Чолпонбек Тиленбаев 70 жашта: активдүү ишмердик жана албан жетишкендиктер

  • 15.12.2025
  • 0

Чолпонбек Тиленбаев 70 жашта: активдүү ишмердик жана албан жетишкендиктерАгартуу тармагынын ардагери, билим берүүнүн отличниги жана күжүрмөн ишмери Чолпонбек Тиленбаев 15-декабрда 70 жашка толду. 

Ардактуу агайды куттуу мааракеси менен куттуктап, окурмандарга анын иштеген кызматтары, жеке жетишкендиктери, ошондой эле анын ишмердүүлүгү менен байланышкан уюмдардын жана балдарынын жетишкендиктери жөнүндө маалыматтарды жарыялайбыз.

1973-жылы Нарын шаарындагы Токтогул атындагы орто мектепти аяктаган.

1-3 класс Кочкор району Калинин атындагы, 5-6 класс Тянь-Шань району Эмгекчил, 4 жана 7-10 класс Токтогул атындагы орто мектеп.

1971-72 жж. шахмат боюнча мектеп окуучуларынын арасында Нарын шаарынын чемпиону.

1971-1973-жылдары — математика жана физика боюнча Нарын шаардык олимпиадасынын жеңүүчүсү.

1972-ж. Тбилиси шаарында өткөн Бүткүл союздук мектеп окуучуларынын физика боюнча олимпиадасынын катышуучусу.

1973-78 жж.Кыргыз Мамлекеттик университетинин физика факультетинин студенти.

1974-жыл – ВЛКСМ Борбордук Комитетинин “Окуудагы эң жакшы жетишкендиктери үчүн” сыйлыгы.

1975-жыл – Якутияда «Квант» СКО командири. Студенттердин эмгек акысы: 604 рубль.

1976-жылы – Э.Маданбеков жетектеген университеттин «Күмүш кылдар» ансамблинин ритм- гитаристи.

Чолпонбек Тиленбаев 70 жашта: активдүү ишмердик жана албан жетишкендиктер

Алдыңкы окуучулары менен

1978-91 жж.. Нарын шаарындагы Чкалов атындагы орто мектептин мугалими, завучу.

1979-жыл. Чкалов атындагы орто мектептин командасы республикалык «Ак ладья» мелдешинде 3-орунду ээледи.

1980-ж. ВЛКСМ Борбордук Комитетинин «Эң мыкты комсомол мугалимине» төш белгиси менен сыйланган.

1988-жылы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин МЛУ курстарын артыкчылык диплому менен аяктаган.

1990-жылы альтернативдик негизде Нарын шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланган.

1991-жылы шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы жана Нарын шаардык кеңешинин президиумунун мүчөсү болуп шайланган.

  1. Москва областынын Дубна шаарында өткөн физика мугалимдеринин Бүткүл союздук фестивалынын катышуучусу. Уюштуруу комитетинин (СССР Педагогика илимдер академиясынын жана «Физика в школе» журналынын редакциясынын) Ардак грамотасы менен сыйланган.
  2. Көргөзмө куралдар боюнча мугалимдердин республикалык конкурсун катышуучусу, Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

1991-97-ж. Нарын ш. Чкалов ат. ОМ директору  

Чолпонбек Тиленбаев 70 жашта: активдүү ишмердик жана албан жетишкендиктер1992-ж. “Нарын областынын жана Кыргыз Республикасынын жыл мугалими”

1992-ж. Мектептин КТП-630 жана негизги имарат үчүн электр казан бөлмөсү курулган

1993-ж. Мектеп Эксперименталдык аянтча статусун алды

1992-94 жж. Шаардык уюмдарынын “Чкалов триатлону” мелдештери

1993-ж. Мектептин “Алтын балалык” вокалдык-аспаптык ансамбли уюштурулду

1993-ж. Окуучу А.Сатаров “Legasi International” аркылуу АКШнын мектептеринде болду

1993-ж. “Келечек” мектеп кооперативи түзүлдү

1994-ж. Англис тили мугалими Дж.Хилмайер, АКШнын “Тынчтык Корпусунун” волонтеру ( КР алгачкы ыктыярдуулар)

1994-ж. Сорос-Кыргызстан Фондусунун-(ФСК) пилоттук мектеби ( КР алгачкы мектептер)

1994-ж. Мектеп окуучуларынын мезгилдүү гезитинин чыгышы “Мектеп жарчысы”

1994-ж. Манасчы Ө.Токтогулов — “Мээрим” фондусунун республикалык сынагынын Гран-при жеңүүчүсү

1994-95-жж. кыш мезгили, мектептин жылытуу системасынан сууну төгүү жана февраль айында кайра ишке киргизүү (башка мектептер аны кайра иштете алышкан жок)

1995-ж. “Наристе” мектеп телестудиясы аймактык берүүгө чыга баштады

1995-97-жж. АКШ мектептеринде А.Арунова, Г.Жээналиева, А.Абдыбеков, Р.Монолбаев, Г.Тезекбаева, М.Айтиева, А.Албанова АКСЕЛС аркылуу билим алышкан. М.Айтиева АКШ президентинин грамотасына татыктуу болгон

1995-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттыгына талапкер.

1995-ж. Германиянын КР ББМдеги өкүлчүлүгү менен кызматташуу түзүлдү (Б. Барнбек)

1995-ж. Компьютердик маалымат борбору (метод борбору) (ФСК) ачылды

1995-ж. Англис тили борбору ачылды (ФСК, “Тынчтык Корпусу”, АКШ мектеби) (Жабдылышы, методикалык каражаттары боюнча мындай борбор КР да болгон эмес)

1995-ж. Кыргыз Республикасынын мугалимдеринин спартакиадасында шахматтан алтын медаль

1995-ж. Мектептин дебаттык командасы республикалык мелдешке катышты

1995-ж. Славян фонду (СФ) менен кызматташуу түзүлдү

1995-ж. Окуучу М.Абдыкапаров Кыргыз Республикасынын курама командасынын курамында Венгрияда өткөн эл аралык дебаттык турнирге катышкан

1995-ж. Түрк тилин үйрөнүү киргизилди

1996-ж. Орус тилин жана маданиятын өнүктүрүү борбору (ЦРРЯК) (ФСК, СФ) ачылды (Жабдылышы, методикалык каражаттары боюнча мындай борбор КР да болгон эмес)

1996-ж. Мектептин концерттик тобу Бишкек шаарынын “Сейтек” борборунда жана №5УКГ  концерт коюшту

1996-ж. Немис тили борбору ачылды (Б. Барнбек)

1996-ж. Мектептин окуу-материалдык базасын чыңдоо максатында марафон өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаевдин (50 000 сом) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин куттуктоосу.

1996-ж. Мектепке ПАЗ автобусу сатылып алынды

1996-ж. Идрисова Ж.- ФСКнын “Мөлтүр булак” республикалык конкурсунда Гран-при алды

1996-ж. Англис тили мугалими С.Бэйли, АКШнын “Тынчтык Корпусунун“ волонтеру

1996-ж. “Славян маданиятынын жана жазуусунун майрамы” республикалык фестивалга катышты

1996-ж. “Балдарды сактоо” Британ фонду менен кызматташуу түзүлдү

1996-ж. Кыргыз Республикасынын шахмат боюнча 1-спартакиадасында коло медаль

1996-ж. “Нарын облусунун мыкты спортчусу ” наамы менен сыйланган

1996-ж. Англис тили мугалими Д.Касымова тажрыйба алмашуу үчүн Эдинбургга (Шотландия) барды

1997-ж. Мектепте мугалим Т.Шамуратова ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окуу процессине тартуу боюнча долбоорду ишке ашыра баштаган (КР да алгачкы инклюзивдик билим берүү)

1997-ж. Немис тили мугалими Р.Насырова тажрыйба алмашуу үчүн Германияга барган

1997-ж. Жумакадырова М. АКШ мектебинде (ФСК) окуу жылы окуду

1997-2000 жж. Нарын областтык билим берүү башкармасынын башчысы

1997-99-жж. Областтык «Славян маданиятынын жана адабиятынын майрамдары» фестивалы

2000-ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер.

2000-ж. Нарын областынын командасы шахмат боюнча алтын медаль жана Кыргыз Республикасынын мугалимдеринин спартакиадасында командалык 1-орун

2000-2004 жж. КР ББжМБ ЖББМЧМТМБББ начальниги, аппаратынын башчысы

2002-жылы АКШнын Кентукки штатынын “Луисвилл шаарынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылган.

2005-2010 жж. КР ПА жана АӨБ РДМВ долбоорунун Нарын облусу боюнча координатору

2006-2010 жж. Нарын облусунда 80 жамааттык бала бакча жана 60 балдар аянтчасы түзүлгөн. Бала бакчаларды камсыз кылуу боюнча Нарын, Атбашы жана Актала райондору республика боюнча алдыңкы орунга чыкты.

2010-2015 жж. Пенсионер, билим берүү долбоорлорунун фрилансери

2013-ж. Бишкектеги Алтын-Ордо жаңы конушунда футбол аянтчасы курулду

2015-2022 жж. “Манас” КТУнун жана ДШЦТ шахмат машыктыруучусу

2015-23 жж. “Манас” КТУ командасы Кыргыз Республикасынын Универсиадасынын бир нече жолку жеңүүчүсү жана байге ээси

Чолпонбек Тиленбаев 70 жашта: активдүү ишмердик жана албан жетишкендиктер2015-25 жж. Тарбиялануучуларынын арасында Азиянын жана Борбордук Азиянын чемпиондору Э.Шаршенбеков – спорт чебери, Н.Юнусов – спорт чеберине талапкер, Б.Жаныбекова – эл аралык чебер, байге ээси А.Жунусбекова – ФИДЕнин чебери бар. 2017-19 жж.  ЭлТР Билим каналында шахмат боюнча сабак берген

2021-ж. Кыргыз Республикасынын шахмат боюнча мыкты машыктыруучусу

2022-2023 жж.Бишкектеги француз тилин тереңдетип окутуучу №26 ГК директору

  • 2023- ж. Кружоктук иштерди жана кошумча билим берүү кызматтарын оптималдаштыруу максатында сабактардын графигинин структурасы өзгөртүлдү (5 күндүк окуу структурасы)
  • 2023- ж. Мугалимдер жана мектеп кызматкерлери сыйланышты:
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы,
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрт Ыраазычылык каты,
  • Франциянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин беш “Күмүш төш белгиси”,
  • Кыргыз Республикасынын Билим берүүнүн эки отличниги,
  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин бир Ардак грамотасы,
  • Кыргызпатенттин бир Ардак грамотасы,
  • Бишкек шаардык мэриясынын бир Ыраазычылык каты,
  • Бишкек шаардык кеңешинин үч Ардак грамотасы, \
  • Бишкек шаардык билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун беш Ардак грамотасы
  • Октябрь акимиатынын эки Ардак грамотасы,
  • Бишкек шаардык спорт жана жаштар саясаты комитетинин бир Ардак грамотасы
  • Октябрь райондук спорт жана жаштар саясаты комитетинин эки Ардак грамотасы. (Конкурстарда алган сыйлыктардан тышкары)

2023-ж. Мектепте үй-бүлө сынагы үч номинация боюнча өттү: Интеллектуалдык үй-бүлө, Чыгармачыл үй-бүлө жана Спорттук үй-бүлө.

2023-ж.  4 бүтүрүүчү ЖРТ “Алтын сертификатын алышты”

2023-ж.  6 бүтүрүүчү “Алтын Тамга” алды

2023-ж.  “Алтын сертификаттын” + “Алтын тамга” суммасы боюнча №26 ГК республика боюнча 1-болду

2023-ж.  Бишкектеги инновациялык мектептердин рейтингинде эң алдыңкы үч мектептин катарына кирген (№61 жана №69дан кийин).

2023-ж.  Мектептин шахматчылары Октябрь району жана Бишкек шаары боюнча мугалимдердин спартакиадасында 1-орунду ээлешти.

Чолпонбек Тиленбаев 70 жашта: активдүү ишмердик жана албан жетишкендиктер

2025-ж. 50 жаштан жогорку ышкыбоздор арасында шахмат боюнча дүйнөнүн чемпиону

2013-2025 жж. Китептер жазылып, басылып чыкты: “Школа Чкалова в переходный период”, “Мөмөлүү дарак”, “Мектепти башкаруу жана өнүктурүү: Мыйзам, Талап, Тажрыйба”-3 том, “Ферздин же аттын жүрүшү” кыргыз жана орус тилдерине, “Тактикалык ыкмалар” кыргыз жана орус тилдерине, “На пути к достижению цели”.

Балдары: Гүлкайыр, Нуршайым, Нургүл, Айжан  — төртөө тең орто мектепти жана университетти артыкчылык аттестаты жана диплому менен бүтүргөн; экөө алтын медаль менен сыйланса, Нургүл менен Айжан Жалпы республикалык тестирлөөдөн Алтын сертификатка ээ болушту.

 

 

Чолпонбек Тиленбаев 70 жашта: активдүү ишмердик жана албан жетишкендиктер

Гүлкайыр Кыргыз-Орус Славян университетинин экономика факультетинин бүтүрүүчүсү.

Ал бир нече жыл «Ала-Тоо» кинотеатрынын директору болуп эмгектенип, учурда «Синематика» тармагынын каржы менеджери жана Кыргыз Республикасынын Кино ээлеринин ассоциациясынын төрагасы.

 

«Кыргыз Республикасынын кинематографиясынын отличниги», «Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги» наамдары менен сыйланган.

Гүлкайыр Канн жана Венеция кинофестивалдарына Кыргызстандын атынан катышып, ата мекендик кинематографияны жайылтууга чоң салым кошкон.

Чолпонбек Тиленбаев 70 жашта: активдүү ишмердик жана албан жетишкендиктер

 

 

 

Нуршаим Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын бүтүрүп, Индиянын Бангалор шаарындагы Крист университетинде окуусун уланткан. Ал Бишкектеги Ага Хан Фондунда, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасында, Эл аралык Кызыл Крест комитетинде жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо-ДСУ уюмунда коомдук ден соолукту чыңдоо, саламаттык сактоо системаларын чыңдоо жана гуманитардык демилгелер боюнча иштеген. Учурда ал Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Афинадагы саламаттыкты сактоонун сапаты жана бейтаптын коопсуздугу боюнча бюросунда ДСУнун Европа аймактык кеңсесинде иштейт. 2025-жылы ал Scopus индексинде жана дүйнөлүк рейтингдердин биринчи квартильинде турган Journal of Global Health (Улуу Британия) беделдүү эл аралык илимий журналында жарыяланган.

Чолпонбек Тиленбаев 70 жашта: активдүү ишмердик жана албан жетишкендиктерНургүл Борбордук Азиядагы Америка университетинин экономика факультетинин бүтүрүүчүсү. Ал ошондой эле Будапешттеги Борбордук Европа университетинде магистратураны бүтүргөн, ал жерде кафедранын эң мыкты бүтүрүүчүсү аталган; анын дипломун филантроп Жорж Сорос өзү тапшырган. Женевадагы Эл аралык жана өнүгүү институтунунда докторлук диссертациясын жактаган. 2024-жылы ал өзүнүн макаласын Scopus индексинде индексацияланган жана дүйнөлүк рейтингдердин экинчи квартильинде турган кадыр-барктуу эл аралык Journal of Development Studies (Улуу Британия) академиялык журналында (Wiley тарабынан чыгарылган) жарыялаган. Борбордук Азиядагы Америка университетинде жана ЕККУнун академиясында сабак берген. Ал учурда Лос-Анжелестеги Калифорния университетинде (UCLA) жаңы изилдөө жүргүзүүдө (Фулбрайт программасы).

Чолпонбек Тиленбаев 70 жашта: активдүү ишмердик жана албан жетишкендиктерАйжан Борбор Азиядагы Америка университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Ал магистратураны Лондон университетинде жана Гарвард юридикалык факультетинде бүтүргөн. Эл аралык Кызыл Крест комитетинде, Германиядагы Макс Планк Фондунда жана Нидерландиядагы эл аралык юридикалык фирмада адам укуктары жана эл аралык гуманитардык укук боюнча иштеген. Айжан учурда Страсбургдагы Адам укуктары боюнча Европа сотунда Соттун бирине түздөн-түз жардам көрсөтүү аркылуу престиждүү квалификациясын жогорулатууу программасын өтүп жатат.

Магистратурада жана докторантурада окуу учурунда алар дүйнөнүн алдыңкы илим жана билим борборлорунда, анын ичинде Женева, Лондон, Бостон, Бангалор, Лос-Анджелес, Будапешт жана Жаңы Орлеан шаарларында, ошондой эле Норвегия, Шотландия, Италия, Израиль, АКШ, Түркия, Нидерланды, Канада жана башка өлкөлөрдө кыска мөөнөттүү программаларга жана курстарга катышкан.

Бөлүшүү

Комментарийлер