“МЕЙКИН” СЫЙЛЫГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ “КУТ БИЛИМ” ГЕЗИТИ
- 18.12.2024
- 0
Президенттин медиа жана журналистика жаатындагы «Мейкин» сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн өлкө башчы Садыр Жапаров сыйлады. Сынакка катышкан 200 журналисттин ичинен ону алдыга чыкты. “Кут Билим” гезити «Билим – Келечек” номинациясын жеңип алып, сертификат жана статуэткага ээ болду. Аны Президенттин колунан “Кут Билим” гезитинин бөлүм башчысы Алимжан Алибеков алды.
Жаркын келечекке, жаңыча ой жүгүрткөн коом куруу үчүн уюштурулган сыйлык
Сыйлык тапшыруу аземи өлкө башчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрында өтүп, ага журналисттер жана жалпы медиа өкүлдөрү катышты.
Быйыл кыргыз журналистикасына 100 жыл толгонун, ушул аралыкта чыгармачыл адамдардын бир нече муунунун кылымдык эмгегинин жыйынтыгын чыгарган олуттуу окуяны белгилеп жатканыбызды, бир кылым аралыгында эбегейсиз иштер жасалганын, алгачкы басылмалардан, радио берүүлөрдөн баштап, дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдарды камтыган заманбап санарип маалымат каражаттарына чейинки татаал жолду басып өткөнүн Президент өз сөзүндө баса белгиледи.
— Ошол дүрбөлөң мезгилдерде бир катар мүмкүнчүлүктөрдүн чектелүү шартына карабай, журналистиканын пайдубалын түптөп, кышын кыноо менен эл үчүн маанилүү маалыматтарды, жаңылыктарды жазып, жарандык коомдун жаралышына салым кошкон кыргыз журналистикасынын күжүрмөндөрүнүн ысымдары эсибизде. Алардын ак ниет эмгеги, дайыма калыстыкка умтулуусу азыркы кыргыз журналистикасынын бекем пайдубалы болуп калды. Биз мамлекеттин алдыга жылып, эл агартууга салым кошкон аталарыбызды ар дайым эскерип, башыбызды ийип, таазим кылабыз, — деди өлкө башчы.
Андан соң, ал окуяларды калыс чагылдырууга умтулуу – бул экономикасы күчтүү, маданияты өнүккөн жана жарандардын жашоо деңгээли жогорку болгон мамлекетке ишенимдүү түрдө айланып бараткан өлкөнү – жаңы Кыргызстанды куруунун ажырагыс бөлүгү экенине токтолду.
Президент С.Жапаров “Мейкин” сыйлыгы – жөн эле журналисттердин көңүлүн алуучу сыйлык эмес экенин, бул – журналисттик принциптерге таянуу менен Кыргызстанды жаркын келечекке, жаңыча ой жүгүрткөн коом курууга күн сайын жакындаткандар үчүн уюштурулган сыйлык экенин айтты. Кыскасы, калеми мененби же фото, видео-камерасы мененби, айтор, азыркы Кыргызстандын көп кырдуу портретин тартып, анын татаалдыгын да, таасирдүү жетишкендиктерин да чагылдырып, улутубуздун тарыхый эс тутумун калыптандыргандар үчүн уюштурулган сыйлык экенин баса белгиледи.
Анын пикиринде, учурда журналисттердин алдында кесипкөйлүк гана эмес, аң-сезимдүүлүк менен жоопкерчилик принциптерин да талап кылган ары жаңы, ары татаал милдеттер турат. Азыр санарип доорунда ар түркүн маалыматтар өтө ыкчамдык менен жайылып, мындай маалыматтардын деңизине коомчулук, эл-журт, айрыкча, жаш муун көмүлгөн чакта кайсынысы жалган, кайсынысы анык экенин ажыратып берүүдө журналисттердин ролу бир нече эсе жогоруларын айтып өттү.
— Барган сайын кооптуу болуп татаалдашып бараткан дүйнөнүн объективдүү картинасын калыптандыруу, коомдук аң-сезимди манипуляциялоого жөндөмдүү дезинформацияга каршы күрөшүү сиздердин жоопкерчилигиңиздер менен кесипкөйлүгүңүздөрдөн көз каранды. Маалымат таратуудагы фактыларга таянууда аң-сезимдүүлүк менен аяр мамиле кылуу, аларды кылдат текшерүү — заманбап журналисттин кесиптик ишмердүүлүгүнүн негизги компоненттери экенин жакшы билесиздер. Антпесе, жалган маалымат жана маалымат манипуляциясы коомго олуттуу сокку уруп, мамлекетке жана бийлик институттарына болгон ишенимди кетирип, социалдык чыңалууну жаратып, он миңдеген жарандарды адаштырган курал болуп калышы толук мүмкүн. Биз элибизди, айрыкча жаштарды маалыматтарды ылгап кабыл алууга, андагы фактыларды текшерүү менен чагымчылдыкка алдырбоого үндөшүбүз керек. Калктын бардык катмарына чындыкка дал келген ар тараптуу маалымат жеткирүү аркылуу гана биз коомдук консенсуска жетишип, өнүккөн өлкөнү чогулап кура алабыз, — деди Президент.
Андан соң ал “Мейкин” сыйлыгы тууралуу учкай токтолду. Салмактуу байге фондун кыргыз журналистикасынын келечегине: кесипкөйлүккө, акыйкаттыкка жана жоопкерчиликке инвестиция катары салуу максатын көздөгөнүн, ошону менен катар “Мейкин” сыйлыгы жаш журналисттерге түрткү болуп, аларды чыгармачылык ийгиликтерге жана кесипкөйлүгүн өркүндөтүүгө шыктандырарына терең ишенерин белгиледи. Мындан тышкары, медиа айдыңында сергек атаандаштык чөйрөсүн түзүп, журналисттерди өздөрүн өнүктүрүүгө жана квалификациясын жогорулатууга үндөөрүн билдирди. Ошондой эле ойлогон мүдөө ишке ашса, элибиздин туура, так, калыс маалымат алуусу жана ар бир сөздүн жоопкерчилиги камсыздалмакчы.
Президент сөзүн улай, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү — элдин көзү, кулагы жана үнү экенин, алардын айткандары менен жазгандарынын негизинде коомчулук маалымдар болуп, коомдук пикир жаралганын баса белгиледи.
Өзгөчө Президент коррупцияны иликтеп, кетирген кемчиликтерди жиликтеп, ачыкка чыгарганга чакырды.
— Коррупция менен күрөш токтобойт, 24 саат бою жүрө берет. Сөз эркиндиги болсо — болуп келген жана боло берет. Бир гана суранычым, сөз эркиндиги менен ушак-айыңды, жалган маалыматтарды, бирөөнүн аброюна далилсиз шек келтирүүнү, элди массалык башаламандыктарга чакырууну сөз эркиндиги менен алмаштырбаңыздар! “Мейкин” сыйлыгынын алгачкы жеңүүчүлөрү, сыйлыгыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Сиздердин ийгилигиңиздер мамлекеттин алдыга жылышына жана жоопкерчиликтүү журналистиканын өнүгүшүнө кошкон зор салым болуп саналат. Мындан аркы түйшүктүү ишиңиздерди ийгиликтер коштосун! Калемиңиздер ар дайым адилеттүүлүккө, чынчылдыкка, элге кызмат кылсын! — деп сөзүн жыйынтыктады.
Биринчи жолу журналисттерге өзгөчө көңүл бурулду
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу “Мейкин” сый акысын уюштуруу жөнүндө жарлыкка үстүбүздөгү жылдын 12-июнунда кол койгон. Сынакка катышууну каалагандар быйыл 1-январдан 1-октябрга чейинки мезгилде даярдалып, жарыяланган материалдарын уюштуруучулардын электрондук дарегине жөнөтүшкөн эле. Ошентип, комиссия колуна тийген материалдарды карап чыгып, эки ай бою талапкерлерди аныктоодо талаш-тартыш менен, ошол эле кезде максималдуу объективдүүлүктү жана айкындуулукту камсыз кылышканын калыстар тобунун мүчөлөрү айтып чыгышты. Комиссиянын курамына мамлекеттик органдардан эки өкүл, калган тогуз адам көз карандысыз маалымат каражаттарынан жана журналисттик профилдеги окуу жайларынын өкүлдөрү кирген.
Кара кылды как жарган комиссия мүчөлөрүнүн чечими менен “Бир эл – бир түндүк”, “Керемет Кыргызстан”, “Салык – өнүгүүгө салым”, “Таза мекен”, “Билим – келечек”, “Куттуу элет”, “Мекен жана мен”, “Мекендештер”, “Кыргызстанда чыгарылган (Made in KG) жана “Сергек жашоо” номинациялары боюнча он журналист жеңүүчү деп аныкталып, бир миллион сом жана статуэтка менен сыйланышты.
Бул сыйлыктын максаты — журналистика жаатындагы чыгармачылыкты колдоо жана кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу, журналисттердин илим, билим берүү, медицина, маданият, спорт, экономика, экология, туризм, айыл чарбасы, өнөр жайы жана башка чөйрөлөрдөгү чыгармачылык активдүүлүгүнө дем берүүнү көздөдү.
“Бүтүндөй билим берүү тармагын колдогон сыйлык”
Ал эми “Кут Билим” медиа борборунун директору К.Чекиров, “Кут Билим” гезитинин мектептер бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Алыбаева жана гезиттин бөлүм редактору Алимжан Алибеков редакциянын атынан “Билим – Келечек” номинациясына катышып, жеңүүчү болушту. Чыгаан журналист, жазуучу Алимжан Алибековдун макаласынын упайы көбүрөөк болгонуна байланыштуу ал Президенттин колунан 1 млн сомго сертификат менен статуэтканы алды. Сыйлык жалкы – сыймык жалпы демекчи, белгилүү билим берүү эксперти Куштарбек Кимсанов фейсбуктагы постко: “Бул кадам бүтүндөй билим берүү тармагына колдоо деп эсептегенге да болот. Шыктануу менен иштеген редакция жамааты өлкөбүздүн бул тармагынын алдыга жылышына байкалбаган, бирок бараандуу салым кошот…” деп жазды. Бир эле гезиттин жамааты эмес, бүтүндөй агартуу коомчулугу гезиттин жеңишине сүйүнүп, жылуу пикирлерди жазып, куттуктап жатат. “Ким окуса “Кут Билим”, ал чыныгы Мугалим”.
Эске салсак, сынакка 10 номинация боюнча 200дөй журналист эмгектерин комиссияга официалдуу документтер менен тиркеп жөнөткөн. Анын ичинен иргелип отуруп, 10 номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.
Коомчулуктун жана бүтүндөй өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштеген журналисттердин эмгегин колдоо жана баалоодо маанилүү кадам болгон бул сыйлыкты жыл сайын уюштуруу пландалып жатканы да маалым болду.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер