АСЫЛ АДАМДЫН АТЫ ӨЧПӨЙТ

  • 20.12.2024
  • 0

Күлгүндөй 55 жаш курагынын 27 жылын кыргыз журналистикасы, эл агартуу тармагында эмгек өтөп өткөн чыгаан журналист Таштанбек Ашыралиевдин жаркын элесине арналган “Айылдын асыл адамы эле…” аттуу китеп жарык көрдү.

АСЫЛ АДАМДЫН АТЫ ӨЧПӨЙТ

Кыргыз элине ак эмгеги менен төбөсү көрүнгөн “атанын уулу” атыккан элибиздин татыктуу уулдары Бакыт Ашыралиев, Назарбек Ашыралиев, Данияр Ашыралиев атасынын калемдеш замандаштарын, үзөңгүлөш кесиптештерин, жакын туугандарын, улуу-кичүү айылдаштарын китептин таанытмасына чакырып, куран түшүрүп бата алышты.

АСЫЛ АДАМДЫН АТЫ ӨЧПӨЙТ

Уулу Бакыт Ашыралиевдин айтымында, атасынын көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак.

– Атабыз бул дүйнөдөн өткөнүнө быйыл туура 35 жыл болду. Артында калган балдары биз, жалгыз кызы Сагын эжекебиз, неберелери атабызды ар дайым эстеп келебиз. Атам жөнүндө жылуу пикир, көп ыраазычылык сөздөрдү угуп жүрөбүз. Ошол айтылгандар сөз боюнча эле калбай, кийинки муунга таберик эстелик болсун деген кыязда китеп чыгарсам деген изги тилегим бар болчу. Быйыл ошол тилегим ишке ашып, атамдын замандаштары, кесиптештери, туугандары айткан ой-пикирлерин чогултуп, “Айылдын асыл адамы эле” аттуу сүрөт-баяндары менен коштолгон китеп жарык көрдү.

Атам Таштанбек Ашыралиев өмүрүнүн 55 жашынын 27 жылын кыргыз журналистикасына эмгек өтөө менен өткөрдү. Республикалык “Кыргызстан пионери”, “Мугалимдер газетасы” гезиттеринде жооптуу катчы болуп иштеп, күлгүндөй жаш курагын, бар күчүн арнаган адам. Ал 1989-жылдын 8-майында, өзүнүн 55 жашка чыккан туулган күнүндө каза болуп калган. “Аз жашаса да, саз жашаган” атабызды эстеп ар жыл сайын куран окутуп турабыз, буга чейин 70, 80 жашка чыкканына байланыштуу көп элдин катышуусунда да куран окутуп келдик”, — дейт.

Чыгармачыл да, чарбакер да адам эле

1970–1980-жылдары Т.Ашыралиев менен бирге иштеген кыргыз эл акыны, белгилүү акын Жолон Мамытовдун өмүрлүк жары Меңди Мамазаирова маркумду чыгармачыл эле эмес, оокатка бүйрө, чарбакер адам эле деп эскерди.

АСЫЛ АДАМДЫН АТЫ ӨЧПӨЙТ

– Ал учурда “Мугалимдер газетасынын” башкы редактору белгилүү жазуучу Жунай Мавлянов болчу. Башчыбыздын ишке өтө жоопкерчиликтүү мамилесине, бекем тартипти талап кылганына жараша баарыбыз ошондой болгонго тырышчубуз. Эмгек жамаатындагы 30га жакын адам аябай ынтымактуу элек. Таштанбек агай өтө ак көңүл, өзүнүн ээлеген кызматына жараша жоопкерчиликтүү, бизден да ошону талап кылган адам эле, жазган макалалары да абдан жагымдуу, кызыктуу болчу. Агайды биз аябай чарбачыл адам катары да жакшы билчүбүз. Эсимде, бир жолу Жолон Мамытов экөөбүз кой союу керек болуп, карайлап киши издеп калдык. Жумуштан кимге айтарымды билбей агайга кайрылдым. Ал өзүнө гана тиешелүү жарк эткен маанайы менен бир жылмайып алды да, дароо макул болду. Үйгө келип “Саатыңды белгилеп кой, 20 мүнөттө соём” деди шайдоот. Айткандай эле 20 мүнөттө койду мууздап, терисин сыйрып койсо болобу! Анан куурдак кууруп, баарыбыз бапырап жыргап калдык. Биздин ынтымагыбызды кармаган кишилердин бири ушул киши болчу. Мындай ак көңүл, март кишини биз ар дайым эстеп, үлгү тутуп жүрүшүбүз керек, — деп эскерди.

“Турпатына жараша кашка башы, “Таштаке” деп сыйлашчу кары-жашы”

Агай иштеген “Мугалимдер газетасы” союз мезгилинде күпүлдөп чыгып турган сегиз гезиттин бири эле. Республикадагы 70 миң армиясы бар агартуу айдыңында эмгектенген мугалимдер үчүн алмашкыс кенч эле. Тоолуу өлкөбүздүн булуң-бурчуна чейин таратылып, коомчулук талашып окуган гезиттин эл ичинде аброю да өтө жогору болгон.

АСЫЛ АДАМДЫН АТЫ ӨЧПӨЙТ

Ошондой бийик деңгээлдеги гезиттин штабын түзгөн, моторун иштеткен жооптуу катчынын ээлеген ордун, баркын акын, журналист Тынчтыкбек Нурманбетов “Ак жүрөк” деген ырында мындайча сүрөттөйт:

Жаш куракты эстесем кайра баштан,

“Мугалимдер газетасы” багымды ачкан.

Ишке алынган буйрукка кол койдуруп,

Таштан агай тааныштай боорго тарткан.

 

Турпатына жараша кашка башы,

“Таштаке” деп сыйлашчу кары-жашы.

Кезек күтүп, “катталып” алар элек,

Алган сайын кассадан калем акы.

 

Жашай билген оюнда чындык менен,

Макет чийген колунда сызгыч менен.

Эч бирөөгө катылып кабак бүркпөс,

Эсил жанды эстеймин сыймык менен…

– Таштанбек агай чынында эле адамдардын баарына ак санаган, жүрөгү ак адам эле. Ар дайым жүзүнөн жылмаюу кетпей, өз милдетин так иштеп жүрө берчү, бирөө менен эрегишип, талашып-тартышканын угуп-көргөнүбүз жок. Гезиттин макетин кынаптап чийип, ар бир материалды мазмунуна, заман талабына жараша билгичтик, көрөгөчтүк менен жайгаштырып койчу эле. Улуттук журналистикага төшүн каккылап кыйкырбастан, карапайым ак эмгегин арнап, артында өлбөс-өчпөс из калтырып кеткен агайыбызды биз бүгүн эскерип олтурабыз. Эл ичинде “Атам өлсө өлсүн, атамды көргөн өлбөсүн” деген накыл сөз бекеринен айтылбайт тура, анын сыңарындай, артында ушундай уулдарды тарбиялап кеткен ата-энесине таазим этип, ырахмат айтабыз, — дейт Т.Нурмамбетов.

Аяш атам ураганды жыйнаган муундун өкүлү эле

Агайдын уулу Бакыт Ашыралиевдин тээ студенттик кезден шилекей алышып достошуп, бир бөлкөнү бөлө жеген теңтушу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов аяш атасын мындайча эскерди.

АСЫЛ АДАМДЫН АТЫ ӨЧПӨЙТ

– Менин аяш атам Таштанбек Ашыралиев кыргыз адабиятынын пайгамбарлары Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Жунай Мавлянов менен чогуу жүрүп, алардын кагазын бүктөп берип папкесин көтөргөн, кешигин ичип жанаша жүргөн киши. Мен ушундай дөө-шаа жазуучуларды эстегенде бала кезимде жазуучу менен алгачкы жолугушканым эсиме түштү. Бир жолу биздин айылга Насирдин Байтемиров келип калды. Аны бир сары автобус толтура райкомдун, парткомдун биринчи-экинчи катчылары, атка минерлер коштоп келишиптир. Ошол кездин салты боюнча белгилүү инсандар, артисттер ушинтип маал-маалы менен эл аралап саанчыларга, чабандарга атайын жолугушууларды уюштуруп турчу эмес беле. Мен “Насирдин Байтемиров деген акын келиптир, китеп жазган кишилер да тирүү болот экен” деп апама сүйүнчүлөп чуркап келдим. Апам “Бир козуну өңөрө, алдына барып батасын ал”, — деди. Эшекке козумду өңөрө чаап жөнөдүм, бирок мен барганча автобус жүрүп кетиптир, мен алардын жолун кыя кесип чыктым да, автобустун жолун тосуп туруп калдым. Ичиндегилер жолду бошоткун деп уу-дуу түшө баштады, а бирок эшек өзү оңой менен бир ордунан жылбаган кежир мал эмеспи, же ары кетпейт же бери кетпейт. Иштин чоо-жайын угуп калса керек, бир кезде Насирдин Байтемиров өзү түшүп келди. Мен да карап турбай, ырларынан шатырата жатка айтып бердим да: “Сизден бата сураганы атайын келдим”, — деп алдына туруп калдым. Ал “Ии садага кетейиним, биз менен жүрү”, — деп автобусту кырманга айдатып барып, козуну сойдуруп бата берген эле.

Аяш атам согуштун баласы. Ал Ата мекендик согуштун алдында төрөлүп, 7-8 жашында соко тартып, араба айдап ат коштоп, чимирилип машак терип жеп чоңойгон балдардын бири. Ушул муун согуштан кийинки талкаланган өлкөнү калыбына келтирди. Бүгүнкү күндү түптөгөн ошол аталарыбыз менен сыймыктанышыбыз керек. Ошол адамдардын касиети, батасы менен бүгүн биз барбыз. Кайран киши көптөгөн акын-жазуучулар менен оңой тил табыша билгени тарыхта калды. Белгилүү акын-жазуучулардын алдына барып: “Мен сиздин өзүңүзгө келген жокмун, элди уюткан сөзүңүзгө келдим” деп, гезит бетине батпай жаткан жалаяктай макалаларынын жарымын кертип батырып, улуу-кичүүнүн тилин таба билген ийкемдүү мүнөзүн ушул кезге чейин аңыз кылып айтышат. Залкар акын, жазуучу Муса Жангазиев “Бу Ташыкем макаланын ток этер жерин таап жазат. Жазгандары кыргындан кыска кабар келгендей, ар темага атайы барып жазгандай, айрыкча, авторлордон келген көлөмдүү макалаларды “камырдан кыл сууругандай” кыскартып, кынаптап коёр эле”, — деп эскергени бар. Ошо замандаштарынын айтымында уй тилиндей макала жазып уютуп койгон касиети, ток этер жерин айтып, алакандай баракка ааламды батырып жазган чеберчилиги болгон экен. Биз ошол кишини эскерип атабыз, көбүбүз ошол кишинин тарбиясын көргөн балдарбыз. Китептин сүрөттөрү арбын, сүрөт баян катары аябай мыкты болуптур. Китептин жолу байсалдуу болсун, эл араласын”, — деген каалоо-тилегин айтты.

Үй-бүлөлүк карым-катнашыбыз үзүлгөн жок

Таштанбек Ашыралиев өмүрлүк жубайы Сайнаш Жамангулова менен Кыргыз мамлекеттик университетте окуп жүргөн кезинде таанышкан. Агай Кыргыз мамлекеттик университеттин кыргыз филология жана журналистика факультетин, Сайнаш эжей география факультетин аяктап жатканда, тагыраагы, 1959-жылы жаз айларында баш кошкон. Экөө 30 жыл бирге өмүр сүрүп, беш балалуу болушту.

АСЫЛ АДАМДЫН АТЫ ӨЧПӨЙТ

Сайнаш эжей өзү менен бирге окуган жакын курбусу Зарыл Калыгулова экөө бир айылга келин болуп түшүп, ал тургай эң жакын аяш катары өмүрү өткөнчө ысык ымалада катышып жүрүштү. Азыр 90 жаштын төрүндө даам сызып отурган Зарыл Калыгулова Ысык-Ата районунун Бириккен айылындагы мектепте география сабагынын мугалими болуп көп жыл иштеп, ардактуу эс алууга чыккан. Анын жолдошу Бакас Дунганов ошол кезде мектептин директору эле.

– Таштан аяшым ар дайым ачык маанайда, жаркылдап көңүлү шат жүрөр эле. Атадан жалгыз уул болгондуктан, өзү шаарда жашаса да, айылдагы карыган ата-энесинен үзбөй кабар алып, жума сайын балдары менен тез-тез келип турчу. Каникул башталар замат балдарын айылдагы ата-энесине кол кабыш кылганга жиберер эле. Көрсө, балдарын айылдын турмушуна бышырып тарбиялачу тура. Өзү айылга келген сайыр ийнинен фотоаппараты түшчү эмес. Бүт айылдын элин каалагандай сүрөткө тартып эле тим болбой, ар бирине сүрөттөрүн чыгарып таратып берчү. Кээ бир сүрөттөрү “Кыргызстан пионери”, “Ленинчил жаш” гезиттерине жарыяланганын көрүп калар элек. Айрыкча, “Мугалимдер газетасында” жооптуу катчы болуп иштеп жүргөндө айылдагы мектептердин алдыңкы тажрыйбалуу мугалимдери жөнүндө көптөгөн макала, очерктерди жазып, сүрөттөрү менен газетага жарыялап жүрдү. Бул бизге окшоп айыл жергесинде жашап, иштеген мугалимдерге чоң колдоо, стимул эле. Аяшым тууралуу сөз кылганда анын аял-эркекке, улуу-кичүүгө бирдей сылык мамилесин, жупуну кичи пейилдигин өзгөчө белгилегим келет. Биздин үй-бүлөлүк катышыбыз кийин бала-чакалуу болгондо, уул үйлөнтүп, кыз узатып куда күткөндө да уланып кубанычтарыбызды бирге бөлүшүп, кудага барсак да кошо барып дегендей, жакшылык-жамандыктарда ар дайым чогуу жүрдүк. Айрыкча, Таштандын демилгеси менен Алма-Атага эс алууга барганыбыз эсимден кетпейт. Бир күнү Таштаке “Төртөөбүз Алма-Атага барып эс алып келели” деп калды. Мен баргым келип жатса да колубуздагы карыган энебизди эстеп, жолдошум өзү эле барсын деп ойлодум. А бирок ал кайненемдин алдынан өтүп уруксат алып, төрт күн эстен кеткис эс алуу өткөрдүк. Мындай күндөрдү санай берсем, сан жеткис.

Таштан аяшыбыз жоро-жолдош, дос-тууган, жердеш дегенде ичкен ашын жерге коёр эле. Көзү өткөнүнө канча жыл болсо да, аты унутулбай айтылып келгени да бекеринен эмес. Кичинекей Бириккен айылыбыздын асыл адамы болчу. “Жакшынын аты өчпөсүн” демекчи, жердештери ал жашап кеткен көчөгө Таштанбек Ашыралиевдин ысымын ыйгарган. Өмүргө келмек бар, кезеги келсе өмүрдөн кетмек бар эмеспи, жашыбыз өр таяган сайын адам баласы жараткандан жылуу-жумшак узап кетүүнү суранып калат тура, Сайнаш курбум мындан эки жыл мурда оорубай-сыркабай уктаган боюнча келбес сапарга узап кетти. Жакшы адамдардын артында ушундай жакшы сөздөр айтылып, жагымдуу эскерүүлөр калат экен. Таштакемдин балдары атанын атын чыгарган мыкты уулдардан болуп чоңоюшту. Арты кайырлуу болгону ушул эмеспи деп каниет кылабыз, — деп жашы 90го келип калса да, куюлуштуруп уюткулуу сүйлөгөн, ал ортодо жамактатып ыр кошуп жиберген ардагер мугалим Зарыл Калыгулованын эскерүүсүн отургандар муюп угушту.

Гунндар империясынан Совет дооруна чейин

Китептин автору Ашыралиев Бакыт убагында Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Ж.Баласагын атындагы КУУнун) тарых факультетинде билим алып, комсомолдун казанында кайнап, союз тараган соң “Физприборы” (азыркы “Дастан” УАК) заводунда кадрлар жана социалдык өнүгүү боюнча директордун орун басары болуп иштеп жүрүп, 1994-жылдан тартып ушул кезге чейин Кыргыз-Герман биргелешкен “Триод” жоопкерчилиги чектелген коомдун тең төрагасы болуп иштеп келатат. Ал автор катары өз демилгеси менен жогорудагы аталган китепке кыргыз элинин санжырасы менен байланыштуу кыскача тарыхый баяндамасын да киргизген. Ал аракети чон атасы Ашыралыдан калган керээз экен. Тарыхчы мында Гунндар империясынан тарта Улуу Түрк Каганаты, Кыргыз Каганаты, Барсбек кагандын мезгили, Улуу Кыргыз Каганаты, Караханид мамлекети, Монгол империясы, Моголстан мамлекети, Кыргыз мамлекети, Тагай бий мезгили, Жунгар хандыгы, Кокон хандыгы, Россия империясы, Совет бийлиги жана элибиздин Эгемендүүлүгүнө чейинки карт тарых барактарын окуганга жеңил жалпак тил менен баяндап, китеп бетине батырып, андан сырткары Ашыралиевдердин генеалогиялык санжыра маалыматын да баяндаптыр.

АСЫЛ АДАМДЫН АТЫ ӨЧПӨЙТ

Бул китеп чындыгында эле кийинки муун үчүн баа жеткис белек. Китептин бет ачарына чогулган эл ак дасторкон ээлерине “биздин уулдарыбызга да, башкаларга да жугуштуу болсун” деп, тамак ичип эле тарап кетпегендей же болбосо шөкөттөп кооз чыгарганына корстон болбой ушундай таанытма, пайдалуу маалыматтарга жыш толгон үлгү болорлук китептер көбүрөөк чыксын деген тилектерин билдиришти.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,  “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер