НАСААТЧЫ ЖЭЭНБАЙ АГАЙ

  • 28.12.2023
  • 0

Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Жээнбай Шамырканов жаңы инновациялык методдорду кеңири пайдалануу менен райондогу физика-математикалык багыттагы усулдук иштерди үзүрлүү жүргүзүп келет. Андан тышкары, ал 2018-жылдан бери мектеп китепканачылары менен тыгыз байланышта иш алып барууда.

НАСААТЧЫ ЖЭЭНБАЙ АГАЙ

40 жылга чукул билим берүү тармагында эмгектенип келаткан Жээнбай Садыковичти көл эли жакшы тааныйт. Ал тажрыйбалуу усулчу катары билим-тарбия берүүдө чыгармачылык менен талбай эмгектенип, өзүнүн изденгичтиги, мээнеткечтиги менен жаш адистерге үлгү. Айрыкча акыркы беш жылдан бери мектеп китепканачыларынын мектеп турмушуна активдүү аралашуусуна жакындан жардам берүүдө.

 

— Мурда мектеп китепканачыларына анча көнүл бөлүнбөй келсе, азыр ар бир китепканачы замандын шартына ылайык иштерди алып баруусуна бардык шарттар түзүлүп жатат. 2018-жылы Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы “Жаны китеп” мекемесинин жардамы менен мектеп китепканачылары атайын окуулардан өтүп, ар бири жеке компьютер менен камсыз болду. Ысык-Көл району АБРдин пилоттук программасына кошулгандан бери ар бир китепканачы, мектеп директорлору менен жекече иш алып баруудабыз. Райондук билим берүү бөлүмү, мектеп директорлору жана айыл өкмөттөрүнүн колдоосу менен райондогу 30 мектеп толугу менен интернет желесине кошулган. Натыйжада китепканаларда түрдүү темаларда иш-чаралар өткөрүлүп, мектеп китепканаларынын иши кадыресе жанданып калды, — деди ал, акыркы жаңылыктары менен бөлүшүп.

Жээнбай Садыкович өзүнүн районундагы китепканачыларды шыктандыруу максатында жыл сайын апрель айында “Мыкты китепканачы” конкурсун өткөрүп келатат. Жакында эле “Мен жана менин китепканам” аталышындагы окуу-семинарды жогорку деңгээлде уюштурду. Ал семинар китепканачыларды “Окуу керемет” долбоорун улай “PISA-2025” эл аралык сынагына активдүү катышууга тартуу максатында уюштурулганын белгиледи.

— “Мен жана менин китепканам” деген аталыштагы окуу семинары жана анда талкууланган темалар жөнүндө кененирээк токтолуп кетким келет. Анткени ушундай деңгээлдеги жолугушуулар айыл мектептеринде эмгектенген мугалимдер, китепканачылар үчүн аябай пайдалуу. Семинар үч мектептин базасында үч багытта өткөрүлдү. Ага Билим берүү жана илим министрлигинин “Жаңы китеп” мекемесинин башкы адиси Адилет Курманбеков, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Света Матанова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Зина Сулайманова, Ак-Суу районундагы Аман Айтпаев атындагы мектептин тарых мугалими Диляра Молдоташева, Түп районундагы №3 Ак-Булуң орто мектебинин китепканачысы Назгүл Сыдыкова жана башка кесиптештер катышты. Катышуучулардын баары И.Абдуразаков атындагы мектеп-лицейинин китепканачысы Венера Чекирбаеванын “Интернет жана техникалык-коммуникациялык каражаттарды пайдалана билүү”, “Электрондук китепкана” темаларындагы маалыматтарын кызыгуу менен угушту. Ал эми Х.Жээнбаев атындагы мектеп-лицейинин китепканачысы Адинай Эдилованын “Китеп билим  азыгы” көргөзмөсү китепти сактоо, китептерди ирээттеп жыюу жана колдоно билүү боюнча көрсөтмөлүү маалымат болду. Семинардын алкагында Ч.Иманкулов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин китепканачысы Салтанат Кайырбекованын китепканага тиешелүү номенкулатуралык папкалары, аларды түзүү жана иштетүү боюнча мастер класстары катышуучулардын зор кызыгуусун жаратты, — дейт.

НАСААТЧЫ ЖЭЭНБАЙ АГАЙ

Бул көчмө семинарда ошондой эле катышуучулар И.Абдуразаков атындагы мектеп-лицейинин мугалими Н.Бараканованын “Электрондук китепкана менен иштөө”, Х.Жээнбаев атындагы мектептин мугалими Э.Курманбекованын “Окуп түшүнүү боюнча” жана И.Иманкулов мектебинин мугалими Д.Усубакуновдун “Китеп жана экология” деген темалардагы сабактары жогорку деңгээлде өткөндүгүн белгилешти.

Анан албетте, бул семинарды мыкты даярдап, алып баргандыгы үчүн Жээнбай Садыковго ыраазы болушту. Мында мектепте билим берүүнүн күнгөй-тескейи, учурдагы көйгөйлөр тууралуу да олуттуу сөз болду.

— Бул семинарда мектеп китепканачыларына ар тараптан колдоо көрсөтүү менен бирге кийинки жылдары жоюлуп кеткен “зыяндуулугу үчүн” (за вредность) төлөнүүчү кошумча акча маселесин чечип берүү боюнча да кеңири сөз болду. Чындыгында мектеп китепканачыларынын иши өтө оор экенин баарыбыз эле биле бербейбиз. Канчалык аздектеп сактасаң да, көп жылдап турган китептерди чаң баспай койбойт, башкасын айтпасак да, китептерди белгилүү бир температурада сактоо талап кылынат. Андыктан китепканачыларга мурда төлөнүп келген “зыяндуулугу үчүн” кошумча акчаны кайра төлөп баштоо керек. Бул жагын тиешелүү адамдар карап, оң жагына чечип берет деген ишеничтебиз, — деп, кесиптештеринин мүдөө-талабын белгилей кетти.

Ушундай актуалдуу маселелерди талкуулоо аянтчасын уюштура билген өз кесибинин мыкты устаты, мезгил талабына шайкеш иштеп келаткан усулчу Жээнбай Шамыркановдун көп жылдык эмгеги өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Ал мугалимдик эмгек жолун Нарын районундагы Кызыл-Жылдыз орто мектебинде физика сабагы боюнча мугалим болуп баштаган. Кийинчерээк ошол эле мектепте директордун тарбиялык иштер боюнча орун басары, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн инспектору, райондогу Жданов атындагы орто мектептин директорунун окуу тарбия иштери боюнча орун басары, директору болуп иштеген. Учурда усулчу кызматы менен бирге Ысык-Көл районундагы Ж.Бейшекеев атындагы орто мектепте физика сабагынын мугалими катары көп жылдык баалуу эмгеги, топтогон тажрыйбасы, кандай маселе болсо да жогорку жоопкерчилик менен жасаган мамилеси, сабак өтүүдө интерактивдүү методдорду жигердүү колдонуп өткөн сабактары ал окуткан окуучулары, ата-энелер жана коомчулук тарабынан жогору бааланып келет. Ошол эле учурда агайдын мугалимдерге көрсөткөн усулдук жардамы да баа жеткис. Анын түздөн-түз катышуусунда былтыркы окуу жылында райондогу 30 мектептин китепканасы “Жаңы китеп” мекемеси аркылуу 30 заманбап компьютердик жабдуулар менен жабдылды.

НАСААТЧЫ ЖЭЭНБАЙ АГАЙ

Жээнбай Садыковичтин өмүрлүк жолдошу Кайыркүл Касымбаеванын кесиби да мугалим. Ал да 40 жыл физика мугалими болуп эмгектенип, азыр ардактуу эс алууда. Экөө бирге бир уул, үч кызды тарбиялап өстүрүп, эрезеге жеткиришти.

Көп жылдык тажрыйбасын кийинки муундарга үйрөтүүдө кажыбас кайраттуулугу менен иштеп келаткан Жээнбай агайдын аракет-мээнети татыктуу бааланып, Билим берүү жана илим министрлигинин, Нарын, Ысык-Көл райондорунун мамлекеттик администрацияларынын, Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары, “КР Билим берүүсүнүн мыктысы”, “КР Билим берүү кызматкерлеринин профсоюздук кыймылыгын отличниги” төш белгилери менен сыйланган. Андан тышкары, “Кыргыз Республикасынын ардактуу аксакалы”, Нарын районунун “Ардактуу атуулу” экени агайдын сыйлыгына сыйлык, сыймыгына сыймык кошуп, замандаштары менен алдыңкы сапта келүүгө өбөлгө түзүп келет.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер