БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРИНИН НЬЮ-ЙОРКТОГУ ​ ДЕМИЛГЕЛЕРИ

  • 28.09.2022
  • 0

Алмазбек Бейшеналиев эгемен өлкөбүздүн тарыхында Бириккен Улуттар уюмунун эң зор жыйынында англис тилинде чыгып сүйлөгөн биринчи билим берүү министри болуп калды. Ал БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурган бир топ демилгелерди айтып чыкты.

Элибиздеги “Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат”, “Билимдүүгө дүйнө жарык” деген накыл сөздөр билим берүү тармагынын азыркы жетекчиси тууралуу айтылгандай. Бул жөн жерден айтылган мактоо эмес! Алмазбек Бейшеналиев төрт тилде: кыргыз, орус, түрк жана англис тилинде эркин сүйлөйт. Полиглот. Ушул артыкчылыгы башка сапаттарынын катарында эске алынып, мындан мурун да билим берүү тармагын,​ бир аз убакыт Кыргызстандын Женевадагы өкүлчүлүгүн жетектеди. Бул кызматтарга чейин ал АКШнын Түндүк Айова жана айтылуу Джон Хопкинс университеттеринде сабак берип, Варшавадагы Вистула университетинин чет тилдер институтунун директору болгон. Өкмөт аппаратында да, аймак таануу институтунда да жетекчилик кызматта иштеди. Эми кайра экинчи жолу билим берүү тармагын жетектеп жатат. “Сен мага тийишпе, мен сага тийбеймин” деген принципте иштебестен, өлкөнүн билим берүү тармагында эл күткөн реформаларды баштап отурат. Президенттин Жарлыгы менен мугалимдердин айлык маянасы 2-3 эсе жогорулап, бүтүндөй өлкө боюнча директорлорду конкурстук негизде тандоо жүрүүдө. Билим берүүдөгү мазмундук өзгөрүүлөр да унутта калган жок. Атайын кесиптик окуу жайларда, ЖОЖдордо мезгил талабына жараша жаңылануу аракеттери жүрүүдө. Жакында Бишкекте ЖОЖ ректорлорунун эл аралык жыйыны болуп өттү. Бул окуяга дүйнөлүк илимий коомчулуктун Кыргызстандын билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөргө берген жогорку баасы катары кароого болот.
Дүйнөлүк масштабдагы ректорлор жыйынына улай, реформатор министр 19-сентябрда, БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында Кыргызстанда 2022-жыл тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялангандыгын айтып, Кыргызстан бардык тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын глобалдык күн тартибинде жогорку деңгээлде сактоого умтуларын белгиледи. Муну менен эле чектелбестен, министр Кыргыз Республикасы дүйнөлүк коомчулукка БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясын кабыл алууну жана тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди ишке ашырууну сунуштап жаткандыгын билдирди. Алмазбек Бейшеналиев тоолуу өлкөлөрдүн досторунун тобун расмий түрдө БУУга институтташтырууну жана жаңы мүчөлөрдү кабыл алууну сунуш кылды. Буга кошумча Глобалдык тоо университетин түзүү менен тоолуу жамааттардын жашоосун биргелешип изилдөө үчүн лабораториялары бар улуттук академиялык институттардын тармагын түзүү демилгесин көтөрдү.
“Баарыбыз бир максатка биригишибиз керек. Ал — биз жашап жаткан тоолорду сактоо жана коргоо. Келгиле, чогуу иштейли!”, — деди Алмазбек Бейшеналиев.
Кыргызстандын тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча эл аралык кызматташтыкты бекемдөө сунушун бир добуштан колдоого алган бул тарыхый жыйынга Андорра, Бутан, Венгрия, Казакстан, Лесото, Малави, Никарагуа жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери, ошондой эле Дүйнөлүк банк, ПРООН, ЮНЕП, ЮНИДО ж.б. эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кирген 90дон ашуун делегат катышты. Кеңешменин катышуучулары кыргыз тараптын бул иш-чараны уюштуруудагы демилгесин жогору баалап, тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу боюнча кыргыз тараптын аракеттерин колдоорун билдиришти.

-Бул глобалдык окуялардын маанилүүлүгү, аларга даярдык көрүүнүн жүрүшүндө дүйнөнүн алдыңкы окумуштуулары тоолорго масштабдуу изилдөөлөрдү жүргүзүп, алардын адамзаттын, өзгөчө жакыр жана өнүгүп келе жаткан тоолуу өлкөлөрдүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн зор маанисин далилдегендигинде, — дейт белгилүү окумуштуу жана коомдук ишмер Кулубек Бөкөнбаев  Кыргызстандын бул жааттагы акыркы аракеттерине баа берип.
2022-жылы 21-сентябрда, өзүнүн Нью-Йорктогу сапарында, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Улуттук же этностук, диний жана тил боюнча азчылыктарга кирген адамдардын укуктары жөнүндө Декларациянын кабыл алынганынын 30 жылдыгына арналган Жогорку деңгээлдеги жыйынга да катышты.
Отурумдун ачылышында БУУнун Генералдык Ассамблеянын 77-сессиясынын төрагасы Чаба Көрөши жана БУУнун генералдык катчы Антониу Гутерриш өзү катышып, чогулгандардын алдында сөз сүйлөгөнү каралып жаткан маселенин орчундуу экенинен кабар берет.
Алмазбек Бейшеналиев өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын элинин курамында 100 улуттун өкүлдөрү камтылганын, улуттар аралык мамилелер жаатындагы мамлекеттик саясат өлкөнүн стратегиялык милдеттеринин бири экенин айтты. Министр Кыргызстан этникалык, маданий, тил жана диний өзгөчөлүктү урматтоону эске алуу менен адам укуктарын коргоого жана демилге берүүгө, этномаданий өзгөчөлүктү чагылдырууга, сактоого жана өнүктүрүүгө шарттарды камсыз кылууга умтуларын баса белгиледи.
Азчылыктардын укуктарын талкууга алган бул жыйынга дүйнөнүн 90дон ашык өлкөсүнүн, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Маалымат үчүн айта кетсек, өткөн жылы Кыргызстандын демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюму 2022-жылды — «Эл аралык тоолор жылы» деп жарыялаган. Тиешелүү резолюция 2021-жылдын 16-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын пленардык жыйынында кабыл алынган. Бул 2002-жылы өткөн Биринчи глобалдык Бишкек тоо саммитинин 20 жылдыгын белгилөө максатында демилгеленген. Бул Кыргызстандын демилгеси менен кабыл алынган тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча үчүнчү резолюция болуп эсептелет. 2021-жылы 16-апрелде БУУнун Башкы ассамблеясынын 75-сессиясынын алкагында “Жаратылыш чек араны билбейт” деп аталган биринчи резолюция, 23-ноябрда ЮНЕСКОнун 41-сессиясынын пленардык жыйынында Кыргызстандын демилгеси менен “Мөңгүлөргө мониторинг жана изилдөө жүргүзүүнү кеңейтүү” деген жаңы резолюция бир добуштан кабыл алынган. Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы жөнүндөгү резолюция БУУга мүчө бардык мамлекеттер тарабынан бир добуштан кабыл алынды. Мындан тышкары, 93 мамлекет бул документти колдогон.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер