БИЛИМ БЕРҮҮГӨ 100 ЖЫЛ: ТРАНСФОРМАЦИЯ ЧАКЫРЫКТАР ЖАНА ЖАҢЫ ГОРИЗОНТТОР

  • 23.08.2024
  • 0

Бүгүн, Талас облусунда педагогикалык кызматкерлердин Август кеңешмеси К.Медетбеков  атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында өтүүдө. Иш-чарага 450дөн ашык катышуучу, анын ичинде билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана администрация өкүлдөрү катышууда.

БИЛИМ БЕРҮҮГӨ 100 ЖЫЛ: ТРАНСФОРМАЦИЯ ЧАКЫРЫКТАР ЖАНА ЖАҢЫ ГОРИЗОНТТОР

Билим берүүдө эң башкы фигура — Мугалим!

КРнын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова, Кыргыз Республикасынын эл мугалими  Бектур Исаков агай жана Талас билим берүү усулдук борборунун директору Салтанат Бейшенова катышуусунда өтүүдө.

Кеңешмеде билим берүү тармагындагы ар түрдүү маселелерди талкуулап, кѳйгѳйлѳрдү чечүүнүн жолдорун  аныктап,  окуу жылынын башталышына карата жаңы багыт берип келген чоң конференция —  мугалимдердин башат тамыры менен асыл-ой тилектери жетишкен ийгиликтери эң биринчи кезекте мектеп менен байланыштуу экенине С.Бейшенова токтолду.

БИЛИМ БЕРҮҮГӨ 100 ЖЫЛ: ТРАНСФОРМАЦИЯ ЧАКЫРЫКТАР ЖАНА ЖАҢЫ ГОРИЗОНТТОРБИЛИМ БЕРҮҮГӨ 100 ЖЫЛ: ТРАНСФОРМАЦИЯ ЧАКЫРЫКТАР ЖАНА ЖАҢЫ ГОРИЗОНТТОР

— Педагогикалык майданда баланы турмушка даяр инсан кылып даярдоо чоң илим. Ошол илимди пайдаланып, мекенчил, адамгерчиликтүү инсанды калыптандырып коомго кошуу биздин  эл алдындагы   ыйык милдетибиз!  Мектептин, бала бакчанын  миң түркүн түйшүгүн көтөрүп келе жаткан жалпы педагогдорго терең ыраазычылык билдлирем. Кыргызстанда билим берүү тармагы модернизациялоо алдында турганда Мугалимдердин август конференциясы жер-жерлерде масштабдуу өткөрүлүп жатат. 19-20-августта республикалык мугалимдердин Август конференциясына бардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери Ысык-Көлдө өткөрүлгөн иш-чарага катышып келдик. Россия менен Кыргызстандын инновациялык педагогикалык жетишкендиктеринин жарменкеси болуп өттү. Ошондой эле бир топ тематикалык секцияларда сабак-лекциялар, тегерек столдор өткөрүлдү. Баса белгилеп кетүүчү нерсе, Сингапурдан келген адистер өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, билим берүү системасындагы көйгөйлөр жана жетишкендиктер тууралуу ой бөлүштү. Азыркы учурда да PISA – 2025  Эл аралык сынагына даярдык иретинде математика сабагынын мугалимдерине алдыңкы технологиялар, жасалма интеллект менен иштөө боюнча сабактар өткөрүлүп жатат. Бул аткарылып жаткан иш-аракеттердин бардыгы эл аралык тажрыйба алмашуу менен бирге билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана масштабдуу трансформацияны ишке ашыруу максатында болуп жаткан иштер, — деди өз сөзүндө усулдук борбордун директору.

Андан соң ал санариптик билим берүүнүн  эң негизги максаты  — бул  жалпы билим берүүчү мектептердин окуу процессинде санариптик технологияларды колдонуу жана  окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттыруу менен билим сапатын жогорулатууга токтолду.

— Санариптик билим берүү менен эң жакшы сапат натыйжага жете алабыз. Азыр ааламдашуу доорунда бүт дүйнө жүзүндө санарип технологиялары өнүгүп жатканда Кыргызстан да бул процесстен артта калбай эң жакшы аракеттер көрүүдө. Билим берүүдө эң башкы фигура — Мугалим! Инвестицияларды биринчи кезекте мугалимдерге, окутуучуларга жана китепканачыларга, тарбиячыларга жумшаш керек. Билимдин кени, билимдин булагы — Мугалим!  Мугалим, тарбиячылар күчтүү болсо татыктуу билим тарбия болот. Окуучуга шыктандырып сабак өтүү үчүн мугалим өзү шыктанып иштөөсү керек. Ага коомчулук да, жетекчилик да,  үй-бүлө да көнүл буруп, шарт түзүп берүүсү зарыл.  Бир дагы тармак билим берүү сыяктуу көп реформаны көргөн эмес. Бул түшүнүктүү,  анткени билим берүү тирүү организм сыяктуу дайыма өзгөрүп, жаңыланып турат, анткени ал  коомдун турмуштун максаттары менен тыгыз байланышта. Коомдогу кичине эле өзгөрүүлөр, лакмус сыяктуу, билим берүү системасында чагылдырылып, ал өз кезегинде жашоонун бардык аспектилерине жана, албетте, анын сапатына таасирин тийгизет. Биз буга чейин башка көз карашта  жашап келгенбиз. Заман, адам өзгөрдү, азыр биз чоң өзгөрүүлөрдүн босогосунда турабыз. Жаңыча иштеп, жаңыча көз-карашты калыптандырып, жаңы мектеп, жаңы ой-жүгүртүүнү колго алыш керек. Ошентип, өзгөрүүлөрдү талдоого убакыт келди, — деди жетекчи өз сөзүндө.

Окуучунун билим сапаты мугалимге көз каранды

Жалпы орто жана кесиптик билим берүү коомдун таянычы экенин, келечектеги бакубат жашоо жана гүлдөп-өнүгүү — билим деңгээлинин сапаты менен түздөн-түз байланыштуу эмеспи.

Туура, окуучунун билим сапаты мугалимдин билим деңгээлинен көз каранды. Азыркы ааламдашуу доорунда качанкы университетте алган билим менен мугалим сабакка кирип жатканда ойлонушу керек.

— Окуучунун билим сапатын жогорулатуу үчүн мугалимдин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу зарыл. Ал кошумча курстардан өтүшү керек. Тажрыйба аламашуу максатында республикадагы эң алдыңкы мектептерге барып, башка облустардын ишмердүүлүгүн жеринен барып көрүп келүү менен мектептин иш-пландарын өзгөртүп жаңыча иштөөгө умтулуу зарыл. Ал үчүн коомчулук, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү унаа жагын чечип берүүгө кызыкдар болушу керек. Демөөрчүлөрдү тартканда жетекчилер ириде мектептин мугалимдерге инвестиция кылыңыздар, анткени мектептин билим сапатын көтөргөн мугалимдер экенин унутпасак. Ар кандай санариптик платформалар менен иштөөнү мугалим өзү билбей турса, ал кантип билим бериши мүмкүн? Мугалим өзү окуучудан үйрөнүп сурап атса, окуучунун алдында андай мугалимдин сөзү өтүмдүү болот деп ойлойсуздарбы? Ошон үчүн мугалимдерге шарт түзүп берүү менен биз аларды мыкты, кесипкөй мугалим кылуубуз зарыл. Мен мугалимдерди күнөөлөөдөн алысмын. Бирок замандын агымы менен алар дагы санариптик сабаттуулукка барышы керек. Өздөштүрүүсү зарыл, — деди С.Бейшенова.

“Академиялык иллюзия”

Сөзүн улай  жетекчи “Академиялык иллюзиянын” туткунунда жана андан чыга албай жатканыбызга токтолду.

— “Академиялык иллюзия” деген түшүнүктү англиялык психолог Джеймс Хемминг киргизген. Жөнөкөй мугалимден жогорку  кызматкерге чейин академиялык билим маанилүү экенине ынандыруу кыйын, бирок мектептен алынган билимдердин көбү талап кылынбаган бойдон калууда. Мектеп адамды ойлонууга үйрөтпөйт, балдар өз алдынча ой жүгүртө албайт. Авраам Маслоу белгилегендей, «мектепте билим алуу ой жүгүртүүгө эмес, курулай жаттоого, жөн гана баа алууга кызыкдар”. Мугалим  менен мамиле түзүүнү үйрөнүү керек. Басымды   жаттоого эмес өз ой-пикирин айтууга, өз  көз карашына ээ болууга үйрөтүү зарыл, — деди директор.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, С.Бейшенова 2024-2025-окуу жылында эске алуучу сунуштарды да  айтты. Ал: Билим сапатын жогорулатуу үчүн мугалимдердин кесипкөйлүгүн арттыруу керек. Өз предмети боюнча мугалим өзү изденип, изденүүнүн үстүндө иштөөсү зарыл. Ар кандай онлайн курстарды окуу менен өз предметин терең өздөштүрүү; район боюнча  “Жаш мугалимдер мектебин уюштуруу”;  мектепти башкарууну уюштуруунун сапатын жакшыртуу; “Ата-эне мектеп бириксе, балада болот келечек” дегендей,  мектептер ата-энелер менен иштөөнү колго алса, сапаттуу билим- тарбия болот; балдарга билим берүү менен бирге эле өз алдынча билим алуунун методикасын да үйрөтсөк. Баланын билимге болгон кызыгуусун АЭМ методикасы аркылуу ойгото алабыз; “Окуу керемет” долбоору менен иштөөнү жандандыруу; санариптик технологиялар аркылуу сабактарды жандуу, кызыктуу өтүү; ар бир мугалимдин иш столунда мамлекеттик жана предметтик стандарттын болуусу. Ар бир мугалим план жазууда стандарттарга таянуу зарыл.

Талас облусунда жалпы билим берүүчү 113 мектеп:  анын ичинен 101 орто мектеп, 4 толук  эмес  орто мектеп, 1 башталгыч билим берүүчү мектеп, 6 лицей,  1 мектеп-интернат бар.  2023-2024-окуу  жылында  облус боюнча   58450 окуучу  билим  алышты. Облус боюнча 9 мектеп капиталдык оңдоп түзөөдөн өттү. Калган 104 мектеп утурумдук оңдоп түзөө иштеринен өтүп, 2024-2025-окуу жылына даяр.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер