БИЛИМ СЕРЕСИНДЕГИ ИЙГИЛИК
- 02.03.2026
- 0
Окуучулардын республикалык предметтик олимпиадасынын III (облустук) баскычы жыйынтыкталды. Алсак, Нарын облусу боюнча 1-орунга Кочкор району, 2-орунга Ат-Башы районунун окуучулары алдыга чыгышты. Билим алуу — ийне менен кудук казгандай. Ал эми ошол кудуктан суу чыгарып, элге пайдасы тийген адам болуу үчүн талыкпас эмгек жана туура багыт берген насаатчы керек. Жакында эле Б.Иманалиев атындагы билим берүү мектебинин босогосунда чоң кубаныч болду. 11-класстын окуучусу Нурланова Акылай химия предмети боюнча боюнча облустук олимпиадада биринчи орунду багындырып, мектебинин гана эмес, бүтүндөй райондун сыймыгы болсо, ушул эле райондун И. Арабаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин 10-классынын окуучусу Маратов Айбек химидан 2-орунга чыгып, республикалык олимпиадага даярданышууда. Ушул эки окуучу жана аларды окуткан мугалимдери тууралуу азыноолак кеп кылалы.
Ийгиликтин башаты
Нурланова Акылайдын бул ийилиги кокустук эмес. Химия — элементтердин тилин табууну, татаал формулалардын сырын чечүүнү талап кылган татаал илим. Бул татаалды жөнөкөйлүккө айландырып, окуучунун зиректигине билим отун жаккан инсан — тажрыйбалуу мугалими Чолпон Супатаева.

— Чолпон эжейдин окуу усулу өзгөчө. Ал жөн гана теория үйрөтпөстөн, химиялык реакциялардын артындагы логикасын, жашоо менен болгон байланышын ачып бере алат. Мугалим менен окуучунун ортосундагы бекем ишеним жана биргелешкен аракет Акылайдын билим деңгээлдеги эң жогорку аракетке алып келди, — дейт Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мирзат Мамбетова.
Эмгек жана максат
Олимпиадага даярдануу үчүн Акылай күнү-түну китеп менен дос болду. Татаал маселелелерди чыгарууда Чолпон эжей аны жол көрсөтүүчүсү, дем берүүчүсү болгону талашсыз.
— Акылайдын өзгөчөлүгү — анын жоопкерчилигинде жана изденүүсүндө, — дейт мугалим.
Ал эми Акылай үчүн Чолпон эжей жөн гана мугалим эмес, илимдин ашууларын бирге ашкан ишенимдүү насаатчысы.
— Бул жеңиш — менин мугалимимдин мага ишенгенинин жана берген билиминин натыйжасы. Химия дүйнөсү мени кызыктырат, ал эми Чолпон эжей ал дүйнөнүн эшигин мага кенен ачып берди, — деп Акылай өз кубанычы менен бөлүштү.
Келечекке кадам
Облустук олимпиадада жеткен ийгилиги — бул чон жолдун башталышы гана. Алдыда республикалык баскыч жана андан да чоң сыноолор турат. Бирок Б.Иманалиев атындагы мектеп миңдей күчтүү сынактар бар буга, жетүүгө жеңиштер алыс эмес деп ишенели.
И. Арабаев мектебинде STEM сабактарынын ийгиликтери
Нарын облусунун Кочкор районундагы И. Арабаев атындагы жалпы билим берүү мектебинде химия мугалими Рысбек Мойденовдун жетекчилиги менен 10-класстын окуучусу Айбек Маратов республикалык олимпиадага даярдалууда. Маратов Айбек республикалык олимпиаданын 3-баскычында химия предмети бтюнча 2-орунду камсыз кылды.
— Учурда өлкөбүздө STEM предметтерин окутууга мыкты шарттар түзүлгөн. Ар бир STEM предметинин өзүнүн материалдык-техникалык базасы бар кабинеттери менен камсыздалган. Быйылкы окуу жылдын башында мугалимдерге «Алтын Казык» программасынын алкагында ноутбуктар берилген, жайында 12 жылдык билим берүү стандартына ылайык жаңы методикалар жана жасалма интеллект боюнча окутуу өтүлгөн. Мына ушундай бардык шарттардан пайдаланып, сабактар жогорку деңгээлде өтүлүп, окуучуларды олимпиадага даярдоо жеңил жана натыйжалуу болуп жатат, — дейт Мирзат Мамбетова.
Элеттик мугалим Рысбек Мойденовдун айтымында, «бул түзүлгөн шарттар жана «Алтын Казык» ноутбугу менен окуучусун олимпиадага даярдоо өтө жеңил болгон. Бул жетишкендиктер окуучулардын алдыдагы ийгиликтерине чоң өбөлгө болот деген ишеничте.

Маратов Айбек болсо химия предметине өзгөчө кызыгып, келечекте медик болууну максат кылууда.
— Азыр жаштар окубайт дешсе, уялып калам, бирок билимге умтулган, изденген достор өтө көп. Кыргызстаныбыздын тынчтыкта болушу мени кубандырат. Республикалык олимпиададан чоң жетишкендиктерди жаратам деп ишенем. Мени окуткан агайыма жана шарт түзгөн ата-энеме терең ыраазымын. Сүйүктүү мектебимдин намысын артка калтырбайм, — деп окуучу.

Өлкө башчыбыз айтып кеткендей, апрель айынан баштап айлык маяна көтөрүлсө, мугалимдерди дагы да мыкты иштерди алып барып, жакшы көрсөткүчтөргө жетишүүгө мотивация берет.
— Буюрса, окуучуларымды олимпиадаларга даярдап, мыкты көрсөткүчтөргө жеткирүүгө чоң ишеничтемин, — дейт Рысбек Мойденов.
Илим-билимге умтулган Кочкор районунун бул мектеби келечекте дагы көп ийгиликтерге жетишет деген үмүт бар.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер