БИЛИМДҮҮ АЯЛ – ӨЛКӨНҮ ӨНҮКТҮРӨТ

  • 26.08.2021
  • 0

Кыргызстан Аялдар конгресси Эгемендиктин 30 жылдыгына карата эл аралык долбоордун алкагында, т.а. Кытай Аялдар федерациясынын, Кыргызстандагы Кытай элчилигинин жардамы менен тигүүчүлөр үчүн окуу борборун ачты.

БИЛИМДҮҮ АЯЛ – ӨЛКӨНҮ ӨНҮКТҮРӨТ

Кыргызстан Аялдар конгресси эки жылдан бери Кыргызстандагы Кытайдын атайын жана ыйгарымдуу элчиси Ду Дэвэнь менен бирге борбор калаада кыргызстандык айымдар үчүн тигүү борборун ачуу демилгесин көтөрүп келген болчу. Учурда ошол долбоор ишке ашып, Кытай Аялдар федерациясы Кыргызстандын айымдарына 60 тигүү машинкасын белекке берди. Андан сырткары тигүү борборун ачуу үчүн Аялдар конгресси борбор калаада жерди ижарага алып, ал жерге кайра эле Кытай элчилигинин жардамы менен, андан тышкары насыя алып, борбор курду.

БИЛИМДҮҮ АЯЛ – ӨЛКӨНҮ ӨНҮКТҮРӨТ

Борбордун ачылышына келген Кыргызстандагы Кытай элчиси Ду Дэвэнь куттуктоо сөзүндө Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн берилген жардам абдан маанилүү экенин баса белгиледи.

БИЛИМДҮҮ АЯЛ – ӨЛКӨНҮ ӨНҮКТҮРӨТ

— Бул эң жакшы долбоор — Кыргызстан менен Кытайдын кызматташтыгын, достугун бекемдеген. Коомдо аял чоң ролду ойнойт. Кытайда бай айымдар көп. Менимче, Кыргызстанда дагы көп аялзат экономиканы өнүктүрүүдө салым кошуп келатышат. Кытай кыргыз элине жардамын аябайт. Кыргызстан Эгемендигинин 30 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Кыргызстанга тынчтык, өнүгүү, ал эми кыргыз элине бакубатчылыкты тилейм! – деди элчи айым.

БИЛИМДҮҮ АЯЛ – ӨЛКӨНҮ ӨНҮКТҮРӨТ

Бишкектеги Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык колледжинин кол эмгек сабагынын мугалими Орукбаева Аязгүлдүн окуганына жети күн болуптур. Ушул аралыкта ал чөнтөк, жака салганды үйрөнүп, эки шым тиккенге үлгүргөн.  Конгресс кыз-келиндерди чогултуп, бекер окутуп жатканы баарына майдай жагып жатканын жашырган жок.

— Бир айдан бери 80 айымды окуттук, анын 40 айымын башка тигүү цехтерине жөнөттүк. Ал эми 40 айым ушул борбордо иштеп жатышат. Азыр тигүү борбору өтүнмө алып, акча таба баштады. Бул долбоордун бийик максаты — Кыргызстандын made.kg деген брендди кармап калышыбыз керек. Белорусия, Өзбекстан жеңил өнөр жайын аябай өнүктүрүп жатат. КМШ мамлекеттеринин арасында Кыргызстандын made.kg бренди абдан популярдуу, дүйнө жүзүнө белгилүү.  Ошондуктан брендди кармап калып, аны калыптандырып, дүйнө жүзүнө белгилүү кылуу үчүн Кыргызстан Аялдар конгресси салымыбызды кошолу деген чоң максатыбыз бар. Экинчиси, албетте, Кыргызстандын жеңил өнөр жайын өнүктүрүүгө салым кошуу, жана колдон келсе биздин жаштарды чет жакка чыгарбай өлкөгө алып калуу. КОВИД бүткөндөн кийин канча деген биздин кыз-келиндер Россияга үй-бүлөнү багалы деп кетип калышты. Кыргызстанда да жумуш ордун таап, мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүшүбүз керек, — дейт Кыргызстан Аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышева.

Кыргызстан Аялдар конгрессинин мүчөлөрү жарым миллионго жетиптир. Конгресстин эң биринчи максаты – ар бири аялзатка, конгресстин мүчөсүнө жардам берүү. Ал өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө да салым кошуп, билим алганга да жардам берип келатат.

БИЛИМДҮҮ АЯЛ – ӨЛКӨНҮ ӨНҮКТҮРӨТ

— Билимдүү аял балдарына билим берет, аны өнүктүрө алат, көп жакшы иштерди жасай алат, Кыргызстанды өнүктүрөт. Борборго окуйм, билим алам деген айымдардын баары келсе болот. Окутуу акысыз, болгону сертификатка 500 сом төлөйт. Жумуш ордун таап беребиз. Бул конгресстин 28 жылдан берки 77 долбоору. Тигүү машиналарын элчи өзү алдырды. Имаратты насыя алып курдук, ай сайын банкка 244666 сомду төлөп турушубуз керек. Баардык жасаган иштин баары келечек үчүн. Кытай тарабынан 1,5 млн. сом жардам берилди, — дейт З.Акбагышева.

Иш-чаранын жыйынтыгында Кытай элчилиги менен Аялдар конгресси ортосунда Меморандумга кол коюлду. Ошондой эле элчи айымга “Кыргызстандын аялдары” энциклопедиясы тапшырылды.  Ал эми Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун үлгүлүү “Байчечекей” этнографиялык тобунун жана ушу боюнча мектептин тарбиялануучулары чакан концерт тартуулашты.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер