НООРУЗ-2026: 100 МЕТР ЧУЧУК, 40 КАЗАН СҮМӨЛӨК
- 17.03.2026
- 0
Быйылкы Нооруз майрамынын башкы салтанаттары Нарын шаарында өткөрүлөт. Иш-чарага өлкө башчы Садыр Жапаровдун катышуусу күтүлүүдө.

Теңир-Тоонун ак карлуу, көк муздуу чокулары али күнгө чагылышып, кыштын илеби толук кете элек болсо да, Нарындын жүрөгүндө жаздын алгачкы учкундары жанганы турат. Бул жылы Нооруз Нарынга өзгөчө бир жылуулук ала келет деген ишеним чоң.
Акыркы маалыматтарга таянсак, Ноорузга нарындыктар катуу даярданып жатышат. 100 метрлик чучук жасалып, 40 казан сүмөлөк кайнатылат, ошондой эле казан-казан эт бышырылмакчы.
Албетте, аяздуу абада сүмөлөктүн таттуу жыты буркурап, кырк казандын астында үмүт оту жанат. Ар бир казан — бул тилек, ар бир аралаштырылган таш — бул эртеңки күнгө болгон ишеним. Ал эми жүз метрлик берекелүү чучук болсо, кыргыздын кенен пейилиндей жайылып, майрамдын көркүн ачары турулуу иш. Анан калса нарындыктардын бул демилгеси Гиннестин рекорддор китебине кирүүгө татыктуу десек ашыкча болбостур.
Ырас, 21-март жөн гана календардагы күн эмес, бул — Нарындын аска-зоолорунун арасындагы махабаттын, биримдиктин жана жаңылануунун майрамы. Ал күнү суукка карабай, элдин жүзүндөгү жылмаюудан жаздын нуру төгүлүп, Нарын шаары бүтүндөй өлкөнүн жүрөгүнө айланмакчы.
Теңиртоолуктардын меймандостугу жана кенендиги дал ушундай масштабдуу иш-чараларда көрүнөт. 100 метрлик чучук жана казак-казан эт — бул жөн эле тамак эмес, бул Нарындын бай тарыхынын, мал чарбачылык маданиятынын жана Нооруз майрамынын өзгөчө белгиси.
Нарын жергеси өзүнүн таза абасы, тунук суусу жана бийик тоолуу жайыттары менен белгилүү болгондуктан, мындай демилгелер аймактын кадыр-баркын дагы бир тепкичке көтөрөт деген ишеним чоң.
Бул иш-чаранын маанилүүлүгү, биринчиден, салттуу тамак-аш аркылуу жаш муунга ата-бабалардын каада-салтын өткөрүп берүү, экинчиден, рекорддук көрсөткүчтөр чет элдик жана ички туристтердин көңүлүн буруп, Нарындын бренд катары таанылышына салым кошоорунда шек жок. Анан калса бир күн кечке биргелешип эт бышырууга, сүмөлөк кайнатууга, дасторконду кенен жаюуга катышкан жүздөгөн адамдардын ынтымагын бекемдейт.
Мындан сырткары иш-чара маданий көрсөтүүлөрдөн баштап масштабдуу кечки гала-концертке чейин уланат.
Салтанаттуу азем Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянттан башталат. Официалдуу бөлүктөн кийин, түшкү тыныгуу болот, анын ичинде салтка айланган жазгы даам — 40 казанда даярдалган сүмөлөк таратылмакчы. Ошондой эле активдүү эс алууну сүйгөндөр үчүн улуттук спорттук оюндар пландалууда. Спорттук иш-чаралар аяктагандан кийин, майрам кайрадан борбордук аянтта уланат, күндүзгү концерттик программа өтөт.
Кыска тыныгуудан кийин, кечинде өлкөнүн эстрада жылдыздарынын катышуусунда керемет кечки гала-концерт башталат. Ошентип, Нооруз майрамы пландалган фейерверк менен аяктайт.
Ал эми жазгы майрамга карата Нарын облусунун билим берүү мекемелери да сыртта калбай, боз үйлөр тигилип, ал жерде дагы сүмөлөк кайнатылат. Бардык билим берүү кызматкерлери улуттук кийимдерди кийип, улуттук каада-салт боюнча сценкаларды уюштурушат. Учурда бардык мектептерде класстык сааттар, балдар бакчаларында майрамдык иш-чаралар /утренниктер/ өтүлүп жатат.
— 21-март күнү Нарын шаарындагы 8 мектеп жана 9 балдар бакчасы облустун борборунда өтүлүп жаткан майрамдык иш-чарага боз үй тигип, кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмөгө жана сүмөлөк кайнатуу боюнча конкурска катышат. Ошондой эле Кочкор районунун борборунда жайгашкан 5 мектеп жана 4 балдар бакчасы кыргыздын кол өнөрчүлүгүн жайылтуу боюнча райондук деңгээлде өтүлүп жаткан иш-чарага катышмакчы, — дейт облустук методикалык борборунун директору О.Солтобаев.
Нооруз майрамыңыздар маанайлуу өтсүн, ал эми Нарындын берекеси эч качан түгөнбөсүн!
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер