Гүлмира Дюшеева: “Адаттан тыш ыкма — мыкты жыйынтык»

  • 17.01.2024
  • 0

Кайсы өлкөдө жашаба ар бир жаран мамлекеттик тилди билип, турмуш-тиричиликте, кесибинде, коомдук жайларда, социалдык-маданий чөйрөдө колдоно алуусу зарыл. Бул жаатта алып караганда, бизде көйгөйлөр өтө эле көп. Бул маселе Билим берүү жана илим министрлигинин да көңүл борборунда. Мекеме мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө чечкиндүү кадам жасап,  мыкты усулдарды республика боюнча жайылтуу зарыл деп тапшырма берди. Билим берүү тармагында кыргыз тилинин абалы, аны окутуунун натыйжа бере турган усулдары тууралуу айтып берүүсүн өтүнүп, «Тилclub» кыргыз тили борборунун негиздөөчүсү Гүлмира Дюшееваны кепке тарттык.

 

Гүлмира Дюшеева: “Адаттан тыш ыкма — мыкты жыйынтык"

 

— Гүлмира Самтыевна, бөтөн тилдүү балдарга кыргыз тилин үйрөтүүдө жеңил, ыңгайлуу усулду өздөштүрүп иштеп жатасыз. Ошол тууралуу кененирээк айтып берсеңиз.

— 2013-жылы жумушчу топ түзүлүп, 2020-жылга чейин тилди өнүктүрүүнүн жаңы программасын иштеп чыкканбыз. Биз ошондо көп тилдүү билим берүүгө багыт алып,  биринчи жолу европалык система боюнча окутууну максат койгонбуз. Бул үч деңгээлге бөлүп, окутуу: биринчиси — тилди үйрөнүүнү каалаган башталгыч топ үчүн, буга А1, А2 деңгээли кирет.  Экинчиси – улантып окууну каалагандар үчүн, бул В1, В2 орто деңгээли. Үчүнчүсү — өз натыйжаларын жогорку деңгээлде бекемдегиси келгендер үчүн С1, С2 деңгээлин сунуштайбыз. Программаны түзүү кыйын болгон жок. Мен жергиликтүү диалектилерди билүүгө муктаж болгон чет элдиктер менен көп убакыт иштешкем, ошондуктан кыргыз тилин «чет тил» катары үйрөтүүдө тажрыйбам бар болчу. Кийин «Тилclub» кыргыз тили борборун негиздеп, учурда өзүмдүн иштеп чыккан китептерим менен окутуп жатабыз.

— Тилди эркин сүйлөө үчүн канча убакытта үйрөнсө болот?

— Адекваттуу жүктөм менен үч айда үйрөнсө болот. Бирок көп нерсе адамдын тил үйрөнүүгө болгон ынтызарлыгынан, шыгынан көз каранды. Чоңдор менен иштөөдө убакыттын жетишсиздиги көп маселени жаратат. Биз үйгө тапшырма көп бербөөгө аракет кылабыз, жөн гана сөздөрдү жаттоону суранабыз. Сөз байлыгын дайыма толуктап туруу керек.

Гүлмира Дюшеева: “Адаттан тыш ыкма — мыкты жыйынтык"

 

— Кыргыз тилин үйрөтүүдө көп жумуштар аткарылып жатканы менен жыйынтык жок. Себеби?

— Туура айтасыз, мына быйыл мыйзам кабыл алынганына 35 жыл толот. Бул аралыкта бизде, тилчилер арасында гана эмес, коомдо да бул маселе көп көтөрүлүп жүрөт. Айрыкча ата-энелер китептердин, программалардын татаалдыгы жөнүндө дайыма эскертишет. Бул эми уят, бөтөн тилдеги адамдар эмес, он бир жыл шаардагы мектептерде окуган жана чет өлкөлөрдөгү кыргыз мекендештерибиздин балдарына кыргыз тилин үйрөтө албай жатабыз. Себептери көп. Биринчиден, окутуучулар менен окуу куралдарынын авторлоруна, жогорку окуу жайларына жана мектептерге керектүү болгон кыргыз тилин чет тил катары окутуу боюнча жаңы мамлекеттик стандарт ушул убакка чейин кабыл алынып, ишке толук кандуу кире элек, экинчиден, жаңы муундагы китептер, аудио-видео окуу куралдары, иштелмелер жокко эсе.

Кыргыз тилинин жайылып, кеңири колдонулушу үчүн эффективдүү методиканын жоктугу да тоскоол болууда. Туура тандалган, адаттан тыш ыкма — мыкты жыйынтык берерин унутпашыбыз керек. Бизде көп учурда тил үйрөтүүдө лингвистикалык түшүнүктөрдү жаттап алууга басым жасалат. Мындай ”билим” эптеп баа алуу менен чектелет. Мисалы, мектептерде кыргыз тилине байланыштуу гезит чыгарууга катышкандар, майрамдарда кыргызча ыр жаттап айтып берип, сынактарда бериле турган тапшырмаларды гана билген окуучуларга жакшы баа коюлат, бирок күнүмдүк жашоодо сүйлөй алышпайт. Кыргыз тилине бөлүнгөн сааттар азайып жатат.

Мектептеги кыргыз тили боюнча окуу китептеринин талапка ылайык эместиги да чоң көйгөй жаратууда. Андагы темалар окуу программасына шайкеш келбейт. Көп учурда татаал, балдардын жаш курагы, кызыкчылыктары эске алынган эмес, ошондуктан күтүлгөн натыйжа жок.

— Бөтөн тилдүү балдарга кыргыз тилин үйрөтүүдө сиз эмнеге басым жасайсыз?

— Эң оболу, кызыктыруу керек. Бул максатка тил үйрөнүүчүнүн жаш курагын, билим деңгээлин эске алуу менен теманы, текстти туура тандоо, окутуу методикасын жакшыртуу аркылуу жетишүүгө болот. Сабактарды туура пландаштырып, ар түрдүү өтүү зарыл. Менимче, кыргыз тилинин стандарттары, программалары мектептерде да, жогорку окуу жайларында да татаал, саны көп, сапаты аз болгондуктан сабактар зериктирме түрдө окутулуп, окуучулардын тилге болгон кызыгуусу жоголуп жатат. Ар бир сабактын натыйжасы көзгө көрүнүп турууга тийиш. Тексттер, аларга карата берилген тапшырмалар жаттап алууга, кыскача кайра айтып берүүгө эмес, түшүнүүгө, ал эми жаңы сөздөр, сөз айкаштары күн сайын колдонууга ылайык болушу керек.

Дагы бир баса белгилеп айта турган нерсе, мисалы, ЖОЖдордо так илимдерге жана гуманитардык илимдерге талаптар башка болушу керек, китеп жазууда билимдин көлөмүнө эмес, анын турмушта колдонулушу көбүрөөк эске алынышы шарт. Окуучунун кызыкчылыгы, жаш курагы, билим деңгээли, билгичтиктеринин ар түрдүүлүгүнө көңүл буруп, китептеги тапшырмаларды баарлашууга багыттап түзүү зарыл. Биздин курстарда ушундай форматта китеп түзүп, аудио, видеоматериалдарды даярдап, жөнөкөй тилде окутабыз, грамматиканы жаттоого басым жасабай, кеп байлыгын өстүрүүгө, оозеки жүзүндө пикир алыша билүүгө үйрөтөбүз.

Гүлмира Дюшеева: “Адаттан тыш ыкма — мыкты жыйынтык"

— Өткөндөгү жолугушууда министрдин орун басары Расул Абазбек уулу да сиздин методго кызыгып, жайылтуу керек деген демилгени көтөрдү. Кыргыз тилчи мугалимдерге тилди жогорку деңгээлде үйрөтүүдө эмне тоскоол болууда?

— Билим берүү системасындагы өзгөрүүлөрдөн кыргыз тили мугалимдери четте калууда. Педагогикадагы, психологиядагы, методикага жаңылыктарды мугалимдерге жеткирүү зарыл. Кыргыз тили боюнча семинарлар системасыз, башаламан, бири-бири менен байланышы жок өткөрүлүүдө. Ошондуктан семинарларда айтылган ой-пикирлер, макалаларда жазылган идеялар көбүнчө ишке ашпай калууда. Бул багытта стратегиялык план түзүүнүн формалары ишке ашырылбай келе жатат. Менимче, деңгээлдер (бала бакча, мектеп, ЖОЖ) боюнча адистештирилген план түзүлүп, ар бир баскыч боюнча конкреттүү иштер жүргүзүлсө натыйжа болмок. Муну методикалык семинарларды уюштурууда Билим берүү жана илим министрлиги эске алуу керек.

Жаңыча иштеген, жаңы көз караштагы, практика жүзүндө ийгиликтерге ээ болгон педагогдорго жаңы технологиялар менен, жаңы муундагы китептерди чыгармачыл жазууга татыктуу шарт түзүп берүү зарыл. Китеп сапаттуу болуу үчүн каражат тийиштүү деңгээлде бөлүнүшү керек. Мындан сырткары, мугалим окутуу ыкмаларын жана усулдарын колдонуу менен өзүнүн тил үйрөтүү жөндөмүн да өнүктүрүүгө тийиш. Тажрыйбалуу, чыгармачыл мугалим көздөгөн максатына жетүү үчүн убакытты туура пайдаланып, эмнелерди үйрөтүү зарыл, кыргыз тилин бөтөн тил катары өздөштүрүүгө кайсы усул эффективдүү экенине көңүл буруп, окутуусу керек. Дагы бир жолу айтып кетейин, мугалим сабакты баарлашуунун негизинде жүргүзүүгө умтулушу керек.

 “Кылым карыткан тил А1, А2, В1” китеп топтомуна токтолсоңуз.

— Бул китептердин ар бир темасы сабакта иштелип, апробациядан өтүп, Билим берүү жана илим министрлигинен грифи менен 2011, 2014-ж. жарык көргөн. Китептин структурасы логикалык жактан түшүнүктүү. Коммуникативдик билгичтиктерди эске алуу менен күнүмдүк турмушта колдоно турган сөздүгү менен көнүгүүлөр, адаптацияланган тексттер, өткөн темага байланыштуу текшерүүчү, окуучунун билимин аныктоочу тесттер ар бир деңгээлдин талаптарына туура келет. Ошондой эле ар бир деңгээл кабылдоого жеңил программасы менен башталат. Темалар кырдаалдар боюнча бөлүнүп, таблицалар, схемалар, сүрөттөр менен толукталган. Эң негизгиси, ар бир деңгээл боюнча темалар жеңил кабыл алынып, китеп жыйынтыгын берүүдө.

 

Маектешкен Эльвира КАКИЕВА

Бөлүшүү

Комментарийлер