КАРАТАЙ САРТБАЕВ И. АРАБАЕВДИН ПЕДАГОГИКАЛЫК МУРАСЫН УЛАНТКАН ИНСАН

  • 17.05.2021
  • 0

Көрүнүктүү окумуштуу, профессор Каратай Сартбаевге 90 жыл

Венера Мусаева,
И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика факультетинин башталгыч мектепте кыргыз жана орус тилдерин окутуунун технологиясы кафедрасынын профессору, педагогика илимдеринин доктору

КАРАТАЙ САРТБАЕВ  И. АРАБАЕВДИН ПЕДАГОГИКАЛЫК МУРАСЫН УЛАНТКАН ИНСАН

Көрүнүктүү окумуштуу Каратай Сартбаев 1988-жылдан 2014-жылга чейин, тактап айтканда, өмүрүнүн акыркы учуруна чейин И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине бүт өмүрүн, эмгегин арнап, талыкпастан эмгектенип келген. Биз профессор Каратай Сартбаевдин 84 жылдык жашоосунун 64 жылын бүтүндөй түрдө элге билим берүү тармагына, башталгыч класстар үчүн “Алиппе”, “Эне тили”, “Кыргыз тили” окуу китептерин жана башка да окуу-методикалык комплектилерди жаратууга арнаган.

Өзүнүн 28 жылдык өмүрүн башталгыч мектептердин проблемаларына арнап келген болсо, 1988-жылы эми ошол башталгыч класстарга болочок мугалимдерди даярдаган окуу жайга, атап айтканда, В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер институтуна атайын сынактын жыйынтыгында Гуманитардык билимдер кафедрасынын башчысы катары кызматка алынат.

 

КАРАТАЙ САРТБАЕВ  И. АРАБАЕВДИН ПЕДАГОГИКАЛЫК МУРАСЫН УЛАНТКАН ИНСАН

Профессор Каратай Сартбаев бул окуу жайында 26 жыл бою педагогикалык өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин талыкпастан кумурскадай мээнеттенип, ондогон башталгыч класстардын болочок мугалимдерин, адистерди даярдап, окутуп, тарбиялайт. Ушул 1988-жылдан 2014-жылдарга чейин К.Сартбаев буга чейинки илимий-методикалык иштерин андан ары илимий-педагогикалык багытка буруп, улантат. Башталгыч билим берүүнүн проблемаларына арналган бир катар эмгектерин жарыкка чыгарып, жайылтат.

Профессор Каратай Сартбаевдин башталгыч класстарда эне тилинен билим берүү боюнча жогорку окуу жайларда адистерди даярдоодо, алардын билимин өркүндөтүүдө, окуу-методикалык комплекстерди даярдоодо, окуу куралдарын иштеп чыгууда, студенттердин педагогикалык практикаларын уюштурууда сиңирген эмгектери жана бул багытта калтырган илимий-педагогикалык мурастары өзүнчө бир системалуу илимий изилдөөлөрдү талап кылаары шексиз. Илим күнүнө карата 2013-жылдын 5-ноябрында
Каратай Сартбаевдин илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнө арналган “Профессор К.Сартбаев – чыныгы элдик мугалим” аттуу илимий-практикалык конференциясына карата “Профессор К.Сартбаев. Тандалган эмгектер” аттуу 172 басма табакты түзгөн он томдук эмгек даярдалган (Түзүүчү п.и.д.Акунова А.Р.)

Бул жыйнакка элибизге таанымал методист-окумуштуу, учурда башталгыч мектепте кыргыз тилин окутуу илиминин көч башында турган, улуу муундун өкүлү профессор Каратай Сартбаевдин өмүр жолу, педагогдук, окумуштуулук, коомдук ишмердүүлүгү, үй-бүлөсү тууралуу материалдар топтоштурулган. Жыйнак башталгыч мектепте кыргыз тилин окутуунун методикасынын тарыхын окуп-үйрөнүүгө, иликтеп-изилдөөгө кызыккан студенттерге, мугалимдерге, магистранттарга жана аспиранттарга, изденүүчүлөргө профессор К.Сартбаев тууралуу кеңири маалымат алууга, педагогикалык тажрыйбасын окуп-үйрөнүүгө, жайылтууга, ошону менен бирге эле окуу китептерин жана окуу куралдарын түзүүчүлөргө теориялык жана практикалык жактан жардам бермекчи.

КАРАТАЙ САРТБАЕВ  И. АРАБАЕВДИН ПЕДАГОГИКАЛЫК МУРАСЫН УЛАНТКАН ИНСАН

Профессор Каратай Сартбаевдин илимий-методикалык жана илимий-педагогикалык мурастары 300 басма табак “Алиппе” баштаган окуу китептери, окуу программа, окуу куралдары 60тан ашат. 200дөн ашуун илимий макалалары жарык көргөн. 150 басма табак көлөмүндө окуу китептери “Мектеп” басмасынан байма-бай басылып чыгып, 1000 000 1500 нусканы түзүп, орто мектептерде чейрек кылым бою жаш муундарды окутуп-тарбиялап келди. КРнын эл агартуусунун отличниги, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери наамына ээ болгон. Ошондой эле И.Арабаев атындагы КМУнун эмгек жамааты бир добуштан колдоого алып, КРнын Эл мугалими ардактуу наамга көрсөтүлгөн.

Профессор Каратай Сартбаев эл аралык “Чыңгыз Айтматов” клубунун мүчөсү болуу менен бирге эле залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун балдарга арналган адабий чыгармаларын башталгыч класстардын окуу программаларына жана адабий окуу китептерине киргизүүдө, аларды мектепте окутууга, жайылтууда зор эмгек сиңирген.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, техника илимдеринин доктору, профессор Кыргыз-түрк “Манас” университетинин инженердик факультетинин деканы Улан Биримкулов профессор Каратай Сартбаевге арналган илимий макаласында К.Сартбаевдин илимий-методикалык жана илимий-педагогикалык эмгектери дүйнөлүк интернет булактарында кеңири орун алгандыгын мисалдар менен далилдеп көрсөткөн.

Педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Каратай Сартбаевдин жубайы жана кесиптеши Акүпү Мураталиеванын жеке демилгеси, мээнети менен профессор К.Сартбаевдин илимий-чыгармачылык өмүр таржымалын камтыган “Биринчи мугалим” аттуу документалдуу даректүү тасма даярдалып, интернет булактары аркылуу жалпы журтка көрсөтүлгөндүгүн айтмакчыбыз.

Кыргыз Республикасы эгемендүү мамлекет катары түзүлгөндүгүнүн алгачкы жылдарында В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер институту Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий буйругу менен 1992-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институт болуп кайрадан түзүлөт. Ошол учурда институттун профессордук-окутуучулар жамааты окуу жайга кыргыз элинен чыккан белгилүү инсандардын ысымын ыйгаруу маселесин алып чыкканда профессор Каратай Сартбаев окумуштуулар кеңешинде атайын билдирүү жасап, окуу жайга кыргыз элинин алгачкы агартуучусу Ишенаалы Арабаевдин ысымын ыйгаруу тууралуу сунушту киргизет. Ушундан соң 1992-жылы 24-ноябрда Кыргыз Өкмөтүнүн №62 токтому менен Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтуна кыргыз элинин алгачкы агартуучусу Ишенаалы Арабаевдин ысымы ыйгарылат.

Биз өзүбүздүн изилдөөбүздө профессор Каратай Сартбаевдин алгачкы агартуучу И.Арабаевдин илимий-методикалык жана илимий-педагогикалык мурастарын жайылтуу боюнча сиңирген эмгеги абдан зор экендигине ынандык. 2003-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдында Ишенаалы Арабаев калтырган бай илимий-педагогикалык мурастарды изилдөө, топтоп-жыйноо жана окутуу процессине аны жайылтуу максатында профессор Каратай Сартбаевдин жекече демилгеси менен Педагогика жана психология институтунун алдында “Ишенаалы Арабаев” атындагы илим-изилдөө лабораториясы уюштурулат.

Профессор Каратай Сартбаев И.Арабаевдин лабораториясын өзүнүн жеке эмгеги, жеке каражаты аркылуу керектүү материалдар менен жабдып, жасалгалап чыккан.

Бул жердеги И.Арабаев, С.Нааматов, К.Тыныстанов, Х.Карасаев, А.Сыдыков,  Ж.Абдрахманов, С.Карачев,  Б.Данияров, А.Шабданов, Т.Жолдошев, Б.Солтоноев, А.Осмонкулов ж.б. портреттерин профессор Каратай Сартбаев өзүнүн сүрөтчү уулу Болотко атайын тарттырып, илдирген экен. Ошондой эле портреттердин алдында алардын эмгектеринин түп нускалары жана алардын көчүрмөлөрү профессор Каратай Сартбаев тарабынан жыйналып, коюлгандыгын иллюстративдик көрсөтмөлүү окутуу ыкмасын колдонуу менен жогорку сүрөт аркылуу окутуп-үйрөтүлөт.

Буларга кошумча дагы тунгуч агартуучу И.Арабаевдин жазган илимий-методикалык жана илимий-педагогикалык мурастарын жыйноодо Ишенаалы Арабаевга арналып өткөрүлгөн илимий-практикалык конференциялардын, Ишенаалы Арабаев атындагы илимий окуулардын материалдарын чогултуу менен бирге эле ал материалдарды интернет сайттарына киргизүү жана кеңири массага жайылтуу иш-аракеттери да профессор Каратай Сартбаевдин жеке демилгеси, эмгеги, мээнети менен жүргүзүлгөндүгүнө күбө болдук. И.Арабаев атындагы лабораторияда жыйырма беш наамдагы дубал газеталар жасалгаланып, илинген.

Профессор Каратай Сартбаевдин жеке демилгеси менен республикалык масштабда “Ишенаалы Арабаев атындагы сыйлыктын лауреаты” деген наамдардын жобосу иштелип чыгып, ошону менен бирге атайын төш белгиси (медалы) жасатылган. Аталган сыйлык-наамга И.Арабаевге тиешелүү даректүү тарыхый материалдарды даярдаган, И.Арабаевдин илимий-педагогикалык жана коомдук ишмердүүлүгүн иликтөөгө алган окумуштууларга ыйгарылып, алардын сүрөттөрү да дубал газетада жасалгаланып, илинген. Лабораторияда И.Арабаевдин жыйырма төрт шакирттеринин портреттери орун алган. Илимий лабораториядагы материалдардын негизинде өз учурунда профессор Каратай Сартбаев тарабынан бүтүрүүчү курстун студенттерине И.Арабаев тууралуу атайын курс окутулуп турган. К.Сартбаев тарабынан 1997-жылдан баштап педагогика факультетинин бүтүрүүчү курстарына “Ишенаалы Арабаев – кыргыздын тунгуч агартуучусу” аттуу темада атайын курстун план-программасы түзүлүп, лекциялар окулуп турган. Ушундан улам жогоруда аталган багыттардын ар бирине карата педагогикалык жогорку окуу жайларында окуу пландары, программалары, окуу-методикалык колдонмолор түзүлүп, профессор К.Сартбаевдин илимий-педагогикалык мурастары студенттерге толук кандуу окутулуп-үйрөтүлүшү зарыл деп эсептейбиз.

Илим тармагынын дыйканы

М.Раимбекова, И.Арабаев атындагы КМУнун башталгыч мектепте кыргыз жана орус тилдерин окутуунун технологиясы кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучусу, п.и.к.,

Билимге болгон алгачкы кадам негизинен, башталгыч мектептен башталат да, андан ары түптөлүп бекем, туруктуу билимдер менен толукталат. Ошол билимдердин бекем, туруктуу болушуна белгилүү окумуштуу, профессор К.Сартбаевдин кошкон салымы зор. К.Сартбаев өзүнүн 55 жылдан ашык өмүрүн башталгыч билим берүү тармагын бекемдөөгө, окутуунун методикасы илимин өркүндөтүүгө арнады. К.Сартбаев – башталгыч мектепте кыргыз тилин окутуунун методикасы боюнча белгилүү адис, көрүнүктүү окумуштуу эле.

КАРАТАЙ САРТБАЕВ  И. АРАБАЕВДИН ПЕДАГОГИКАЛЫК МУРАСЫН УЛАНТКАН ИНСАН

К.Сартбаев 1930-жылы 7-ноябрда Чуй облусуна караштуу Панфилов районундагы Орто-Арык кыштагында төрөлгөн. 1937-жылы «Орто-Алыш» жети жылдык мектебинин 1-классына кирип, аны 1943-жылы бүтүрөт да, 8-9-классты «Кум-Арык» мектебинде окуйт. 1946-1947-жылдары Фрунзе шаарындагы №5 кыргыз мектебинин 10-классына кирип, аны бүтүрүп чыгат. 1951-жылы  М.В.Фрунзе атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогика институтунун кыргыз тили жана адабият факультетин бүтүргөн. 1951-1959-жылдары Жалал-Абад шаарындагы А.С.Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайында кыргыз тили мугалими болуп эмгектенген. Агай педучилищада иштеп жүргөн кезде, өзүнүн өмүрлүк жубайын табат жана 58 жылдан ашык убакыт турмуштун ысык, суугуна күйүп, эриш-аркак болуп жашашкан, ошондой эле, А.Мураталиева эже агайдын илимдеги эң жакын насаатчысы, үй-бүлөдөгү жөлөкчүсү боло алган.

1960-жылдын июль айынан тартып Фрунзедеги Кыргыз педагогика илим изилдөө институтунун башталгыч класстар секторуна илимий кызматкер болуп орношот да, 1962-жылы ушул институттун аспирантурасына өтүп, 1965-жылы «Кыргыз мектептеринин башталгыч класстарында морфологиялык материалдарды окутууда окуучулардын сөзүн өстүрүү» аттуу темадагы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргойт.

К.Сартбаев коргогонго чейин башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуу маселеси боюнча илимий изилдөө иштери жаңы гана башталып, натыйжада бир нече диссертациялар корголуп, окумуштуу-методисттердин жоон тобу пайда болуп калган эле.

Ошондой изилдөөлөрдүн негизинде К.Сартбаевдин катышуусу менен “Башталгыч класстарда кыргыз ТИЛИН окутуунун методикасы» аттуу фундаменталдуу эмгек жарык көрөт. К.Сартбаев бул колдонмодо «Класстан тышкары окууну» жана «Грамматиканы окутуунун методикасы» деген бөлүмдөрдү иштеп, бул китеп мугалимдер үчүн кыргыз тилин башталгыч мектепте окутуу процессин жакшы жолго коюуда, мугалимдердин сабакты кызыктуу өткөрүүсүнө, окутуунун методдорун туура колдоно билүүсүндө жол көрсөткүч катары кызмат кылган. Ошол эле китептин экинчи басылышы 1978-жылы авторлоштор менен бирдикте басылып чыгат. Мында агай экинчи бөлүмдү, б.а фонетикалык материалдарды жана морфологиялык материалдарды окутуу деген темаларды иштеген. Бул монографиялар азыр да башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуу методикасына арналган бирден-бир окуу куралы катары колдонулууда. Китепте сабаттуулукка жана жазууга үйрөтүүнүн методикасы, түшүндүрүп окутуу, грамматикалык, фонетикалык материалдарды окутуу маселелери толугу менен иштелип чыккан жана ушул кезге чейин туруктуу методикалык колдонмо катары кызмат кылууда.

К.Сартбаев 1965-1988-жылдар аралыгында Кыргыз педагогикалык илим изилдөө институтунун башталгыч класстар секторунда ага илимий кызматкер, сектор башчысы болуп иштеген. 1988-жылдан баштап
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетине окутуучулук кызматына келет да кийин кафедра башчысы болуп дайындалат.

Агай башталгыч класстардын мугалимдерине жардам берүүчү методикалык куралдарды, колдонмолорду, илимий-усулдук эмгектерин тынбай ар дайым жазып келди.

Окулмалар «Кыргыз тили» 4-класс, «Эне тили» 4-класс, «Кыргыз тили» 3-класс, «Алиппе» алты жаштагы балдар үчүн жазылган. Алиппе окулмасы 1986-жылы Б.Рысбекова менен биргеликте алты жаштагылар үчүн даярдалган. «Алиппени» түзүүнүн методикалык принциптери толук сакталып, балдардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайыкталып, иштелип чыккан.

«Кыргыз тили» 3-класс, 4-класс үчүн түзүлгөн окуу китептери да алты жаштагыларга арналып, мурунку китептерден теориялык материалдардын азыраак орун алышы, практикалык иштердин арбын берилиши менен айырмаланган.

Ал эми «Кыргыз мектептеринин башталгыч класстарында кыргыз тилин окутуудагы көрсөтмөлүүлүк» деген методикалык колдонмосу 1971-жылы жарык көрөт. Китеп 23 беттен туруп, башталгыч класстардын окуучуларына билим берүүдө көрсөтмө куралдардын ордун, ролун өзгөчө белгилеп, эң негизги же болбосо биринчи топтогу көрсөтмө куралдарга нагыз, буюм же заттардын өзүн көрсөтүүнү сунуштайт. Бул көрсөтмө куралдар көбүнчө зат атооч сөз түркүмүн, сын атооч, сан атоочторду өтүп жатканда анын атын, сапатын, санын билдирүүдө жакшы натыйжа берерин белгилейт. Экинчи топтогу көрсөтмө куралдарга сүрөттөр, плакаттар, альбомдор, таблицалар, схемалар, карточкалар, графикалар кирерин белгилейт да, аларды сабактын кайсыл этабында колдонуу жакшы натыйжа берерин белгилеп көрсөткөн. Бул китеп грамматикалык жана фонетикалык материалдарды окутууда колдонулуучу көрсөтмө куралдардын түрлөрү, аны сабакта пайдалана билүүнүн жолдорун ачык, так билдирип бере алган.

К.Сартбаев 38 ден ашык окуу-методикалык колдонмо, окулма, жыйнак, методикалык көрсөтмө түрүндөгү китептерди, сегиз окуу программаларын түзгөн, эки кандидаттык, 58 бүтүрүүчүнүн дипломдук ишине жетекчилик кылган.

2003-жылдан бери педагогика институтунун «Кыргыз, орус тилдерин башталгыч мектептерде окутуунун технологиясы» кафедрасында профессордук кызматты аркалап келген. Ошондой эле, агай өзүнүн жашынын бир топко барып калганына карабастан И.Арабаев атындагы лабораторияны ачып, И.Арабаевдин илимий, окуу-методикалык китептеринин түп нускаларын, И.Арабаевдин мураскерлеринин эмгектерин жыйнап, лабораториянын аброюн талаптагыдай деңгээлге жеткире алган. К.Сартбаев абдан эмгекчил, коллектив ичинде чоң кадыр-баркка ээ болчу. Агайдын иши жаштарга ар дайым өрнөк.

Башталгыч билимдин башатын түзгөн

Б.Чокошева, И.Арабаев атындагы КМУнун профессору, педагогика илимдеринин доктору

КАРАТАЙ САРТБАЕВ  И. АРАБАЕВДИН ПЕДАГОГИКАЛЫК МУРАСЫН УЛАНТКАН ИНСАН

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, СССРдин жана Кыргыз ССРнин Эл агартуусунун отличниги, И. Арабаев атындагы сыйлыктын лауреаты, Ч.Айтматов атындагы коомдук академиясынын академиги, профессор Каратай Сартбаев бүткүл өмүрүн, ишмердүүлүгүн өлкөбүздүн билим берүүсүнө, анын ичинде башталгыч билим берүүгө арнаган.

1951-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун аяктагандан тартып, анын педагогикалык жана илим-изилдөө ишмердүүлүгү башталгыч билим берүү менен тыгыз байланышкан. 1988-жылдан баштап өмүрүнүн акырына чейин И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика факультетинде кафедра башчысы, өзү негиздеген И.Арабаев атындагы лабораториянын башчысы болуп талыкпай эмгектенген. Педагогикалык ишмердүүлүгүн илим-изилдөө иши менен айкалыштырып, көптөгөн илимий-методикалык эмгектерди, окуу куралдарын, окуу китептерин иштеп чыгып, башталгыч класстардын мугалимдерине, окуучуларына педагогикалык окуу жайлардын окутуучуларына жана студенттерине арнаган.

1965-жылы С.Турусбеков, Э.Бердибаев, Б.Рысбекова менен биргеликте “Башталгыч класстарда кыргыз тилин окуутунун методикасын” аттуу эмгекте грамматиканы окутуунун жана кеп өстүрүүнүн методикасы К.Сартбаев тарабынан иштелип чыккан. Бул методикалык эмгек азыркы күндө да башталгыч билим берүү тармагында билим алган жана эмгектенгендер тарабынан колдонулуп келүүдө.

КАРАТАЙ САРТБАЕВ  И. АРАБАЕВДИН ПЕДАГОГИКАЛЫК МУРАСЫН УЛАНТКАН ИНСАН

1966-жылы жарыкка чыккан “Кыргыз башталгыч класстарында сөз түркүмдөрүн окутуунун методикасы”, “Сөз өстүрүү” аттуу эмгектеринде башталгыч класстарда сөз түркүмдөрүн окутууда окучуулардын сөзүн өстүрүү проблемасы каралып, анын эне тилин окутуудагы орду, окучуулардын оозеки жана жазуу кебин өстүрүүдө сөздүк жумуштарын жүргүзүү, зат, сын атооч, этиш, тактооч сөз түркүмдөрүн окутууда окучуулардын кебин өстүрүү үчүн синоним, антоним сөздөрдү пайдалануу маселелери каралган. Бул илимий- методикалык эмгектер да башталгыч класстардын мугалимдерине арналган. 1966-жылы чыккан “Кыргыз башталгыч мектептерде класстан тышкаркы окууну өткөрүүнүн методикасы”, 1967-жылы чыккан “1-4-класстардын окуучуларын орфографиялык сабаттуулукка үйрөтүүнүн методикасы, 1971-жылы жарык көргөн “Кыргыз мектептеринин башталгыч класстарында кыргыз тилин окутуудагы көрсөтмөлүүлүк”, 1972-жылы жарык көргөн “Башталгыч класстардын окучууларынын стилистикалык каталары жана аны түзөтүүнүн жолдору, Б.Үмөталиева, Ж.Жакыпов менен биргеликте жазылган “Педагогикалык окуу жайларда кыргыз тилин окуутунун методикасы” аттуу илимий- методикалык эмгектердин бардыгында, өздөрүнүн аты айтып тургандай, башталгыч мектепте кыргыз тилин окутуу методикасынын ар түдүү маселелери каралган жана мугалимдерге, окутуучуларга, студенттерге түздөн-түз жардамга келген.

Агай республикалык чөлкөмдө өткөрүлгөн илимий-практикалык конференциялардын активдүү катышуучусу, “Байчечекей”, “Эл агартуу” журналдарынын редколлегия мүчөсү болгон. Окумуштуу – методист К.Сартбаевдин 200дөн ашуун илимий-методикалык эмгекетери бир гана багытка – башталгыч билим берүүгө арналган. Анын ичинде окуу китептери: даярдоо класстар үчүн “Байчечекей”, “Алиппе”, алты жаштан окуган балдар үчүн, жети жаштан окуган балдар үчүн Алиппе, 3-4-класстар үчүн “Кыргыз тили”, 4-класстар үчүн “Эне тили” окуу китеби, 1-4-класстар үчүн класстан тышкары окуу китеби, 2-3-класстар үчүн фонохрестоматиялары бар. Авторлоштукта жазган “Башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуунун методикасы” аттуу фундаменталдуу эмгеги арадан 55 жыл өтсө да, өз актуалдуулугун жоготпой, башталгыч класстардын мугалимдери, педагогикалык окуу жайлардын окутуучулары жана студенттери тарабынан колдонулуп келе жатат.

Агай билим тарбия берип, уядан учурган башталгыч класстардын мугалимдери өлкөбүздүн бардык аймактарында үзүрлүү эмгектенишүүдө. Бүткүл өмүрүн, ишмердүүлүгүн жалаң башталгыч билим берүүгө арнаган профессор К.Сартбаевди Кыргызстандын башталгыч билим берүсүүнө зор салым кошкон инсан деп айтууга толук негиз бар деп ойлойбуз.

Бөлүшүү

Комментарийлер