МИНИСТР АЙЫМ НАСААТЧЫСЫНА ЫРААЗЫЧЫЛЫГЫН БИЛДИРДИ
- 11.03.2024
- 0
8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билим берүү тармагына зор салым кошкон эжейлерди чакырып, сый-урмат көрсөттү. Анын ичинде агартуу тармагында 52 жылдан бери эмгектенип келаткан Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун Инновациялык технологиялар борборунун башкы адиси жана ага окутуучусу Зыйнаткүл Сартова да бар.
Эмгек жолу
Зыйнаткүл Сартова КМУнун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты адистигин бүтүргөн. Ал агартуу тармагында 52 жылдан бери талыкпай, үзүрлүү эмгектенип келатат. Алгачкы эмгек жолун эжей Ысык-Көл облусунун Түп районунан баштаган.
1974-жылдан тарта ошол эле райондун Сары-Дөбө (азыр К.Карачев) атындагы орто мектебинде 1993-жылга чейин эмгектенип келди. Эжейдин окуучулары райондук, облустук, республикалык олимпиадаларда кыргыз тили жана адабияты боюнча алдыңкы орундарды камсыздап келишкен.
З.Сартова 1993-жылдан Каракол шаарындагы Т.Сатылганов атындагы мектеп-лицейинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштеди. Бул билим уяда дагы эжейдин окуучулары предметтик олимпиадаларда алдыңкы орундарга ээ болуп, жогорку окуу жайларынын филология факультеттерине сынаксыз кабыл алынган. Жогорку окуу жайын ийгиликтүү аяктагандан кийин, анын мыкты окуучулары Ж.Убайдылдаева Т.Сатылганов атындагы мектеп-лицейинде кыргыз тили жана адабияты мугалими, мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштесе, А.Касымалиев менен К.Шаршеева дикторлук кесипте үзүрлүү эмгектенип келе жатышат. Зыйнаткүл эжей 1995-жылдан Ысык-Көл облустук билим берүү институтунда кыргыз тили жана адабияты предметин боюнча усулчу кызматын аркалап, ал эми 2006-2011-жылдары Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы АӨБ тарабынан каржыланган «Билим берүүнүн 2-долбоорунда» Ысык-Көл жана Нарын облустарынын аймактык координатору болуп иштеди.
2013-2017-жылдары Кумтөр тарабынан каржыланган Ысык-Көл облусунун Тоң, Жети-Өгүз райондорунун, Балыкчы шаарынын пилоттук мектептери менен «Мектеп окуучуларын ЖРТга даярдоо» долбоорунда координатор-ментор болуп үзүрлүү эмгектенген.
— Учурда Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун Инновациялык технологиялар борборунда башкы адис жана ага окутуучу болуп иштейм. Быйылкы окуу жылынан баштап «ЖРТнын тапшырмаларында сөздүк-логикалык ой жүгүртүүнү калыптандыруу жана баалоо» программасын түзүп, окуучуларды «Негизги тестке» кыргыз тилинен даярдоо боюнча мугалимдерге 72 сааттык курс өтүүдөмүн, — дейт З.Сартова.
Насаатчы эжей
— Билим берүү жана илим министри Д.Кендирбаева менен 1994-жылдан бери иштешип келем. Ал айылдык мектепте вожатыйлыктан баштап, бардык баскычтарды басып өттү. Д.Кендирбаева облустук «Жыл мугалими» кароо-сынагына катышып, өзүнүн сабак өтүүдөгү жаңычылдыгы, чыгармачылык иштери менен башка конкурсанттардан кескин айырмаланып, республикалык конкурска өтүп, облустун намысын коргоп, биринчиликти алган. Көп өтпөй облустук билим берүү институтуна тарых предмети боюнча усулчу кызматына чакырылып, алгачкы эле жылдары Бишкектен лекторлорду, тренерлерди чакыртып, семинарларды уюштуруп, тез эле окуучулардын, мугалимдердин сүймөнчүлүгүнө арзыган. Ишине тың Догдуркүл Шаршеевна инновациялык лаборатория башчысы дагы болуп эмгектенди. Ал өз ишин берилгендик менен аткарып, жаңы идеяларды жайылтууда көп иштерди жасай алганын айтпай коюуга болбойт. Тындыгын байкаган облустук мамадминистрация Жети-Өгүз райондук жергиликтүү бийликтин орун басары кылып дайындаган соң, ал коомчулук, эл менен иштөөдө жакшы саамалыктарды жарата алган, — дейт Зыйнаткүл эжей.
Кийин Д.Кендирбаева облустук билим берүү институтуна директорлукка дайындалганын, облустун билим берүү тармагын жетектөөдө көп жаңычылдыктарды жарата алганын, Билим берүү жана илим министрлигинде орун басарлык кызматты аркалаганын, азыркы учурдагы министрлик кызматына олтурганга манчыркап кетпей, бир кездеги насаатчы коллегасын аялзаты майрамына карата чакыртып, ыраазычылык катын жана баалуу белегин тапшырганын Зыйнаткүл эжей айтып түгөтө албай, көңүлү көкөлөгөнүнө кубанып отурду.
ЖРТ – мезгил талабы
ЖРТ боюнча мугалимдерге курс өтүү — мезгилдин талабы дейт З.Сартова. Анткени бул багытта азыркыга чейин жогорку окуу жайларында мугалимдерге атайын курстар жок. Студенттер мектепке келип иштөөдө ЖРТ туурасында маалыматы жок келип, окуучуларга багыт берүүнүн жолдорун билишпейт.
— Быйылкы окуу жылында Кемин, Аламүдүн жана Жумгал районунун кыргыз мектептеринин кыргыз тили мугалимдери үчүн курстар өтүлүү учурунда окуучуларды ЖРТга даярдоодон абдан кыйналып келишкендигин жашырышкан жок. Практикалык иш учурда ЖРТнын “Негизги тестин” даярдоо жалгыз эле кыргыз тилчи мугалимдерге эмес, бардык предметтерге тиешелүү экенин, предметтерди интеграциялоо окутуу керектигине көздөрү жетип, терең ыраазычылыктарын билдиришүүдө, — дейт башкы адис.
Эмгек жерде калбайт
Зыйнаткүл эжейдин эмгеги жерде калган жок. Окуучуларын олимпиадаларга мыкты даярдап, алар ийгиликтерди жараткан үчүн райондук, облустук мамлекеттик администрацияларынын, Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын ардак грамоталарына, «Кыргыз тили» төш белгисине, ошондой эле 1991-жылы Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүүнүн отличниги» төш белгисине татыктуу болгон.
Эжейдин өмүрлүк жолдошу Садыракунов Садыр агай да адистиги боюнча физика мугалими. Ал айылдык мектепте жөнөкөй мугалимден окуу бөлүмүнүн башчысы, директорлука чейин маңдай тери, таман акысы менен көтөрүлүп, көп жылдар бою эмгектенди. Кийин 1993-жылы Каракол шаарындагы №4 мектепке директор болуп дайындалып, мектептин гимназияга айланышына, окуу-тарбия иштерин жолго коюуда көп эмгек кылды. Ошондой эле Ысык-Көл облустук билим берүү башкармалыгында, кийин облустук билим берүү институтунда эмгектенип келди. Азыр агай ардактуу эс алууда.
Эжей менен агай үч уулдун ардактуу ата-энеси. Улуу баласы Ренат укук коргоо органында, Фархад чек ара кызматында, ал эми кичүү уулу Салават энергетика тармагында эмгектенип жүрүшөт. Неберелери студенттер, мектеп окуучулары болгондуктан, аларды окутуу-тарбиялоо иштерине да чоң ата, чон эне кам көрүп, акыл-насаатарын байма-бай айтып турушат.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер