КЫРГЫЗ РЕНЕССАНСЫНЫН АЛТЫН КӨПҮРӨСҮ: ЫСЫК-КӨЛ ФОРУМУ УЛУУ ОЙЧУЛДАРДЫ КАЙРАДАН БИРИКТИРЕТ

  • 01.06.2026
  • 0

Адамзаттын акыл-ою, маданият жана руханий баалуулуктар глобалдык саясаттын негизги өзөгүн түзөрүн мезгил өзү далилдеп келет. Мына ушундай улуу миссияны аркалаган, Батыш менен Чыгыштын, түрдүү цивилизациясынын ортосундагы алтын көпүрөгө айланган эл аралык ири иш-чара — “Ысык-Көл” эл аралык форуму үстүбүздөгү 2026-жылдын 18-20-июнь күндөрү кыргыз бермети Ысык-Көлдүн жээгинде өз ишин баштайт. Бул тарыхый мааниси терең окуя улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун акылмандыгын жана өчпөс мурасын дагы бир ирет дүйнө коомчулугунун борборуна чыгармакчы. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бул ачык диалог аянтчасынын 40 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды эң жогорку деңгээлде өткөрүү тууралуу буйрукка кол коюп, атайын уюштуруу комитети Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Капаевич Койчиевдин жетекчилиги астында кызуу даярдыктарды көрүүдө.

Бул феномендин тарыхына кылчайсак, Ысык-Көл форуму кыргыз эл жазуучусу Ч. Айтматовдун демилгеси менен мындан туура кырк жыл мурун, тактап айтканда, 1986-жылдын октябрь айында уюшулган. Ал кездеги дүйнөлүк саясий кырдаалдын татаалдыгына карабастан, залкар ойчул жер шарынын азыркы абалы жана келечеги жөнүндөгү тынчсызданууларын ортого салуу үчүн планетанын эң алдыңкы акыл-эсин бир аянтчага чогулта алган. Форум алгачкы күндөн тартып эле адамзаттын келечеги, прогресстин этикасы, маданияттын глобалдык саясаттагы орду жана интеллигенциянын дүйнө алдындагы жоопкерчилиги сыяктуу эң актуалдуу темаларды талкуулаган эркин ойдун борборуна айланган. Бул жолу да өлкө башчысынын атынан жөнөтүлгөн чакырууларды кабыл алган дүйнөлүк деңгээлдеги эң таасирдүү залкар инсандар кыргыз жергесине келүүсү күтүлүп жатат.

Форумдун кадырлуу конокторунун көч башында Азиянын Маркези аталган кытай жазуучусу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Янь бар.КЫРГЫЗ РЕНЕССАНСЫНЫН АЛТЫН КӨПҮРӨСҮ: ЫСЫК-КӨЛ ФОРУМУ УЛУУ ОЙЧУЛДАРДЫ КАЙРАДАН БИРИКТИРЕТ

Ч. Айтматовдун туулган жерин көрүүгө куштарлыгын билдирген атактуу жазуучуну өзгөчө урмат кылып, учурда анын бир романы кыргыз тилинде басып чыгарууга даярдалууда. Ошондой эле, форумдун сыйлуу меймандарынын арасында кытай адабиятынын классиги, кезинде Кытай Эл Республикасынын маданият министри болуп иштеген Ванг Мэнг да бар.КЫРГЫЗ РЕНЕССАНСЫНЫН АЛТЫН КӨПҮРӨСҮ: ЫСЫК-КӨЛ ФОРУМУ УЛУУ ОЙЧУЛДАРДЫ КАЙРАДАН БИРИКТИРЕТ

Ал Чыңгыз Айтматовду азыркы кытай адабиятына терең таасирин тийгизген жазуучулардын бири деп атап, убагында залкар жазуучубуз менен тыгыз байланышта болгон.

Адабият айдыңынан мындан сырткары, азербайжан адабиятынын алпы, Айтматовдун ини досу Анар Рзаев да келет.КЫРГЫЗ РЕНЕССАНСЫНЫН АЛТЫН КӨПҮРӨСҮ: ЫСЫК-КӨЛ ФОРУМУ УЛУУ ОЙЧУЛДАРДЫ КАЙРАДАН БИРИКТИРЕТ

Уюштуруучулар ага өзгөчө сый көрсөтүп, аксакалдын чыгармаларын форум маалында кыргыз тилинде жарыкка чыгарганы турушат. Ал эми маданий алкакта Румыниянын көрүнүктүү акыны, Михай Эминеску академиясынын президенти Ион Деаконеску да форумдун көркүн ачмакчы.

КЫРГЫЗ РЕНЕССАНСЫНЫН АЛТЫН КӨПҮРӨСҮ: ЫСЫК-КӨЛ ФОРУМУ УЛУУ ОЙЧУЛДАРДЫ КАЙРАДАН БИРИКТИРЕТ

Ал Айтматов менен бир нече жолу жолугуп, пикир алышканын дайыма тамшануу менен эскерет.

Дүйнөлүк илим жана искусство чөйрөсүнөн Оксфорд университетинин профессору, «Жибек жолунун тарыхтагы жана XXI кылымдагы ролу» тууралуу китептери миллиондогон нуска менен тараган атактуу окумуштуу Питер Франкопан келсе,КЫРГЫЗ РЕНЕССАНСЫНЫН АЛТЫН КӨПҮРӨСҮ: ЫСЫК-КӨЛ ФОРУМУ УЛУУ ОЙЧУЛДАРДЫ КАЙРАДАН БИРИКТИРЕТ

архитектура жаатындагы «Нобель» саналган Притцкер сыйлыгынын лауреаттарынын шакирти, Ташкенттеги Ислам цивилизациясынын борборун жасалгалоого катышкан заманыбыздын эң көрүнүктүү архитектору Лаура Перетти айым да форумдун катышуучусу болмокчу.

КЫРГЫЗ РЕНЕССАНСЫНЫН АЛТЫН КӨПҮРӨСҮ: ЫСЫК-КӨЛ ФОРУМУ УЛУУ ОЙЧУЛДАРДЫ КАЙРАДАН БИРИКТИРЕТ Кинематография тармагынан болсо, кыргыздын залкар актерлору Сүймөнкул Чокморов, Болот Бейшеналиев тартылган жана “эң мыкты eastern” катары таанылган даңктуу “Жетинчи ок” тасмасынын режиссеру Али Хамраев сыйлуу коноктордун катарын толуктайт.КЫРГЫЗ РЕНЕССАНСЫНЫН АЛТЫН КӨПҮРӨСҮ: ЫСЫК-КӨЛ ФОРУМУ УЛУУ ОЙЧУЛДАРДЫ КАЙРАДАН БИРИКТИРЕТ

Адамзат цивилизациясынын келечеги тууралуу талкууга катышуу үчүн Орусиянын Көркөм өнөр академиясынын президенти, дүйнөлүк атактуу скульптор Зураб Церетелинин

КЫРГЫЗ РЕНЕССАНСЫНЫН АЛТЫН КӨПҮРӨСҮ: ЫСЫК-КӨЛ ФОРУМУ УЛУУ ОЙЧУЛДАРДЫ КАЙРАДАН БИРИКТИРЕТ небереси Василий Зурабович Церетели да аттанды.

КЫРГЫЗ РЕНЕССАНСЫНЫН АЛТЫН КӨПҮРӨСҮ: ЫСЫК-КӨЛ ФОРУМУ УЛУУ ОЙЧУЛДАРДЫ КАЙРАДАН БИРИКТИРЕТ

Мындай улуу инсандардын башын бириктирген Ысык-Көл форуму — ата мекендик журналисттер, өзгөчө калем кармап жаңыдан такшалып келе жаткан жаш кабарчылар менен келечектеги педагогдор үчүн табылгыс чоң мектеп, зор мүмкүнчүлүк. Дүйнө жүзү суктана турган, тарых барактарында кала турган жана элибизди жаңы дем-күч менен шыктандыра турган маектерди алып калуу — бүгүнкү күндүн башкы чакырыгы. Кыргыз ренессансынын өчпөс отун тутанткан бул форум улуу Айтматовдун осуятын улантып, маданияттар аралык диалогдун туусу катары өз миссиясын ишенимдүү түрдө кайрадан баштап жатат.

Бурулкан КЕНЖЕБЕКОВА «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер