“ГЕРЦЕН МАНАСЧЫ “МАНАСТЫ” 8 ЖЫЛ КАЙТАЛАП ОКУПТУР”
- 23.07.2025
- 0
Герцен атындагы көркөм-сүрөт музейинин
директору Ашымбек Айтышов:
- Ашымбек агай, кеп чынынан бузулбайт, атайын ат арытып Санкт-петербургдук Анна деген курбум Теодор Теодорович Герцендин “Манас” эпосуна тартылган графикасы менен таанышууга келди. Айтыңызчы, ошол учурда мамлекеттик буйрутманы аткарган кыргыз сүрөтчүлөрү болгон эмес бекен?
- Албетте, кезде деле таланттуу кыргыздын сүрөтчүлөрү болгон. Бирок “Манас” эпосуна кайрылып, Манас атабызды тарта алышкан эмес. Себеби, алар китеп окуган эмес, тагыраагы “Манас” эпосун окушкан эмес. Теодор Теодорович манасчы Сагынбай Орозбаковдун вариантын 8 жыл кайталап окуптур. Жараткан немис улутунан экенине карабай, жүрөгүнө аян жана жылоо берген окшойт, түшүндө Манас атабыз Аккуласын алкынта минип, зоот киймин кийип, (манасчыларыбыздын аянындай) Теодор Теодорвичке өзү келген экен, түшүнөн чочуп ойгонуп, ошондон баштап “Манас” эпосуна байланышкан графикасын эргүү менен жарата баштайт.
- Бул окуяны сиз так билесизби, өзүн көргөнсүзбү?
- Ой, мен өзүн эле эмес, ал кишинин атасын дагы көргөмүн. Атасы мага черчение жана сүрөт сабагынан берген мугалимим болчу. Теодор Гергардовичтин сөөгү ушул биздин айылга коюлган. Теодор (1935-2003), Яков (1948-2015), Гриша деген үч уулу бар болчу. Тун уулу Калининград шаарында дүйнөдөн өттү. Ал узак оорудан кийин Германияга дарыланууга барып, ошол жерде Теодор дүйнөдөн кайткан. Үчүнчү уулу 1952-жылы жарык дүйнөгө келген Гришаны классташы Меден аке аркылуу Германиядан таап, кабарлашып атам, буюрса, быйыл жайында келем деген, күтүп атабыз.
- Абдан жакшы экен, музейдин абалы, айлык маянаңыз, канча жылдык стаж, деги эле өзүңүз жөнүндө таанышсак, анан музейге өтөлү, кандай дейсиз?
- Мен буга чейин дагы ушул айылда туулуп, жашап, айыл өкмөттө эмгектендим, анан бул музейдин директору болгонума быйыл он жылдын жүзү болот. Музей, айылга караштуу. Ишимди 3 миң сом айлык менен баштагам азыр колума алган айлык маянам 15 миң сом. Бир пол жууп-тазалаган 6 миң айлык менен иштеген кызматкерим, дагы бир 6 миң сом айлык маяна менен иштеген кароолчум бар. Баш-аягы 3 адам иштейбиз. Ачыгын айтсам, Маданият министирлигине өткөрүп берип кутулсамбы деп чуркап жүрүп чарчадым. Жакында жаңы министр келип көрүп кетти. Эми баары биржаңсыл чечилер деген илгери үмүт менен жашап аткан кербезим.
- Айлык көбөйдү деп атышпады беле? Быйыл Теодор Теодорвичтин 90-жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгиленбейби? “Манас” ордого кошуп мамлекет камкордукка алышпайбы? Улуттун руханий дүйнөсүнө салым кошкон ата-бала, керек болсо Диль-Фируз келини да кыргыз элине эмгеги сиңген сүрөтчү болсо керек эле. Сиз кыргыз элинин руханий казнасын толтурган адамга мамиленин тайыздыгын айтып атасыз го…
- (Агай кайра дагы мыйыгынан күлүп) Сиз өзүңүз кайда жашайсыз?
- Ленинградда ой Питерде (Ч.С.)
- Мына азыр Герцендерди азыркы жаштар эмес, анча-мынча кызматтагы адамдар билбей калышты. “Манас” эпосун окугандар деле аз. Аны шөкөттөгөн адамды сиздин орус улутундагы курбуңуз билип келип атса, бизди караган киши жок. Биздин музейде “тракторист Сашка” деген сүрөт бар, ошону тартып кетти өгүнү Германияга, ал сүрөттүн ээси тирүү экен. Быйыл биздин айылга келем деп атыптыр. Суратып жибериптир. Эң кызыгы Герцендер биздин айылдын адамдарын тарткан, жүрүңүз музейди көрсөтөйүн.
- (Ч. С.) Москвадагы Строганов атындагы окуу жайын бүткөн экен. Анна менен барып көрдүм, эми укмуш, орустун китептерин кооздогон В. А. Фаворский “Орустун кошууну жөнүндө сөзүн” кандай шөкөттөсө Теодор Герцен андан кем калбаптыр. Менин жеке пикирим деңизчи, Владимир Андреевичтикинен биздин “Манас” эпосунуку жакшы чыккандай.
- Сиздин оюңузга кошулам. Анткени бир баласы темирге оюп сүрөт тарткан, бирөө жыгачка, жогоруда өзүңүз айттыңыз, Диль-Фируз Игнатьева келини (баласынын аялы) баары кыргыз элинин рухий байлыгынын казнасына эмгектенди. Союз учурунда бөлүнүү жок эмес беле.
- Бул немецтер сиз жашаган айылга кайдан, качан келишкен?
- Бул айыл Орлова деп аталчу, кечээ эле Ак-Дөбө болду. Бул жерге немецтер 1880 – 1890- жылдары Волга боюнан Түркстандан ооп келишкен. Эмне себеп менен келишкен так маалыматын билбейбиз. 70 пайыз немистер жашачу.
- Азыр ошол немецтерден канча калышты?
- 7-8 түтүн жашашат. Эч кандай терс көрүнүштөр жок. Кыпкыргызча сүйлөшөт, түшүңүздү жорушат. Салтты сакташат, биз алардын салтын сыйлайбыз дегендей ынтымакта жашайбыз
- Музейге баш багалы…
- Окурман биле жүргөнгө музейдин салынуу тарыхына кайрылсаңыз.
- Жакшы болот. Теодор Герцендин атасы Теодор Гергардович айылдын башкармасына Василий Чемересовго кат менен кайрылуу жасайт. 1986 — жылдары эмгегимди сактаганга атайы бир проект менен музей салдырып бер, көп жыл иштедим, көп эмгек чачылып калбасын – деген экен. Ал кездеги колхоздун башкармасы В. Чемересов макул болуп музейди салдырып 1990-жылы бүткөн, ишке берилген, быйыл 35 жыл толду. Ата бала Герцендер бизге өз айылыбыздын тарыхын эле эмес тоо-таш, жер –сууларыбызды, жаратылышыбызды, небере-чөбүрөлөрү көргөнгө биздин айылдын адамдарын тарткан. Ошол тилектери ишке ашып, ата-тегин издегендерге сүрөттөр таберик болуп турат. Мына бюст Теодор Гергардович Герцен. Астананы аттаганыңызда эле, мына жүрүңүз Мендеш Өмүралиев Кызыл-Сай айылынын тургуну, Улуу Ата Мекендик согушта 54 ок тийген биздин айылдашыбыз. Капсуланын ичиндеги матадан аты жөнү, кайдан кеткени чыккан. Бюсту даяр, жакында коем. 2023-жылы Ржев шаарында кайтыш болгон кыргыздарга эстелик турду Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаров өзү катышып келди. Мен бара алган жокмун. Герцендердин сүрөттөрүнө чейин мына биздин айылдын дагы бир жашоочусу Анна Герман(1936-1982)Аннанын апасынын эмгек китепчесинде 1942-жылдын 24-апрелинде орус тили мугалими болуп Орловка айлындагы мектепке орношкон. Анна 1943-жылы билим башатын Орловка мектебинен баштаган. Бул бир үй-бүлөө Герцендердин эмгектери, мына сизге айткан “тракторист Сашка” бул биздин айылдын башкармасы, ушул үй-музейди салганга уруксат берген Т.Г. Герцен тарткан “Василий Чемересов”, сизге кызык болот болуш керек Сүймөнкул Чокморов тарткан “Советбек Жумадыловдун” портрети бар, жүрүңүз мына, бул улуттук байлык, карасаңыз кандай керемет. Мына Апрель окуясынан биздин Талас областынан каза болгондор. Бул жигит үй-бүлөө курууга артынан, тукум калтырууга да жетишпеди, келген элдин көбү ушул жигиттин астына токтолуп калышат. Аттиң тагдырдын тай күлүк ташы кай жерге кулайт, биз билбейт экенбиз да…2010 жылы 7-апрельде курман болгон жигиттерибиздин сүрөтүнүн музейге илиниши бир чоң сыр болуп музейге келген жаштарыбызга патриоттук сезимдерин ойготуп элин, жерин, сүйүүгө түрткү болуп таасир тийгизүүдө.
- Ашымбек агай, атайын келген Аннага жана мага болгон рух дүйнөнү толтура турган азык менен адамга орустар айтмакчы “трагедияны” кайгыны кошо жүктөп бердиңиз. Лотко коюлуп сатылып кеткен залкар сүрөтчү Т.Т. Герцендин графикасынын түп нускасын, болгон сүрөттөрүнүн тизмесин, толук –так маалыматы менен ата-бала, деги эле ушул үй-бүлөөнүн архивин табат экем, таанышат экем — деп келгем. Куру жалак “Манас” эпосуна тартылган эмгектин 1 пайызы гана коюлуп, ал дагы фотосүрөттөр экени өтө капалантты.
- Руханий байлык дагы талоонго түшүп таланып кеткени өкүндүрөт. Эми сиз айткан “Манас” эпосунун сюжети боюнча тартылган графикасына жазылган так эмес божомолдогон, жылдарын билбеген же жөн эле коюп алган сүрөттөрдү казак, өзбек, тажик пайдаланса далилсиз калабызбы?
Маектешкен
Чолпон Субакожоева
Бөлүшүү
Комментарийлер