ЭЛЕКТРОНДУК КҮНДӨЛҮКТҮ КИМ КАНДАЙ КОЛДОНУУДА?

  • 10.10.2025
  • 0

Электрондук күндөлүк — бүгүнкү санариптешүү жолуна түшкөн мектептин чындыгы болуп калды. Ошентсе да бизде ар кандай инновацияны ишке ашырууда болуп келгендей бул саамалыктын да башынан жактырбагандары, чү дегенде эле шыр колдонуп  жаткандары бар. Бүгүнкү сөз ушулар жөнүндө болсун…

ЭЛЕКТРОНДУК КҮНДӨЛҮКТҮ КИМ КАНДАЙ КОЛДОНУУДА?

Жаңы система туурасында алгы сөз

Кыргызстан билим берүү тармагында акыркы жылдары санариптик технологияларды кеңири колдонуп келе жатат. Ошонун ичинен эң маанилүү жаңылык — электрондук күндөлүк системасы.
Жаңы система  2025–2026-окуу жылынан тартып өлкөдөгү мамлекеттик жана муниципалдык мектептерде колдонула баштады. Эми мугалимдер салттуу кагаз журналын толтурбай, электрондук журналга гана бааны коё беришет. «Электрондук күндөлүк» маалыматтык системасы ата-энелер үчүн да ыңгайлуу. Электрондук күндөлүк аркылуу ата-энелер баласынын баасын, сабакка катышуусун, үй тапшырмасын онлайн көрө алышат. Мисалы, жумушта отуруп эле телефон аркылуу күндөлүктү текшерүү мүмкүнчүлүгү бар. Интернетке жеткиликтүүлүк — жаңы системанын эң маанилүү шарттарынын бири. Өлкө боюнча мектептердин 99% интернетке кошулду. Ошондой эле ноутбуктар, роутерлер жана проекторлор менен жабдуу ишке ашырылып жатат. Бул албетте электрондук күндөлүктүн натыйжалуу иштешине шарт түзөт.
Бул багытта бир катар пилоттук тажрыйба да бар десек болот. Мисалы, Бишкекте «Менин шаарым» мобилдик тиркемеси аркылуу кээ бир мектептер электрондук күндөлүктү сынап көрүп, жакшы жыйынтыктарды көрсөтүүдө.
Ошондой болсо да саамалыкта бир катар көйгөйлөр да жок эмес. Алардын эң биринчиси — жаңы маалыматтык системаны ишке ашыруудагы техникалык тоскоолдуктар. Айрым аймактарда интернет туруктуу эмес, бул системанын үзгүлтүксүз иштешине тоскоол болот.
Экинчи көйгөй жаңылыкка мугалимдердин көнүгүүсү. Көп жыл бою кагаз журналга көнүп калган айрым мугалимдер жаңы системага дароо ыңгайлаша албай жатышат.
Учурдагы ата-энелердин даярдыгы да аз болсо да маселе жаратууда. Баардык ата-энелерде смартфон же интернет мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, айрымдары үчүн электрондук күндөлүккө кирүү кыйын болууда.
Анткен менен жогорудагы үч көйгөйдүн арасында мугалимдердин көнүгүүсү абдан маанилүү деп ойлобуз. Мугалимдин жаңылыкка карата оң мамилеси, аны жүрөгү менен кабыл алышы сөзсүз түрдө окуучуга да,  анын ата-энесине да таасир этет. Мугалим электрондук күндөлүктү иштетүүдө башкаларга өрнөк боло албаса анда кандай реформа болбосун сезилерлик жыйынтык  болбойт.

Саамалык эң оболу борборубузда колдоо тапты

Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи 2024-2025-окуу жылынын 4-чейрегинен тартып электрондук күндөлүктү колдоно баштагынын бизге окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Мусаева Эльизат билдирди.
Электрондук мектеп аталган бул билим берүү мекемесинин жетекчисинин орун басарынын айтымында, маалыматтык системада баалар, сабактардын жүгүртмөсү, үй тапшырмасы жана башка маанилүү маалыматтар бир платформада топтолгон. Ар бир мугалим мобилдик тиркеме аркылуу каалаган убакта, каалаган жерден кирип пайдалана алышат. Ата-энелер да өз балдарынын окуусуна көз салып,  мугалим койгон баалар, үй тапшырмалары же сабакта болгон өзгөрүүлөр тууралуу дароо кабардар болушат. Бул баланын билим алуусуна көңүл бурууга түрткү берет. Эльизат Карыпбековна жаңы система мугалимдер жана администрация үчүн да чоң жардамчы экенин кошумчалады.
«Система ар бир окуучунун жана мугалимдин маалыматтарын ПИН аркылуу автоматтык түрдө түзөт. Бул администрациянын убактысын үнөмдөйт жана маалыматтарды так алып жүрүүгө жардам берет. Ар бир мугалимдин, ар бир класстын сабактарынын жүгүртмөсүн көрсө болот. Мындан сырткары, сабак учурунда коюлган баалар, мугалим канчалык деңгээлде документация иштерин алып барып жаткандыгы  көзөмөлгө алынат. Ар бир окуучунун окуудагы жетишкендиктери, социалдык абалы, тартиби жөнүндө шыр маалымат алганга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Класс жетекчилер өз класстарынын социалдык абалы тууралуу маалыматтарды онлайн түрдө киргизсе, соцпедагог болсо бул маалыматтардын негизинде зарыл болгон иш-чараларды пландап, керектүү көмөктү көрсөтөт, — деп айтты Эльизат Мусаева.

Электрондук күндөлүктү кубаттагандар
элетте да четтен табылат

Мезгилден артта калбай,  заман талабына шайкеш иштеп жаткан мугалимдер ар кандай реформанын кыймылдаткыч күчү деп эсептейм. Ошондой жаңылыкка жакын агай-эжейлер өлкөбүздүн ар кайсы аймагында көп экени кубандырат.

«Биздин №70 Ибрагим Кулбаев атындагы орто мектебинде мугалимдер жамааты электрондук күндөлүктү ийгиликтүү колдонууда,- дейт Кара-Суу районунан баштылгыч класстардын алдыңкы мугалими Замира Атакулова.

Элеттик мугалимдин айтуусунда, өзү иштеген мектепте кесиптештери электрондук күндөлүктү шыр колдонуп жатышыптыр.
«Мында чейректик баа, жүгүртмө, катышуу, окуучу боюнча социалдык маалымат даана көрүнүп турат. Ар дайым жүгүртмө боюнча өтүлгөн темаларды толтуруп турабыз. Бааларды өз учурунда койгонго да ыңгайлуу экен» — деди Замира эжей.

Талас облустук жатак мектебинде мугалимдер электрондук күндөлүктү жапырт  колдонуп жатышканын бизге тажрыйбалуу математика мугалими Ашыккал Тагайматова кабарлады.

«Күнүмкү баалар, катышуу, жүгүртмө, окуучулар боюнча маалыматтар ж.б.у.с. мугалимдерге көрүнүп турат. Өтүлгөн темалар, баалар өз учурунда,  расписание менен толтурулуп турат. Биздин жамаат мурда да электрондук күндөлүктү колдонгон үчүн, бизге андай деле кыйын болгон жок»- деп билдирди ал.

Сузак районунан да жагымдуу жооп алдык.

«Биздин №83 Зулум Жамашев  атындагы орто мектебинде  мугалимдер  электрондук күндөлүктү толук өздөштүрүп колдонуп  жатабыз» — деди Бактыгүл аттуу мугалим эжей.

Алыскы Лейлек районунда да жаңы системаны колдонууда аздыр-көптүр жылыштар бар экен.

«Биздин мектептин бардык мугалимдери электрондук күндөлүктү ийгиликтүү колдонушууда. Класстык журнал, календарлык план ошонун ичинде.
Окуучуларга коюлган баалар, өтүлгөн сабактардын темалары көзүбүзгө даана көрүнүп турат» — деп жазат лейлектик агартуучу Тайир Аширбай.

Жыйынтык ордуна

Электрондук күндөлүк — бул заманбап билим берүүнүн ажырагыс бөлүгү. Ал мугалимге убакытты үнөмдөөгө, окуучуга жоопкерчиликти күчөтүүгө, ата-энеге көзөмөл жүргүзүүгө чоң жардам берет. Ошол эле учурда өлкөнүн бардык аймактарында тең натыйжалуу иштеши үчүн интернет байланышын жакшыртуу жана мугалимдерге кошумча окутуу курстарын өткөрүү зарыл. Мугалимдердин басымдуу бөлүгү «жаңылыкты колдойм» дегени менен, «кантип колдонуп жатасыз?» дегенде так, даана, мектеп практикасынан алынган жеткиликтүү мисалдар менен түшүндүрүп бере албай жатканы байкалат.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер