ИШТЕРМАНДЫК КАНЫНДА БАР

  • 07.02.2025
  • 0

Балдарга билим берүүгө башын байлап, келечек ээлери болгон жаш муундарга татыктуу тарбия берип жаткан – мугалим. Менимче, анын ак эмгегин баалоого сөз жеткис. Ар кандай курактагы, ар кайсы кесиптеги адамдардын эсинде түбөлүккө калган мугалимдин асыл эмгеги ырасында эле ар дайым жылуу сөзгө, жылуу пикирге татыктуу.

“Мугалим – ал баарыдан мурда тарбиячы. Анын керт башынын маданияты, идеалдуулугу, нравалык сапаттары окуучуларга өз таасирин тийгизе турган күч болот” (Н.Чернышевский). Жоголгон мүлктүн табылышы, сынган тетиктин оңолушу, кайра ордуна оңой эле келиши мүмкүн. Бирок жаш инсандарды окутуудан, аларды тарбиялоодон кетирген жоготууну толугу менен кайра калыбына келтирүү өтө оор. Муну тажрыйбалуу мугалим алдын-ала сезип турат. Мына ушундай сезгич мугалим биз Жайыл районундагы Талды-Булак орто мектебинде 9-класста окуп жатканда тагдырыбызга баш бакты.

ИШТЕРМАНДЫК КАНЫНДА БАРАсанкул Жапаркулов 1967-1968-окуу жылында бизге дене тарбия сабагынан мугалим болуп келди. Ага чейин Кыргызстандын “Трудовые резервы” спорт коомунун чемпиону болуп, 1964-1967-жылдары Польшада аскердик милдетин абийирдүүлүк менен өтөп келиптир. Аскерде жүргөндө эле бокс боюнча Европанын оор салмактагы чемпиону даңазалуу Андрей Абрамов менен машыгып, аскердик бөлүктөрдүн түндүк тобунун чемпиону болуптур. Мунун баарын биз кийин гана билип отурабыз. Бизди окутуп жүргөндө бир да жолу айткан эмес. Мактануу ага жат болгон экен.

Ага чейин биздин мектепте спорттук аянтчалар өмүрү болгон эмес. Дене тарбия сабагында мектептин алдындагы чакан аянтчада жели чыккан топту тепкилеп жүрөөр элек.

Асанкул агай өзүнүн ишин мал семиртүүчү совхоздун жетекчилигине улам-улам ат тезегин кургатпай барып жатып, мектептин түндүк этегинен айдоо аянтынын четинен жер бөлдүрүүгө жетишти. Жан үрөп жүрүп, футболдук стадион, волейбол, баскетбол ойноочу аянттарды курдурду. Эсимде, ошондо гана биз баскетбол деген оюн бар экенин билгенбиз. Чынын айтуу керек, спортко болгон кызыгууну арттырган Асанкул агай болгон.

Аттиң дебеске айла жок, эки жыл бел чечпей эмгектенип, биз орто мектепти аяктаганда ал да биздеги ишин “аяктап”, Фрунзе шаарындагы №12 орто мектепке которулуп кетти. Ошо боюнча Асанкул агайга кө-өп жылдардан кийин жолуктук.

1973-жылы Балыкчы шаарына которулуп, өспүрүмдөрдүн спорттук мектебинде иштей баштайт. Бараар замат дароо демилге көтөрүп, алгачкы жолу бокс секциясын ачтырууга жетишет. Өзү тарбиялап жаткан жаш спорчуларды жергиликтүү мелдештерге катыштыра баштайт. 1976-жылы болсо алгач эл аралык мелдешке катыштыруу үчүн август айында Одесса шаарында өтүүчү “Трудовые резервы” спорт коомунун өспүрүмдөр арасындагы чемпионатка сапар алышат. Эл аралык мелдеште Игорь Черната алтын медалга, Жолдошбек Дадыбаев күмүш медалга татыктуу болушат.

Ошентип, Асанкул агайдын тарбиялануучулары эл аралык мелдештерге катышышып, байгелүү орундарды багындыра башташат. Баарын санап отурбай негизгилерине эле токтолуп кетели.

1997-жылы да Асанкул Жапаркулов үчүн кубанычтуу болду. Жаш боксчу Кенжебек Акелбаев Малайзиянын борбору Куала-Лумпур шаарында өткөн Азиянын чемпионатында күмүш медалды жеңип алды.

Эпкиндүү эмгек өз үзүрүн берет дегендей, Асанкул Жапаркулов да изги ишинин жемишин татыды. Балыкчы шаардык Кеңеши ага Балыкчы шаарынын Ардактуу атуулу ардак наамын ыйгарды. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги наамына татыктуу болду. Балыкчы шаарында эмгектенген кырк жылынын натыйжасы катары Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Асанкул Жапаркуловго “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу” ардак наамы ыйгарылды.

Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн персоналдык пенсияга чыккандан кийин Асанкул агай 2013-жылы киндик каны тамган Жайыл районундагы Жекен айылына кайтып келди. Карыдым-арыдым деп кол куушуруп отуруп албай айылда бокс секциясын уюштуруп, ушул жылдардын ичинде Чүй облусунун бокс боюнча байге ээлери Нурдин уулу Мукамбетти, Рамазан Кудаяровду, эл аралык мелдештердин чемпиону Темир Данияровду тарбиялап чыгарды. Натыйжада агайга Жайыл районунун Ардактуу атуулу ардак наамы ыйгарылды.

Учурда да Асанкул агайым улгайдым деп үйүнө бүк түшүп жатып албастан, мына 80 жашка келсе да жергиликтүү мектеп менен кол үзө элек. Жаш жигиттердей спорттук кийимин кийип алып, дене тарбия мугалимдерине жардам берип, жаш боксчуларды тарбиялоонун аракетинде. Дегинкиси тынымсыз чыгармачылык менен эмгектенген адам гана максат марасына жете алаарын Асанкул Жапаркулов өзүнүн мисалында даана далилдей алды. Ал бекер жеринен улуу даанышман педагог А.С.Макаренконун: “Балдарга жакшы тарбия берсек – ал биздин кубанычыбыз, бактыбыз; жаман тарбия берсек — кайгыбыз, көз жашыбыз…” — деген накыл сөзүн өрнөктүү өмүрүнө ураан кылып алган эместир… Бул Асанкул агай үчүн ыйык кеп. Иштермандык анын канында бар…

Адамдар ар кандай болушат – алар тууралуу айтылган кептер да ар түрдүүчө… Мен кездешкен адамдар да ар башкача: кээ бирөөлөрүн жакының жана боордошуң катары өмүр бою жүрөгүңдүн толтосунда сактайсың! Кээлери керек болгондо гана эске түшөөрү бышык. Ал эми Асанкул агай өңдүүлөр таптакыр башкача: алар күнү болобу, түнү болобу, дайыма жүрөгүңө жакын. Өзгөчө жылдар жылган сайын эсиңе түшө берет. Дал ушундай инсандар дайыма айланасына жарык чачаарына ишенем…

P.S. Чоң тамга менен жазылган педагог агайыбыз Асанкул Жапаркуловду 80 жылдык кутман курагы менен биз, Жайыл районундагы Талды-Булак орто мектебинин 1969-жылкы бүтүрүүчүлөрү чын жүрөктөн куттуктайбыз!..

Догдурбек ЮСУПОВ, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, Билим берүүнүн мыктысы

Бөлүшүү

Комментарийлер