ЭЛ СЫЙЛАГАН ЭЛЕТТИК АГАЙ

  • 06.02.2023
  • 0

Эрбаев Абдыкерим агай өзүнүн педагогикалык эмгек жолун 1971-жылы өзү билим алган  Аксы районунун Кербен шаарында жайгашкан азыркы Надыр Мамбетов атындагы орто мектептен баштаган. Анда аталган мектеп Н.К.Крупскаянын ысмын алып жүрчү. Ошондон бери ушул билим уясында жаш муундарга дене тарбиядан сабак берип келүүдө.

ЭЛ СЫЙЛАГАН ЭЛЕТТИК АГАЙ

Айтууга оңой болгон менен, ардагер мугалим  51 жылдык агартуучулук эмгек жолунда миңдеген окуучуларга билим-тарбия берип келди. Азыр  аны бүтүндөй аксылыктар  агай деп сыйлашат. Бул сый-урматка өзүнүн ак эмгек, адамдык асыл сапаттары менен жетти десем жаңылышпайм.

Устаттын окуучулары спорттун ар кайсы түрүнөн Кыргызстандын, Азиянын, дүйнөнүн чемпиондору болушту. Сөзүм куру болбосун үчүн, алардын айрымдарына токтоло кетейин. Улуттук оюн болгон ордо оюну Атаканов Маккамбай баштаган команда бир нече ирет Аксы районунун эле эмес, Жалал-Абад областтынын намысын коргоп, эки ирет республиканын чемпиону болушту.

Ал эми волейбол боюнча машыктырган командалары республикалык спартакиадаларда байгелүү орундарды камсыз кылып келди. Мугалимдин колунан билим алып, чеберчилигин өстүргөн Урустемова Айнура, Шадиева Айнагүл, Урусова Айгүл, Бегимкул кызы Жазгүл, Биймырзаев Нышан, Сулайманов Шайымкул, Эрбаев Топчубек, Токтогулов Бегимкул, Нурматов Кылычбек жана башкалар областтын намысын коргоп келишкен.

Урустемова Айнура эки жолу республиканын чемпиону болсо, төрт жолу вице-чемпион болгон. Ал эми кигбоксинг боюнча дүйнөнүн бир жолку, Азиянын эки жолку чемпиону Касымбеков Улан да устаттын колунан окуган. Бул сыяктуу спорттун чеберлерин санай берсек алардын тизмеси бир топко чейин узарып кеткидей.

Саяпкер мугалим волейбол, баскетбол, стол үстүндөгү теннис, ордо, тогуз коргол, жеңил атлетика боюнча командаларды даярдап, чоң спортко алып чыкты. Өзү азыр жашы жетимиштен ашып калса да мугалимдердин райондук спартакиадасында волейбол жана стол үстүндөгү теннис боюнча жигердүү ойноп келет.

Эрбаев Абдыкерим — Билим берүүнүн мыктысы, бир нече Ардак грамоталардын ээси. Мүнөзүндөгү жөнөкөйлүк, боорукерлик жана жаштарга болгон камкордугу аны сый-урматка бөлөдү. Анын капаланып же бирөө менен жаңжалдашып жатканын такыр көргөн эмесмин. Сабактарын да өтө кызыктуу өтөт. Ойлоп көрсөм, азыркы алдыңкы делинген усулдарды ардактуу агратуучу тээ илгери эле пайдаланчу экен. Бул анын мыкты мугалим экендигинен кабар берет.

Устат деген улуу наамга арзыган ардагер учурда жаштарга өзүнүн бай тажрыйбасын бөлүшүп келет. Анын ондогон шакирттери республикабыздын ар кайсы билим берүү мекемелеринде дене тарбиядан сабак берип, эл мактоосуна арзып келүүдө. Мен да Абдыкерим агайды устатым деп билем. Анткени педагогикалык эмгек жолумда далай ирет андан кеңеш алып, анын баалуу акыл-насаатын уктум.

Элеттик мугалим тээ илгерки союз маалында да эмгек кайнаган жерде жүрөр эле. Кызыл-Жардын пахта талаасы болсун, “сары алтын” деп аталган тамеки талаасы болсун, мал чарбасы үчүн даярдалуучу тоют талаасы болсун, окуучулардан түзүлгөн өндүрүштүк бригада болсун, устатыбыз  аралашпаган учур болбосо керек. Ошондо да ал окуучуларды эмгекке тарбиялап, мамлекеттин экономикасына өз салымын кошуп келди.

Сөзүмдүн акырында улуу устатка чың ден соолук, бакубат жана дөөлөттүү карылык каалоо менен, шакирти катары терең ыраазычылыгымды билдирем.

Бар болуңуз, эл сыйлаган элеттик агайым Эрбаев Абдыкерим!

Узен АТАКАНОВ, Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер