАЗУУЧУ» КОНКУРСУ

  • 22.07.2026
  • 0

СӨЗ ӨНӨРҮНҮН ЖАҢЫ ГОРИЗОНТТОРУ: ПРОФЕССОР МАРКЛЕН КОҢУРБАЕВ ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК "ЖАЗУУЧУ" КОНКУРСУ

СӨЗ ӨНӨРҮНҮН ЖАҢЫ ГОРИЗОНТТОРУ: ПРОФЕССОР МАРКЛЕН КОҢУРБАЕВ ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК «ЖАЗУУЧУ» КОНКУРСУ

Бүгүнкү глобалдашуу жана санариптешүү доорунда адабият менен тил илиминин ролу жаңыча мааниге ээ болууда. Интеллектуалдык мейкиндикте өзүнүн илимий салымы жана коомдук демилгелери менен айырмаланган инсандардын бири — М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Марклен Коңурбаевдин  кезектеги ири долбоору — «Жазуучу» эл аралык конкурсу — адабият дүйнөсүнө жаңы дем берип, жаш калемдештер менен тажрыйбалуу жазуучулардын башын бириктирген маанилүү аянтчага айланууда. Бул демилге Мамлекеттик катчы А.Койчиевдин “Жаңы айтматовдорду” чыгаруу идеасына байланышкан иштиктүү аракеттердин бири десек болот. Ошондой эле бул сынак кечээ жакында өткөрүлгөн “Ысык-Көл” шеринесиндеги максат-мүдөөлөргө шайкеш келип турат. Демек, Мамлекеттик катчыбыз баса белгилегендей, көркөм дүйнө жаңы секириктерге, бийиктиктерге чыгуусу паз.

СӨЗ ӨНӨРҮНҮН ЖАҢЫ ГОРИЗОНТТОРУ: ПРОФЕССОР МАРКЛЕН КОҢУРБАЕВ ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК "ЖАЗУУЧУ" КОНКУРСУ

«Тарыхтын талабы, бизге койгон ультиматуму ушундай!»

Кыргыз адабияты, маданияты кайра жаралуу доорунда турат. Бул ишенич баарыбыздын ички туюмубузда кандайдыр бир касиет болуп күйүп тургансыйт. Окмуштуу М.Коңурбаев ошол каситетти эртерек жандыргысы келет.

-Уңгужол: кыргыз ренессансы жаңы чыгармадан башталат. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, жазуучу Арслан Капай уулу Койчиев бүтүндөй бир муундун программасындай жаңырган ойду айтты: «Уңгужолдун алкагында биз кыргыз маданиятындагы ренессансты — “Кыргыз ренессансын” жаратышыбыз керек». Дүйнөгө «Манасты» жана Айтматовду тартуулаган элдин чыгармачылык гени бүгүн да ар бир калемгерде жашайт: айылдарда жана шаарларда, университеттердин аудиторияларында жана редакцияларда, өз окурманын күтүп жаткан дептерлерде жана файлдарда. «Жаңы шартта биз жаңы таланттарды алып чыгышыбыз керек». «Кантип? Жаңы чыгармаларды издешибиз керек». Заманбап кыргыз жазуучуларынын JAZUUCHU эл аралык сынагы — дал ушундай изденүү,-дейт М.Коңурбаев. Андан ары окумуштуу конкурстун негизги жоболоруна төмөндөгүчө токтолот.

-Сынак ачык-айкын жол-жобого жана эл аралык деңгээлдеги эксперттик баалоого негизделет. Конкурс Чыңгыз Айтматовдун туулгандыгынын 100 жылдыгына арналат жана беш номинация боюнча өткөрүлөт: проза, поэзия, драматургия, киносценарий жана «Кыргыз классикасы — дүйнөгө» атайын номинациясы. Жеңүүчүлөрдүн чыгармалары дүйнө тилдерине которулуп, уюштуруучулардын каражатынын эсебинен басылып чыгат. Сынактын Эксперттик кеңешинин төрагасы — Арслан Капай уулу Койчиев. Ренессанска чакырык кол жазмадан окурмандын таануусуна чейинки жолду өзү басып өткөн адамдан чыгып жатат. Кыргыз адабиятынын жаңы толкуну ким болот? Биз жазуучуларды жана акындарды, драматургдарды жана сценаристтерди, котормочуларды, адабий сынчыларды, басмагерлерди, блогерлерди — Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү бардык маданият жана адабият ишмерлерин — Мамлекеттик катчынын чакырыгынын айланасына биригип, Кыргыз ренессансын бирге жаратууга үндөйбүз, -дейт белгилүү окумуштуу М.Коңурбаев. Эмесе биз төмөндө Кыргыз окумуштуусунун коомдук демилгеси, өзү жөнүндо азыноолак сөз кылмакчыбыз.

 Академиялык жол жана илимий салым

Марклен Коңурбаев- Кыргызстандан чыгып, эл аралык деңгээлдеги академиктердин катарын толуктаган көрүнүктүү окумуштуу. Ал тил илими, филология, риторика, терминология жана котормо таануу тармагында адис катары белгилүү. МГУда бир нече муун студенттерге жана аспиранттарга терең билим берүүдө. Профессор Коңурбаев тексти изилдөө, анын стилистикасын, фоностилистикасын жана маалыматтык таасирин талдоо боюнча фундаменталдуу эмгектердин автору. Ал тилди жөн гана пикир алышуу куралы катары эмес, коомду калыптандыруучу жана маданиятты сактоочу күчтүү механизм катары карап, илимий көз караштарын практикада активдүү колдонууда. Марклен Коңурбаев илимий изилдөөлөр менен гана чектелбестен, активдүү коомдук ишмердикти да алып барат. Ал Кыргыз маданияты менен эл аралык илимий-адабий коомчулуктун ортосунда тыгыз байланыш түзүүгө чоң салым кошуп келет. Жаш илимпоздордун, котормочулардын жана жазуучулардын интеллектуалдык потенциалын ачууга, аларга эл аралык аянтчаларга жол ачууга дайыма көмөктөшөт.

СӨЗ ӨНӨРҮНҮН ЖАҢЫ ГОРИЗОНТТОРУ: ПРОФЕССОР МАРКЛЕН КОҢУРБАЕВ ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК "ЖАЗУУЧУ" КОНКУРСУ

«Жазуучу» эл аралык конкурсу жана анын максаттары

Профессор Марклен Коңурбаев тарабынан демилгеленген «Жазуучу» эл аралык конкурсу -заманбап адабиятты өнүктүрүүгө багытталган ири маданий-агартуучулук долбоор.

Долбоордун негизги миссиясы, тилдин байлыгын, адабияттын кадыр-баркын көтөрүү жана жаңы муундагы таланттуу калемдештерге өз үнүн дүйнөгө угузууга мүмкүнчүлүк түзүү.

Конкурс төмөнкүдөй негизги максаттарды көздөйт: Таланттарды ачуу жана колдоо: Тилдик же географиялык чек араларга карабастан, өзгөчө стилге жана терең мааниге ээ чыгармаларды жараткан калемдештерди табуу; Эл аралык маданий тажрыйба алмашуу: Ар кайсы өлкөлөрдүн жана маданияттардын өкүлдөрүнүн ортосунда адабий диалогду калыптандыруу; Адабий тилдин жана стилдин сапатын жогорулатуу: Академиялык чөйрөнүн тажрыйбасын колдонуу менен, заманбап адабияттагы көркөм сөздүн деңгээлин, стилистикалык тазалыкты жана тереңдикти камсыз кылуу; Котормо өнөрүн жандандыруу: Жергиликтүү авторлордун мыкты чыгармаларын башка тилдерге которууга жана эл аралык окурмандарга жеткирүүгө шарт түзүү.

Профессор Марклен Коңурбаевдин «Жазуучу» конкурсун уюштуруу демилгеси — бул жөн гана мелдеш эмес, илим менен искусствонун айкалышынан жаралган маданий кыймыл. Бул конкурс адабиятка жаңы ысымдарды алып келип, рухий баалуулуктарды даңазалоого чоң өбөлгө түзөрү шексиз.

Майрамбек ТОКТОРОВ,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер