БАЛА БАКЧА: КИЧИНЕКЕЙЛЕР ҮЧҮН ЧОҢ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР

  • 05.12.2025
  • 0

Мектепке чейинки билим берүү тармагы үчүн бул жыл жемиштүү жыл болду десек болот. Агартуу министрлигинин 2024–2025-окуу жылына карата расмий маалыматтары боюнча мектепке чейинки билим берүү жана даярдоо менен камтуу деңгээли мектепке даярдоо класстарын кошкондо 44,3% түздү. Учурда балдарды бала бакча менен камтуу 50% жетти. Биз төмөндө кандай жолдор менен ишке ашырылганына кыскача токтоло кетели.

Мектепке чейинки билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүү

Кыргыз Республикасынын жаңы “Мектепке чейинки билим берүү жана бала багуу” мамлекеттик билим берүү стандарты, Мектепке чейинки билим берүү уюмдары жөнүндө жобо, Мектепке чейинки уюмдардын типтүү уставы, Мектепке чейинки уюмдарда тамак-ашты уюштуруунун тартиби бекитилди. Ошондой эле 1 жаштан 6 жашка чейинки балдарды өнүктүрүү боюнча жаңы программа иштелип чыкты.

Республика боюнча жалпы 560 мектепке чейинки билим берүү уюмун түзүү иштери аяктады. Алардын ичинде 500 кыска мөөнөттүү бала бакчалары, 60 өнүктүрүү борбору ачылды. 570 бала бакчасынын уктоочу бөлмөлөрүн натыйжалуу пайдалануу жана кошумча топторду ачуу үчүн 927 млн сом бөлүндү. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 254 млн сомго көп.

БАЛА БАКЧА: КИЧИНЕКЕЙЛЕР ҮЧҮН ЧОҢ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР

Республиканын 358 типтүү мектепке чейинки уюмунда 419 кошумча топ ачылып, 10 707 бала кабыл алынды. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде иштеген кызматчыларга жеткиликтүү көңүл бурулуп, 502 тарбиячынын, 386 тарбиячынын жардамчысынын жана 100 ашык методист, музыка жетекчилери ошондой эле кир жуучу, санитарлар сыяктуу техникалык кызматкерлердин жаңы жумушчу орундары түзүлдү.

БАЛА БАКЧА: КИЧИНЕКЕЙЛЕР ҮЧҮН ЧОҢ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР

Санарип бала бакчалар

“Балалык” автоматташтырылган маалыматтык платформасында республикадагы бала бакчалардын менчик түрүнө карабастан, бардыгы бирдиктүү реестрге киргизилди.

Мектепке чейинки уюмдарга баруу үчүн ваучер берүү системасы толугу менен автоматташтырылып, төмөнкү платформада иштейт: balalyk.edu.gov.kg/accelerator/voucher

Ваучердик каржылоо пилоттук механизми

Жеке менчик бала бакчаларга ваучердик каржылоо пилоттук механизми киргизилип, анын негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү, көп балалуу үй-бүлөдөгү балдарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга атайын колдоо программаларынын алкагында айына 2 000ден 4 560 сомго чейин компенсация бериле баштады. Расмий маалыматтар боюнча 2025-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча 1 145 арыз катталган, алардын ичинен 374 ваучер статусундагы бала жеке балдар бакчаларына барууда.

Ваучердик каржылоонун пилоттук механизмин ишке ашырууга мамлекет тарабынан 4 032 800 сом каралган.

Агартуу министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чолпон Усенбаевадан алынган маалымат боюнча үстүбүздөгү жылдын декабрь айына карата ваучер алуу үчүн өлкө боюнча 1145 ата-энеден арыз түшкөн. Алардын ичинен 563 арыз социалдык маселелер боюнча комиссиядан каралууда. Азыркы учурда жеке менчик бала бакчага 374 бала бара баштады. Жалпы 235 жеке менчик жана үй тибиндеги мектепке чейинки билим берүү уюму “Балалык” системасында ваучердик мекеме болуп катталган.

— Бишкек шаары боюнча ваучердик механизм менен каржыланган жеке менчик бала бакчага барууну каалаган 437 арыз келип түшкөн. Анын ичинен 195 арыз каралып, ваучердик жеке менчик бала бакчаларга бара баштаган балдардын саны 115 болгон. Ал эми ваучердик мекеме катары 137 жеке менчик бала бакча катталган. Аймактарга бөлүп караганда Ош шаары боюнча 129 арыз кабыл алынып, 89 арыз каралган. Натыйжада 22 бала ваучердик жеке менчик бала бакчаларга бара баштаган. Шаарда ваучердик мекеме катары 35 жеке менчик бала бакча катталган. Баткен облусу боюнча 141 арыз түшсө, анын 84 арызы каралып, 77 бала бакчага бара баштады. Бул аймакта ваучердик мекеме катары катталган 18 жеке менчик бала бакча бар. Жалал-Абаддан — 65 арыз, Ош облусунан — 167 арыз, Ысык-Көлдөн — 55 арыз, Таластан — 13 арыз, Нарындан — 25 арыз жана Чүй облусунан 114 арыз түшкөн. Аймактарга бөлүп караганда эң көп арыз Бишкек, Ош шаарларынан, Ош, Баткен жана Чүй облустарынан экендиги көрүнүп турат жана ошого жараша балдардын эң көп саны да ошол аймактарга тиешелүү, — дейт башкармалыктын башкы адиси Чолпон Усенбаева.

Ваучердик механизмин пилоттоонун алкагында билим берүү компоненти үчүн республикалык бюджеттен Чүй облусунун Аламүдүн районундагы жана Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы ваучер статусун алган балдар үчүн, ал эми Баткен облусуна республикалык бюджеттен тамактануусу үчүн дагы кошулуп каржыланды. Мындан ары жеке менчик бала бакчалардын жетекчилеринин колу коюлган кызматтарды берүү жөнүндө актысы, балдардын катышуу табели, эсеп-фактурасы сыяктуу керектүү документтер электрондук түрдө айдын аягында министрликке тапшырылган соң каржыланып турмакчы.

Белгилей кетсек, пилоттук райондорго белгиленген квота Бишкек шаарында 200гө, Ош шаарында 90го, Ош облусунда 100гө жеткирилди. Ал эми Нарын облусунда 100 квота каралса, анын ичинен 5 эле бала ваучер стасун алган, ошондой эле Жалал-Абад облусунда 65 арыздан 7 гана арыз каралган.

Жеңилдетилген насыя

“Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген насыялоо” долбоорунун алкагында балдар бакчаларынын имараттарын куруу жана реконструкциялоо үчүн 10% үстөк менен насыялар берилүүдө. Ага ылайык жеке менчик бала бакча ачууну каалаган ишкерлер “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ААКсынан жеңилдетилген насыя ала баштады. Министрликтин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын расмий маалыматтары боюнча 5 жаранга жалпы 17 млн сомго жеңилдетилген насыя берилип, республика боюнча 4 жаңы бала бакча ачылган. 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 594 токтомунун негизинде “Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген насыялоо – 2” долбоору бекитилип, учурда экинчи этабы башталды.

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 415 “Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө” токтому менен бекитилген долбоордун биринчи бөлүгүн ишке ашырууга “Айыл Банк”, “Элдик Банк”, “Керемет Банк” ачык акционердик коомдору катышып, алардан алты субъектке 17,0 млн сом суммасына жеңилдетилген насыя берилген. Учурда долбоордун алкагында республика боюнча ачылган төрт мектепке чейинки билим берүү уюму 156 бала менен иштеп жатат.

БАЛА БАКЧА: КИЧИНЕКЕЙЛЕР ҮЧҮН ЧОҢ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР

Ошол төрт жеке ишкердин бири — Попенова Айзада Асылбековна өкмөттүк акселераторлор долбоорунун алкагында окуудан өтүп сертификатка ээ болгондон кийин, “Билим Тай” бала бакчасын ачкан.

— Мен алгач жеке ишкер катары катталып, өз ишмердүүлүгүмдү 2023-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарындагы Ак-Өргө конушунда үй тибиндеги бала бакча ачуу менен баштагам. “Билим Тай” деп аталган бала бакчабыз 25-30 орундуу. Бардык талаптарга жооп берет. Бөбөктөргө татыктуу тарбия, талаптагыдай билим берүү үчүн бардык шарттарды түзүп алганбыз. Ата-энелерибиз ыраазы. Тез эле ийгиликтерге жетишип, эл оозуна алынып калган себебинин бири ушул деп ойлойм. Анткени ата-энелер балдарына түзүлгөн шарттарды көрүп ыраазы болсо, бизге да жакшы маанай түзүлүп, андан да жакшы аракеттерди көрүүгө умтулабыз. Биздин бала бакчадагы тарбиялоо, билим берүүнүн мазмуну коомдун талабына шайкеш келет. Тарбиячыларыбыз бир нече сабактарды байланыштырып өтүшөт, — дейт ал.

Айзада Попенова мектепке чейинки билим берүү тармагында иштеген 20 жылдык тажрыйбалуу тарбиячы катары бала бакчанын ишин ичинен билет. Балдар менен иштеп, кичинекейлердин жан дүйнөсүнө аралашкандан ырахат алган адис, болочокто өз алдынча бала бакча ачуу кыялы минтип ишке ашканына ыраазы.

Жеңилдетилген насыя берүү механизми жеке секторду өнүгүүгө тартуу менен кошумча кубаттарды түзүүдө натыйжалуу курал болууда. Бирок беш гана насыянын берилгени программага катышуу шарттарын жеңилдетүүнү же маалымдуулукту жогорулатууну талап кылышы мүмкүн.

Мыйзамсыз менчиктештирилген имараттарды кайтаруу

2025-жылы мурда мыйзамсыз менчиктештирилген 25 бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылып, түз багыты боюнча пайдаланууга берилди. Бул ресурстарды калыбына келтирүү жана мамлекеттик активдерди максаттуу пайдалануу боюнча олуттуу жетишкендик десек болот.

2024–2025-окуу жылына карата мектепке чейинки билим берүү тармагы бир катар системалуу реформалар жана инфраструктуралык инвестициялар аркылуу олуттуу өнүгүүгө жетишип отурат. Жетишилген көрсөткүчтөр мамлекеттин адам капиталына багытталган саясатты активдүү ишке ашырып жатканын көрсөтөт.

Жыйынтыктар жана сунуштар

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында мектепке чейинки билим берүү жеткиликтүүлүк, сапат жана башкаруу жагынан олуттуу прогресске жетише алды десек болот. Арийне, алдыда дагы аткарыла турган иштер арбын. Агартуу министрлигинин адистери туруктуу өсүш үчүн төмөнкү багыттарга көңүл буруу зарыл экендигин белгилешет:

  1. Аймактардагы теңсиздикти кыскартуу үчүн айыл жергелерине багытталган өзүнчө программаларды күчөтүү.
  2. Ваучердик механизмди кеңейтүү, жеке сектордун катышуусун стимулдаштыруу үчүн компенсация өлчөмдөрүн жана шарттарын оптималдаштыруу.
  3. Материалдык-техникалык базаны модернизациялоо, эски имараттарды реконструкциялоо жана балдардын коопсуздугун жогорулатуу.
  4. Кадрдык потенциалды бекемдөө: тарбиячыларды даярдоо, кайра даярдоо жана мотивациялык механизмдерди жакшыртуу.
  5. Жеке сектор менен өнөктөштүктү кеңейтүү, жеңилдетилген насыяларды жеткиликтүү деңгээлде берүүгө жетишүү.

Жалпысынан алганда, бул тармактагы реформалар адам капиталынын сапатын жакшыртууга багытталган узак мөөнөттүү стратегиянын ийгиликтүү ишке ашып жатканын көрсөтөт.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер