КАНЫКЕЙ – АЛА-ТООЛУК КЫЗДАРДЫН РУХИЙ-АДЕПТИК ИДЕАЛЫ

  • 11.03.2021
  • 0

Советбек Байгазиев,
профессор, «Кут Билим» газетасынын баяндамачысы

«Манас» эпопеясында Каныкей – кыргыз аялзатынын асыл сапаттарын, улуттук мүнөзүн алып жүргөн, гуманисттик маңызы терең образ. Каныкейдин образы төмөнкүдөй руханий, адептик-ыймандык жана патриоттук дөөлөттөрдүн сыяттангандыгы менен баалуу жана кымбат.

Биринчи. Эң оболу, белгилей турган нерсе, Каныкей биринчи иретте, энелик улуу сезими жана мээрими менен бийик (ымыркай Семетейин “алты аркар жылдыз батканча, алты айланып эмизип”, бооруна басып, балапандай бакканын, Букарада Семетейди туяктууга тептирбей, тумшуктууга чокутпай, жалгызын чарк көпөлөк айланып, чоңойтконун эске түшүрөлү). Баласын өзүнүн биологиялык уландысы, Манастын тукум улоочусу катары гана эмес, Семетейди Ата журтунун жүгүн аркалай турган элдин уулу катары өстүрүп, улуу максаттар үчүн тарбиялагандыгы Каныкейди эне катары дагы да бийикке көкөлөтүп турат. Анын баласына болгон энелик сүйүүсүэл-жерине, Манастын Ата журтуна болгон сүйүүсүменен жуурулушуп кеткен. Чыныгы эненин баркы – үйдүн гана куту эмес, эл-жердин да куту боло билгендигинде. Ошон үчүн Манастын жары “Калк энеси – Каныкей” деген ардак наамга арзып отурат.

Экинчи. Аял-эркек эки канаттай. “Эрди-катын бир үйдүн айы менен күнү” деген учкул кеп жашайт. Эри менен аялы бир куштун канатындай, бир үйдүн айы менен күнүболуш үчүн, ал экөөнүн ортосунда гармония өкүм сүрүп туруш керек. Ошол гармонияны жарата турган бир сыйкырдуу нерсе бар. Ал – аруу махабат. Манас менен Каныкейдин жуурулушкан биримдигин түбүнөн мүрөк болуп азыктандырып турган нерсе, экөөнүн бири-бирине болгон ысык сүйүүсү, улуу махабаты. Зайыбы күйөөсүн кандай берилип сүйсө, күйөөсүда жубайын дал ошондой сүйгөндө гана аялзатынын махабаты толук кандуу боло алат. Каныкей менен Манастын сүйүүсүбири-бирин байыткан, бири-бирине канат бүтүрүп турган сүйүү. Каныкей Манасты “Ободо Чолпон жылдызым”, “Айкөлүм” десе, Манас “жан курдашым Каныкей – согуп турган жүрөгүм” дейт. «Каныкей менен Манастын ортосундагы мамиле бири-бирин чын ыклас менен кадиксиз сүйгөн жарлардын мамилеси» (академик Болот Юнусалиев). Булардын үй-бүлөсүндө эки жубай бири бирине ыйык, бири бирине Кудай.

Чынында эле, Манас менен Каныкейдин жумуртканын агы менен сарысындай айкалышып тургандыгы, дагы айталы, бул ар дайым алоосу өчпөй, жалындап күйүп турган махабаттын күчү. Аял жана эркек качан бактылуу болот? Түпкүрдөн булак болуп оргуган, от болуп жалбырттап күйгөн, ич жактан түгөнгүс дем, шык, тоодой кубат тартуулап турган сүйүүгө ээ болушканда гана. Каныкей ушундай сүйүүнүн ээси. Мындан улам бизге төмөнкүдөй сабак тартууланып турат. Аялзаты Каныкей сыяктуу өзүнүн чыныгы сүйүүсүн тапканда гана, өзүнүн аруу махабатына Каныкейдей бүт жан дүйнөсүменен берилип, сүйгөнүнө акыр аягына чейин ак бойдон калганда гана үй-бүлөлүк бактысын таба алат. Эгерде сүйүүагынан жарылган ак кызмат, акылмандык, адамдык асыл сапаттар менен жуурулушса, андай махабат түбүтүптүүжана түбөлүктүүболот.

Үчүнчү. Эгерде адам жашаган коомунда жалаң өзүнүн жеке кызыкчылыктарынын жана жеке мүдөөлөрүнүн, индивидуалисттик умтулуштарынын алкагы менен гана чектелсе, ал толук кандуу адам боло албайт. Бу дүйнөдө кишинин кымбат жана ыйык самаган жогорку коомдук идеясы, идеалы болуш керек. Даанышмандар жетектөөчүжогорку идеясыз коом да, жеке адам да жашай албайт деп бекер айткан эмес. “Асты бир киши жарыбайт, сыйынары болбосо” (Нурмолдо). «Манас» эпосу бизге, эгерде туу туткан тумары, ыйык санаган табериги, карманган адеп-ахлак маягы жок болсо, кишинин жүргөн бир социалдык макулукка айланып, жер менен жер болуп, боортоктоп сойлоп калаарын (Абыке, Көбөш, Көзкаман, Канчоро ж.б.) ырастап берип отурат. «Манастагы» Каныкейдин ич жактан бекем, руханий жактан бийик болгон себеби, анын ич жактан туруктуу тутунган, ишенген моралдык абсолюттары, айланып турган адеп-ахлак «ат мамысы», тегеренип турган уюлу, ыйык санаган «Каабасы» – жетектөөчүжогорку идеясы, идеалы бар. Ал ыйык абсолюттар, «Каабалар» – Эне, Ата, Ата журт, Мекен эркиндиги, бир боор калктын кызыкчылыгы, журттун ар намысы, Мекен алдындагы атуулдук парз, абийир, адамгерчилик, эл биримдиги. Каныкей адам болуп жашоонун жолун дал ушундай жогорку дөөлөттөр менен өз өмүрүн, жүрүм-турумун тыгыз байланыштырып жашоодон көрөт.

Бул чоң түшүнүктөрсүз өзүн элестете албайт, адаммын деп сезе албайт. Каныкей корпоративдик, коллективисттик моралга тарбияланган инсандын жогорку тиби. Кыскасын айтканда, Каныкейдин инсандык бийиктиги – Манас баатыр менен кошо калк тагдырын тең бөлүшкөндүгүндө, өзүнүн сүйгөнүменен кошо ак калпак калктын түйшүгүн, кайгы-муңун, азап-тозогун тең көтөргөндүгүндө, журт менен жуурулушуп тургандыгында.

Төртүнчү. Каныкей ансыз да, тыш келбети келишкен сулуу аялзаты. Бирок биз үчүн анын ички руханий сулуулугу кымбат. Каныкейдин ички сулуулугу – анын эмгекчилдигинде, мээнеткечтигинде, дубанда жок узчулук өнөрүндө (“Түн ичинде уйку албай, күндүзүндө тынч албай” Манас, Кошой, кырк чоро, аскерлер үчүн көрсө көз тойбогон, чапса кылыч кеспеген, сайса найза тешпеген керемет аскердик жарак-жабдыктарды, кийимдерди жасаганы, гүлазык камдаганы ж.б.) Анын ички сулуулугу – айлана-тегерегиндегилерге жасаган адамгерчиликтүү, калыс, сылык-сыпаа жана кылдат мамилесинде (бир эле 80ден ашкан кайненеси Чыйырдыны өзүменен алыскы Букарага кошо ала кетип, ал жакта байбичени “карап койсом кардым ток, көрүп койсом көөнүм ток” деп он эки жыл бою багып, кайра Таласка алып келгенин эске түшүрөлү).

Бешинчи. “Адамды сөзүнөн эмес, ишинен тааны” дейт кыргыз макалы. Кишинин сүйлөгөн сөзү, берген убадасы, шерти, анты кургак сөз, куру чечендик бойдон калса, сөзүиши менен бекемделбесе, анда мындай оозу менен орок оргон пендени жоопкерчиликтин, уят-абийирдин, ыймандын адамы деп айтууга болбойт. Сөз менен иштин биримдиги кечээки ата-бабаларыбыздын моралында адамды баалоонун негизги чен-өлчөмүболуп келген, бүгүнкүкүндүн этикасында да, бул нерсе инсандын адеп-ахлактуулугунун башкы критерийлеринин бири. Калк энеси – Каныкей өзүнүн моралдык жүрүм-турумунда, эң оболу сөз менен иштин биримдигин алып жүргөн, айткан кеби менен кылган иши бир жерден чыккан, сөзүн эзели эки кылбаган жоопкерчилиги бийик каарман (Букарадан он эки жылдан кийин Таласка кайтып келүүжөнүндөгүсөзүнүн өтөсүнө өжөрлөнө чыкканы, Манастын керээзин аткаруу үчүн кара башын сайып, тикесинен тик турганы ж.б.). Бүгүнкүкүндө адамдардын адеп-ахлагында сөз менен иштин ажырымдыгы күчөп, жоопкерчилик деген нерсе дефицит болуп турганда, айтканын айткандай, дегенин дегендей аткарган, сөзүменен иши айкалышып турган Каныкейдин аруу моралы – маңдайыбызда жаркырап күйгөн маяк сыяктуу.

Алтынчы. Каныкейди улуу кылып турган нерсе – анын даанышмандыгы, Манас айткандай, “алты жылдык зыянды алдын ала билип тургандыгы”, арканды узун таштап, кенен ойлонуп, эл-журттун тагдыры жөнүндө акыл чуркатып, Манастын акылчысы, кеңешчиси боло билген көсөмдүгү.

Жетинчи. Каныкейдин атуулдук- граждандык бийиктиги – анын эл-жерин жанындай сүйгөндүгүндө, мекенчилдигинде, патриоттуулугунда (Каныкейдин Букарага качып жатып, кыргыз эл-жери менен коштошконун эстеңиз. Семетейди аман-эсен чоңойтуп, Букарадан кайтып келип, Манастын кыйраган ордосун кайра тургузушу, эгемендүүкыргыз мамлекетинин туусун кайрадан желбиретиши ж.б.).

Сегизинчи. Каныкейдин адеп-ахлагынын дагы бир өзгөчөлүгү– жекече инсандык ар-намыс, өздүк кадыр-барк сезиминин жогорулугу (чувство собственного достоинства). “Ар намыстуу адам ачка болуп турган күндө да, бирөөлөргө жалдырап, эки колун сунуп, нан сурабайт. Ал эч убакта өзүн өзүбасынтпайт. Ар намыстуу адам материалдык пайда жана финансылык бакубатчылык үчүн да, эч убакта бирөөлөр үчүн кул болуп бербейт. Мындай өздүк кадыр-барк сезими жогору адам үчүн бирөөлөрдүн “алтын торуна” караганда, биринчи иретте, өзүнүн эркиндиги, өз алдынчалыгы жана кишилик ар намысы артык”
(Е.В.Аболина). Каныкей башына кылыч кармап турса да, өзүнүн адамдык беделин төмөн түшүрбөйт, өзүнө ыңгайлуулук, комфорт издеп бирөөлөргө көшөкөрлөнбөйт, жанына тынч жайлуу жерди көздөп, бирөөлөрдүн жылуу колтугуна кирүүгө умтулбайт. Кандай гана кыйынчылык, коркунуч болбосун көрпендечиликтен (бытовизмден) бийик туруп, аброюн, абийирин бирөөлөргө тепсетпей, инсандык ар-намысын коргоп чыгат (Каныкейдин “Абыке-Көбөш алты арам” менен болгон кандуу кагылышы).

Кыскасын айтканда, Каныкей жамандыкка, адилетсиздикке, жерде боортоктоп сойлогон рухий бечелдикке каршы козголоңчул багынбас духка эгедер жана жеңип чыгуунун философиясын көтөрүп жүргөн каарман. Улуу ойлорду жана улуу моралдык дөөлөттөрдүаркалаган Каныкейдин образынан улам Кыргыз Республикасынын эл мугалими Бектур Исаковдун: «Манас» – Улуу нарк, Улуу педагогика, Улуу эрдик, Улуу сулуулук, Улуу ыйман-ызаат, Улуу сүйүү, Улуу намыс. «Манас» — Улуу жол, Улуу мектеп, Улуу сыймык, Улуу ыр, Улуу толгоо жана Улуу санаа», — деген терең, даанышман сөзүнүн чындыгына ынанбай коё албайбыз. Ырасында эле, Каныкейдин образы улуттук, ошону менен бирге жалпы адамзаттык маанидеги универсалдык улуу рухий-адептик кенчтердин алып жүрүүчүсүэкенин биз жогоруда көрдүк. Каныкейдин образы ушундай касиети менен “Манас” эпосунун идеялык деңгээлин бийикке көтөрүп, анын дүйнөлүк классиканын даражасына чыгарып турган жаркын өбөлгөлөрдүн бири.

Кайсы бир Европалык акылмандын “Чоң аталардын жана чоң энелердин моралы күнүмдүккө эмес, түбөлүктүүлүккө багытталган” деген терең оюнунун ырастыгын Каныкей энебиздин адеп-ахлагы далилдеп турат. Мына ушундай көөнөрбөс моралдык дөөлөттөрдүкөтөрүп жүргөндүгүүчүн «Кең көйнөктүн тазасы, зайыпзаттын паашасы» Каныкейдин образы бүгүнкүмуундарыбыз үчүн таалим-тарбиянын өрнөгүдемекпиз. Азыркы улан-кыздарыбыздын рухуна, жан дүйнөсүнө сиңген Каныкейдин менталитети Кыргызстанды сактайт жана гүлдөтүп, өнүктүрөт. Ал  – рухий улуулуктун эгеси жана да, маңдайыбызда жылдыздай балбылдап жанып турган адептик-ыймандык, патриоттук идеалыбыз.

Бөлүшүү

Комментарийлер