Сүйүнбек Касмамбетов: «ЖЕТИ АТАСЫН БИЛБЕГЕН ЖЕТЕЛЕНМЕ КУЛ БОЛОТ!»
- 16.05.2023
- 0
Улуттук эстутум: бабалардын баскан жол
Эл оозунда илгертеден келаткан мындай бир накыл кеп бар: «Жети атасын билбеген жети ата өткүчө жетеленме кул болот, ийниңдеги асыл баш колдон өтмө пул болот!». Аны чечмелей келгенде, өз тегиңди биле жүр, ата-тегин билбеген адам башкалардын алдында сөзгө сөлтүк, кепке кемтик, өмүр бою бирөөлөрдүн жетегинде калат дегендей эле бир кеп да. Илгери салам жолдоп, алик алышкандан кийинки эле сөз ушул болгон: “Балам, кайсы элдин кулуну болосуң, ата-тегиң ким, жердеген жергең, таянган журтуң кайсы?”. Мына ошол соболдун жообуна жараша сөз уланган, мамиле жасалган, баам салынып, жек-жаат сүрүштүрүлгөн. Кыскасы, жети атасын билүү жөрөлгөсүн улуттук нарктын башкы таянычтарынын бири катары карасак да болот.
Мен өзүм тарыхчы катары айтарым, улутту улут кылып, улут уркун узарткан үч нерсе бар: Тарых! Тил! Маданият! Ушул үчөө өз ара эриш-аркак жуурулушканда, нечен кылымдар кыйрынан муундан-муунга таберик болуп келаткан ата-баба тарых-таржымалы менен салт-санаасы, акыл-парасаты менен адеп-актыгы келечекке ак кызматын үзгүлтүксүз өтөй алат. Дегеле, ата-баба салтын тутпаган, наркын күтпөгөн адам баласынын арымы кыска, келечеги бүдөмүк болору анык.
Уңгулуу улут урку менен келечек муундарды өз ара жалгаштырып турган дагы ушулар. Кеп Кыргызстан калкынын уюткусу болгон кыргыз журтунун өз тарых-таржымалына жасалган мамилесинде турат. Тарыхыбыздын азыркы абалын, тарыхый булактарды теориялык жана практикалык жактан тактоо, аларды материалдык табылгалар менен бышыктоо аракеттери ар атуулдун көңүлүн өйүтпөй койбос. Бул жеке кыргыз эле эмес, бардык элдерге таандык нерсе.
Академик Бартольд кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу жолу енисейлик кыргыздардын тарыхы менен тыгыз байланыштуу экенин бекеринен белгилеп жаткан жери жок. Дал ушул чөлкөмдө кыргыз журтун баштаган ыналдар бара-бара ажого айланганы, ажолор каганга жетилгени таасын көрүнүп турат.
Кылымдар көчүндөгү байыркы кыргыз жаңырыгы
Тарыхый маалыматтарга таянсак, жалпы түрк элдеринин түпкү теги байыртан Борбордук Азия чөлкөмүндө жашаган «төбөсү бийик калпакчан сактарга» барып такалат. Андан кийинки көчмөн түрк урууларынын хунну бирикмеси тарыхта «гунндар» деген ат менен калды. Анын курамына кирген кыргыздар тууралуу алгачкы маалымат б.з.ч. 201-жылга таандык Сыма Цяндын «Тан-Шу» (“Тан сөөлөтүнүн баяны») аттуу байыркы кытай жазмасында айтылат. Көп жылдары мына ушул дата кыргыздын жаралуу доору катары каралып келген. Бирок…
А бирок, жакында Кытай коомдук илимдер академиясынын Тарыхый изилдөө институтунун окумуштуулары ал чекти дагы миң жыл ары жылдырды. Профессор Ли Цзиньсюнун маалыматына караганда, кытай башкаруучусунун 1050-980-жылдардагы жылнаамасында кыргыздар жөнүндө маалымат камтылып калган. Демек, кыргыз элинин тарыхый дайыны мындан 3000 жыл мурда эле белгилүү болгон.
Ал эми IX-X кылымдарда кыргыздар ордосу Миң-Суу өрөөнүндө жайгашкан Кыргыз каганатын түзгөн. Орус окумуштуусу академик Бартольд ал мамлекетти «Улуу Кыргыз державасы» деп атады. Мына ушул учурда кыргыздын 27 тамгадан турган Орхон-Енисей руникалык жазмасы пайда болгон. Ал ташжазмалар менен балбал таштар азыр батыш Монголиядан береги Теңир-Тоого чейинки аймактан табылууда.
Ырас, дүйнөдө тарыхый таржымалы биздикинен да кыйла узак элдер бар, бирок 30 кылым бою “кыргыз” сындуу өзүнүн көөнө атын сактап келген калк чанда, жокко эсе десек да болот.Андан бери дүйнөдө канчалаган ири империялар кыйрады, канчалаган элдин мамлекеттүүлүгү жоюлуп, өзүнүн улуттук иденттүүлүгүн жоготту, эне тили өлүү тилге айланды. Азыркыдай ааламдашуу жүрүмү кыргыз сындуу калкынын саны чакталуу элдер үчүн өтө кооптуу. Анын кесепетинен улуттук эс тутум гана сактай алат.
Кыргыз элинин тарыхындагы урунттуу учурлар
Окумуштуулардын айтымында, кыргыз эли 3 миң жылды камтыган тарыхында бир катар урунттуу учурларды өз башынан кечирген. Б.д.ч. 99-75-жылдары Ли Лин башкарып тургандагы кыргыз мамлекетинин калыптанышы жана б.д.ч. 99-75-жылдары Кыргыз-гонун (Кыргыз падышалыгынын) эгемендикке ээ болушун азырынча анын баштапкы мезгили катары карасак болот.
Андан кийинки мезгил – айтылуу Барсбек кагандын тушунда кыргыз мамлекетинин саясий жактан күчтөнүүсү. Бул доор өзүнө болжол менен 581-710-жылдарды камтыйт. Үчүнчү мезгили – 840-940-жылдардагы Улуу Кыргыз каганатынын эл аралык аренага чыгышы, бүткүл Борбордук Азия чөлкөмүндө башкы күчкө айланышы. Төртүнчү мезгили – XI-XIX кылымдар аралыгында кара кытайлардын, наймандардын, монголдордун жапырыгы.
Узакка созулган бул мезгилде кыргыз мамлекети алсырап, алардын өз алдынча саясат жүргүзүү белгилери байкалбайт. Албетте, Тагай бий, Кубат бий, Тилеке бий, Ормон кан, Алымбек датка, Полот хан өңдүү бир топ инсандар тарабынан көз карандысыз кыргыз мамлекетин кайрадан түзүү аракеттери болгон, бирок иш жүзүнө ашкан эмес.
Бешинчи этап – совет доору. Түркстан АССРинин курамынан чыгып, Кара-Кыргыз Автономдуу облусу, андан соң Кыргыз Автономдуу Республикасы, акырында Кыргыз ССРи түзүлүп, Кыргызстан жарым-жартылай өз алдынчалуулукка ээ болгон. Ал эми 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстандын көз карандысыздык алып, эгемендикке ээ болушу менен анын жаңылануу доору башталды десек болот.
Улуттук нарк ааламдашуу доорунда
Баарына жакшы көрүнөм деп убара болбо: бирине жаксаң – бирине жакпайсың, бири жакшы көргөн үчүн – башка бирөө жаман көрөт, бири жаман көргөн үчүн – дагы бирөө жакшы көрөт. Табият мыйзамы ушундай. Ошондуктан муюбас чындык өзүн өзгөлөрдөн коргой алгыдай болуп, муштумун түйө туулганы артык.
Ушу тапта ири империялар өз ара тирешип, эл аралык аренада жаңы оюнчулар пайда болуп, аңкилдек аткан ашкере ааламдашуу доорунун арааны ачыла баштады. Айрым мамлекеттердин жакындан ымала түзүп, өз ынанымдарын таңуулоо, ал аркылуу өздөрүнүн таасирин күчөтүү аракеттери деле байкалып жатат. Албетте, арасында чын ниеттен жардам берип, жан дилинен жакын мамиле түзүү жөрөлгөсүн карманган жактар дагы жок эмес.
Ал эми биздин алдыбызда социалдык жана улуттук баалуулуктарга таянган алакандай Кыргызстан менен анын бир ууч калкы ушундай башаламан жана кооптуу зар замандын капшабына туруштук берип, дүйнөлүк коомчулукта өзүнүн татыктуу ордун таба алабы деген собол турат. Четтен таңууланган айрым бир “адаттан тыш баалуулуктар” биздин жан дүйнөбүзгө жалгашып кете алабы? Бул да өзүнчө
жүйөсү бар маселе!
Мындай шумдук жосундар жакында бизге да жетет деген кабар барса, ата-бабаларыбыздын арбагы ордунан бир козголуп алат болуш керек…
Жети атаң ким, уркуң кайсы, бурадар?
Жети ата: ата, чоң ата, баба, буба, кубар, жото, жете! Кыргыз эли илгертен эле жамаатташ-жармакташ жашап келгендиктен, коомчулук ичинде жети атанын таалим-тарбиялык мааниси зор болгон. «Жети атасын билбеген жети тукум өткүчө жетеленме кул болот» демекчи, биздин ата-бабалар адамдын жети атасына өтө чоң маани берген, алтургай, өзүнүн бери дегенде жети атасын билүүсү шарт болгон, билбегенге “жетесиз жетим” дегендей жаман ат жабышкан, баланын атасына да наалат айтылган.
Ошентип атанын үч уулу бар: атадан кем уул, атага тең уул, атадан артык уул. Ар ата балам менден артык болсо экен деп тилеген. Кыргыз баласы “жакшы” деген бир ат бар, кууса жетпейт”, “жаман” деген бир ат бар, жууса кетпейт” деген накылды жадымынан чыгарган эмес. Журт ичинде жамандык жасаган жармач адамдын жаманаттысы эзели унутулбай, укум-тукумга өткөн, элден четтеген. Ошондон улам, коомчулук өзүн-өзү көзөмөлдөп, өзүнө-өзү жоопкерчилик тагып, өзгөдөн өзүн тазалап келген.
Бабаларыбыздын наркы менен накылы өз маанисин жогото элек. Алардан калган жакшы саамалыктар менен мыкты жөрөлгөлөр жамы журттун наалатына калган жемсөөлүү жемкорлорго, ашынган ууруларга, бир адамды бириктирбеген, эки адамды эриктирбеген же элибизди тириктирбеген шылуундарга, дегеле калкыбыздын кайдыгер катмарына сабак болууга тийиш. Беш манжа бөлөк – билек бир, беш адам бөлөк – тилек бир, биригели. Мындай сынаакы учурда бирикпеген – тирикпейт!
Комментарийлер