БАЛА БАКЧА:  МАМЛЕКЕТТИН МААНИЛҮҮ КАДАМДАРЫ

  • 26.12.2024
  • 0

Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү программасына тартылган балдардын көрсөткүчү 28,3%дан 44,3%га көбөйдү. Кандай жолдор менен өстү?

Негизинен төрт жолун белгилесек болот: биринчиси – кыска мөөнөттүү бала бакчаларды ачуу; экинчиси – ваучер механизмин киргизүү; үчүнчүсү – үй-бүлөлүк типтеги бала бакчаларды ачуу жана бала бакчалардагы уктоочу жайларды оптималдаштыруу жолу менен окуу мейкиндигине айландыруу.

Мындан тышкары, тээ токсонунчу жылдарда имараттары башка максатта пайдаланууга өтүп кеткен бала бакчалардын кайтарылышы, ведомстволук бала бакчалардын ачылышы, китепканалардын базасында жана, ошондой эле, “Энелер” мектеби демилгесинин алкагында ачылган өнүктүрүү борборлору да мектепке чейинки курактагы балдарды мектепке даярдоо милдетин аткарууга тартылууда.

Кайтарылган бала бакчалардын катарына Бишкек шаарындагы Чыгыш-5 кичи районундагы бала бакчаны кошууга болот. 948 миллион сомго бааланып мамлекеттин балансына өткөрүлгөн ал бала бакча мурда Фрунзедеги СССРдин 50 жылдыгы атындагы Электрондук эсептөөчү машиналар заводунун балансында турган. Аянты 2 800 чарчы метр болсо, жанаша жайгашкан жери бир гектардан ашкан.

Бала бакча 1993-жылы социалдык объектилерди ээликтен ажыратууга тыюу салган ченемдик-укуктук актыларды бузуу жолу менен жеке менчикке өтүп кеткен. Ал 1999-жылы жеке жаранга сатылган соң, 2009-жылы жакын туугандарына белекке берүү келишими аркылуу өткөрүлгөн. УКМК кызматкерлери бала бакчанын менчик ээлери бул социалдык мүлк аларга мыйзамсыз жол менен берилгенин түшүнүп, өз ыктыяры менен кайтарып беришкенин билдирди.

БАЛА БАКЧА:  МАМЛЕКЕТТИН МААНИЛҮҮ КАДАМДАРЫ

Ал эми Нарын облусунда, Талас шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы өзүнүн кызматкерлеринин балдары үчүн ведомстволук бала бакча ачты. Талас шаарында ачылган 150 орундуу “Мекен” бала бакчасынын жалпы аянты 25 сотых. Анын ачылышына барган УКМК төрагасы К.Ташиев бул тармактын кызматкерлеринин үй-бүлөлүк жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу аркылуу кызматтык күжүрмөн милдеттерин ийгиликтүү аткаруусуна өбөлгө түзөрүн баса белгилеп, башка аймактарда да бул мекемеге караштуу бала бакчалар куруларын убадалады.

Айрыкча акыркы эки жылда жаңы бала бакчалардын имараттары курулуп, өкмөттүк акселераторлор программасы ишке кирип, бош турган имараттарды бала бакчага айландыруу, бала бакчалардагы бош орундарды оптималдаштыруунун жана аймактык реформалардын натыйжасында жыл башында мерчемделген 40 пайыздан ашып олтурат.

Пайыздык көрсөткүч мындан да жогору болушу мүмкүн экендигин, себеби жеке менчик бала бакчаларга баргандардын баары эле статистикага илине бербестигин кошумчалай кетүү кажет.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жыл аягына чейин кенже курактагы балдарды өнүктүрүү кызматына 113 миң бала тартыларын билдирген эле.

Фактыга кайрылсак, биринчи нөөмөттөгү мектептерде, бош турган имараттарда 302 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылды. Китепканаларда жыл сайын 50 балдарды өнүктүрүү борбору ачылып, алардын саны 300гө жетти. Өкмөттүк акселераторлор долбоорунун алкагында 257 үй тибиндеги бала бакча уюштурулду. Натыйжада үстүбүздөгү жылы алты жаштагы балдардын 98 пайызы мектепке чейинки даярдоого тартылды.

Мектепке чейинки билим берүүдө жаңы курулган бала бакчаларга, бала бакчаларда кошумча тайпаларды ачууга, бала бакчалардагы уктоочу бөлмөлөрдү окуу бөлмөсүнө өзгөртүүгө 1,5 млрд. сом сарпталды.

БАЛА БАКЧА:  МАМЛЕКЕТТИН МААНИЛҮҮ КАДАМДАРЫ

Биринчи жолу мамлекеттик банктар бала бакчаларды курууга, оңдоого жана материалдык базасын жакшыртууга 3-5 жылдык мөөнөт менен 70 млн сомго чейин жеңилдетилген насыя бере баштады.

Республикадагы 14 бала бакчанын уктоочу бөлмөлөрү Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун көмөгү менен өзгөртүлүп түзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө фонд тарабынан аталган бала бакчалар балдардын жаш курагына ылайык төшөнчү, керебет, оюнчук, эмерек, идиш-аяк, ошондой эле санитардык жабдуулар жана турмуш-тиричилик буюмдары менен камсыздалды.

Бул долбоор үч жыл аралыгында ишке ашырылып, жыл сайын 570 бала бакчаны камтыйт.

Мектепке чейинки билим берүүнү каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук түрдө киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Бала бакчаларды ачууда мурда кездешкен тоскоолдуктар жоюлду, мындан ары бала бакча ачууну каалаган жеке ишкерлер мурдагыдай лицензия алуу милдетинен бошотулуп, кабарлоо жолу менен эле ача алат. Ал үчүн жеке ишкерлер акысыз окутуудан өтүп, сертификат ала баштады.

Республика боюнча китепканалардын алдында 300 эрте өнүктүрүү борбору иш алып барууда.

Эрте өнүктүрүү борборлору – билимге, маданиятка жана чыгармачылыкка ачылган терезе. Алар балдардын жашоосуна оң таасирин тийгизүү менен келечек муундун өсүшүнө салым кошот. Бул борборлордун негизги ишмердүүлүгү билим берүү программаларын, социалдык жөндөмдөрдү, чыгармачылыкты өнүктүрүү, ата-энелер үчүн колдоо, китепкана ресурстарын пайдалануу, балдардын камтылышын көбөйтүү багыттарын камтыйт.

Балдарды эрте өнүктүрүү борборлору ата-энелер менен балдардын сүйүктүү жайына айланды. Балдардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн шарт түзүлүп, оюндар, кол өнөрчүлүк жана башка иш-чаралар аркылуу чыгармачылык жөндөмдөрүн өркүндөтүп жатышат. Алар облус, шаарда эле эмес, айылдарда да жемиштүү иштөөдө.

Кыргызстанда 70 бала бакча жана балдардын 300 борбору ачылганын билдирген билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева өз сөзүндө президенттин колдоосу менен билим берүү жана илим тармагына салынган инвестиция арбып жатканын белгиледи.

Билим берүү жана илим министрлиги типтүү бала бакчаларды оптималдаштыруу долбоору Бишкек шаарында ийгиликтүү ишке ашырылып, трансформациянын негизинде 147 миң балага кошумча орун түзүүнү пландаганы маалым. Маалыматка ылайык, бала бакча ачууга лицензиялык тоскоолдук жоюлгандан бери кабарлоо жолу менен 52 бала бакча ачылып, үй тибиндеги бала бакчаларды ачкан жеке ишкерлер салыктан бошотулган.

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу бала бакча ачууга жеңилдетилген насыя бериле баштады. Насыя алууну каалагандар жылдык он пайызы менен беш жылдык мөөнөткө алат.

Дагы бир ийкемдүү жолу иштеп жаткан бала бакчаларды оптималдаштырып, трансформер керебеттерди коюу – балдарга орундарды көбөйтүүнүн эң жакшы ыкмасы болууда. Алсак, республика боюнча 4900 уктоочу жай бар, аларды оптималдаштырса дагы 147 миң балага орун даяр.

Алыскы айылдагы балдарды бала бакчага максаттуу түрдө тартуу үчүн ваучердик системаны киргизүү колго алынууда.

Мындан сырткары, көп кабаттуу үйлөрдүн астында бала бакча, балдарды өнүктүрүү борбору болсун деген талап коюлуп, аймактык-административдик реформанын натыйжасында бошогон имараттарды бала бакчага айландыруу ургалдуу ишке ашырылып жатат.

Жакынкы жана алыскы мамлекеттерде колдонулуп келаткан алгылыктуу ыкмалардын жардамы менен келерки жылы балдарды бала бакча менен камсыздоо деңгээлин мындан да жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү пайда болууда. Алсак, коңшуларыбыз Казакстан менен Өзбекстан колдонуп келаткан дөңгөлөк үстүндөгү бала бакча, жамааттык бала бакча, чакан топторго, мисалы, бир көчөдөгү балдарга гувернанттарды (тарбиячыларды) жалдоо, көчмө бала бакчаларды уюштуруу ж.б. ыкмаларын бизде эмне үчүн колдонууга болбосун?! Ал үчүн мамлекет тарабынан тиешелүү билими бар тарбиячыларга айлык маянасын төлөп берүү, балдарды окутууда керектелген окуу жабдуулары менен камсыздоо сыяктуу маселелер чечилиши шарт.

Мектеп жашына чейинки курактагы балдарын бала бакчаларга берүү менен 40 миңден ашык ата-эне эмгек рыногуна чыгып, үй-бүлөлүк бюджетине эле эмес, мамлекеттин бюджетине салык төлөмдөрүн төлөп, 1 млрд сомдон ашык пайда алып келиши күтүлүүдө. Андан тышкары, мектепке чейинки билим берүү секторунда 7120 жумуш орундары түзүлмөкчү.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер