БАСМАЧЫЛЫККА ЖАҢЫЧА КӨЗ КАРАШТЫН ЗАРЫЛДЫГЫ
- 02.03.2026
- 0
Жылдыз Бакашова,
профессор, КУИАнын корреспондент -мүчөсү
Папан Дүйшөнбаев,
жазуучу, изилдөөчү, Эл аралык Айтматов сыйлыгынын лауреаты

Макалада Орто Азияда басмачылык кыймылдын башталуусуна себеп болгон саясый, социалдык жагдайларга саресеп жасалып, анын өзгөчөлүктөрү талданып, аны советтик мезгилде клишеге айланган бандиттик көрүнүш катары гана кароо тарыхый жактан туура эмес, анын ар бир аймактык көрүнүштөрүнө жана негизги корбашылардын ар биринин максаттарына, иштерине жараша дифференциалдуу мамиле жасоонун зарылдыгы белгиленип, кыймыл 1918-жылы улуттук боштондук күрөш катары башталган менен сырткы жана ички таасирлерден улам көп жагынан деформацияланып кеткен,бирдиктүү күчтүү башкаруу, тартип, зарыл нерселер менен камсыздандырып, жабдуу жок жерде жакшы максаттардагы күрөштөр деле эртели кеч андай көрүнүштөргө айланат деген жыйынтык чыгарылат.
Басмачылык -жарандык согуштун гипортрофияга учураган бир формасы,жалпы элдик трагедия.Коомдо социалдык түзүлүштөр тектоникалык крүнүштөрдөй кескин өзгөргөндө, цивилизациянын даңгыр жолунан четте калган, басымдуу көпчүлүгү кат-сабатсыз, топтук, уруучулук психологияда, диндик догмаларда жашаган элдердин андай турбуленттик көрүнүштөргө карата инстинктивдүү рефлекстик реакциясы болгон. Андан чындыкты табуу үчүн түшүнүү, саясый, идеологиялык коньюнктураларсыз калыстык талап кылынат.
- Элдик боштондук кыймыл катары башталган
Басмачылык кыймыл 1917-жылдан 1933-жылга чейинки убакытты камтыйт. Анын активдүү фазасы азыркы Түркмөнстандын аймагында, Казакстандын түштүгүндө 1917-жылдан 1933-жылга, Ферганада, Кыргызстандын түштүгүндө 1917-жылдын аягынан 1924-жылга, ал эми Бухара эмиратынын аймагында 1920-жылдын аягынан 1933-жылга чейин созулган (1).
Анын өзгөчө күчөп кетүүсүнө Октябрь революциясынан кийинки улуттук саясаттагы катачылыктар, жергиликтүү элдердин укуктарын, кызыкчылыктарын эске албаган шовинисттик көрүнүштөр себеп болгон. Алсак, 1917-жылдан кийин Москвадагы борбордук бийлик тарабынан түзүлгөн РКП(б)нын Орто Азиядагы Бюросу, Түркстан иштери боюнча Өзгөчө (убактылуу) комиссиясы, Түрк комиссиясы деген сыяктуу органдардын жетекчилик курамына бир да жергиликтүү элдин өкүлү кирген эмес. Ага кошумча жергиликтүү славяндар- өзүнчө, биринчи дүйнөлүк согушта туткунга алынып, Орто Азияга жөнөтүлгөндөр- өзүнчө компартияларын түзүшкөн. Андай улуттук дискриминацияга нааразы болгон жергиликтүү элитадагылар ага жооп катары мусулмандардын компартиясын түзүшөт. 1917-жылы Кокон автономдуу облусунун түзүлгөндүгүн да ушул тутумдан кароо зарыл.Анын жетекчилери кийин Фергана өрөөнүндөгү алгачкы корбашыларга айланышкан. “Не случайно первые басмаческие банды во главе с одним из “правителей автономии”,-деп белгилешкен изилдөөчүлөр,-бывшим уголовным преступником Иргашем, вышли из недр “Кокандской автономии” (2:50).
Биз мында Эргеш гана эмес, Мадаминбек, Шермухаммед (көр Шермат), Калкожо, Мойдунбек да кылмыш дүйнөсүнөн чыккандар болгондугун кошумчалагыбыз келет. Мойдунбек Октябрь революциясына чейин бир нече ирет камалып, Сибирде каторгада да жүргөн. ”Мадамин бек, как и Иргаш, в 1913 г.за уголовные преступления получил 14 лет каторги. В дни Кокондской автономии он был начальником Маргиланской полиции и с помощью эсеров оставался на этом посту ещё некоторое время”(2:51).Алардын советтик бийликке каршы чыгуусунда канчалык деңгээлде саясый, мекенчилдик,диний мотивдердин болгондугун так айтуу кыйын, бирок алар Г.Котовскийдей эле инсан катары тайманбас эр жүрөктүүлүктөрү, авантюризм менен чектешкен тобокелчиликтери менен айрымаланышкан.

Ферганага салыштырганда Бухарада кеч башталгандыгынын себеби, эмират 1920-жылы октябрда кыйраган, же ага чейин басмачылыктын жаралуусуна саясый, социалдык негиз болгон эмес. Укуктук нормалары шариятка негизделген эмиратта ууруларга, талоончуларга ж.б. каршы аёосуз күрөш жүргүзүлгөн. Өлкөнүн тоо, чөл тараптарында Ферганадан, Хивадан ооп барган басмачылардын бирин-экин топтору болгон, бирок алар жергиликтүүлөргө тийишпеген.
Кызыл аскерлер 1920-жылы күзүндө эмиратты кыйраткандан кийин тактысынан кулатылган эмир Сейит Алим хан басып алуучуларга каршы күрөштүн идеологуна, уюштуруучусуна айланган. Бул жагынан анын аракети Кокон автономдуу облусунун жетекчилериникине көп жагынан окшош,бирок толук иденттүү эмес. Анткени, автономдуу облустун жетекчилери мыйзамдарга негизделген РСФСРдин курамындагы лайыктык өлкөнү курууну максат кылышса, эмират исламдык фундаменталисттик идеологияны карманган.
Советтик мезгилде Сейит Алим хан баштаган күрөш Кокон автономдуу облусунун мурдагы жетекчилеринин иш аракеттериндей эле басмачылык катары каралган.Бирок мында автономдуу облустта диндик жиктенүүлөр, алардын негизинде жаралган кагылышуулар болбогонун, ал эми мурдагы эмир газават жарыялаганын эске алуу керек. Газават- дини бузуктарга каршы элдешкис курөш дегенди, анда курман болгондор шейит катары эсептелерин билдирет.
Тарыхка кылчайсак, басмачылык мурдатан келаткан көрүнүш. Ал Борбордук Азияда Улуу октябрь төңкөрүшүнө чейин эле болгон. Алсак, Жунаид хан (Курбан Кемел уулу), ферганадагы бир катар талоончулар, “Дашнакцутюндун” Орто Азиядагы отряддары ага чейин эле басмачылык кылып келишкен. Алсак, майып Эргеш (сол чыканагы бүгүлбөгөн, ал кичи Эргеш деп да аталат) Фергана өрөөнүндөгү атактуу корбашыга айлангыча же 1914-жылдан тартып эле кербендерди, байларды талап-тоноп турган. Ал кедейлерге тийген эмес, тескерисинче талап-тоногондорунун бир бөлүгүн аларга таркатып берип турган (4:35). Дашнакчылар Бухарадан, Самарканддан Россияга, Кытайга бараткан кербендерди карактап, адамдарын өлтүрүп, кумдарга көмгөндөрү жөнүндө фактылар бар (4:64,65). Бирок алар кеңири масштабдарда эмес, айрым локалдык чөйрөлөрдө гана болгон.
Кеңири алганда Робин Гуд, Иван Сусанин, алардын ар кандай ипостастагы, масштабдардагы эпигондору деле басмачылар. Кызыл Армиянын катарында ар кайсыл убактарда согушкан Г.Котовский, Н.Махно сыяктуу командирлердин мурдагы иш-аракеттеринде басмачылыктын элементтери жетишерлик. Кызыл аскерлердин айрым отряддары деле талап-тоноолорго катышкан, экспропиарация же байлардын мал-мүлктөрүн, жерлерин ж.б. соттук чечимсиз тартып алып, айрымдарын өлтүрүп, көпчүлүгүн камап, сүргүндөргө айдоо мамлекеттин, коммунисттик идеологиянын атын жамынган чыныгы басмачылыктын өзү болгон. Айрым учурларда ырайымсыздыктары жагынан кызыл аскерлердин командирлери деле басмачылардан калышпаган. Түркстан фронтунун жетекчилигинин макулдугу менен атактуу корбашылардын үй-бүлө мүчөлөрүн, жакындарын барымтага алып, алар багынбаса жок кылуу киргизилген (3:73). Ал эми басмачыларга активдүү жардам көрсөткөн айыл кыштактардын калкын массалык түрдө кыруу да колдонулган.Маселен, Баткендеги Ак-Суу, Исфайрам дарыяларынын ортосундагы элдер басмачыларга активдүү жардам көрсөткөнү үчүн Фергана горнизонунун командири М.В.Сафонов эки кыштактын элин кырып салууга буйрук бергенде Чилмион ревкомун жетектеп турган Абдыкадыр Орозбеков каршы чыгып, ал кыштактарда жашагандардан кызыл атчандар отряддарын түзүү аркылуу элди сактап калган (2:159-160).
Басмачылыктын көрүнүштөрү Африкадагы айрым өлкөлөрдө азыр деле бар. Топторго биригип алып, ыңгайы келгенде, көбүнчө түндө айыл кыштактарды, жалгыз-жарым жүргөндөрдү карактап, талап, өлтүрүп, анан тоолордун, токойлордун же жунгли, саванналардын арасына кирип кетүү, бул- басмачылыктын жергиликтүү шарттарга ылайыкталган формалары болуп эсептелет.
1917-1924-жылдардагы, андан кийинки басмачылык кыймыл мазмуну, мүнөзү боюнча жарандык согуштун бир бөлүгү болгон. Ал 1918-жылы жаз айларында элдик боштондук кыймылдын бир көрүнүшү катары башталган. 1917-жылы 28-ноябрда түзүлгөн Кокон автономдуу облусун 1918-жылы январдын аягында, февралдын башталышында Москвадан келген 11 эшелон кызыл аскерлер, ферганадагы шаарлардан (анын ичинде Кызыл-Кыя, Сүлүктү да бар) жумушчу отряддар, дашнактар талкалап салгандан кийин аны жетектегендердин көпчүлүгү совет бийлигине ачыктан ачык каршы чыгышкан. Алардын катарына ички иштер министри Кичи Эргешти (Мухаммед Ибраим Хаджиев), Маргалаңдагы милицияны жетектеген Мадаминбекти, автономдуу облус кыйрап баратканда коргоо министринин милдетин аткарган Шермухаммедди (Көр Шермат), агартуу министри болгон Насыр хан Төрөвди ж.б. кошууга болот. Алардын каршылыгы, талабы адилеттүү болгон. Кокон автономдуу облусунун жетекчилери сепараттык максатты көздөшкөн эмес, РСФСРдин курамында өз алдынча административдик субьект болгулары келген. Бирок, алар совет бийлигин таанышпагандыктан, жетекчилеринин арасында славяндар болбогондуктан, экинчи жагынан айрымдарда “булар Кокон хандыгын кайра түзгөнү жатышат” деген шек жаралгандыктан эч кандай сүйлөшүүлөргө барбай туруп, аны жок кылууну чечишкен. Мында армяндардын дашнактары өзгөчө активдүүлүктөрүн көрсөтүшкөн. Деги эле алар түрк элдерине карата ырайымсыз болушкан. “С 1918 г. по 1919 г.под командаванием красным гвардейцем Осиповым дашнаки разграбили и залили кровью почти все города Ферганской долины и 180 селений.В городе Коконде за три дня было убито 10 тысяч мирных жителей, в Маргилане 7 тысяч, в Андижане 6 тысяч, в Намангане 2 тысяч, в Оше 2 тысяч, в Базар-Кургане и Сузаке 4,5 тысяч мирных жителей” (9:44). Жергиликтүү түрк элдерине карата андай чектен чыккан ырайымсыздыктары үчүн большевиктер 1919-жылы алардын отряддарын таркатууга аргасыз болушкан.
Мында 1930-жылы июнда Ибрагим бек Ооганстандын аймагында өзбектер, тажиктер компактуу жашашкан жерлерди бириктирип өзүнчө мамлекет түзгөнү калганда Ооган өкмөтүнүн макулдугу менен кызыл аскерлердин Я.А.Мелькумов (Акоп Мелькумян) жетектеген атчандар бригадасы кирип барып, алардын көбүн жок кылып, калгандарын бириндетип таркатканын, ага чейин ал двизиянын командири катары Бухара эмиратын кыйратууда өзгөчөлөнгөндүгүн эске сала кетүү зарыл. Я.А.Мелькумов 1922-жылы 4-августта колго түшкөн Исмаил Энвер пашанын денесин өзү кылычтап майдалаган (6).
Басмачылык кыймыл улуттук боштондук күрөшү катары башталган менен акырындап терс мазмундарга, багыттарга трансформацияланып кеткен. Ал көп жагынан обьективдүү мыйзам ченемдүү болгон. Анткени, басмачыларды эч ким курал-жарак, ок дары, дары-дармек, медициналык кызмат, азык-түлүк, унаа көлүк ж.б. жагынан туруктуу жабдыган эмес. Же басмачылык топторду камсыздап, жабдуучу интенданттык кызмат болбогон.Ошондуктан жакшы максаттар менен башталса деле ал кыймыл эртели-кеч сөзсүз талоончулук, каракчылык менен жашаган топторго айланмак.
Басмачылык кыймылдын көрүнүктүү өкүлдөрү: Ферганада-Мадаминбек, Шермухаммед (Көр Шермат), молдо Эргеш, кичи Эргеш, Мойдунбек, Калкожо, Барпы; Хива хандыгынын аймагында- Жунаид хан (Курбан Кемел), Эшик хан, Омор эфенди, Машаи Фараб, Бухара эмиратынын аймагында – мурда Түркиянын коргоо министри болуп иштеген Энвер паша, Ибрагим бек, Фузайл Максум (айрым булактарда Фузайл Максуд делет), Жармат Максум, Салим паша ж.б. болгон.
Басмачылык кыймыл Хива хандыгында 1914-1916-жылдары эле башталган. Туркмөндөрдөн чыккан, өзүн Жунаид хан деп жарыялаган (жунаид анын уруусунун аты) Курбан Кемел кербендерди, өзүнө каршы чыккан уруулардын айылдарын талап тоноп турган. Октябрь төңкөрүшүнөн кийин Хиваны басып алып, Асфандияр (Исфандияр деп да жазыла берет) ханды коркутуп, кандай буйрук берсе аткара турган марионеткасына айландырган. Асфандияр теги боюнча-өзбек. Кийин Жунаид хан аны өлтүртүп, ордуна анын бир тууганы Саид Абдулланы хан көтөрткөн. Жунаид хандын кошууну кээде 20 миңге чейин жеткен, көбүнчө 10 миңдин тегерегинде болгон. Анын кошууну салыштырмалуу курал-жарактар, ок дарылар менен жакшы камсыз болгон. Анткени ал хандын ордосундагы, анын аймагындагы чептердеги гарнизондордогу курал-жарактарды тартып алган. Падышалык Россия Каспийге чектеш, Аму дарыянын жээгиндеги шаарларда, чептерде курал жарактардын чоң корлорун сактаган. Алардын көбү да ар кандай жолдор менен Жунаид ханга өткөн.
Басмачыларга каршы күрөшүү үчүн 1919-жылы апрелде Түркстан АССРине караштуу атайын фронт түзүлгөн. Анын жетекчилигине аткычтар полку менен Ташкент козголоңун басууда өзгөчөлөнгөн, ошол убакта Ташкенттин коменданты болуп иштеп турган И.П.Белов дайындалган. Бирок аскерлер, курал-жарактар жетишпегендиктен, Борбордук аскердик жетекчилик менен түз байланыш болбогондуктан фронт сезилерлик ийгиликтерге жетише алган эмес. Ошондон улам Россиянын реввоенсовети Чыгыш фронтун экиге бөлүп, анын Түркстан фронтуна 14-августта М.В.Фрунзени командачы кылып дайындаган. Ал толук комплектиленбеген үч дивизия менен эле Орто Азияга келген. Ал деген алгач М.Фрунзенин карамагында 20 миңдей эле жоокер болгонун билдирет. Ал убакта Ферганада басмачылардын жалпы саны 50 миңден ашкан, ал эми Хива хандыгынын аймагындагыларды кошкондо 70-80 миңди чамалаган. Корбашылардын көбү тайманбас эр жүрөктүүлүктөрү менен айрымаланышкан. Жергиликтүү шарттарда алар жакшы согушкан. Бирок, жалпы Борбордук Азиянын масштабында түгүл, Фергананын, а түгүл Анжиан менен Кокондун аймагындагыларда да бирдиктүү жетекчиликтин, топтордо тартиптин жоктугунан жана аскер иштерине даярдыктары аздыгынан, курал-жарактар, ок дарылар, азык-түлүктөр, көлүктөрүнө жем-чөп жетишпегенден улам жеңилип турушкан. Алсак, Мойдунбектин кошунундагы миңден ашык адамда ар кандай үлгүлөрдөгү мылтыктар болгон менен көпчүлүк учурда ар биринде 3-4төн эле патрон болгон (7). Кагылышууларда аларды атып бүтүшөрү менен чегинүүгө аргасыз болушкан. Башка эмне кылышат? Кээде чет элдик үлгүлөрдөгү мылтыктарга айлап патрондор табылбай да калган. Кылычташуу үчүн да ок жаап турган тилкеден өтүү керек. Эгерде кызылдар беш атарлар, пулеметтор менен тынбай аткылап турушса, ал ишке ашкыс нерсе. Басмачыларга салыштырганда кызыл аскерлерди башкарып, машыктыруу, азык-түлүктөр, курал-жарактар, ок дарылар ж.б. менен камсыздоо жакшы болгондугу чечүүчү роль ойногон.
Басмачылык 1918-1922-жылдары Фергана өрөөнүндө аябагандай күч алган. Кыргызстандын түндүгүндө бирин-серин эле топтор пайда болбосо, кеңири кыймылга айланган эмес. Анткени, түндүк Кыргызстанда жашагандардын эстеринен 1916-жылдагы трагедиялуу окуялар кете элек болгондуктан элдин көпчүлүгү актарды, басмачыларды колдоодон баш тартышкан. Алсак, чүйлүк Лимарев деген кулак жергиликтүү Дардаң, Атыкан, Чортонбай, Бала Айылчы, Макалай деген бай-манаптарга жардам сурап барганда, алар: “биздин 1916-жылдагы көз жашыбыз толук кургай элек.Большевиктерге каршы чыкпайбыз” деп коюшкан (8:31).
Ферганада басмачылыктын өзгөчө күч алуусуна диндик факторлор да чоң таасирин тийгизген. Аймактын эли ошол убакта ашкере динге берилгендиги менен айрымаланган.Азыр деле ошондой. Алсак, 1917-1918-жылдарда жалпы Борбордук Азия боюнча орто эсепте 700-1000 миң адамга бирден мечит туура келсе, Ферганада ар 325 адамга бирден мечит туура келген (3:48). Тургундары 60 миң адамга чамалаш Кокондун өзүндө эле 382 мечит, 42 медресе, көптөгөн мектептер болгон (5:33). Ал эми медресе, мечиттер Куранды, шариятты, хадистерди үйрөтүп, кудайга сыйынуунун гана эмес, эзелтен кабарларды элге жеткирип, маанилүү маселелер боюнча пикир алмашып, бир пикирге келүүнүн, газаваттык идеяларды, чакырыктарды таркатуунун да жайлары болуп келген.
- Бир жактуу эмес, дифференциалдуу мамиле болушу керек
Ошентип, басмачылык кыймылы Орто Азияда жогоруда айтылгандай, көптөгөн факторлордун тарыхый бир учурда айкалыша калгандыгынан улам стихиялуу түрдө пайда болгон. Аны азыр толук улуттук-боштондук кыймыл катары идеалдаштыруу да, айыл-кыштактарды басып алып, элди талап-тоногондон, өтүргөндөн башка максатты көздөбөгөн баш кесер каракчылык катары мүнөздөө да туура эмес. Мүмкүнчүлүк жетишинче ар бир корбашынын ишине жараша дифференциалдуу мамиле болгондо гана тарыхый чындык, обьективдүүлүк сакталат.
Басмачылык кыймылды изилдеп, үйрөнүп, чечмелөө советтик мезгилде идеологиялык клишелерге, тарыхтаануунун деңгээлине жараша эволюциялык өзгөрүүлөргө учурап келген.Бул жагынан тарыхчы Т.Жаркынбаевдин басмачылык кыймылды изилдеп, чечмелөөнү: 1. Публицистикалык этап (1920-1930-жылдар), 2. Коммунисттик идеологиянын Сталиндик моделине ылайыкташтырылган этап (1930-1956), 3. Жеке адамга сыйынуудан арыла баштаган убак (1956-1965 жылдар), 4. Административдик-командалык башкарууга ылайыкташтырылган мезгил (1965-1985-жылдар), 5. Саясый, идеологиялык догмалардан бошоно баштаган мезгил (1985-жылдан кийинки) деп бөлүштүргөн этаптарына негизинен кошулабыз (9:6-19). Бирок андан кийинки мезгилдерде, өзгөчө 2000-жылдардан кийин басмачылык кыймыл идеалдаштырылып, баары улуттук-боштондук үчүн күрөшкөн патриоттор катары көрсөтүлө баштагандыгын да моюнга алуу керек. Мындай бир чектен ага полярдык каршылыкта турган экинчи чекке өтүп кетүү тарыхый чындыкка ылайык келбейт.
Биздин оюбузча, корбашылардан Кокон автономиясынын мурдагы жетекчилерин- Мадамин бек, Сейит Алимхан, Энвер паша, Салим паша, Ибрагим бек , Фузайл Максум сыяктуу инсандарды белгилүү деңгээлде улуттук боштондук үчүн күрөшкөндөрдүн катарына кошсо болот. Мында кыстара кетчү нерсе, 1920-жылдын башталышында Мадаминбек андан аркы күрөш элди кыйнап, жоготууларга учураткандан башка эч нерсе бербесине көзү жеткенден кийин 1200 атчаны менен большевиктерге багынган. Кийин ал кандай жыйынтыктарга келмек, мүмкүн Жунаид хан, Ахунжан сыяктууларга окшоп кайра басмачыларды жетектеп чыгат беле, ал жөнүндө айтуу кыйын, бирок ошол жылы майда Мадаминбектин эки тарапты элдештирүүгө баратып басмачылардын колунан курман болгону чындык. Ал өз амбициясынан элдин кызыкчылыгын жогору койгон.
Ал эми Мойдун бек, Калкожо, кичи Эргеш, Баяс, Аман палван ж.б. өз кызыкчылыктарын гана көздөшүп, өзгөчө жырткычтыктары менен айрымаланышкан. Аларды улуттук боштондук кыймылынын катарындагыларга кошуу- ал кыймылдын баркын кетирип, мазактаганга тете. Мойдун бек боюнда бар аялдардын курсактарын жардырып, жаш балдарды көк бөрү кылып тарттырып, колго түшкөндөрдү кыйнап, кулактарын, колдорун кесип, көздөрүн чукуп, мазактап ж.б. өлтүрткөн учурлар болгон (7).
Экинчиден, басмачылык бир гана Орто Азияга мүнөздүү эмес, коомдо саясый карама-каршылыктар, социалдык жарылуулар жаралып, мамлекеттик бийликтин күчү кеткен өлкөлөрдүн дээрлик баардыгында болуп келген жана болуп келе жатат. Аны Орто Азия элдерине гана мүнөздүү жапайычылыктын, жырткычтыктын бир көрүнүшү катары сыпаттоо тарыхый чындыкка ылайык келбейт. Басмачылыкка мүнөздүү көрүнүштөр Россияда да, Украинада да, Кавказда да, Орто Азиядагы славяндардын арасында да болгон. Ага бир мисал катары, жогоруда айтылгандай, Фергана аскердик горнизонунун жетекчиси М.В.Сафоновдун эки кыштактын элин толук кырып салууга буйрук бергенин, Түркстан фронтунун жетекчилигинин көрсөтмөсү менен корбашылардын, байлардын жакындарын барымтага алуу киргизилгенин, Т.Жаркынбаевдин эмгегиндеги чекист Богомоловдун кызыл аскерлердин талоондоруна каршылык көрсөткөн 50гө жакын дыйканды кылычтап өлтүргөнү сыяктуу бир катар фактыларды (9:174) көрсөтсө болот. М.Шолоховдун “Тынч Донунда” орус-казактардагы басмачылыктын айрым көрүнүштөрү жетишерлик чагылдырылган.
Азыркы мезгилге мүнөздүү рейдерлик тартып алуулар, саясый тополоңдордогу талап-тоноолордо деле басмачылыктын көрүнүштөрү бар. Ага мисал катары, Кыргызстанда 2005, 2010-жылдардагы окуяларды көрсөтүүгө болот.
Үчүнчүдөн, Түркиядан келген эмиссарлардын басмачылык кыймылдагы максаттарын, ролдорун өзүнчө ачып берүү талап кылынат. Тилекке каршы, ал өзүнчө тема, предмет катары карала элек. Дашнакчылардын жергиликтүү түрк элдерине карата ырайымсыздыктарынын себептери -алар кызыл аскерлердин аттарын жамынып алып Туркияда 1915-жылы болгон окуялар үчүн өзбектерден, түркмөндөрдөн, кыргыздардан өч алышкан деген версия бар. Билишибизче, Өзбекстанда бул темада илимий макалалар, монография да жаралды. Азырынча бул маселе Кыргызстанда өзүнчө тема катары изилденип, үйрөнүлө элек.
3.Социалдык, сапаттык курамдары
Кандай жакшы максаттарды көздөбөсүн туруктуу интенданттык кызматы жок куралдуу топтордун баары болбосо да басымдуу көпчүлүгү эртели-кеч басмачылыкка айланат. Өз иштерин улантуу үчүн аларга андан башка арга калбайт. Анын үстүнө баардык кыймылдардай эле басмачыларга өздөрүнүн жекече кызыкчылыктарын, максаттарын ишке ашыруу үчүн кошулгандар да көп болгон. Кызыл аскерлердин арасында деле андай адамдар аз кездешпеген. Элди талап-тоноо жагынан кызыл аскерлердин айрым отряддары деле басмачылардан калышкан эмес.
Басмачылык Орто Азия элдерине аябагандай оор залакасын тийгизген. Фергана өрөөнүндө эле кандуу кагылышуулардан жана ачарчылыктан 300 миңден ашык адам өлгөн. Өнөр жайынын, айыл чарбасынын жана сугат системасынын 70 пайыздан ашыгы талкаланган. Алсак, 1922-жылы мурда пахта, күрүч, эгин ж.б. өстүрүлуп келген сугат жерлердин 50 пайызы айдалбай калган (9:54). Кийинки жылы деле ошондой болгон. Аймакта реалдуу массалык ачарчылык башталганда элди тукумкуруттан Россиядан жөнөтүлгөн азык-түлүктөр, жер иштүүчү шаймандар сактап калган.
Бирок, кандай өңүттөрдө чечмеленбесин корбашылардын, басмачылардын көбү эли-жерине күйгөн инсандардан болушкан. Эл кырылып калчудай абалга тушуга баштаганын көргөндө алардын көбү массалык түрдө ыктыярлары менен багына башташкан. Алсак, 1923-жылдын августунан- ноябрына чейин Фергана өрөөнүндө 210го жакын корбашы, миңдеген басмачылар ыктыярлары менен багынып, курал-жарактарын тапшырышкан (3:87). Саясый, диний фанатиктери гана каршылык көрсөтүүлөрүн улантышып, көбү жок кылынса, калгандары чет өлкөлөргө качышкан.
Алардын отряддары сандык, сапаттык жактан ар кандай болгон. Эң чакан деген топтордун курамы 15-20 адамды түзсө, эң көптөрү 15-20 миңге чейин жеткен. Негизинен орто эсеп менен алганда ар корбашынын карамагында 300-400 адам болгон. Маселен, Аман палвандын тобундагылар кээде 1 миңге жакындаса, көбүнчө 400-500дөн ашкан эмес. Андан азайып кеткен учурлары да болгон.
Чет элдиктер менен байланыштары барлар англиялык винтовкалар, беш атарлар, пулеметтор, замбиректер менен да куралданышса, көпчүлүк топтордун куралдары негизинен бардеңкелер, тапанчалар, кылычтар менен чектелген.
Ал эми социалдык курамдарына келе турган болсок, басмачылардын басымдуу көпчүлүк бөлүгүн кедейлер, дыйкандар, мал баккандар түзгөн. Жалпы элдик андай колдоо болгону үчүн 1918- жылдын аягынан тартып-1920-жылга чейин басмачылык кыймыл Фергана өрөөнүнүн айрым ири шаарлардан башка жерлерин толук көзөмөлдөп турган. Катардагыларын айтпай эле коёлу, атактуу корбашылардын арасында деле жөнөкөй үй-бүлөлөрдүн арасынан чыккандары аз болгон эмес. Алсак, Мадаминбек, Көр Шермат, Кичи Эргеш, Калкожо, Мойдун бек сыяктуу атактуу корба-шылар жөнөкөй үй-бүлөлөрдөн чыгышкан. Ал эми Аман палван Октябрь революциясына чейин ар кимдерге жалданып, мандикерлик менен тиричилик кылып жүргөн. Бирок, большевиктердин өз жерлерине басып кирип, элге байыртан келаткан салт-санааларына сыйышпаган башкача жашоону, өздөрүнүн атеисттик идеологияларын, тартиптерин ж.б. киргизе баштоосу алардын мекенчилдик сезимдерине, намыстарына тийип, куралдуу каршылык көрсөтүүгө мажбурлаган. Эрктери, пассионардык угуттары күчтүү инсандар үчүн, тарыхта нечен ирет сыналгандай, ата журтуна башка өлкөлөрдүн аскерлери басып киргенден артык басынтуу да, кемсинтүү да жок. Экинчи жагынан басмачылыктын күчөөсүнө чет элдик эмиссарлар, диний фанатиктер таркаткан “мындан ары баары; жер да, суу да, аялдар да, балдар да ортолук болот. Элдин баарына мажбурлап чочконун этин, чөп-чарларды жедиртет” деген сыяктуу примитивдүү пропагандалар да түрткү берген.
Ошол эле мезгилде кызыл командирлердин, аскерлердин арасында байлардын, болуштардын, бийлердин жана ажылардын арасынан чыккандар да аз болбогонун белгилей кетүү зарыл. Маселен, кыргыздардын арасынан чыккан биринчи кесипкөй офицер Сулайман Күчүков убагында падышалык Россиянын эки аскердик окуу жайын аяктап, биринчи дүйнөлүк согушта өзгөчөлөнгөндүгү үчүн төрт орден менен сыйланып, штабс-капитан ченине ээ болуп келген. Ал адегенде басмачылык кыймылды колдоп, алардын катарында согушкан, бирок көп өтпөй большевиктердин катарына өтүп, кыргыздардан түзүлгөн кызыл аскерлердин отряддарын жетектеген (9:56). Басмачыларды каршы күрөштө өзгөчөлөнүп, акырында Мойдунбекти отрядын талкалап, өзүн колго түшүргөн Кадырбек Камчыбеков кадимки Курманжан датканын небереси. Ал эми Аксы аймагынан чыккан Арстанаалы Осмонбеков, Алишер Молдокеев, Асанбек Кабаев сыяктуу кызыл командирлердин аталары чөлкөмгө кеңири белгилүү болуштар, бийлер жана байлардан болушкан. Бир туугандардын жармысы кызылдардын отряддарында согушса, калгандары басмачыларды колдоп, алардын катарында жүргөн учурлар да кезигет. Алсак, кыргыз атчандар дивизионунун командири А.Осмонбековдун бир туугандарынын баардыгы (онго жакын) алгач басмачыларды колдоп чыгышса, ал 1918-жылы Белоруссиядан келгенден кийин аларды өз отрядына айдап киргизген менен айрымдары ага баш ийишпеген, басмачылардын арасында кала беришкен. К.Монстров өзүнүн “Дыйкандар армиясы” деп аталган отрядын алгач басмачыларга каршы согушуу максатында түзсө (анын штабынын башчысы падышалык Россиянын генералы болгон), кийин Мадамин бекке кошулуп, большевиктерге каршы согушкан. Мойдунбек да Мадаминбекке кошулуп кызылдарга өтүп, кайра басмачыларга кошулуп кеткен. Кызылдардын арасында жүрүп, басмачыларды аяп, аларга курал-жарактардан жардамдашып, керектүү учурда эскертип тургандар,басмачылардын арасында тымызындан кызылдарга жардамдашкандар да аз болгон эмес. Андай фактылар аз эмес. Анткени алардын көпчүлүгү мурдатан тааныш, айрымдары жылуу мамиледе да болушкан.
Бир сөз менен айтканда, советтик мезгилде саясый, идеологиялык клишеге айлангандай, басмачылык- жалаң бандиттик, ал эми кызыл отряддар- прогрессивдүү, эски Инжилдеги кудайдын аппак козусундай күнөөсүз, элге жыргалчылык алып келүүнү гана көздөгөн гумандуу мессиялык көрүнүштөрдөн болгон эмес. Ошондуктан аларды дүңүнөн эки лагердин бирине кошо салып, дүжүр клишелердин бирин жабыштыра коюу тарыхый чындыкка жакындабайт. Басмачылык- эл бирдиктүү лидери же идеясы жок, турбуленттик жана перманенттик социалдык өзгөрүүлөрдөн баштары адашып калган учурдагы, баласы-атасы, бир туугандар-бири-бирине каршы чыккан жалпы элдик трагедия. Тилекке каршы, биздин тарыхнаамада андай көрүнүштөр системага салынып, ошол мезгилдин саясый идеологиялык гана эмес, этникалык, социалдык жана психологиялык өзгөчөлүктөрүнүн тутумдарынан алынып изилденип, үйрөнүлө элек.
Резюмелегенде, басмачылык- жарандык согуштун эле бир бөлүгү.Коомдо социалдык түзүлүштөр тектоникалык түзүлүштөрдөй кескин өзгөргөндө, цивилизациянын даңгыр жолунан четте калган, басымдуу көпчүлүгү кат-сабатсыз, топтук, уруучулук психологияда, диндик догмаларда жашаган элдердин андай башаламан көрүнүштөргө карата стихиялуу реакциясы гана болуп саналат. Табийгый стихиялардай эле, андан чындыкты табуу кыйын. Кеңири алкактан алганда, аны издөө да пайдасыз.
“Корбашы” деген сөздүн семантикасына келе турган болсок (бул тууралуу ар кандай ойлор, божомолдор айтылып жүрөт.Орус тилдүү басылмаларда теңирден тескери чечмеленген учурлар да кезигет), ал өзүнүнүн түпкү маанисинде “канкор” дегенди эмес, “Тартип сакчыларынын башчысы” дегенди билдирет. Кокон хандыгында, Бухара эмирлигинде миршабдардын (күзөтчүлөрдүн) түнкү топторун жетектегендерин ошентип аташкан. Басмачылар да көбүнчө түнкүсүн жүрүшкөндуктөн алардын башчылары- “корбашы” деп аталып кеткен.
Биздин оюбузча, басмачылык кыймылды изилдеп-иликтеп, үйрөнүп, мүмкүнчүлүктүн жетишинче обьективдүү толук ачып берип,аңдап түшүнүү үчүн тарых илими жетишсиз, күчсүз. Ал “эки коон, бир дарбыздай….” кылып баягы эле фактыларды, окуяларды кайталай берет. Ага этникалык психологиянын, социологиянын жана философиянын айкалыш-тутумунан турган инструмент колдонулса гана ал оң натыйжасын берет. Ага В.Ключевский, Л.Гумилёв, А.Тойнби сыяктуу авторлордун эмгектери үлгү боло алат.
АДАБИЯТТАР
1.Туркстанский фронт. ru.wikipedia.ord
2.Орозов Т., Исаков Т., Эрдана бий менен Полот хандан А.Орозбековго чейинки тарых. Китепте: Абдыкадыр Орозбеков. Эскерүүлөр (Түзгөн К.Абдыкадыров). Б.: Салам, 2016.-280 б.
3.Зевелев А.И., Поляков Ю.А., Чугунов А.И., Басмачество: Возникновение, сущность, крах. Под редакцией академика И.И. Минца. М. “Наука”, 1981.- 244 с.
4.Князь Искандер. Небесный поход. Б. Раритет. 2016.-88 с.
5.Хедин С., В сердце Азии. М. “Ломоносов”, 2010.- 528.
- Мелькумов Я.А. ru.wikipedia.ord
7.Муэтдин-бек. ru.wikipedia.ord
8.Узбеков С., Северная Киргизия в период гражданской войны, Ф. “Илим”, 1973.-156 с.
- Жаркынбаев Т., Краткая история басмаческого движения в Ферганской долине (1918-1924 гг.). Архивные документы, материалы, фотографии и комментарии. Ош. Кагаз ресурстары, 2024.-204 с.
Комментарийлер