МЕКТЕПКЕ ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО: ТАРТИП ЖАНА ӨЗГӨРҮҮЛӨР
- 07.04.2026
- 0
Быйыл Кыргызстан боюнча 1-класска бара турган бөбөктөр үчүн 190 миңден ашык квота бөлүнгөн. 1-апрелден тарта башталган мектепке кабыл алуунун эң жооптуу учуру — электрондук каттоо. Быйыл 1-класска 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жана 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин төрөлгөн балдар кабыл алынат. Учурда Агартуу министрлигинин адистери ата-энелерге каттоодогу ар бир кадам боюнча түшүндүрмө берип жаткан убагы.

Каттоо кандай тартипте жүрөт?
Ата-энелер баласын мектепке каттоо үчүн “Мектеп” (1mektep.edu.gov.kg) автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу алдын ала каттоодон өтөт. Ата-энелердин расмий катталган дареги боюнча системада тиешелүү мектеп автоматтык түрдө көрсөтүлөт.
Арыздарды онлайн түрдө тапшырууга болот:
- 1mektep.edu.gov.kg сайты же
- «Түндүк», MegaPay жана башка банк тиркемелери аркылуу.
Маалыматка таянсак, биринчи этапта ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) тиешелүү мектептин микроучастогу боюнча каттоосу (туруктуу каттоосу) бар учурда бала кабыл алынат. Ал эми экинчи этапта мектепте бош орундар болгондо, ата-энесинин туруктуу каттоосуна карабастан, балдар кабыл алынат. Бул этап 2026-жылдын 1-июнунда саат 10:00дө башталат.
Баланын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү өтүнмөнүн формасын жеке кабинетинде толтурат. Мектепти жана окутуу тилин тандайт. Мектепке каттоо процесси учурунда жаралган көйгөйлөр боюнча ата-энелерге жана жарандарга министрликтин кызматкерлери түшүндүрмө иштерин берип жатат.
29 миңге жакын бала катталды
2026-жылдын 1-апрелинен 3-апрелге чейинки аралыкта “Мектеп” (1mektep.edu.gov.kg) автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу 1-класска дээрлик 28 908 бала катталган. Аймактар боюнча карап көрсөк: Бишкек шаары — 6211, Ош облусу — 5341, Жалал-Абад облусу — 4715, Чүй облусу — 3409, Баткен облусу — 3134, Ысык-Көл облусу — 2414, Нарын облусу — 1386, Ош шаары — 1007 жана Талас облусу — 964.
Эмне үчүн электрондук каттоодо жеңилдик берилген категориялар жок?
Быйылкы каттоодо буга чейин жеңилдик берилген категориялар жокко чыкты. Анткени Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» мыйзамына ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык мектептерге кабыл алуу тартибин Министрлер Кабинети аныктайт. Жалпы билим берүү уюмдары жөнүндө жобого ылайык, мектепке кабыл алууда баланын жынысына, улутуна, тилине, социалдык абалына, ден соолугуна жана диний ишенимине карап, кандайдыр бир артыкчылыктарды же чектөөлөрдү коюуга тыюу салынат.
Бул ченемдер өлкө Конституциясына толук шайкеш келет. Баш мыйзам бардык жарандардын укуктарынын теңдигин кепилдейт жана басмырлоого жол бербейт. Мурун айрым категориялар үчүн кезексиз же биринчи кезекте кирүү жеңилдиктери каралган болсо, эми алар бирдиктүү электрондук кезек аркылуу гана ишке ашат. Бул бардык балдар тутумда бирдей шартта катталышы керек дегенди билдирет.
Электрондук кезектин максаты эмне?
Бул тутумдун киргизилиши ачык-айкындуулукту көрсөтөт. Каттоо процесси баарына көрүнөө болот. Экинчиден, коррупцияны жоюу, т.а. адамдык факторду жана мыйзамсыз кийлигишүүнү четтетет. Эң башкысы ар бир баланын билим алууга болгон тең укуктуулугун камсыз кылат.
Жеңилдиктердин жоюлушу кимдир бирөөнүн укугун чектөө эмес, тескерисинче, мектептеги орундарды адилеттүү бөлүштүрүү жана билимге болгон бирдей мүмкүнчүлүктү түзүү болуп саналат.
Башка өлкөнүн жараны баласын кантип каттатат?
Ал үчүн ата-эне алгач калкты тейлөө борборуна (КТБ) кайрылып, Кыргыз Республикасынын жеке идентификациялык номерин (ИЖН) алуу керек. Андан соң https://1mektep.edu.gov.kg/ky сайтына кирип, “Баланын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктү берген жер” деген аянтчада “Башка өлкө” деп көрсөтөт. Албетте, ал жерге баланын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктү тиркөө зарыл. Кыскасы, ата-эненин өздүк кабинети аркылуу порталдын “Өтүнмө” бөлүмүнө кирип, мектепти жана окутуу тилин тандайт.
Баланы 1-класска каттоо боюнча нускама видео:
— кыргыз тилинде: https://www.instagram.com/reel/DWiiZ9EiJLC/
— орус тилинде: https://www.instagram.com/reel/DWixmKrCFwb/
Бишкекте айрым мектептерде орун жок
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин башкы адиси Гулира Молдоисаеванын берген маалыматына таянсак, 2026/2027-окуу жылына карата Бишкек шаарынын муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына 1-класска балдарды кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин буйругу менен бекитилген Жобого ылайык, электрондук каттоо аркылуу жүргүзүлүүдө.
— Бишкек шаарынын муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына жалпы 26 513 квота берилди, анын ичинен 14 195 окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстарга, 12 318 окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн класстарга. 2026-жылдын 6-апрелине карата катталган балдардын саны – 7326, бош орундардын саны — 19187. Шаар боюнча №20, №61, №63, №70, №38 окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн класстарда бош орундар калган жок. Жобого ылайык, электрондук каттоонун 2-этабы 2026-жылдын 1-июнунда башталат, ата-энелерге бош орундар бар мектептерди тандоо мүмкүнчүлүгү берилет. Мектептердеги бош орундар тууралуу маалыматты 1mektep.edu.gov.kg сайтында “Ачык маалыматтар” бөлүмүнөн алууга болот, — дейт башкы адис.
Жыл сайын Бишкек шаарындагы муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарын 30 000 ден ашуун окуучулар аякташат. Быйылкы окуу жылын болжол менен 33000 миңге жакын бүтүрүүчүлөр бүтүрүшөт. Мектептерде жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги буйругуна ылайык 2026-жылдын 2-июнунан 13-июнуна чейин өткөрүлөт.
Белгилей кетүү керек, азыр көп ата-эне камырабай жатат. 1-сентябрга чукул калганда анан чуркай башташат. Агартуу министрлигине чейин арыздангандардын саны көбөйөт. Андыктан азыр убакыт кенен, жалкоолонбой министрликтин порталына кирип, 1-класска барчу балдарды каттоо керек.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер