ДААНЫШМАН ПЕДАГОГ, УЮТКУЛУУ УСТАТ

  • 28.01.2022
  • 0

Кыргыз Республикасынын эл мугалими Бектур ИСАКОВ 80 жашта

Кыргыз Республикасынын эл мугалими Бектур Исаковдун мугалимдик тажрыйбасы, педагогика илимине сиңирген эмгеги, өлкөбүздүн билим берүү системасында өзүнчө бир доор болуп калды. Анын басып өткөн жолу, педагогикалык гуманизмге сугарылган философиясы кийинки муундарга чоң сабак. Инновациялык технологиялар менен тажрыйбаны айкалыштырган педагогикалык изденүүлөрүнөн жаралган окутуунун алдыңкы усулдары учурунда агай эмгектенген Талас районундагы Арал орто мектебинин базасында түзүлгөн “Алдыңкы тажрыйба мектебинде” жаңы табылгалар менен коштолгон окутуу концепциясы болуп, бүт республикага кеңири жайылтылган. Тынбаган чыгармачылык илимий изденүүлөрүнүн натыйжасында “Манас” эпосун, кыргыз тили жана адабиятын окутуу, ыйман сабагы боюнча 41 китептин, 259 илимий-усулдук макалалардын автору болду. Өзгөчө “Манас сабагы”, “Манас жана дүйнө борбору”, “Манас алиппеси”, 5-класс үчүн “Биздин адабият”, 8-класс үчүн “Кыргыз адабияты”, 7-класс үчүн “Кыргыз тили” мугалимдердин, студенттердин жана мектеп окуучуларынын колдон түшпөгөн окуу китебине айланган.

Бүт өмүрүн мугалимдик кесипке арнаган агайыбыз 1960–1965-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинде окуп, кыргыз тили, адабияты боюнча адистик билим алып, академиктер К.Юдахин, Б.Юнусалиев, профессорлор Х.Карасаев, З.Бектенов, К.Иманалиев сыяктуу чоң аалымдардын колунан сабак алып, беш жыл бою билим казынасы болгон китепканада китептерди казып окуп, терең билим алып, колуна диплом тийгенден кийин атайын жолдомо менен азыркы Кадамжай районуна барып, мугалимдик эмгек жолун Жданов атындагы мектепте баштаган. Ишке болгон чыгармачылык мамиле ошол кезде эле башталганын Тазабек Саманчиндин “Адабият мугалими” деген очерки далилдеп турат. Ошол кезде Педагогика институнда илимий кызматкер болуп иштеп жүргөн
Тазабек Саманчин иш сапары менен Бектур Исаков агай иштеген мектепке келип, анын адабият сабагына катышып, катуу таасирленген экен, ошол сабакты талдоосун көркөмдөп, очеркке айландырып, “Советтик Кыргызстан” гезитине жарыялаган. Жаш мугалимдин теманы терең ачып берген адискөйлүгү, классты уюштура билген сабак өтүү чеберчилиги текшерип келген инспекторго чоң таасир берген. Андан кийин Аксы районундагы Райкомол орто мектебине келип иштеп жүрүп, педагогикалык изденүүлөрүн “Мугалимдер газетасына” жазып турат. Ошол кездеги гезиттин башкы редактору, белгилүү жазуучу Жунай Мавлянов изденгич мугалимдин талантын байкап, гезитке ишке чакырат. Бектур агай гезитте бир жыл кабарчы болуп иштегенден кийин: “мектепти сагындым, менин ордум мектепте экен” деп гезитти таштап, өзү туулуп-өскөн айылындагы Талас районундагы Арал орто мектебине келип орношуп, иштеп калат.

Бектур агайдын илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүн үч этапка бөлүп карасак болот. Окууну жаңы бүткөн жылдары жолдомо менен түштүк аймагынын мектептерине барып иштеген мезгил – түйшүктүү, изденгич эмгек жолунун башталышы. Жаш кездеги алгачкы педагогикалык тажрыйбалары жөнүндө “Окутуп, тарбиялоо” деген китебинде жазган.

1973-жылы Бектур агайдын өз айылына келиши менен педагогикалык ишмердигин экинчи этабы башталат. Ошондо Арал орто мектеби өзүнчө эле педагогикалык изденүүлөрдүн өнөрканасына айланган десек болот. Мектеп турмушу жанданып, чыгармачылык атмосфера сезилип турчу. “Жаш калем” дубал гезити “Арал оттору” болуп өзгөрүп, мазмуну да жаңыланып, кызыктуу чыга баштады. Сүрөт тартканга шыктуу окуучулардын сүрөттөрү Алдияр Үмөтов агайдын жетекчилиги менен ай сайын “Жаш талант” дубал гезитине чыгып, Чокойбек Сулайманов агайдын жетекчилиги менен драмкружок иштеп, сценкалар, бир актылуу пьесалар коюлуп, мектептин радио гезити уюштурулуп, аралдыктар күндө бир маал радио тыңшап, жергиликтүү кабарлар менен бирге, окуучулардын адабий чыгармаларын угуп калышты. Жаныш Кулманов агай математикадан үйгө берилген тапшырманы окуучулар класста өздөрү бири-бирин текшерип, класстык журналга баа коюу мүмкүнчүлүгүн берди. Кийин Абдысадыр Турусбеков агай мектепте сүрөт галереясын уюштуруп, мектеп эстетикалык тарбиянын да очогуна айланган. Бул республикада биринчи жолу мектептин базасында уюштурулган сүрөт көргөзмөсү болгон. Ооба, катуу чектөөлөр коюлган тоталитаризм заманында Арал мектебинде Бектур агайдын демилгеси менен ушундай жаңы башталмалар болуп, эмгек жамааты жапырт чыгармачылык изденүүнүн үстүндө иштеген…

Агайдын окуучусу болгондонкийин, анын сабактарына кыскача токтолоюн. Кыргыз тили сабагында Бектур агай эрежелерди жаттатчу эмес. Тил сөздөн башталат эмеспи, сөздүн касиети, магиясы менен балдардын жан дүйнөсүн ойготуп, кыялына канат бүтүрүп, ой жүгүртүүсүн өстүрө турган илеси бар эле. Балдарды ушундай романтикалуу дүйнөгө алып кирет, анан сезими козголуп, кыялы чабыттаган балага бир сүйлөм түзүү тапшырмасы берилет. Класста жаралган чыгармачылык атмосферада окуучулар тогуз толгонуп, берилүү менен түзүлгөн сүйлөмдөр, албетте, ката болот, бирок алар баланын баёо дүйнөсүнөн чыккан алгачкы өз алдынча түзүлгөн сүйлөмдөр. Бардыгы эң жөнөкөй, бирок эң татаал ошол бир сүйлөмдөн башталат. Андан кийин окуучулар чакан тексттерди, эсселер, дилбаяндарды жазып башташат. Биз жогоруда белгилегендей, класста Бектур агай айткан ар бир сөз баланын көңүлүнө кыттай уюп, анын жан дүйнөсүн козгоп, шыгын ойготуп, чыгармачылык изденүүгө түртөт. Чыгармачылыктын ушундай өнүмдөрү окуучунун ой жүгүртүүсүнүн өсүшүнө, көз карашынын калыптануусуна, дүйнө таанымынын тереңдешине өбөлгө болот. Албетте, бул агайдын түн уйкусунан безип, издеген көп жылдык изденүүлөрүнүн жемиши, көптөгөн сыноолордон өтүп, иштеп чыккан усулу. Бектур агай окуткан ар бир окуучу сабаттуу текст жазганды мектептен эле үйрөнүп чыгат. Ушул усул өлкөбүзгө кеңири жайылтылса, мамлекеттик тилдин жүзөгө ашуусу камсыз болмок. Депутаттар, мамлекеттик кызматкерлер сабаттуу текст жазганды мындай коюңуз катасыз арыз жазганды билбей, иш кагаздарын кыргызчага өткөрүү иши аксап, жүзөгө ашпай, бул өзүнчө эле чоң көйгөйгө айланып отурат.

Адабият сабагында Бектур агай окуучуларды көркөм дөөлөттөр дүйнөсүнө алып кирип, чыгармалардын эстетикалык касиетин ачып, образдардын табиятын, чыгарманын композициялык курулушун “жиликтеп” ажыратып бере турган. Алыкул Осмоновдун нукура поэзиясын, Чыңгыз Айтматовдун повесть, романдарынын өзгөчөлүгүн, түбөлүктүү образдарын ар бир окуучунун жан дүйнөсүнө жеткирет.

Бектур агай – көркөм окуунун чебери. Адабият сабагында Аалынын, Жусуптун, Жоомарттын, Алыкулдун ырлары кырааты менен жаңырып, “Ажар”, “Бороондуу күнү”, “Жамийла” көркөм окулуп, ар бир окуучунун руханий дүйнөсүн байытып, эстетикалык табитин калыптандырган керемет дүйнөдө жашаар элек. Бектур агай дилбаян жазуунун өзүнчө усулун түзгөн. Жазуучулардын өмүр баяны, чыгармалары тууралуу дилбаяндар көркөм-эстетикалык талдоолор менен коштолсо, ыйман темалары боюнча: жакшылык, жамандык, ачкөздүк, марттык, абийир, ынсап маселелерин козгогон дилбаяндар окуучунун өзүнө өзү талдоо жүргүзүп, өзүн таанып билүүгө багытталган тарбиялык мааниси бар туундулар болуп саналат. Ал дилбаяндар ыр, кара сөз, пьеса түрүндө жазылып, ар бир жанрда окуучулар өздөрүнүн калемдерин сынап көрүшө турган. Окутуунун ушундай жаңы технологиялары менен агай кыргыз тилин жана адабиятын окутууну республикада жаңы деңгээлге көтөрүп, өрнөк болчу сабактарды уюштурган.

Бектур агай окуучулардын бардыгына бирдей мамиле жасачу. Ал биздин класска сабак бере баштагандагы бир окуя азыр да эсимде турат. Жаңы өтүлгөн теманы бышыктоо үчүн бала түшүндүбү ошону билейин дегенби, айтор арткы партада отурган окуучуга суроо берип калды. Ошондо класс: “Агай, ал сабак билбейт”, — деп бир ооздон айтсак болобу. Бектур агай биздин сөзүбүзгө: “Эмне үчүн билбейт, эң сонун билет”, — деп жооп кайтарып, балага ылымсып карап, жетелеме суроолорду берип, баягы сүйлөбөгөн окуучуну сонун эле сүйлөтүп, “эң жакшы” деген баа койгон. Ошентип, мурда мугалимдер “начар окуйт” деп көңүл бурбай келген бала тырышып окуп, жакшы окугандардын катарына кошулуп кетти. Көрсө, Бектур агай үчүн “жаман окуган окуучу” деген түшүнүк жок экен. Ал окуучуларга ызаат менен мамиле кылып, бардыгын жакшы көрүп, мээримдүү мамиле жасачу, жөнөкөй болгону менен талапты да катуу коё билчү. Бул анын тубаса педагогдук сапаттарын кашкайтып далилдеп турат. Ошол үчүн окуучулардын бардыгы агайды сыйлап, жакшы көрүшө турган. Бектур агай – миңдеген окуучуларды инсан катары жетилтип, калыптандырып уядан учурган устат. Агайдын жүздөн ашык окуучусу анын жолун жолдоп, кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп республикабыздын мектептеринде үзүрлүү эмгектенип, келечек муундарды тарбиялап жатат. “Жакшынын шарапаты” деген ушул эмеспи. Агайдын педагогикалык гуманизми анын акпейил, сабырдуу, адамгерчиликтүү сапаттары, баланы түшүнүү үчүн ага мээримдүү мамилеси менен тыгыз байланышкан.

Агайдын демилгеси менен Арал айылынан Улуу Ата Мекендик согушка кетип, кайтпай калган 226 жоокердин бардыгынын аты-жөнү, өмүр баяндары, туулган, курман болгон жылдары такталып, аларга атайын эстелик коюлуп, “Жеңиш монументи” деп аталган.  Эстеликте тегерете коюлган беш стеланын учтарынан беш турна асманга кайкып учуп, көтөрүлүп баратат. “Биз жеңишке айланып кеткенбиз” деген жазуусу бар бул эстелик-майданда набыт болгон жоокерлердин эрдиктеринин символу.

1990-жылы эл колдоп, Бектур агай СССР Жогорку Советине депутат болуп шайланып, тажрыйбалуу педагог катары билим берүү жаатын реформалоого өзүнүн салымын кошту. Эл агартууга жасаган эмгеги жогору бааланып, Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген мугалим наамы, андан кийин, Кыргыз Республикасынын эл мугалими ардактуу наамы ыйгарылды. Акыркы отуз жылда негизинен илимий изилдөө иштерин жүргүзүп, “Манас” эпосу боюнча окуу китептерин жазды. Өзгөчө “Манас” сабагы” китеби агайдын көп жылдык изденүүлөрүнүн натыйжасында эпосту терең изилдеп, сюжет, композициясын, образдар системасын ичкериден терең ачып берген, Манас таануу илиминде өзүнүн татыктуу орду бар бараандуу эмгек болду. Агайдын илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнүн үчүнчү этабы азыр да жемиштүү улантылууда. Улуттун уңгусун түзгөн уюткулуу педагог, улуу инсан катары биз Бектур агай менен сыймыктанабыз.

Бектур агай өзүнүн педагогикалык дүйнөсүн жаратты, ал иштеп чыккан көөнөрбөс алдыңкы окутуу усулдары – инновациялык технологиялары өлкөбүздүн билим берүү системасынын кенчине айланып, анын гуманисттик идеяларга сугарылган педагогикалык концепциясы Кыргызстандын агартуу системасынын өзөгүн түзүп турат.

4-февралда Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, Эл аралык коомдук Айтматов академиясынын академиги, 54 жыл ичинде 56 илимий-педагогикалык эмгек жазган Бектур Исаковдун 80 жылдык мааракесине карата Талас облусунда “Мугалимдердин курултайы” уюштурулат.

ДААНЫШМАН ПЕДАГОГ, УЮТКУЛУУ УСТАТ

 Аскар Медетов,
Ж.Баласагын атындагы  Кыргыз улуттук университетинин доценти

 

Бөлүшүү

Комментарийлер