Эгемендиктин өзөгү, улуттун нарк-дөөлөтү – мамлекеттик тил
- 06.04.2024
- 0
Совет доорунда Кыргызстанда коммунисттердин идеологиясынын басымы астында четке сүрүлүп калган кыргыз тили 1989-жылы 23-сентябрда легендарлуу парламент кабыл алган мыйзамда мамлекеттик тил болуп жарыяланганына мына быйыл 35 жыл болду. Кыргыз тилине Мамлекеттик тил статусунун берилиши – адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө зор кадам, ошону менен бирге кыргыз коому руханий жаңыланууга, жаңыча ой жүгүртүүгө багыт алган тарыхый мааниси зор окуя болгон.
2004-жылы бул мыйзам жаңыланып, аны өнүктүрүүнүн бир катар мыйзамдык кепилдиктери жазылган. Бирок 2023-жылы “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамдын кабыл алынышы мамлекеттик тилдин өрүшүн кеңейтип, мартабасын арттыра турган, аны ар тараптуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн дагы бир масштабдуу кадам болуп калды.
Мыйзамдын 5-беренесинин 1-пунктунда: “Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жумуш тили болуп мамлекеттик тил саналат”,-деп жазылган.
Ошондой эле Кыргыз Республикасында мамлекеттик тил эл чарбасынын бардык тармактарында, Куралдуу Күчтөрүндө, укук коргоо органдарында, иш кагаздарын жүргүзүүдө жана документ жүгүртүүдө, менчиктин бардык формаларындагы мекемелердин жана уюмдардын аталыштарында, географиялык аталыштарда жана топонимика объекттеринин аталыштарында, адам аттарында, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарда, нотариалдык конторалардын ишинде, билим берүү, илим, маданият чөйрөлөрүндө, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу программаларында, жалпыга маалымдоо каражаттарында, китеп басып чыгарууда, компьютердик программалардын жана веб-сайттардын пайдалануучулар интерфейстеринде, эл алдындагы иш-чараларда, жарнамада, транспортто, керектөөчүлөрдү тейлөө чөйрөсүндө жана башка мамлекетке тийиштүү тармактарда “милдеттүү түрдө пайдаланылууга тийиш” деп көрсөтүлгөн.
Кыргызстанда мамлекеттик тил бир эле учурда эгемен өлкөбүздөгү улуттардын ортосундагы байланыштын, пикир алышуунун куралы болуп саналат.
Чынын айтыш керек, өлкөнүн калкынын басымдуу бөлүгүн түзгөн жана түпкүлүктүү журту болгон кыргыздардын тили өз мекенинде мамлекеттик тил деген мартабалуу макам алганы менен көп жылдар бою Москвага кылчактаган саясаттан улам өзүнүн татыктуу ордун ээлей албай келди. Соодада, тейлөөдө, коммуналдык кызмат жана башка тармактарда мурдагыдай эле орус тили үстөмдүк кылууда. Эми мамлекеттик тилдин макамы конституциялык мыйзам менен бекемделгенден кийин тил саясатын чечкиндүү ишке ашыруу керек. Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик тилди конституциялык макамына ылайык өнүктүрүүгө чечкиндүү даярдыгы абдан кубандырат.
“Бүгүнкү күндө кыргыз тили чектелүү чөйрөдө: коомдук-саясий жана маданий тармактарда колдонулуп, билим, илим жана техника чөйрөсүнө сүңгүп кире албай келет. Биз мамлекеттик тилибизди кеңири жайылтып, аны андан ары өнүктүрүү үчүн кыргыз тилин мамлекеттик саясаттын негизги багыты катары кароо менен өлкөнүн расмий турмушуна терең сиңирүүбүз кажет”, — деди президентибиз Садыр Жапаров 2023-жылы Мамлекеттик тил күнү менен куттуктаган сөзүндө.
Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө билим берүү жана илим тармагынын алдында чоң милдет турганын агартуу тармагынын кызматкерлери өзгөчө сезишибиз керек.
“Мамлекеттик тилдеги билим берүү тутумунун пайдубалынан бери кайра карап, кыргыз тилинде билим алып, оюн туюнтуп, кагазга түшүрө алган кызматкерлерди азыртадан өстүрүп чыгуубуз зарыл. Артыкчылыктуу илим тармактарында кыргыз тилдүү окумуштуу, изилдөөчүлөрдүн жаңы муунунун жаралышына тиешелүү шарттардын баарын түзүшүбүз абзел. Жалпы илимдин жана кыргыз тилинин илимий базасын байытуу дагы учурдун талабы болуп турат”, — дейт мамлекет башчыбыз.
Мамлекеттик тил Кыргызстанда билим берүү системасында мектепке чейинки тарбия жана билим берүүдө, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүдө, кошумча кесиптик билим берүү уюмдарында окутуунун жана тарбиялоонун негизги тили болуп саналат деп мыйзамда көрсөтүлгөн. Окутуу орус же башка тилдерде жүргүзүлгөн мектептерде, кесиптик окуу жайларда кыргыз тилин окутуу жана үйрөтүү камсыз кылынат.
Чынын айтыш керек, азыр кыргыз тилин мектептерде окутуунун, өзгөчө орус, өзбек, тажик тилдүү мектептерде окутуунун методикасы да азыркы күндүн талабына жооп бербей турат. Кеп бул жерде окуу китептеринин жетишпей жатканында эле эмес. Эң алды кыргыз тилин окутуунун эффективдүү заманбап формалары менен методдорун иштеп чыгуу керек болууда. Бул деген тилди окуп үйрөнүүнүн жеңил, ийкемдүү, куунак жолдорун табуу дегендик. Бул багытта тилди коммуникативдик режимде санарип технологиялардын контекстинде өнүктүрүүнү колго алуу абдан маанилүү болуп турат.
Азыркы маалымат технологиялары дүркүрөп өнүгүп, жасалма интеллект жашообузду болуп көрбөгөндөй өзгөртүп жаткан убакта мамлекеттик тилди санарип трансформация кылуу ошончолук актуалдуу маселеге айланууда. Бул жагынан кыргыз айтишниктери дагы бир катар иштерди аткарып жатканы кубандырат. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мурдагы жетекчиси Каныбек Осмоналиев мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасында кыргыз тилин жасалма интеллект платформасына киргизүү жагы да каралганын “Кут Билим” гезитине берген маегинде баса белгилеген:
«Азыр “Улутсофт” деген жеке фирма бар, анын башчысы Мирбек Окенов биздин буйрутма менен үндү текстке, текстти үнгө айландырып, семантикалык анализин жасап жатат. Буюрса, колдонууга киргизип, Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу жайылталы деп турабыз. Биз бул жаатта казактардан алдыдабыз. “Супер компьютер” деп бир убакта мактанганыбыз эсиңерде болушу керек, азыр ошол өз түшүмүн берип жатат. Ал компьютер бир секундада 1015 сандагы операцияны жасай алат. Мисалы, бул китепти 15 мүнөттө кыргызчага которот. Бул эми жасалма интеллектинин ресурсу. 5 жылдан кийин том кылып чыгарган китептерибиздин кереги тийбей калабы деп кетем. Дүйнөлүк чакырыктар абдан күчтүү да. Биз жасалма интеллектиден качып кутула албайбыз, аны өз пайдабызга колдонгонго үйрөнүп алышыбыз керек»,-дейт Каныбек Осмоналиев.
Тил – улуттун баа жеткис зор байлыгы, эн белгиси. Тил – улуттук руханий курал, ал улуттун мүнөзүн, өз алдынчалыгын айкындайт. Кыргызстандын эгемен өлкө катары келечегин куруу саясатында экономика, коопсуздук сыяктуу эле мамлекеттик тилдин дагы эбегейсиз мааниси бар. Түпкүлүктүү кыргыз калкын башка элдерге ассимиляция болуп кетпей, өз каада салты, нарк-дөөлөтү менен сактап келген анын эне тили экенин, кыргыздардын келечекте дагы сакталып турушуна ушул мамлекеттик тили кепил болорун ар бир кыргыз жараны түшүнүүгө тийиш.
Ушул жерден улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 1987-жылы республикалык илимий-практикалык конференцияда айткан сөзүн келтирүүнү ыңгайы болуп турат.
“Көппүзбү, азбызбы – кеп анда эмес, кеп – биз жердеп турган жер кыргыз деген түптүү элдин чок борбору экенинде. Мына ушул жерде гана бизге мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Биздин улуттук маданиятыбыздын муктаждыктары жөнүндө сөз болгондо биерде силерден башка да улуттар жашайт деген мотивдерди каршы койгон адамдар да кездешет. Ырас, алар менен 100 жылдан ашуун убактыдан бери ынтымакта, эч кандай ыйкы-тыйкысыз, досторчо жашап келе жатабыз. Бирок алардын тилдери сакталып, өнүккөн, кубаттуу, негизги маданият борборлору бар. Немистердин аркасында бир эмес, эки Германия турат, өзбектердин болсо – бала бакчасы жана мектептер менен толук камсыз болгон өзбекстаны бар, дунгандардыкы – бүткүл Кытай, корейлердин да эки Кореясы бар. А эгер кыргыз маданияты ушу өз жеринде өнүгө албаса, башка эч жерде өнүгө албайт. Мына ушул жагдайды дайыма эсте тутуу зарыл” (Ч. Айтматов. Эне тил тагдыры. -Бишкек, 2009).
Эрмекова Жаңыл, Ноокен районун Кочкор-Ата шаарындагы №14 И. М. Губкин атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими
Комментарийлер