МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕККЕ КАДАМ
- 06.04.2026
- 0
12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕККЕ КАДАМ
12 жылдык билим берүү – бул заман талабына ылайык окуучулардын билимин тереңдетип, турмушка даярдоону максат кылган маанилүү өзгөрүү. Бул реформанын ийгилиги мугалимдердин даярдыгынан көз каранды. Биздин мектепке мугалимдердин даярдыгы этап менен окууту иштери жана кваликафикациясын жогорулатуу боюнча тынымсыз эмгек кылып, окууларды окуп, азыркы учурда санариптештирүүнү, тынымсыз өнүгүп жаткан технологияны пайдалануу жолдорунун үстүндө иштеп жатабыз.
12 жылдык система окуучунун жаш өзгөчөлүгүнө ылайык билим берүүнү камсыз кылат. Башталгыч, негизги жана жогорку баскычтар так бөлүнүп ар бир этапта окуучунун өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурулат. Мисалы башталгыч класстарда баланын логикалык ой жүгүртүүсү жана негизги көндүмдөрү калыптанса, жогорку класстарда кесипке багыт берүү күчөйт.
Биздин мектепте бул реформа төмөнкү өзгөрүүлөрдү алып келүүдө, мисалы мен өзүм “Тил бирикме жетекчиси” катары мугалимдер менен биргеликте 12 жылдык билим берүү системасы жана “Алтын Казык” программасы боюнча тренингдерди, семинарларды, конференцияларды уюштурдум. Мындан сырткары мектептен окутуунун жаңы усулдарын колдонуп интерактивдүү сабактарды, долбоордук иштерди жана окуучулардын өз алдынча ой жүгүртүүсүнө көбүрөөк мүмкүнчүлүк берип иштетип келем. Кыргыз тилин окутууда санарип технологияларын активдүү пайдаланам. Бүгүнкү тез өзгөрүп жаткан глобалдашуу жана санариптешүү доорунда билим берүү тармагы бир орунда эмес. Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, мектептеги билим берүү баланын инсан катары калыптанышына гана эмес, анын кесип тандоосуна жана турмушка даяр болушуна шарт түзөт.
Албетте, 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн Кыргызстан үчүн, айрыкча биздин жаштардын келечеги үчүн бир топ өзгөрүү, пайдалары бар. Бул жөн эле сырткы форманы өзгөртүү эмес, өлкөнүн кадрдык жана интеллектуалдык потенциалын көтөрүүгө багытталган кадам. Кыргыз тилин окутууда өзүмдүн тажрыйбамда эрежелерди жаттатпай, тилди баланын жан дүйнөсүнө жеткирүү үчүн бир нече жөнөкөй турмуштагы кызыктуу бир окуяны же сүрөтүн көрсөтөм. Азыркы учурда 5-7-класстар кыргыз тили жана адабияты сабактары 12 жылдык билим берүү системага ылайык окутулуп жатат. Балдарга көбүнчө жеңилдетилген түрдө түшүндүрүүгө ылайыкташкан. Теманы жашоо менен байланыштырып өтүүгө ылайыктуу түзүлгөн.
Кыргызстан үчүн эң негизги пайдаларын бир нече багытта карап көрсөк болот
Дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграция
Дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдүн басымдуу бөлүгү 150дөн ашык мамлекеттер 12 жылдык система менен окушат. Биздин бүтүрүүчүлөр чет өлкөгө окууга тапшырганда «Бир жылдык айырма» маселеси жаралып, көп учурда түз кабыл алынбайт же кошумча даярдоо курстарында окууга туура келет. Ал эми 12 жылдык система бул тоскоолдуктарды алып салат. Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасына өтүү — бүгүнкү күндүн эң актуалдуу жана кызуу талкууланып жаткан темаларынын бири болуп жатат. Бул реформа жөн гана мектепте окуу мөөнөтүн узартуу эмес, билим берүүнүн мазмунун жана сапатын заман талабына ылайык өзгөртүү болуп саналат.
Кыргызстан үчүн эң негизги пайдаларын бир нече багытта карап көрсөк болот. Мисалы Кыргызстандын жаштары эл аралык деңгээлде башка өлкөлөрдүн жаштарындай эле бирдей шартта жана деңгээлде атаандаша алышат.
Окуучулардын кесипке эрте багытталышы
Мурда 11-классты бүтүп жаткан 16-17 жаштагы өспүрүм кайсы кесиптин ээси болорун так билбей, ата-энесинин же замандын агымы менен эле кесип тандап алган учурлар көп болчу. Жаңы системада 10-11-12-жогорку класстарда окуучулар өздөрү кызыккан багыттарды тандап алып мисалы: гуманитардык, так илимдер, IT же табигый илимдерди, тереңдетип окуй алышат. Бул мамлекетке керектүү кесип ээлеринин сапаттуу даярдалышына шарт түзөт.
Функционалдык сабаттуулуктун жогорулашы — PISA талаптары
Мектептер көп учурда балага теориялык гана билим берип, аны жашоодо колдонуу жагы аксап келет. 12 жылдык билим берүүдө басым «жаттоого» эмес, «түшүнүүгө жана колдонууга» жасалат.
Бала алган билимин турмушта, күнүмдүк турмуштук маселелерди чечүүдө колдоно билүүгө үйрөнөт. Бул эл аралык PISA изилдөөлөрүндө да Кыргызстандын көрсөткүчүнүн жогорулашына алып келет деп ойлойм.
Окуу жүктөмүнүн туура бөлүштүрүлүшү
Азыркы мектеп программасы абдан оор жана тыгыз. Окуучулар күнү-түнү окуп, чарчап, ден соолугуна да зыян келип жатканы жашыруун эмес.
Программа 12 жылга жайылтылганда, сабактардын сааты жана жүктөмү жеңилдейт. Мугалимдерге да теманы шашпай, ар бир балага жеткиликтүү кылып түшүндүрүүгө убакыт жана мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Маанилүү жагдайы албетте, бул аракеттердин иш жүзүнө ашышы үчүн жаңы окуу китептеринин сапаты, мектептердин шарттары жана эң башкысы — мугалимдерибиздин даярдыгы абдан чоң ролду ойнойт.
Үмүтгүл МАМЫТКАНОВА, Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, Арал айылындагы №3 Бейше Үрстөмбеков атындагы жалпы билим берүүчү мектеби-мекемесинин кыргыз тили жана адабияты мугалими
Комментарийлер