ХОРЕОГРАФИЯ: КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИКТИ ӨНҮКТҮРГӨН ОН КҮН

  • 24.11.2025
  • 0

Агартуу министрлиги Балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борбору, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту менен бирдикте «Хореографиялык искусство 12 жылдык билим берүү тутумунун элементи катары: ден соолук, маданият жана руханий байлык. Кыргыз бийин сактоо жана өнүктүрүү» аттуу иш-чарасы 13-21-ноябрга чейин өткөрүлүп, жети облустан келген 65 катышуучу билимдерин жогорулатышты. Катышуучулардын бөлүшкөн пикирлерин ортого салабыз.

ХОРЕОГРАФИЯ: КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИКТИ ӨНҮКТҮРГӨН ОН КҮН

ХОРЕОГРАФИЯ: КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИКТИ ӨНҮКТҮРГӨН ОН КҮН

Минура ОМУРАЛИЕВА, Таш-Көмүр шаардык Балдар чыгармачылык үйүнүн “Мир танцев” ийриминин окутуучусу:

— Эки жумалык өнүктүрүү курсу мен үчүн алгылыктуу билим алууга мүмкүндүк берди. ”Сейтек” борбору бизге бир гана кыргыз бийи менен гана чектелбестен, башка улуттук бийлер боюнча дагы мастер-класстарды өтүп, бизди дагы бир тепкичке көтөрө алды. Негизгиси биз келечек муундарын туура багыттоону үйрөндүк. Мен “Сейтек” улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда 10 күн аралыгында өткөн масштабдуу мастер-класска катышканыма өкүнбөйм.

ХОРЕОГРАФИЯ: КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИКТИ ӨНҮКТҮРГӨН ОН КҮН

ХОРЕОГРАФИЯ: КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИКТИ ӨНҮКТҮРГӨН ОН КҮН

ОБРАЗОВАТЕЛЬНЫЙ ЦЕНТР «РАДУГА»:

— Образовательный центр «Радуга» выражает искреннюю благодарность НЦДЮ «Сейтек» за замечательный, вдохновляющий хореографический мастер-класс, проведённый для хореографов. Для нас эти дни стали особенными: профессиональные педагоги поделились своим опытом, показали разные направления и подходы в хореографии, открыли множество новых методик преподавания. Мы получили возможность не только побывать на насыщенных и интересных уроках, но и познакомиться с другими хореографами, пообщаться, обменяться идеями и вдохновением. Каждый участник увёз с собой что-то ценное: новые знания, свежий взгляд, творческое настроение и огромное желание развиваться дальше. От всей души благодарим сейтековцев за тёплую атмосферу, внимание к деталям и искреннее стремление поддерживать педагогов в их профессиональном росте.

ХОРЕОГРАФИЯ: КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИКТИ ӨНҮКТҮРГӨН ОН КҮН

ДЕТСКАЯ ШКОЛА ИСКУССТВ №4 УПРАВЛЕНИЯ КУЛЬТУРЫ МЭРИИ ГОРОДА БИШКЕК:

— Профессионализм, творческий подход и глубокие знания позволили руководителям коллективов прикоснуться к миру танца в его настоящем художественном многообразии. Благодаря усилиям центра “Сейтека”, мы не только расширили свои навыки и творческие возможности, но и получили мощный заряд мотивации для дальнейшего развития в сфере хореографии. Мы высоко ценим ваше стремление делиться опытом и поддерживать молодые таланты. Пусть ваше творчество и дальше вдохновляет, и помогает открывать новые горизонты в искусстве танца.

ХОРЕОГРАФИЯ: КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИКТИ ӨНҮКТҮРГӨН ОН КҮН

Салтанат ШАЙБЕК кызы   Бурул эне атындагы МЧББМнын жетекчиси, Лейлек району, Баткен облусу:

— Бул он күн мен үчүн абдан мазмундуу жана пайдалуу убакыт болду. Ар бир күндө хореографиянын балдардын ден соолугуна тийгизген оң таасири, кыймыл маданиятын калыптандыруусу жана руханий байлыгын өстүрүүсү боюнча терең маалыматтар берилди. Айрыкча кыргыз бийинин өзүнө гана таандык кыймылдары, тарыхый мүнөзү, образдары жана улуттук өзгөчөлүктөрү тууралуу сабактар эң баалуу болду. Мастер-класстын практикалык бөлүктөрүндө биз кыргыз бийин үйрөтүүнүн жаңы методдорун, заманбап окутуу ыкмаларын, окуучулардын кызыгуусун арттыруучу көнүгүүлөрдү жана сценалык даярдыкты терең үйрөндүк. Хореография мугалимдери менен тажрыйба алмашуу да иш-чаранын маанилүү бөлүгү болду. Бул он күндүк окутуу менин кесиптик чеберчилигимди жогорулатып, улуттук бийибизди сактоо жана өнүктүрүүдө дагы чоң жоопкерчилик бар экенин дагы бир жолу түшүндүрдү. Мен үчүн бул мастер-класс — чыгармачылык өнүгүүгө жаңы күч, жаңы ой-пикир жана чоң мотивация берди.

ХОРЕОГРАФИЯ: КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИКТИ ӨНҮКТҮРГӨН ОН КҮН

Айгуль АБУБАКИР кызы:

— Он күн ичинде мен көптөгөн пайдалуу программаларды билип алдым десем жаңылышпайм.  Күн сайын бийдин түрлөрүн үйрөндүк. Кыргызстандын келечек муундарын тарбиялоодо бий маданиятын  жана руханий байлыгын өстүрүү боюнча жакшы маалыматтарды ала алдык.

ХОРЕОГРАФИЯ: КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИКТИ ӨНҮКТҮРГӨН ОН КҮН

Елена БАЯЛИЕВА, «Сезимтал» бала бакчасынын мугалими, Кызыл-Туу айылы, Ат-Башы району:

— Бул мастер-классты жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн “Сейтек” улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунун жетекчилигине, кесипкөй тренерлерине жана окутуучуларына терең ыраазычылык билдирем. Сабактар өзгөчө мазмундуу, пайдалуу жана чыгармачыл рухта өттү. Кыргыз бийинин тарыхын, өзгөчөлүгүн жана 12 жылдык билим берүү системасындагы ордун терең үйрөнүп, өз ишимде колдонууга маанилүү тажрыйба жана шыктануу алдым. Муундарга улуттук нарк-дөөлөттү жана маданиятты жеткирүүдө мындай иш-чаралардын ролу чоң экенин дагы бир жолу көрдүм. Алган билимдеримди балдардын өнүгүүсүнө, тарбиясына жана дене тарбия, искусство сабактарына активдүү колдонуп, жакшы жыйынтыктарга жетишүүгө аракет кылам.

ХОРЕОГРАФИЯ: КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИКТИ ӨНҮКТҮРГӨН ОН КҮН

Нуркыз АБДРАЗАКОВА:

— Мен биринчи жолу курска келгениме карабастан, өзүмдүн хореографиялык сандыгымды көп маалыматтарга, практикага, теорияга толтурдум десем жаңылышпайм. Бул 10 күндүн кандай өткөнүн да билбей калдык. Себеби, ар бир өтүлгөн сабактар, заман талабына ылайыкташтырылган, мугалимдердин ар тараптуу, кеменгер, өз кесибин мыкты билген инсандар экенин айтып турду. Ар бир мугалимдин берген сабагы, бизге кылган мамилесин сөз менен айтып жеткире албайсың. Ар бир катышкан мугалим, өзүнө абдан керектүү, маанилүү, пайдалуу маалыматтарды алып кетишти болсо керек. Ушундай баалуу, маанилүү, кызыктуу мастер-классты уюштуруп берген “Сейтек” борборунун жетекчисине жана жалпы жамаатына, өзүмдүн атымдан жана жалпы катышуучулардын атынан  ыраазычылык билдиребиз!

Нуркыз НУРЛАН кызы, Н.Жетикашкаева мектебинин мугалими, Сокулук району, Чүй облусу:

— Бул окутуу мен үчүн абдан пайдалуу болду. Заманбап окутуу ыкмаларын, практикалык машыгууларды жана сценалык даярдыкты жакшыртуу боюнча көп тажрыйба топтодум. Мастер-класс менин кесиптик өсүшүмө күч берип, улуттук бийибизди өнүктүрүүгө чоң мотивация берди.

Гүлүйпа МАМБЕТАКУНОВА Эргеш Мейманов орто мектебинин музыка мугалими, Ак-Талаа району:

— Окутуу процессинде теориялык жана практикалык материалдар өзгөчө кызыктуу, мазмундуу форматта берилди. Кыргыз бийинин тарыхый мурастарын, өзгөчөлүктөрүн жана билим берүү системасындагы ордун кеңири билип, педагогикалык иштеримде колдонууга зарыл болгон жаңы ыкмаларды үйрөндүм. Мындай курстар улуттук маданиятты сактап, кийинки муундарга туура багыт берүүдө чоң мааниге ээ экенин айкын сездим. Алган билимдеримди балдардын өнүгүүсүнө, чыгармачылыгына жана дене-тарбия, искусство жаатындагы иштерге активдүү колдоном.

Гүлзада МУРАТЖАНОВА, Мукаш Базаркулов атындагы ж.б.б мектебинин мугалими:

— 10–21-ноябрда өткөн мастер-класстар таасирдүү жана практикалык жактан баалуу болду. Белгилүү адистерден классикалык, элдик, заманбап бий, балеттик гимнастика жана педагогикалык тажрыйбалар боюнча чоң билим алдык.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер