КЫРГЫЗ ПЕДАГОГИКАСЫНЫН ТИРҮҮ ЛЕГЕНДАСЫ

  • 03.02.2022
  • 0

Легендарлуу педагог Бектур Исаков жаңырган жылы сексен жашка толду. Агайдын урматына 4-февралда Талас шаарында мугалимдердин курултайы өткөнү жатат.

Кубат Чекиров, “Кут Билим” гезитинин баш редактору

КЫРГЫЗ ПЕДАГОГИКАСЫНЫН ТИРҮҮ ЛЕГЕНДАСЫБектур агайды  азыркы замандагы эң чебер, даанышман, уникалдуу, кайталангыс жүзү жана жолу бар педагог, жогорку урмат-сый менен кастарлоого бардык жагынан татыктуу ишмер деп билем. Агай каруусун казык, акылын азык кылып, улуттун билим казынасын байытууга, интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө зор салым кошту. “Манас таануу”, кыргыз тили жана адабиятын окутуу, улуттук педагогиканын актуалдуу маселелери боюнча кырктан ашык китеп, 250дөн ашуун илимий-усулдук макалаларды жазып, опол тоодой эмгек өтөдү. Кыргыз тили менен адабиятын окутуунун, “Манас таануунун” теориялык жана усулдук базасын өнүктүрдү, жаңы деңгээлге чыгарды.

Мен Бектур агайды кыргыз мугалимдеринин ичинен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку наамына биринчи кезекте татыктуу инсан катары колдоого алып, кол жеткен, үн жеткен жердин баарында айтып келатам. Агартуу коомчулугу жапырт демилге көтөрүп, агайды баатыр наамына көрсөткөнүнө көп жыл болду, бирок бийлик төрүндө отурган жетекчилер кандайдыр бир себептер менен ошончо жылдан бери коомчулуктун талабына тийиштүү деңгээлде көңүл бурбай келатат.

Кыргызстан эгемендиктин отуз жылынын ичинде баатыр наамын мамлекеттик жана коомдук ишмерлерге, маданияттын чыгаан ишмерлерине, атактуу хирургдарга ыйгарды. Бирок эң улуу кесиптин ээлеринин ичинен ушул жогорку наамды бир да адамга ыраа көрбөй келатканы бийликтин бетине чиркөө боло турган уят иш.

Президенттин алдындагы мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия маселени калыс карап, мына ушул сексен жашка келип, кыргыз журтунун Бакайы болуп, бүтүн эл-журт кадырлап-сыйлап турган Бектур агайга баатыр наамын ыйгарса, бул жалпы агартуу журтуна болгон зор урмат-сый, улуттук нарк-дөөлөттүн нукура салтанаты, чыныгы адилеттик чечим болмок.

Советбек Байгазиев,
Кыргыз эл жазуучусу, филология илимдеринин доктору, профессор

КЫРГЫЗ ПЕДАГОГИКАСЫНЫН ТИРҮҮ ЛЕГЕНДАСЫБектур Исаков кыргыз педагогикасынын тирүү легендасы. Ал чыныгы новатор мугалим. Б.Исаков республикада биринчилерден болуп тилди окутууну коммуникативдик багытка буруп, реалдуу натыйжа алууга иштеген педагог. Анын колунан окуп чыккан балдар сөзгө чечен, сүйлөсө “таңдайынан чаң чыккан”, элдик тилдин байлыгын өздөштүргөн, сабаттуу жаза билген, рухий маданияты бай, мекенибиздин аң-сезимдүү патриот уулдары. Бектур Исаковдун педагогикасынын реалдуу натыйжасы ушундай. Анын педагогикасына формализм жат. Ал жүрөгү менен жалындап күйүп иштеген педагог. Ал бүгүнкү күндүн педагогикалык Даңкосу. Анын жалындап күйгөн жүрөгүнүн нурлары далайлаган жаш адамдардын тагдыр жолдорун жарык кылган.

Анын дидактикасы менен методикасы окуу тарбия процессинин жандуу практикасынын ичинен сузулуп алынган кайталангыс дөөлөт, өзүнчө оригиналдуу искусство. Б. Исаков дүйнөлүк педагогикалык теорияны өзүнүн көп жылдык мугалимдик практикасына салып текшерип, ал теорияны өз тажрыйбасынан алынган идеялар менен бекемдеп, байытып пайдаланат. Ал теория менен практиканы айкалыштырган, тажрыйбадан чыккан терең педагогикалык, методикалык ишенимдерге эгедер инсан. Ал окутуп жаткан балдарынын окуу-тарбия процессиндеги жүрүм-турумун, абал-жагдайларын педагогикалык “телескоп” менен да, “микроскоп” менен да үңүлө карап, андан идея, теория чыгарат, ага таянып уникалдуу усулдук жана таалим-тарбия идеяларына сугарылган китептерди жазат.

Бектур Исаков кыргыз тили жана адабиятын окутууну жаңы деңгээлге көтөрдү жана бул эки предметтин инсанга багытталган жаңы усулдук технологиясын түздү. Анын кыргыз тили жана адабияты боюнча оригиналдуу жазылган окуу программаларын, окуу китептерин, усулдук колдонмолорун “Улуу Манас” боюнча жараткан китептерин, таалим-тарбиянын нугундагы эмгектерин чогултуп, системага салып чыгарса, алар өзүнчө 19 том болор эле. Мындай кучак жеткис байлыкты жараткан адам элдин зор урмат-сыйына сөзсүз татыктуу.

Кален Сыдыкова,
жазуучу, публицист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер

КЫРГЫЗ ПЕДАГОГИКАСЫНЫН ТИРҮҮ ЛЕГЕНДАСЫ

“Билим оошот, ырыс жугушат”. 1989-жылы Кыргызстандын Билим берүү министрлигинин усулкана борбору “Исаковдун алдыңкы тажрыйба мектебин” уюштуруп, андан республиканын ар кайсы жеринен келген мугалимдер педагогикалык устаттыкты үйрөнүп кетишчү. Мыкты педагогдор мамлекеттин баа жеткис асыл байлыгы, түркүгү деп эсептейм. Анткени, балдарга терең билим берүүгө чын ыкласынан умтулган мээнеткеч, дили таза, жан дүйнөсү айкөл, адеби үлгүлүү, жөнөкөй калбаат педагог, оор басырыктуу мүнөзү бар устат мугалим
Бектур аганын зор эмгеги анын баатырдыкка татыктуу экенин көрсөттү. Татыктуу экенинде шек жок. Эмгек калыс, убагында бааланууга тийиш. Эл мугалими өзүнүн бай тажрыйбасында беш заманбап китеби менен окуучулардын жан дүйнөсүнө, тил жана адабият аркылуу алардын коом, адам жана дүйнө таануусуна сүңгүп кирип, алардын эр азамат жаран болуп калыптанышына эмгек сиңирген мугалим. Үч окуу программасы, төрт усулдук колдонмосу аркылуу мугалимдердин алдында из калтырган натыйжа менен иштешине өзүнчө жол ачкан педагог.

Анын “Кыргыз тилин орто мектептин 5-11-класстарында натыйжалуу окутуу боюнча усулдук колдонмо” деген эмгеги 40 жыл бою сапаттуу, натыйжалуу окутуу боюнча тынбай күрөшкөн, талбай изденген, ондогон жылдар бою мектеп сыноосунан өткөн эмгегинин жемиши.

Жээнбүбү Тукендерова, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер

КЫРГЫЗ ПЕДАГОГИКАСЫНЫН ТИРҮҮ ЛЕГЕНДАСЫ

1973-1974-жылдары мен Талас районундагы Арал орто мектебинде 8-класстын окуучусу элем. Кыргыз тили жана адабиятын бизге Бектур Исаков окутуп калды. Капкара костюм шым, аппак көйнөк, галстук тагынган узун бойлуу агайдын биздин класска кирип, биринчи өткөн сабагы азыркыга чейин көз алдымда. Агайдын сабагында чымындын гана үнү угулуп турар эле. Бир жолку сабакта ак аюу тууралуу ыр түрүндө дил баян жазып келгиле деп тапшырма берип калды. Ошондо мен да ыр жазганга шыктанып, биринчи жолу “Токойдон чыкты ак аюу, топураган балдарга…” деген сыяктуу саптарды жазып барганым эсимде. Агайдын арты менен баарыбыз чыгармачылыкка кызыгып, акын болуп кете жаздаганбыз. Ал ар бир баланын тилин таап, тез эле сабакка кызыктырып алчу өзгөчө касиети бар эле. Эми ойлосом, агайым тубаса педагог катары ар бирибизге аяр мамиле жасап, шык-жөндөмүбүзгө жараша багыт берип, демилгелеп турчу экен. Агайдан алган ошол таалим-тарбиянын аркасында канчалаган балдар мугалимдик кесипти тандап, агартуу тармагынын алдыңкысы болду. Убагында мен дагы агайдын таасири менен Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде билим алдым. Мугалимдик кесиптин артынан түшпөсөм да, агартуу тармагында эмгектенип келе жатам.

Бөлүшүү

Комментарийлер