КЕСИПКӨЙ ЖУРНАЛИСТИКА — КООМДУН ИММУНИТЕТИ

  • 07.04.2026
  • 0

 

КЕСИПКӨЙ ЖУРНАЛИСТИКА -  КООМДУН ИММУНИТЕТИ

 

Чекиров Кубатбек

«Кут Билим» медиа борборунун директору

(Чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын биринчи форумунда сүйлөнгөн сөз.

Бишкек, 2-апрель 2026-ж.)

 

 

Бул эгемендик доордо чыгармачыл чөйрө менен илимий интеллигенцияны бир жерге чогултуп аткан биринчи форум. Бул эгемен өлкөбүздүн өнүгүүсүндөгү стратегиялык багыттардын бири болгон идеологиялык-руханий өнүгүү жолубузду тактоо, заманга ылайык жаңыланууга бет алуу, «биз кимбиз, кайда баратабыз?» деген суроолорго жооп издөө аянтчасы деп түшүнөм.

Аналитикалык акыл-эстин өзөгү болгон илимий интеллигенция менен рухий-эстетикалык уютку болгон чыгармачыл союздардын башын бириктирүү — коомдун өнүгүүсүнө интеллектуалдык дем, стратегиялык багыт берген окуя катары олуттуу мааниге ээ.

Президентибиз баштаган “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу,  мамлекеттик катчыбыз көтөрүп жаткан “Кыргыз ренессансы: жаңы толкун” урааны менен чыгармачыл күчтөрдүн ой-багыты, баалуулуктары, мүдөө-максаты бир деп эсептейм.

Чыгармачыл союздардын ишин жандандырып, жаш таланттарды колдоо, аларга жол ачуу механизмдерин иштеп чыгуу күн тартибиндеги маанилүү милдеттер. Бул жерде эски муундун тажрыйбасы менен жаштардын инновациялык көз карашы кагылышпай, тескерисинче, бири-бирин толукташы керек.

Элдин күтүүсү абдан чоң, анткени коом азыркы маалыматтык кыйсыпыр шамалдай сапырылган доорудо кубаттуу улуттук рухий таянычка муктаж: Жөн гана кооз сөздөрдү эмес, билим берүү, тил саясаты, маданият жана илимди өнүктүрүү боюнча реалдуу кадамдарды,  интеллигенциядан азыркы коррупция, деградация, маңкуртчулук көйгөйлөрүнө каршы ачык жана кескин позицияны күтөт.

Салттуу кыргыз баалуулуктары менен глобалдашкан дүйнөнүн технология, демократия, экологиялык аң-сезим факторлорунун айкалышында туура багытты көрсөтүү күн тартибиндеги эң орчундуу маселе болуп турат.

Бул форум — Кыргызстандын интеллектуалдык ревизиясынин да милдетин аткарышы керек. Колубузда кандай потенциал бар, алар кандай иштеп жатат, ролу жана пайдасы, салымы кандай, кандай кемчилик бар, кандай аракет жетишпейт, мына ушул суроолорго да бүгүн айрым бир деңгээлде жооп алып жатабыз..

Мен жаратмандык ал-күчүбүздү алсыратып жаткан эки коркунучка токтоло кетейин. Булар социалдык медиа жана жасалма интеллект. Социалдык медианын алгоритмдери аны канчалык көп караган адамды ошончолук кем акыл кылып, байлап ала турганын дүйнөлүк изилдөөлөр көрсөтүүдө. Биз адамдардын жаратмандык шык-жөндөмү жапырт начарлап, машиналардын жакшырып улам акылдуу болуп жатканына күбө болуудабыз.

Ал эми жасалма интеллектини иштеткендин көзүн билбей, аны башына чыгарып алгандардын бара жери маңкуртизм экени бештен белгилүү болуп калды. Мындай шартта биз өзүбүз башкара алган маалымат каналдарынын, өзүбүздүн өзөктөгү нарк-дөөлөттү тутунган кесипкөй маалымат каражаттарынын мааниси артууда.

Ушул жерден атактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун журналисттердин ролу жөнүндө айткан сөзүнө токтоло кетейин.

Залкардын эң соңку «Тоолор кулаганда романында башкы каарманы журналист экени көпчүлүккө маалым. Бул дагы жөн жеринен эмес. 2006-жылы «КП» гезитине берген маегинде атактуу жазуучу бул тууралуу мындай деген эле.

«Журналист — бул, албетте,  доордун башкы фигурасы. Азыр коомдо журналист катышпаган бир дагы окуяны элестетүү мүмкүн эмес. Бул — дүйнөлүк масштабдагы фигура, керек болсо, биздин замандын баатырлары».

Мен бул сөздү журналисттерди көтөрө чалып мактоо үчүн келтирип аткан жокмун. Кеп журналистиканын азыркы доордогу ролу жана анын аткарган ишинин мааниси жөнүндө. Чындык үчүн, акыйкаттык үчүн башын сайып, өмүрүн тобокелге салып алдыңкы чекте жүргөн журналисттер жөнүндө сөз.

Бирок биз чындыкты айтуу кооптуу болгон айрым бир учурлар жөнүндө бүгүн айтпай кете албайбыз. Экстремист атыгып же тополоңго тукурду деген айыпка калып, темир торга салынган журналисттер жөнүндө айта кетүүнүн удулу келип турат.

Пушкин ырында айткандай, караңгы түн абалап иттер үрөт, карма-карма ууруну деп ууру жүрөт дегендей, соңку окуялар убагында журналист Болот Темировдун иликтөөлөрү чындык болгонун кашкайта далилдеп жатат.

Соңку убакта чуулгандуу, күмөндүү соттук иштер кайра каралып, журналисттер, жарандык активисттер камактан чыгып жатканына күбө болуудабыз. Президентибиздин Нарындагы сапарында адилеттик, калыстык жөнүндө укук коргоо кызматкерлерине карата айткан сөзү– көп үмүт туудурган мессеч. Адилетсиз, аша чапкан сот чечимдери кайра каралат деген билдирүүнүн өзү жакшы жышаан.

Чындыкты айткан журналисттерден эмес, коррупция менен күрөшкө жамынган ээнбаштар коркунучтуу. Ооруну жашырсан өлүм ашкере дегендей, чындык айтылган жерде гана туура чечим болот. Чындыкты айткан медиага коом ишенет. Ишеним болсо туруктуулуктун негизи. Кесипкөй журналистика — кыянаттыктын, коррупциянын алдын алуунун, ага каршы күрөштүн эң натыйжалуу жолдорунун бири. Сын, ачыктык жана талкуу болмоюнча өнүгүү болбойт.

Чындыкты айткан журналист — коркунуч эмес, коомдун иммунитети.

Калыстык, адилеттик журналисттерсиз, алардын ар тараптуу иликтеген аналитикасыз ким, качан болбосун, кай жерде болбосун кыянаттыктын жана зөөкүрлүктүн жеми, курмандыгы болот.

«Бирок, албетте, жалпыга маалымдоо каражаттарында ички ресурс бар, ансыз алдыга прогресс мүмкүн эмес, -дейт Чынгыз Айтматов. — Мен айтайын дегеним — сөз эркиндигине, коомдун сапаттуу менталдык абалына жогорку деңгээлде жетишүү, өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй абалга дароо эле жетүү мүмкүн эмес. Демократия жана сөз эркиндиги, аларды классикалык түшүнүктө карасак, — бул үзгүлтүксүз өнүгүүнүн жыйынтыгы. Бул —цивилизациялуу коомчулуктун ички жетилгендигинин көрүнүшү, ал ондогон, атүгүл жүздөгөн жылдардын ичинде ишке ашат».

Атактуу жазуучубуз айткандай, биздин азыркы журналистика, анын бүгүнкү орду, сапаты, жүрүмү, багыты, баалуулуктары, принциптери кыргыз коомунун өзүнүн цивилизациялык деңгээли менен кошо бир бүтүндүктө каралыш керек.

Ушул көз караштан алып караганда, азыр дүйнөдө технологиялык өзгөрүүлөр масштабдуу тез жүрүп жаткан заманда журналистиканын дагы орду, кызматы, таасири да олуттуу өзгөрүүдө.

Мурда журналистика маалымат таратууда жалгыз монополист болчу. Бүгүн болсо санарип медиа платформалардын бир бурчунда, анын бир бөлүгү гана болуп калды.

Мурда күн тартибин башкы редактор аныктачу. Бүгүн аны социалдык тармактардын алгоритмдери жана колдонуучулар жана алардын контенти аныктайт.

Эски парадигма: «Биз сүйлөйбүз, көрсөтөбүз — силер угасыңар, көрөсүңөр» болсо, жаңы парадигма боюнча: журналистика — бул диалог жана сервис. Биз эми «жогору жактан» сүйлөбөйбүз, биз санарип мейкиндиктин ичинде, бир бурчунда өз жолун издеп, бир бурчтан үн салып, өз окурманы үчүн күрөшүп жаткан командалык субъект.

Заманбап журналисттин милдети — маалымат океанынан эң маанилүүсүн тандап берүү. Данды саман-топонунан тазалап берген мээнет иш. Жөн гана «эмне болду?» деген маалымат жетишсиз. Негизги баалуулук — «Эмне үчүн болду?» жана «Бул биз үчүн эмнени билдирет?» деген суроолорго жооп берүү.

Күн сайын контент түзүүнүн жана жайылтуунун ыкмалары абдан амалкөй, чебер болуп адамдар чыныгы маалыматты жалган же манипулятивдүү маалыматтан ажыратып билиши барган сайын татаалдашып бараткан шартта кесипкөй журналистиканын ролу жана мааниси ого бетер орчундуу мааниге ээ болууда.

Дипфейктер жана фейк жаңылыктар жабалактап каптаган доордогу биринчи болуу эмес, чындыкты жеткирүү башкы озуйпа, социалдык жоопкерчиликтин, коомдук керектөөнүн негизги критерийи болуп калды. Текшерилген маалымат, фактыга таянган маалымат — окурман төлөөгө даяр болгон негизги продукт.

Жасалма интеллект текст жаза алган доордо адамдык баалуулуктарды жана этикалык стандарттарды сактоо дагы өзгөчө мааниге ээ болууда.

Технологиялар өзгөрөт экен, бирок коомдун объективдүү чындыкка болгон муктаждыгы өзгөрбөйт тура. Келечек — технологиялык ийкемдүүлүк менен бекем этикалык принциптерди айкалыштырган коомдо экени күмөнсүз чындык болуп калды.

Массачетс технологиялык институту жүргүзгөн изилдөө социалдык медиада дезинформация чындык маалыматка караганда алты эсе ыкчам жүгүрөрүн жана жайыларын көрсөттү.

Азыркы санарип доордо жалган маалыматтын тез тарап жатышы социалдык биримдикке жана коомдук коопсуздукка, саламаттыкка, ошондой эле биздин жаркын келечек куруу аракетибизге чоң коркунуч жаратууда. Дезинформация реалдуулукту бурмалап, бөлүп-жарууда жана ишенимди  жок кылууда. Ага кошул ташыл, социалдык медиада адамды басмырлаган кастык тилинин ээнбаштыгы чектен ашты.

Бул көйгөйгө каршы күрөшүү стратегиясына келсек, мамлекетте мындай зыяндуу контентке бөгөт коюу, жазалоо, жоопко тартуу дегенден ары кетпей жатканыбыз да ачуу чындык. Керек болсо ушул күрөшкө жамынып алып, чылпагын алам деп көзүн кошо чыгарып алып жаткан аша чапкан көрүнүштөр болуп жатат дүйнөдө. Биздин өлкөдө мындай коркунучка каршы туруунун, күрөшүүнүн алгылыктуу жолдорун ЮНЕСКО сунуш кылууда.

ЮНЕСКонун UNESCO «Social Media 4 Peace» глобалдык долбоорун алкагында жакында  Кыргызстанда контентти жана эркин пикир айтууну модерациялоо боюнча коалиция түзүлгөнүн канааттануу менен билдирем жана ушул коалициянын айланасына сөз эркиндигин баалаган чыгармачыл жамааттарын баарын чакырып кетмекчимин. Бул коалицияга тогуз бейөкмөт уюм жана маалымат каражаты кирди. Максат – социалдык медиада зыяндуу контентке, экстремизмге, кастык тилине каршы туруу, соз эркиндигин коргоо жана этикалык стандарттарды жолго коюу.

Биз камап, матап жазалоодон биринчи анын алдын алуу жаатында иш-аракетти күчөтүүбүз керек. Социалдык онлайн платформаларды коопсуз башкаруунун көзүн таап, коомдун бардык катмары мамлекеттик органдар менен бирге интернетти коопсуз колдонуунун эрежелерин чогуу иштеп чыгып, анын аткарылышын чогуу колго алганыбыз туура болот.  Биз ошондо сөз эркиндигине, маданият аралык\дин аралык диалогго, тынчтыкка көмөктөш боло алабыз.

Жоопкерчиликтүү журналистика, инновациялык, креативдүү чыгармачылык бирин-бирине ширелген шартта гана коомдо жаратман маданий чөйрө жана күчтүү жарандык позиция калыптанат. Улуттук баалуулуктарды сактап, «жаңы толкундун» энергиясына дем берип, жоопкерчиликтүү журналистикага таянуу менен гана улуттук кайра жаралуу жолундагы өнүгүүгө жолубуз ачылат.

Бөлүшүү

Комментарийлер