КЕСИПКӨЙ МУГАЛИМ – ЖАҢЫЛАНГАН МЕКТЕПТИН ЖҮЗҮ

  • 24.07.2024
  • 0

«Мугалим окуп турса гана мугалим» деген учкул сөз билим берүүнү трансформациялоо, 12 жылдык мектепке багыт алуу учурунда өзгөчө мааниге ээ болуп отурат. PISA боюнча окуу иштерине бир жарым жыл катышкан карасуулук мектеп директору Зебиниса Кочкорова — бүгүн өзү мугалимдердин тренери. Агартууда 1-жарым жылдыкта  аткарылган иштердин арасында мындай өрнөктүү окуялар аз эмес экени албетте, биздин баарыбызды кубандырат.

КЕСИПКӨЙ МУГАЛИМ – ЖАҢЫЛАНГАН МЕКТЕПТИН ЖҮЗҮ

Мугалимдердин кесипкөйлүгү — башкы маселе

Кандай жаңылануу, кандай реформа болбосун, мектепте билим бергендердин аң-сезими жаңыланбаса, агартуучулук жооптуу ишке,  окуучуга, ата-энеге, күнүмдүк сабагына болгон мамилеси өзгөрбөсө, анын натыйжасы, кайтарымы коомчулук күткөндөй болбойт. Азыркы билим берүү ишин трансформациялоо аракеттеринде да, «Алтын казык» программасынын алкагында алдыдагы 12 жылдык мектепке өтүүдө да, мугалимдин орду бөтөнчө экени министрликтин 1-жарым жылдыкта аткарган иштеринин отчетунда баса белгиленди. Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчиси 2024-жылдын 4-июлундагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында 12 жылдык окуу мөөнөтүн мектептик билим берүү тутумуна этап-этабы менен киргизүү боюнча иш-аракеттер Планы жана Концепциясы жактырылганын кубануу менен кабарлап, алдыдагы милдеттерди ишке ашырууда мектеп мугалимдеринин кесипкөйлүгүнө көп нерсе көз каранды экендигин жашырган жок.
Министрдин сөзүнө караганда 2023-2024-окуу жылынын аягына карата мугалимдердин жетишсиздиги 780 адамды түздү.

 — Педагогдорду колдоо жана шыктандыруу максатында педагогикалык кадрлардын Улуттук порталы (мугалимдердин Реестри[1]) иштелип чыкты. Өлкөнүн бардык педагогдорунун портфолиосу ушул маалыматтык системада болот, бул мугалимдердин жетишсиздиги багыттары (бош орундар), мугалимдерди аттестациялоо, бала бакчалардагы жана мектептердеги сынактар боюнча кырдаалды координациялоого мүмкүндүк берет, — деди министр.

Министрликтин 1-жарым жылдыктагы отчётунда педагогдордун квалификациясын жогорулатуунун жаңы форматы — командалык окутуу киргизилгени, мунун аркасында 460 мектептин жамааттары (мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 20% жакыны) 2023-2024-окуу жылында «Окуучулардын функционалдык сабаттуулугун калыптандыруу жана баалоо» электрондук курсунун программасы боюнча командалык метод менен окутууну башташканы,  командалык окуудан жалпысынан өлкө боюнча 12 миң мугалим өткөнү маалымдалды.

Өлкөдө мугалимдердин кесиптик билимин жогорулатууга да жетиштүү көңүл бурулуп жатыптыр. Бул тууралуу министрдин докладында да айтылды.

— 2024-жылдын 1-жарым жылдыгында билим берүү тутумунун 90 миң кызматкери (анын ичинде райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери, завучтар жана мектеп мугалимдери, усулчулар, бала бакчалардын тарбиячылары) PISA-2025 катышуу, медиа сабаттуулук, өнүктүрүү боюнча квалификацияны жогорулатуу, “жашыл көндүмдөр, санариптик сабаттуулук, чет тилдерди окутуунун коммуникативдик ыкмалары, инновациялык педагогикалык технологиялар, STEM билим берүү курстарынан өтүштү, — деди министр.

Мындан тышкары, республика боюнча 60 мектепте «Билим берүү практикасын байкоо» инструментин колдонуу менен «Менин устатым» квалификациясын жогорулатуу программасын пилоттук түрдө өткөрүү башталып, бул байкоо мугалимдерди үзгүлтүксүз колдоо үчүн реалдуу убакыт/видео сабак режиминде жүргүзүлөрү белгиленди.

КЕСИПКӨЙ МУГАЛИМ – ЖАҢЫЛАНГАН МЕКТЕПТИН ЖҮЗҮ

Ыктыярдуу аттестация — мезгил талабы

Мугалимдин ишин баалоонун эң ийкемдүү жана таасирдүү формасы — бул аттестация. Учурда аттестациянын эки түрү белгилүү:
совет доорунан бери сакталып келе жаткан беш жылда бир жолудан кем эмес өтүп туруучу кезектеги аттестация жана учур талабынан келип чыккан ыктыярдуу мөөнөтүнө чейин аттестациядан өтүү максатындагы кезексиз аттестация. Акыркы жоболорго ылайык мугалимдер мурдагы аттестациядан эки жылдан кем эмес убакыт өткөндөн кийин жеке арыздын негизинде кезексиз аттестациядан өтүү укугуна ээ болушат. Чындыгында эле, мугалим өз ишин баалоону мурдагыдай беш жыл күтпөстөн, эки жылдан кийин билим берүү уюмдарынын жетекчилигине «экинчи категориядагы мугалим»; «биринчи категориядагы мугалим»;
«жогорку категориядагы мугалим» категорияларын алуу үчүн арыз жазып, кайрылса болот.
Ошентип, өлкөбүздө мугалимдерди аттестациялоонун жаңыланган системасы иштей баштады. Азырынча мугалимдерди ыктыярдуу аттестациядан өткөрүүгө 650 адам кайрылган. Аттестациялоодо мугалимдер квалификациясынын үч категориясы боюнча жогорку жана биринчи,экинчи категориялары менен жогорку упай алса, билимди баалоо сертификаттары берилип, айлык акыларына да кошумча акы кошулат.

PISA сынагына даярдык тыкыр жүрүүдө

КЕСИПКӨЙ МУГАЛИМ – ЖАҢЫЛАНГАН МЕКТЕПТИН ЖҮЗҮ

Өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу мугалимдер үчүн ноутбук сатып алууга 670 млн. сом бөлүнгөнү министрликтин 1-жарым жылдыктагы отчетунда айтылып, биринчи этапта алар STEM предметтеринин мугалимдери үчүн, андан кийин бардык мектеп мугалимдери үчүн сатылып алынары белгиленди.
Бул ноутбуктар, эң биринчиден,  PISA-2025 изилдөөсүнө даярдык көрүп жаткан мектептерге берилери шексиз. Өлкөбүздүн мектептеринде даярдык иштери кандай жүрүп жатканын Жалал -Абад облусунун Базар-Коргон, Ош облусунун Алай, Чоң-Алай, Араван, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Өзгөн райондорунда, Нарын облусунун Ак-Талаа, Ат-Башы районунда аткарылган иштерден көрүүгө болот. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунан PISA-2025 иликтөөсүнө карата пилоттук долбоорго кыргыз тилдүү №8 Ж.Сулайманкулов,  орус тилдүү  №11 М.Алыкулов, окутуу кыргыз-орус тилинде жүргүзүлгөн №30 Ө.Атабекова атындагы орто мектептер тартылган. Райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Бактыкан Айдарованын айтуусунда, пилотко кошулгандардан тышкары бул маанилүү өнөктүккө калган билим берүү мекемелеринин баары активдүү катышып жатат.

— Район аймагындагы билим берүү мекемелеринин баары окутуу кайсыл тилде жүргүзүлгөнүнө карабастан тил, адабият, математика, табият таануу предметинен мугалимдер менен толук камсыз болгон.  SТЕМ  жана  педогогикалык инновацияларды киргизүү боюнча курстар өтүлдү.  6 мектепте STEMге байланышкан семинарлар уюштурулуп, агай-эжейлер толук катышып, тажрыйба алмашты. “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында 39 мектепке  компьютерлер берилди, — дейт райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Бактыкан Айдарова.

Долбоор аркылуу берилген компьютерлер химия, физика, география, биология, математика, кыргыз тили кабинеттерине орнотулуп, РISA тесттерин тапшыруу максатында аталган кабинеттерде кошумча даярдануу иштери жүрүп жатыптыр. Буга байланыштуу райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси төмөнкүлөрдү кошумчалады:

— Жалпы  билим берүү мекемелеринин мугалимдери жана бул ишке жооптуулар РISA га даярдык көрүүдө керектүү электрондук ресурстардан маалымат алууну жакшы билишет. Райондук  билим берүү бөлүмүнөн  да 6 тренер, 2 методист  РISA тесттери менен иштөө жолдорун түшүндүрүп, алынган тесттерге анализ жүргүзүп, кошумча маалымат берүүдө.

Өлкөбүздүн ири аймактарынын бири Ош облусунун айрым райондорунда  PISA иликтөөсүнө байланышкан предметтерден адистер жетишпейт. Мисалы,  Алай, Араван, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Өзгөн райондорунда бирден же экиден математика, физика, география, химия, информатика мугалимдери жетишпесе, Чоң-Алай району эки химия мугалимине муктаж болуп турат. Ошентсе да облуста  STEM жана  педогогикалык иновацияларды окуу процессине киргизүү багытында бир топ иштер аткарылып жатыптыр.

— Ош, Өзгөн шаарында, Алай, Араван, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай  райондорунда STEM  жана  педогогикалык иновацияларды киргизүү боюнча  курстар өтүлдү.  “Келечек үчүн билим берүү” долбоору аркылуу  Алайда 30, Араванда 29, Кара-Сууда 74, Кара-Кулжада 32,  Ноокатта 64, Өзгөндө 55, Чоң-Алайда 10, Ош шаарында 31, Өзгөн шаарында 5 мектеп компьютер менен камсыздалды, – деди Ош облустук билим берүү институтунан  Тынчтыкбек Досмуратов.

 Ош облустук билим берүү институтунун кабинет башчысынын айтымында, аймактагы билим берүү уюмдарынын баарында STEM багытына ылайык химия, физика, география, биология, математика, кыргыз тили кабинеттерине проекторлор жана компьютерлер орнотулуп, кошумча даярдануу иштери жүрүүдө. Билим берүү мекемелеринин дээрлик баары “Кыргыз Телеком” аркылуу интернетке кошулган.

— Жалпы  билим берүү мекемелеринин мугалимдери жана жооптуулар алдыдагы эл аралык иликтөөгө байланыштуу электрондук ресурстар менен иштөөнү жакшы билишет жана окуучулар менен практика жүзүндө иш алып барышууда, -дейт облустук билим берүү институтунун бөлүм башчысы.

 Нарында да аракет күч экенин бизге облустук усулдук билим берүү борборунун кабинет башчысы Гүлмира Таранчиева айтып берди. Бийик тоолуу аймактан  пилотко Ат-Башыдан Н.Үсөналиев, Жумгалдан Султан уулу Турусбек, Нарын районунан Асанбек Таабалдиев, Нарын шаарынан №2 В.П.Чкалов жана №8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы билим берүү мекемелери катышып жатыптыр.

 — Облустун аймагында даярдык иштери жакшы жүрүп жатат. Мисалы Ак-Талаа районунда  жалпысынан 80 мугалим, Ат-Башыда  «Инновациялык педагогикалык технологиялар жана Stem билим берүүнүн негиздери» курсуна табигый илимдер предметтеринен 165, башталгыч класстардан 43 педагог курстан өтүштү, Жумгалда жалпы 24 мектепте ушундай эле мазмундагы курстар уюштурулду.  Кочкордо “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында 49 педагог билим алды. Нарын районунда Stem багытындагы курстардан жалпы 278 мугалим өттү, — деп билдирди облустук усулдук билим берүү борборунун кабинет башчысы.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер