Арслан Койчиев: «Кыргыз-казак – бир тууган» ата сөзү Могулистан доорунан келатат
- 20.05.2026
- 0
Астанада Алтын Ордонун тарыхына арналган эл аралык чоң симпозиум өтүп, анда Кыргызстандын Мамлекеттик катчысы Арслан Капай уулу Койчиев нарктуу сөз сүйлөдү.

Казактар менен кыргыздардын тарыхый эс тутуму, эки элдин тарыхый тагдырларынын жалпылыгы жөнүндө, “кыргыз, казак – бир тууган” деген тарыхый лакап сөздүн таржымалын чечмелеп айтты.
«Бул формулировканын деталдары көптөгөн фольклордук материалдарда, Шакарим Кудайберди уулунун тарыхый эмгектеринде, кыргыз тарыхчылары Осмоналы Сыдык уулунун, Белек Солтоноевдин жана башкалардын чыгармаларында чагылдырылган. Мага, бул маселелер менен алектенген тарыхчы катары, бул создүн жаралышынын бир этабы Чыңгызхандын доорунан кийинки башка түзүлүштүн, тагыраак айтканда Моголистандын тарыхы менен табигый түрдө байланыштуу деп эсептейм. Казакстандык белгилүү чыгыш таануучу Вениамин Петрович Юдин Могулистандын жана моголдордун тарыхын изилдеп, “Улуу Жүз негизинен могол урууларынын эсебинен түзүлгөн деген тыянакка келген. Кийинки изилдөөчүлөр анын моголдор Орто Жүзүнүн түзүлүшүнө да катышкан деген тыянактарын колдошту. Мирза Хайдар Дуглати, «Тарих-и Рашидинин» автору жана биздин жалпы ата-бабабыз, бир кезде моголдор менен кыргыздар негизинен бир эл, болгону кыргыздар дагы эле ишенбегендер жана Чыңгызхандын чагатайлык бийлигин тааныбайт деп баса белгилеген. “Кыргыз хэм коуми могул аст” – деп жазган ал. (Караңыз: Мирза Мухаммед Хайдар. Тарих-и Рашиди. British Library. Add.26612. 92а-бет).»
«Белгилүү болгондой, Мирза Хайдар Дуглат могул коомчулугунун кыйрашына күбө болгон, башкача айтканда, могулдар анын көз алдында жана тарыхтын көз алдында жок болушкан. Эгер Мирза Хайдар Дуглат өз тууганы Бабурдан баш маана издеп Индияга кетүүгө аргасыз болбогондо, ал могулдардын кыргыздар менен казактардын курамына кирүү процессин майда-чүйдөсүнө чейин баяндамак. Ошондо анын кыргыздар менен моголдорду бир эл деп ырастоосу («Кыргыз хэм коуми могул аст») фарсы тилинде «Улы жүз хэм коуми кыргыз аст», «Орта жүз хэм кооми кыргыз аст» ж.б. Башкача айтканда, биз бир элбиз. «Кыргыз, казак — бир тууган» деген ата сөзү ушул жактан да келеди!»
Арслан Капай уулу ошондой эле азыркы учурда анын өзүнүн жетекчилиги астында кыргыздар менен Кыргызстандын тарыхынын 15 томун жазуу боюнча иштер башталганын, эки элдин тарыхый жакындыгы аларга да жазыларын белгиледи.
«Бүгүнкү жагдайдан колданып, сендерге эки сунуш айткым келип туру: ушу кезде түрк дүйнөсүнүн интеграциясына күбө болуп жатабыз. Тарыхтан сабак алуу үчүн, тарыхый тажрыйбаны зерттеү керек, бизге жалпы түрк дүйнөсүнүн тарыхын «тарыхтан сабак алуу» аспектисинен зерттеү зарыл. Ошондуктан, келечекте «Түрк дүйнөсу жана Русь», «Түрк дүйнөсү жана Кытай» деген эки гылымий проектини орундауну сунуш кыламын»,-деди мамкатчы.
Комментарийлер