“АЛТЫН ТАМГА»: ПЕДКЕҢЕШТИН ЧЕЧИМИНИН ОБЪЕКТИВДҮҮЛҮГҮ МЕКТЕПТЕН ТАЛАП КЫЛЫНАТ

  • 16.04.2024
  • 0

Бүтүрүүчүлөр арасындагы «Алтын тамга» мамлекеттик аттестациясы үстүбүздөгү жылдын 14-майында республиканын бардык аймагында бир убакта өтөт. Билим берүү жана илим министринин орто жалпы билим берүү программаларынын негизинде «Алтын тамга» жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын стандартташтырылган бланкалык тест түрүндө өткөрүү жөнүндө буйругу чыкты.

“АЛТЫН ТАМГА»: ПЕДКЕҢЕШТИН ЧЕЧИМИНИН ОБЪЕКТИВДҮҮЛҮГҮ МЕКТЕПТЕН ТАЛАП КЫЛЫНАТ

Тест тапшырган предметтер

2023-2024-окуу жылына карата окуучулар математика, эне тили жана адабияты (кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, өзбек тили жана адабияты), Кыргызстандын тарыхы жана химия боюнча тест тапшырышат.

Стандартташтырылган тест тɵмɵнкүдɵй түрдɵ берилет: жабык түрүндɵгү (бир туура жоопту тандап алуу менен); ачык түрүндɵгү; туура ырааттуулугун аныктоого берилген жана шайкештигин аныктоого берилген тапшырмалар.

Сынактын максаты — жалпы орто билими тууралуу артыкчылык менен документ алууга талапкерлердин билим деңгээлин баалоо; Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жɵнүндɵ» мыйзамынын аткарылышына кɵзɵмɵл кылуу; мектеп билим берүү системасын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарын жетилтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

Белгилей кетсек, 10-11-класстар үчүн бардык окуу сабактары боюнча чейрек, жарым жылдык жана жылдык баалары «5» (эң жакшы) деген баадан төмөн эмес болгон талапкерге «Алтын тамга» тестин тапшыруу укугу берилет.

2024-жылдын 13-майында тестирлөөнү өткөрүү жайларында даярдык көрүлөт, т.а.  билим берүү уюмдары 50дөн 70ке чейин окуучуну камтый турган (жыйын же спорт залдары) жайларды жана ар бир талапкерге жеке орундарды ж.у.с. даярдашы керек. Ал эми жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери  артыкчылык аттестатына талапкерлердин тизмесин 2024-жылдын 22-апрелинен кечиктирбей e-mail: [email protected] электрондук дарегине жөнөтүшү абзел.  Белгилей кетчү жагдай, жалпы билим берүү уюмдарында “Алтын тамга” тестин өткөрүү процедуралары жана мөөнөттөpү жөнүндө окуучуларга жана алардын ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) өз убагында маалыматтар жеткирилиши зарыл. Мындан сырткары окуучулардын өмүрүнүн жана ден  соолугунун коопсуздугуна шарт түзүүнү (медициналык кызматкерлердин жана коопсуздук кызматынын кезектерин күчөтүү, тест өтүүчү жайлардын өрткө  каршы коопсуздугу, санитардык-гигиеналык шарттарды) талапка ылайык камсыз кылуу жагы да жетекчилерге милдеттендирилди.

Кайсы бүтүрүүчүлөр талапкер боло алат?

“Алтын тамга” тестине орто жалпы билим берүүнүн негизги билим берүүчү программаларын ийгиликтүү өздөштүргөн, ошондой эле 10- жана 11- класстар үчүн бардык окуу дисциплиналары боюнча чейректик, жарым жылдык жана жылдык баасы “5” (эң жакшы) баа алган талапкерге педагогикалык кеңештин сунушу жана жалпы билим берүү уюмунун буйругунун негизинде катышууга уруксат берилет. Анын ичинде тѳмѳнкүлѳр да камтылган: Кыргыз Республикасынын орто жалпы билим берүүнүн негизги билим берүү программаларын ишке ашырган бардык түрдөгү жана менчигинин формасына карабастан жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары; эл аралык алмашуу (окутуу формасы — экстернат) тартибинде чет өлкөдө убактылуу билим алгандар (ЭК тастыктоочу документтерди: чакырууну, буйруктарды ж.б. карап чыгат); тестти өткөрүү учурунда эл аралык олимпиадалардын, кайрымдуулук акциялардын, марштардын катышуучулары, гастролго жана таймаштарга чыккан артисттер жана спортсмендер (ЭК тастыктоочу документтерди: чакырууну, буйруктарды ж.б. карап чыгат); чет тилде билим алгандар.

Эгерде талапкер тестке катышуудан баш тартса, орто жалпы билими жөнүндө артыкчылык менен аттестатты алуу укугунан ажырайт жана ал ЖМАны белгиленген тартипте жалпы негизде өз мектебинде өтөт.

Тестке катышуунун тартиби

“Алтын тамга” тестине ушул окуу жылындагы талапкерлер киргизилет. Талапкер ТӨЖгө катышуу баракчасы, паспортун (же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жана сүрөтү менен мектептен тастыкталган маалым кат менен) көрсөтүп, тестке катыша алат.

Тест учурунда талапкердин жумушчу столунда кара (же көк) сыя менен калемсап; инсандыгын тастыктоочу документ; дары, суу жана тамак-аш (зарыл учурда) болушу керек.

Мындан сырткары тестке катышууну билдирген, бирок жүйөлүү себептер менен келбеген талапкер ЭКнын сунуштарына жана министрликтин чечимине ылайык кошумча тестке катыша алат. Ал эми тестке катышпагандыгынын жүйөлүү себебин тастыктоочу документтер дал келбеген учурда, талапкер “Алтын тамга” кошумча тестине катышуу жана артыкчылык аттестатын алуу укугунан ажыратылат.

Эмнеге тыюу салынат?

Ириде байланыш каражаттарын, электрондук-эсептөөчү техниканы, фото, аудио жана видео аппаратураны, маалыматтык материалдарды, жазуу түрүндөгү эскертмелерди жана маалыматты сактоонун жана берүүнүн башка каражаттарын жанында алып жүрүүгө; администратордун уруксаты жок башка адамдар менен баарлашууга, башка нерселерди берүүгө, аудиторияда (залда) эркин жүрүүгө тыюу салынат. Талапкер жооп барактарын, бардык тест материалдарын, черновик кагаздарын ТӨЖдөн чыгып жатканда администраторго тапшырууга милдеттүү.

Ушул белгиленген эрежени аткарбаган талапкер тесттен четтетилет. Мектептен коштогон байкоочулардын катышуусу менен акты түзүлүп, талапкер артыкчылык аттестатын алуу укугунан ажыратылат. Ал эми “Алтын тамга” тестине 30 мүнөткө чейин кечигип келген талапкерге тестке катышууга уруксат берилет жана ага кошумча убакыт берилбейт.

Негизинен тестирлɵɵнү ɵткɵрүүгɵ бардыгы болуп 4 саат 30 мүнѳт (астрономиялык саат) бɵлүнɵт, анын ичинде талапкерлерге кɵрсɵтмɵ берүүгɵ — 30 мүнɵт, окуу сабактарынан тестирлɵɵгɵ — 3 саат 40 мүнɵт жана тыныгуу — 20 мүнɵт (талапкерлерге экинчи тесттен кийин тыныгуу берилет).

Сабактар боюнча алсак, математика — 70 мүнөт; Кыргызстандын тарыхы — 45 мүнөт; химия — 60 мүнөт; эне тили жана адабияты – 45 мүнөт.

Талаш-тартыштарды чечүү тартиби

Ар бир сынактын артында сөзсүз нааразычылык чыкпай койбойт. “Алтын тамга” тестирлɵɵсүнɵн ɵткɵн талапкерлердин натыйжаларын баалоодо бирдиктүү талаптардын сакталышын камсыз кылуу үчүн техникалык комиссия түзүлɵт. Бул комиссияга  талапкердин  апелляциялык арызы тесттин жыйынтыгын алган соң, үч  саат аралыгында жазылат. Апелляция талапкердин техникалык комиссиянын тɵрагасына жазган арызынын негизинде график менен жүргүзүлɵт. Аталган комиссия апелляцияны талапкердин катышуусу менен жана катышуусу жок деле иш алып барганга укуктуу. Апелляцияны ɵткɵрүү учурунда талапкердин ɵздүктүгүн тастыктаган документи, ошондой эле аткаруучу тарабынан берилген каттоо номуру болууга тийиш.

Сынактын артыкчылыктары

Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борборунун директорунун орун басары Зейнеп Жамакееванын айтымында, жалпы жетишкендиктердин стандартташтырылган тесттери билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн акыркы натыйжаларын өлчөө үчүн ылайыкташтырылган.

— Тесттер кесипкөй даярдоочулар тарабынан иштелип чыгып, тапшырмалар сыноодон өтүп, жыйынтыгы атайын талдоого алынган. Жүргүзүлүп жаткан тестирлөөнүн артыкчылыктары — алынган баанын объективдүүлүгү, контролдоо процессинде окугандардын “теңдиги”, текшерүүдө окуу материалынын олуттуу көлөмүн камтуу жана сыналуучулар үчүн бирдей шарттарды түзүү болуп саналат, — дейт З.Жамакеева.

Өткөн жылкы сынакка көз чаптырып көрөлү. 2022-2023-окуу жылында «Алтын тамга» тестине 2042 талапкер катталган. Тестирлөө 25-апрелде өлкөнүн бардык аймагында бир убакта өткөн. Сынакка 1952 талапкер катышып, анын ичинен 167 талапкер алган бааларын далилдеди, бул жалпы сандын 8% түзгөн.

2022-2023-окуу жылы облустар  боюнча артыкчылык аттестатын тастыктагандар

РЕГИОНЫсаны
Бишкек шаары76
Чүй21
Ош20
Баткен14
Жалал-Абад10
Ош шаары8
Ысык-Көл7
Нарын6
Талас5
Баардыгы:167

2022-2023-окуу жылы облус жана район боюнча артыкчылык аттестатын тастыктагандар

РЕГИОНДОРсаны
Бишкек76
Октябрь району12
1-май району14
Ленин району15
Свердлов району14
Бишкек (жеке мектептер)21
Чүй21
Аламедин району4
Жайыл району5
Панфилов  району2
Сокулук району6
Токмок шаары2
Ысык-Ата району2
Ош облусу20
Алай району1
Араван району1
Кара-Суу району5
Ноокат району9
Өзгөн району4
Баткен облусуБардыгы: 14
Баткен району1
Баткен шаары6
Кадамжай району5
Лейлек району1
Сүлүктү шаары1
Жалал-Абад облусу10
Жалал-Абад шаары5
Каракөл шаары2
Майлуу-Суу шаары1
Сузак району1
Тогуз-Торо району1
Ош шаары8
Ысык-Көл облусу7
Ак-Суу району1
Каракол шаары3
Тоң району2
Ысык-Көл  району1
Нарын облусу6
Ат-Башы району4
Нарын шаары2
Талас облусу5
Бакай-Ата району2
Кара-Буура району1
Талас шаары2
Бардыгы:167

Министрликтин  Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору тестирлөөнү өткөрүүдө тапшырмаларды иштеп чыгуудан баштап натыйжаларды бергенге чейин, материалдарды жана тесттин натыйжаларын камсыз кылуу үчүн видеобайкоосу бар жабык кабинеттер жана коопсуз серверлер колдонулушун камсыздайт. Ошондой эле улуттук борбор тесттик тапшырмаларды иштеп чыгууга, тестирлөө жүргүзүүгө жана жыйынтыктарды иштеп чыгууга катышкандардын бардыгы ишенимдүүлүк жана сактоо маселелери боюнча бектилген нускама жана эрежелер менен иштеп, тактыкты жана айкындыкты камсыздайт жана  кепилдик берет. Маалыматтардын купуялуулугу бардык этаптарда толук камсыздалган. Мындан сырткары сканерден кийин жооп баракчасы, верификация жана маалыматтарды иштеп чыгууда үч этаптуу текшерүү жүргүзүлөт жана кылдат текшерүүлөрдөн кийин жыйынтыктар берилет. Ар бир талапкерге карата адилеттүү мамилени камсыз кылуу үчүн тестирлөөнүн жана баллды эсептөөнүн бардык этаптарында бардык сыналуучулардын купуялуулугу камсыз кылынат.

— Тилеке каршы, мектептин педагогикалык кеңешинин сунуштамасы бүтүрүүчүлөрдүн предметтер боюнча даярдыгынын жогорку деңгээлин тастыктай бербейт. Андыктан педагогикалык кеңештин чечиминин объективдүүлүгү мектептен талап кылынат. Бул кырдаалдан чыгуунун конструктивдүү жолун табуу керек: мектеп администрациясы окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоонун объективдүүлүгү боюнча педагогдор менен ишти уюштурууга көңүл буруп, ал эми региондук билим берүү органдары кырдаалды өз көзөмөлүнө алышы керек. Артыкчылык аттестатын алуу мектепте маанилүү стимул бойдон калууда. Анткени мыкты болууга умтулуу балалыкта түптөлөт жана бул бойго жеткенде ийгиликке жетүүгө жардам берген амбицияны калыптандырат. Өткөн жылы жалпы республикалык “Алтын тамга” тестирлөөсүнө катышкан 11-класстын эки миңдей окуучусунун арасынан 167 окуучу артыкчылык аттестатын алган, — дейт жетекчинин орун басары.

Артыкчылык аттестатына ээ болчу окуучулар аймактар боюнча алсак:  Баткен облусунан 14 окуучу; Бишкек шаарынан 76 окуучу; Жалал-Абад облусунан 10 окуучу; Нарын облусунан 6 окуучу; Ош шаарынан 8 окуучу; Ош облусунан 20 окуучу; Талас облусунан 5 окуучу; Чүй облусунан 21 окуучу; Ысык-Көл облусунан 7 окуучу. Ал эми 2021-2022-окуу жылында “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын жыйынтыгы боюнча 80 гана бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алуу укугун ырастаган эле.

Алар: Баткен облусу — 3 окуучу; Бишкек шаары — 37 окуучу; Жалал-Абад облусу — 11 окуучу; Нарын облусу — 1 окуучу; Ош шаары — 3 окуучу; Ош облусу — 15 окуучу; Талас облусу — 3 окуучу; Чүй облусу — 1 окуучу жана Ысык-Көл облусу — 6 окуучу.

Билим берүү жана илим министрлиги Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологияларынын улуттук борборуна быйылкы тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынын механизмдерин өнүктүрүү боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер