МУГАЛИМДИН КАДЫР-БАРКЫ АЙЫП ПУЛ МЕНЕН ӨЛЧӨНӨБҮ?

  • 27.01.2023
  • 0

Азыркы мектеп реформасында мугалимдин статусун жогорулатууга зор маани берилип, бир топ маанилүү иштер аткарылды. Анын айкын далили катары өткөн жылы Жогорку Кеңеш үч окууда кабыл алган мектептеги мугалимдердин кадыр-баркын, адамдык ар-намысын коргоо тууралуу мыйзам долбоорун көрсөтүүгө болот.

Бул мыйзам долбоорун эл өкүлдөрү Мирлан Самыйкожо, Аманкан Кенжебаев жана Улан Бакасов демилгелеп, коомдук талкууга алып чыкканы белгилүү.

МУГАЛИМДИН КАДЫР-БАРКЫ АЙЫП ПУЛ МЕНЕН ӨЛЧӨНӨБҮ?

Эл өкүлдөрү жогорудагы мыйзам долбоорун адам укуктары, адамдын жеке жашоосунун кол тийбестиги, мугалимдин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо, мугалимдин укугун жана кесиптик баркын коргоо жана ата-энелердин (аларды алмаштырган адамдардын) баланы тарбиялоо милдети жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын​ 29-беренесинин 1-бөлүгүнө,​ баш мыйзамдын 22-беренесинин 2-бөлүгүнө, «Мугалимдин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 68-беренесинин 1-бөлүгүнө негиздеп иштеп чыгышкан.

Демилгечи депутаттар мыйзам долбооруна карата маалымкат-негиздемеде «Учурдагы мыйзамдар мугалимдерге басым көрсөтүүчү инструменттердин көптөгөн түрүнө ээ, бирок иш жүзүндө окуучуга эч кандай таасир этүүчү рычаг жок», «окуучулар жана алардын ата-энелери тарабынан педагогикалык кызматкерлерди мазактоо, а түгүл кол салуу окуяларынын көбөйүшү билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүнүн олуттуу төмөндөшүнө гана эмес, педагогикалык кызматкерлердин коомдогу кепилденген өзгөчө укуктук статусунун төмөндөшүнө алып келет» деп көрсөтүшөт.

МУГАЛИМДИН КАДЫР-БАРКЫ АЙЫП ПУЛ МЕНЕН ӨЛЧӨНӨБҮ?

Жогорку Кеңеш үч талкууда кабыл алган өзгөртүүгө ылайык, айып пулдун өлчөмү 2000​ сомду түзөт. Эгер укук бузуу кайталанса, 5000 сом өлчөмүндө айып пул же 3 суткадан 5 суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алуу чарасы көрүлөт. Өзгөртүүлөргө ылайык мындай санкциялар жашы жете элек окуучунун ата-энесинин бирине же эгерде ал эрезеге жеткен болсо окуучунун өзүнө же ошого жараша тарбиялык мамилелердин катышуучусу болгон башка адамга колдонулары айтылат.

Эл өкүлдөрүнүн мыйзамдык демилгеси коомчулукта эки ача пикирди жаратты. Бизде азыр ата-энелерге айып пул салууну колдогондор да, ошол эле учурда караманча-каршы көз карашты кармангандар да бар.

МУГАЛИМДИН КАДЫР-БАРКЫ АЙЫП ПУЛ МЕНЕН ӨЛЧӨНӨБҮ?

Жети-Өгүз районунан агартуу ардагери Шайыр  Ашырова биринчи класстарды кабыл алып жатканда эле ата-энелер менен чогулуш өткөрүп, ар бирине макал-лакаптардан түзүлгөн ата-энелер үчүн Алтын эрежени жазып берерин айтат. Сунушталган мыйзам долбоору боюнча педагог «Менин оюмча ата-энелер үчүн атайын штраф тууралуу мыйзам чыгаруунун кажети жок. Эгер бир​ келишпестик болсо, эки тарап​ түшүндүрүү менен чечишип алса болот. Такыр эле чоң жаңжал болсо, сот бар. Бирок, мугалимдер андай жолго барбайт деп ойлойм. Эгер Жогорку Кеңеш сунуштаган 1000 сом айып пул болсо, анда мугалимдин кадыр баркы ого бетер түшөт. Там аркага же үлүш жерге мал кирсе, Айыл Өкмөтүнөн 1000 ден 3000-5000 миңге чейин айып пул салынат. Анчалык эле мугалимге жаны ачыган болсо, 10 000 сом каралсын. Болбосо, 1000 сомго убара болбой эле коюшсун» деп өз оюн билдирди.

Бишкек шаарынан Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Гүлүмкан Асанкадырова ​ар бир мугалим коомдун алдында сый-урматка татыктуу болуш үчүн, өзүбүз да тарбиялуу болсок деп эсептейт.​ ​ ​ ​

Дагы бир жүйөөлүү пикирди угуп көрөлү.

«Бул жөнүндө эки көз караш бар. Бирөөсү — «бить по карману», бить рублем» деп орустар айткандай, баарын акча менен бүтүрсө болот деген пикир. Экинчиси — «акча менен мугалим кадыр-баркын сатып ала албайт» деген бүтүм. Тажрыйбалуу, баланын психологиясын билген, аны сыйлаган мугалимди окуучу да, ата-эне да сыйлайт» деп жазат көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, педагогика илимдеринин доктору, профессор Ишенгүл Болжурова.

Бишкек шаарындагы Дордой конушунда жайгашкан №94 орто мектептин башталгыч класстарынын мугалими Бүайша Назарбекова «мугалим, ата-эне бири-бирине сый мамиледе болсо, айып пулдун кереги жок» деген ишенимде экенин билдирди.

Талас облустук чет тилдер багытындагы лицей-комплексинин математика мугалими Ашыккал Тагайматованын айтуусунда, мугалимди кемсинткен ата энелерге айып пул салуу айла кеткенден ойлонуп табылган амал,  анткени айып пулда каралган акча өлчөмү кээ бирөөлөр үчүн аз болсо, башкаларына көптүк кылышы мүмкүн.

Ушундай эле пикирди Аксы районунан Узен Атаканов карманат.

— Мугалимди кемсинткен ата-энелерге айып пул салуу аргасыздын иши болуп жатпайбы. «Кой аксагы менен жүз» дегендей, мугалимдердин беделине шек келтирип, аларга басым жасаган ата-эне, окуучулар да жок эмес. Балким, бул айып пулду төлөп коюп не десең дей бер дегендик болуп калар. Неси болсо да ар бирибиздин көкүрөгүбүздө адамгерчилик деген сапаттын болушун каалайм. Ошондо гана өз ара түшүнүшүү, сыйлашуу болот деп ойлойм, — дейт Узен Атаканов.

Лейлектик агартуучу Тайир Аширбай: «Бул маселеге терең ой жүгүртүп карашыбыз керек. Мугалим окуучунун, ата- энелердин укугун, эркиндигин сыйлашы керек. Эгерде агартуучуларга карата кемсинтүүлөр, түшүнбөстүктөр болсо, айып пул салуудан башка варианттарды ойлоп табуу зарыл. Жазалоо жолуна түшүп алсак, мектептин коомчулук менен болгон мамилесин бузуп алышыбыз мүмкүн» — деп жазалоо жолу менен мугалимдин кадыр-баркын, беделин көтөрүүгө каршы экенин айтат.

Белгилүү журналист Мээрим Сайдилкан: «Ата-энелерге штраф салуу менен эч качан мугалимдин кадыр-баркы өспөйт. Тескерисинче кайра түшөт. Мугалим балага болгон мамилеси аркылуу баланын жүрөгүнөн түнөк таап, баланын, ата-эненин сыйына, урматына ээ болот» деп жазат.

Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматовдун ою боюнча мугалим ата-энени өнөктөш катары көрүү керек.

— Мугалимдердин кадыр-баркын комплекстүү, системалуу кароо керек. Коомдогу пикирлер, массалалык маалымат каражаты, кинолор, КВНдер баары мугалимдерди мазактаганды токтотуп, жакшы пикир жаратууга салым кошуусу зарыл. Мисалы, белгилүү эле активист аял жылда 31-августта «Эртең мен бактылуумун, 1-сентябрда​ мектепке барбайм!» деп өзүн даңазалап​ жазчу.​ Мен ага «Сизди ээрчигендер көп, сиз ошентип жазсаңыз, анда мектеп менен мугалимди кантип ондойбуз?» деп айткам. Бул маселеде педагогикалык окуу жай да мугалимдерди даярдоонун сапатын жакшыртуусу керек.​ Анан мугалимдер да​ өз үстүнөн иштеши зарыл, — дейт Дүйшөн Шаматов.

Ата-энелерге айып пул салуу жолун «Маариф» мектебинин мугалими Бийик Рыскулов да колдобойт.

— Айып пул салуу менен эч кандай кадыр-баркка ээ боло албайбыз. Тескерисинче, кандайдыр бир деңгээлде ата-энелердин кыжырдануу сезимдерин ойготуп алабызбы деп чоочулайм. Андан көрө үч ай бою бир гана класс жетекчилер​ эмес, ар бир мугалим ата-энеге болгон сый-урматты өз ишинде камтып турушу​ керек. Иштин жыйынтыгы ошондо көрүнөт. Окуучулар күндө кечинде​ жумуштан чарчап келген ата-энесинин бутун, желкесин укалап, «Жумуштан чарчадыңыз!», «Жакшы эс алыңыз!» деген жылуу сөздөрдү айтып турса,​ ата-энелер баласынын жакшы жакка өзгөрүп жатканын көрүп, мугалимдерге толук ишеним артат жана колдоо берет деп эсептейм. Ошондой эле, келечекте мектепке тарбиячы деген түшүнүктү киргизүү учур талабы болуп турат. Мугалим сабак өтүүнүн үстүндө аракеттенсе, ал эми тарбиячылар тарбия берүүнүн үстүндө иштеп, ар бир сабакка катышып, сабак учурунда жана сыртта жүргөндө окуучунун жүрүм-турумун карап, мугалимге көмөк бермек. Көп учурда сабактын 6-7 мүнөтү «Достор тынчтанабыз!», «Бири-бирибиздин пикирибизди сыйлайбыз!» деген сыяктуу тарбия берүүгө короп жатат, — деди акыркы кездерде мугалимдер арасында популярдуу болуп бараткан жаш педагог.

 А.АЛИБЕКОВ, Кут Билим

Бөлүшүү

Комментарийлер