ОКУУЧУНУН КЫЗЫГУУСУН АРТТЫРГАН КРЕАТИВДҮҮ ПЕДАГОГ
- 16.03.2026
- 0
Бишкектеги №25 мектептин химия жана биология мугалими Алина Алимжанова — мектепти да, жогорку окуу жайды да артыкчылык менен аяктаган жаш, изденүүчү педагог. Беш жылдан бери ал заманбап ыкмадагы практикалык сабактары аркылуу окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттырып келет. Ошону менен бирге өз билимин дайыма тереңдетип, жаңы усулдарды үйрөнүүгө аракет кылууда.

Жаш мугалим Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Түп айылындагы Карымшаков атындагы мектепти артыкчылык менен аяктаган. Апасы да педагог. Окуучу кезинен эле химия жана биология сабактарына өзгөчө кызыгып, олимпиадаларда дайыма алдыңкы орундарды ээлеп жүргөн. Жаратылышка жана жаныбарларга болгон сүйүүсү улам күчөп, келечекте ушул багытта өнүгүүнү максат кылат. Кошумча маалыматтарды издеп окуп, билимин тереңдетүүгө тынымсыз аракеттенген.
Бул эмгеги акталып, ЖРТдан жогорку балл алып, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетине бюджеттик негизде окууга кабыл алынган.
— Мугалимдик кесипке болгон сүйүүмдү жараткан Гүлмира Эдигеевна аттуу окутуучум болду. Ал креативдүү, билимин чет өлкөлөрдө жогорулатып жүргөн, немис тилинде эркин сүйлөгөн педагог эле. Окуу жайга ДНКны аныктаган лаборатория ачкан. Сабактары кызыктуу жана ар тараптуу болчу. Көптөгөн долбоорлорду жазып, студенттерге түшүнбөгөн темаларды кайра-кайра сабыр менен түшүндүрүп берчү. Ошондо мен: «Эгер мугалим болсом, дал ушундай мугалим болом» деп өзүмө сөз берген элем. Азыр да аны менен байланышта болуп, кеңештерин алып турам, — дейт Алина Алимжанова.

Жаш мугалимдин эмгек жолу 2020-жылы Бишкектеги №25 мектептен башталган. Беш жылдан бери ал окуучуларга кызыктуу сабактарды өткөрүп келет. Салттуу сабак берүү менен чектелбей, өзгөчө ыкмаларды колдонууга аракет кылат. Ар кандай курстарга катышып, санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүп, билим берүүдө активдүү колдонууда. Бул багытта жакшы жетишкендиктерге жетишкендиктен, бир жыл ичинде кесиптештерине насаатчы болууга да жетишкен.
Алина Алимжанова немис тилин да жогорку деңгээлде билет. Ал бир жыл Европада стажировкадан өтүп, тилдик билимин өркүндөтүп келген. Тил билүү — анын сабак өтүүдөгү дагы бир маанилүү куралы.

Практикалык сабактар балдарга жугумдуу
Мугалим «Ар бир бала гений болуп төрөлөт, анын таланты кайсы тармакта болсо, ошону өнүктүрүү керек» деген педагог Василий Сухомлинскийдин сөзүнө кошулат. Ошондуктан ал ар бир окуучунун жөндөмүн аныктап, ошол жөндөмдү билим алууда инструмент катары колдонууга багыт берет. Мындай ыкма окуучулардын сабакка кызыгуусун арттырып, билимди жеңил өздөштүрүүгө жардам берет.
Жаш адистин мындай практикалары жакшы жыйынтыктарды берип келет. Маселен, 11-класстын окуучулары «Кыргызстандын глобалдык көйгөйлөрү» темасында илимий изилдөө жүргүзүп, өлкөдө пластик калдыктарын кайра иштеткен завод жок экенин аныкташкан. Ошондой эле пластик идиштер табиятта узак убакытка чейин жок болбой турганын изилдеп чыгышкан. Натыйжада алар казеин жана крахмалдан жасалган альтернативдүү материал сунуштап, бул долбоор райондук сынакта биринчи орунду ээлеген.

Сабак учурунда да мугалим окуучулардын өз алдынча ачылыш жасоосуна мүмкүнчүлүк берет. Тил билген окуучуларга долбоорлорун ошол тилде коргоого, ал эми башка жөндөмдөрүн сабакта колдонууга шарт түзөт.
«Эко жашыл мектеп» долбоорунун алкагында мектепке күнөскана орнотулуп, анда микрожашылчалар өстүрүлүүдө. Окуучулар өсүмдүктөрдү өздөрү тандап, аларды багууга кызыгуу менен киришет. Бул жерде балдар тажрыйба топтоо менен катар жаратылышка туура мамиле кылууну да үйрөнүшөт. Натыйжада, биология сабагына кызыккан окуучулардын саны көбөйгөн.
Окуучулар өз алдынча изилдөө жүргүзүп, энциклопедияларды окуп, кошумча билим алып, олимпиадаларда да алдыңкы орундарды ээлеп келишет.

Замандан калбаган мугалим
Алина Алимжанова билим берүү тармагына жаңы идеяларды киргизүүгө дайыма аракет кылат. Мисалы, өткөн жылы жазган долбоорунун негизинде Тайвандын фонду мектепти илимий изилдөөлөр үчүн микроскоптор менен камсыздаган.
Жаш мугалим заманбап окутуу ыкмаларын өздөштүрүп гана тим болбостон, учурда билим берүү платформаларын иштеп чыгууга да кызыгып жүрөт. Ал бул багытта билим алып, келечекте биология сабагы үчүн атайын платформаларды түзүүнү пландаштырууда. Анткени кызыктуу жана заманбап сабак окуучуларга “вау” эффектин тартуулайт деп эсептейт.
— Мугалимге мүнөт сайын жаңы идеялар келип турат. Аларды ишке ашыруу үчүн ар тармактан билим алып туруш керек. Азыркы муун — санарип доорунун балдары. Кээде алар менден да көп нерсени билишет. Ошондуктан сабакты 3D жана 4D моделдер, симуляциялар, интерактивдүү панелдик такталар аркылуу өткөрүү маанилүү. Эгер окуучу алган билимин өз колу менен жасап көрсө, анда билим толук өздөштүрүлөт. Мисалы, окуучулар тиштин же сөөктүн моделин жасап келишет. STEM сабактары окуучунун компетенттүүлүгүн жогорулатууга чоң жардам берет, — дейт ал.

Мугалимдердин айлыгынын жогорулашы — чоң колдоо
Алина Алимжанованын айтымында, мугалим болуу башка, ал ишти ийгиликтүү алып кетүү — өзүнчө талант. Айрыкча азыркы Z муунга сабак берүү үчүн мугалим өзү да заманбап ойлонгон педагог болушу керек.
— Азыркы балдар кичинекейинен эле келечекте ким болорун билишет. Көпчүлүгү кирешеси жогору кесиптерди тандашат. Ошондуктан мугалим аларга туура мамиле жасап, сабакка кызыктыра билиши керек. Балким, мени көрүп мугалим болууну каалаган окуучулар да чыгат. Келечекте менин окуучуларымдын арасынан мыкты адистер, белгилүү инсандар чыгарына ишенем. Балдар менен менталдык байланыш да абдан маанилүү. Азыркы учурда урушпай эле, туура мамиле аркылуу авторитетти көтөрүүгө болот, — дейт мугалим.
Ал ошондой эле мугалимдердин эмгек акысынын жогорулашы педагогдор үчүн чоң колдоо жана мотивация болуп жатканын белгилейт. Бул жакшы курстардан билим алууга, чет өлкөлөрдө тажрыйба топтоого жана ар кандай долбоорлорго катышууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Жаш мугалим мындан ары да изденип, билим берүү тармагына жаңы идеяларды киргизүүнү максат кылат.
— Беш жыл ичинде билим берүү тармагына аздыр-көптүр салым коштум деп ойлойм. Келечекте андан да креативдүү сабактарды өтүп, чет өлкөлөрдөн тажрыйба топтоп, аны Кыргызстанда колдонсом деген максатым бар, — дейт жаш мугалим.
Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»
Комментарийлер