«ОРУНЧА» — УЛУТТУК ЛИНГВОМАДАНИЯТТАГЫ ЖАҢЫ ЭТНОЛИНГВОКОНЦЕПТ

  • 12.05.2025
  • 0

Кыргыз элинин тил дөөлөтү — бул сөз эле эмес, сезим, мейкин, код, нарк, эстутум. Айрыкча, аялзатынын коомдогу ордуна, энелик миссиясына, үй-бүлө кутуна байланыштуу аталыштар улуттук тилдин эң терең катмарларынан орун алып келген. Топчугүл Шайдуллаеванын “Орунча” аңгемеси дал ошондой улуттук аң-сезимдин тил аркылуу чагылуусунун, менталитет менен моралдын, неоэвфемизм менен нарктын жуурулушу катары жаңычыл чыгармалардын катарын толуктайт.

«ОРУНЧА» — УЛУТТУК ЛИНГВОМАДАНИЯТТАГЫ ЖАҢЫ ЭТНОЛИНГВОКОНЦЕПТ

Орунча — неоэвфемизмден улуттук концептке

Кыргыз тилиндеги “орунча” сөзү кадимки “өгөй” түшүнүгүнө семантикалык альтернатива катары жаралган. “Өгөй эне” деген сөз эл ичинде көп учурда дисфемизмге айланып, сүйүү эмес, сырттан келгендей, алыстатуу маанисин берип келсе, “орунча” ошол эле социалдык ролду жумшактык, кабыл алуу, мээрим аркылуу сүрөттөйт.

Бул сөздүн неоэвфемизм катары жаралышы — улуттук тилдин жандуу процесстеринин, коомдун моралдык сезимдерге карата мамилесинин өзгөрүшүнүн натыйжасы. Аңгемеде “орунча” — адамдын тагдырын, энелик мүнөзүн, өз ысымын унутуп, башкалар үчүн жашоого бел байлаган аялдын жаңы ысмына айланган.

Лингвомаданияттык код: энелик миссиянын ыйыктыгы

Орус адабиятында “мачеха”, түрк тилдеринде “üvey anne” деген түшүнүктөр да негизи кылып, көбүнчө биологиялык байланыштын жоктугун белгилеп турса, “орунча” кыргыз тилинин руханий жана маданий коддорун өзүнө сиңирип, туугандын орду, энелик жоопкерчилик, үй-бүлө ыйыктыгы менен жаңы мааниге ээ болгон.

Бүсаранын “орунчага” айланышы — улуттук моралдык стандарттардын, менталитеттин, каада-салттын чагылышы. Карачач кемпирдин “менин орунча кызым” деген аныктамасы — бул жөн эле ат коюу эмес, энелик миссияны тапшыруу, адам тагдырын бөлүшүү, улуттук жоопкерчиликти өткөрүп берүү актысы.

Табу, эвфемизм жана неоконцепт

Аялдын энелик милдетин өзүнө алуу — кыргыз менталитетинде ыйык, сакралдуу милдет. Айрыкча, энесиз калган балдарга “өгөй” эне болуу — көп учурда коомдук табу менен коштолуп, айтылбайт, сыпаа сыпатта гана сүрөттөлөт. Мына ушундай жерде “орунча” деген сөз эвфемизмдин милдетин аткарып, этикалык фильтр болуп кызмат кылат.

Бирок “орунча” жөн гана эвфемизм эмес — ал жаңыдан калыптанган неоконцепт, символ, улуттук нарк менен терең байланышкан руханий образ. Бул сөз энелик миссиянын, аялдык тагдырдын, турмуштагы курмандыктын семиотикалык белгисине айланган. Ушул жагынан алганда, “орунча” — улуттук лингвокогнитивдик чагылуу, менталдык код, каада-салт аркылуу бийиктикке көтөрүлгөн аялдын образы.

Адам тагдырынан улуттук бийиктикке

Бүсаранын образында кыргыз аял затынын тынымсыз түйшүгү, кайратмандыгы, кайгыны да, бакытты да көтөрө билген жону, энелик мээрими ачык көрсөтүлгөн. Күйөөсүнүн акыркы керээзинде айтылгандай, “Бүсара орунчадан өзгө айланды” деген сөз — улуттук иденттүүлүктүн, адамдык баалуулуктардын эң бийик чегин сүрөттөгөн көркөм философия.

Жашоосун башкалар үчүн арнаган, өзүнүн аты аталбай, милдет менен сыпаа каймана аты сакталып калган аял образы — бул жөн гана үй-бүлөлүк баяндоо эмес. Бул — улуттук эстутумдун, элдик дүйнөтаанымдын, аялдык ыйык миссиянын көркөм-символдук элеси.

“Орунча” — бул улуттук лингвомаданияттагы жаңы этнолингвоконцепт. Ал жеке турмуш тагдырынан, жубайлык берешендиктен, энелик мээримден, коомдук кабыл алуудан жаралган. Кыргыз тили жана адабияты дал ушундай сөздөр аркылуу улуттук дем, дуйнөлүк бийиктик, кыргыз аял затынын философиясы менен байыйт.

Ооба, Бүсара өмүрүнүн соңуна чейин “орунча” бойдон калды. Бирок анын тагдыры аркылуу “орунча” деген сөз өгөй эмес — өзгө эне, жөнөкөй эмес — жогорку инсандык, аты жок эмес — улуттук нарктын ысымы болуп калды.

Гүлнара АКЫЛБЕКОВА, 

Ош Мамлекеттик педагогикалык университетинин ага окутуучусу

Бөлүшүү

Комментарийлер