“АЛТЫН КАЗЫК”: БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ МАСШТАБДУУ ТРАНСФОРМАЦИЯ

  • 24.07.2024
  • 0

“Алтын Казык” программасын ишке ашыруунун алкагында 2024-жылдын 1-жарым жылдыгында аткарылган иштерди жана болочок пландарды министр Догдуркүл Кендирбаева басма сөз жыйынында билдирди.

“АЛТЫН КАЗЫК”: БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ МАСШТАБДУУ ТРАНСФОРМАЦИЯ

Маанилүү чечимдер

Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагын трансформация кылуунун «Алтын казык» программасы иштелип чыгып, ал КР Президенти С.Жапаровго жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаровго сунушталып, андан соң 2024-жылдын март айында Билим берүү жана илим министрлигинин кеңейтилген коллегиясында каралып бекитилген.

Министр айым 2024-жылы «Алтын казык» программасын ишке ашыруунун алкагында мектептик билим берүү системасын 12 жылдык форматка которуу боюнча бир катар абдан маанилүү чечимдер кабыл алынганына токтолду.

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 12 жылдык окуу мөөнөтүнө өтүү жана мектептик билим берүүнүн он эки жылдык түзүмүн этап-этабы менен киргизүү боюнча тескемеси кабыл алынды. 2024-жылдын 4-июлундагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында 12 жылдык окуу мөөнөтүн мектептик билим берүү тутумуна этап-этабы менен киргизүү боюнча иш-аракеттер Планы жана Концепциясы жактырылды. 12 жылдык билим берүүнү ишке ашыруу үчүн “6+3+3” модели тандалган. Трансформацияны каржылык жактан колдоо үчүн бюджеттик каражаттардан тышкары, атайын мыйзам менен Азия Өнүктүрүү Банкы менен, келечектеги мугалимдерди даярдоо үчүн мектеп жана жогорку окуу жайларында илим, технология, инженерия жана математикага өзгөчө басым жасоо менен, гранттык макулдашуу ратификацияланды, — деди Д.Кендирбаева.

“АЛТЫН КАЗЫК”: БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ МАСШТАБДУУ ТРАНСФОРМАЦИЯ

Министр билим берүүнүн бардык баскычында жана түп-тамырынан бери трансформация кылуу боюнча чечкиндүү аракеттер жүрүп жатканын билдирди. Анын ичинде STEM сабактары боюнча заманбап окуу китептер Сингапурдан алынып которулуп жатканын, билим берүүнүн мазмунун, стандарттарын жаңылоо иши башталганын, мугалимдерди окутуу жана даярдоо системасында көп өзгөрүүлөр болуп жатканын айта кетти.

Министр 12 жылдык мектепти жаңыланган мазмун менен камсыз кылуу үчүн окуу китебин толук алмаштыруу керек экенин белгиледи.

— Буга чейин маалым болгондой, «Окуу китеп» басма үйү Сингапурдун Marshall Cavendish Education билим берүү мекемеси менен кызматташуу тууралуу келишимге кол койгонбуз. Ал басмадан 83 млн сомго 32 аталыштагы эл аралык окуу-методикалык комплекстерге лицензия алынып, ушул тапта аларды англис тилинен кыргыз, орус тилдерине которуу иштери жүрүп жатат, – деди министр.

Мындан сырткары, Дүйнөлүк Банктын колдоосу менен санариптик китептер жана видео-контент үчүн платформа иштелип жатат деп кошумчалады.

“АЛТЫН КАЗЫК”: БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ МАСШТАБДУУ ТРАНСФОРМАЦИЯ

Ошондой эле 2024-жылы жалпы билим берүүчү уюмдарды окуу-методикалык комплекстер менен камсыздоого республикалык бюджеттен 152 млн. сом каралып, ал толугу менен өздөштүрүлгөн. 9 наамдагы китептер (5 окуу китеби, 4 окуу-методикалык комплекстер) 53 миң нуска менен, 1-класстар үчүн «Азбука», «Орус тили» окуу-методикалык комплекстери жалпы тиражы 375 миң нускадан ашык басылып чыккан.

2023-2024-окуу жылында 791 990 нускада окуу-методикалык комплекстер (анын ичинен 770 736 – окуу китеби, 21 254 – методикалык колдонмо) басылып чыгып, республиканын мектептерине бөлүштүрүлүп берилди.

— Электрондук окуу китеби жөнүндө Жобо, ошондой эле Электрондук окуу китебинин стандартынын долбоору иштелип чыкты. «Келечектин долбоору» Дүйнөлүк Банктын долбоорунун алкагында платформа иштелип чыгууда, анда санариптик китептер жана видео-контент менен кошо бардык материалдар жайгаштырылат, — деди Д.Кендирбаева.

“АЛТЫН КАЗЫК”: БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ МАСШТАБДУУ ТРАНСФОРМАЦИЯ

Өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу мугалимдер үчүн ноутбук сатып алууга 670 млн. сом бөлүнгөң. Биринчи этапта алар STEM предметтеринин мугалимдери үчүн, андан кийин бардык мектеп мугалимдери үчүн сатылып алынат. Ошондой эле мугалимдерди аттестациялоонун жаңыланган системасы киргизилди. Мугалимдерди ыктыярдуу аттестациядан өткөрүүгө 650 адам кайрылган.

Мындан сырткары 2023-2024-окуу жылында 243 мектеп директору сынактын негизинде дайындалганын, учурда дагы 511 бош орун болсо, анын ичинен 344 бош орунга сынак жарыяланганы баса белгиленди. Талапкерлердин документтери текшерилгенден кийин тестирлөөнү жаңы окуу жылы башталганга чейин өткөрүү пландаштырылууда.

Министр республика боюнча 60 мектепте «Билим берүү практикасын байкоо» инструментин колдонуу менен «Менин устатым» квалификациясын жогорулатуу программасын пилоттук түрдө өткөрүү башталганына токтолду. Бул байкоо мугалимдерди үзгүлтүксүз колдоо үчүн реалдуу убакыт/видео сабак режиминде жүргүзүлмөкчү.

“АЛТЫН КАЗЫК”: БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ МАСШТАБДУУ ТРАНСФОРМАЦИЯ

Ошондой эле 90 миң кызматкер PISA-2025 катышуу, медиасабаттуулук, жашыл көндүмдөр, санариптик сабаттуулук, чет тилдерди окутуунун коммуникативдик ыкмалары, инновациялык педагогикалык технологиялар, STEM билим берүү курстарынан өткөнүн кошумчалап өттү.

Жакшы динамика

Догдургүл Кендирбаева эл аралык олимпиадаларда окуучулардын олуттуу оң динамикасы пайда болгонун белгиледи. Маселен, мектеп окуучулары математика, информатика, физика, химия жана биология боюнча ар кандай эл аралык олимпиадаларга катышып, т.а. 2023-жылы таланттуу окуучулар жыл бою 4 алтын, 8 күмүш жана 43 коло медалга ээ болушса, 2024-жылдын алты айында эле зирек окуучулар  9 алтын, 38 күмүш жана 57 коло медалга татыктуу болгон.

“АЛТЫН КАЗЫК”: БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ МАСШТАБДУУ ТРАНСФОРМАЦИЯ

“АЛТЫН КАЗЫК”: БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ МАСШТАБДУУ ТРАНСФОРМАЦИЯ

— Өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу үстүбүздөгү жылдын июль айында 108 мамлекеттин катышуусунда өткөн математика боюнча эл аралык олимпиадада Кыргыз Республикасынын мектеп окуучуларынын командасы 29-орунду ээледи. Кыргызстан биринчи жолу алтын медалга ээ болду — аны Бишкектеги № 61 мектептин окуучусу Назар Кыргызбаев жеңип алды. Үч бала күмүш медалга ээ болушту – «Газпром» мектебинен Ян Бобрус, Элдар Искендеров UWIS эл аралык мектебинен, Искен Кенжебаев Жайыл Баатыр атындагы лицейден. Ардак грамота менен «Газпром» мектебинин окуучусу Нурсултан Эшперов жана Бишкектеги №70 мектептин окуучусу Султан Мусаходжаев сыйланды, — деди Д.Кендирбаева.

Команданын олимпиадага баруусуна каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн.

Санарип аттестат жана диплом

«Аттестаттардын жана дипломдордун Реестри» маалымат системасы, башкача айтканда, санариптик билим берүү документтеринин Реестри иштелип чыккан. Бул маалыматтык система «Түндүк» аркылуу билим берүү тууралуу юридикалык документтерди электрондук түрдө алууга мүмкүндүк берет.

“АЛТЫН КАЗЫК”: БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ МАСШТАБДУУ ТРАНСФОРМАЦИЯ

“Түндүк” аркылуу документтин аныктыгын 2018-жылдан тартып билүүгө болот. Андан ары, документтерди санариптештирүүгө жараша, 2024-жылдан баштап, бүтүрүүчүлөр санариптик аттестаттарды колдоно алышат — (https://attestat.edu.gov.kg/kuboluk/). Быйыл жылдагыдан өзгөчөлөнүп 11-класстын 76 миң 244 бүтүрүүчүсү жана 9-класстын 127 миң 176 бүтүрүүчүсү мамлекеттик үлгүдөгү документтерин электрондук жана кагаз түрүндө алышты. Бул системанын негизги өзгөчөлүгү бүтүрүүчүлөрдүн документтери Түндүк сервисинин базасында сакталат.

Учурда Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Санариптик билим берүү борбору” мамлекеттик мекемеси негиздеген “Күбөлүк” https://attestat.edu.gov.kg/kuboluk/login платформасы иштеп жатат. Бул платформада бүтүрүүчүлөрдүн аты-жөнү Түндүк сервисинен алынат. Башкача айтканда, бүтүрүүчүнүн жеке идентификациялык номерин тергенде, автоматтык түрдө бүтүрүүчүнүн паспортундагы аты-жөнү системага түшөт. Эгерде бүтүрүүчү аттестатын же күбөлүгүн жоготуп алса, дубликатын алуу үчүн убара болбойт. Порталдан аттестат/күбөлүктүн дубликатын чыгарып алса болот.

Инфраструктура

Билим берүү уюмдарынын инфраструктурасы (билим берүүнүн бардык деңгээлдери боюнча) бирдиктүү маалыматтык системасын иштеп чыгуу аяктоо стадиясында турат, бул бюджетти талдоого жана пландаштырууга мүмкүндүк берет.

2024-жылга “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча биринчи жолу республикалык бюджеттен каржылануучу объектилердин тизмесине 431 билим берүү объекти киргизилген жана ага ылайык республикалык бюджеттен 1 миллиард 439 миллион сом бөлүү пландаштырылган.

— 149 мектептин курулушуна — 844,4 млн. сом, 87 мектептин долбоордук-сметалык документтерин даярдоого — 21,2 млн. сом, 78 мектептин капиталдык ремонтуна — 226,1 млн. сом, 63 бала бакчанын курулушуна — 306 млн. сом, 42 бала бакчанын долбоордук-сметалык документациясын даярдоого — 11,8 млн. сом, 12 бала бакчаны капиталдык оңдоого — 30 млн. сом, — деди министр.

“АЛТЫН КАЗЫК”: БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ МАСШТАБДУУ ТРАНСФОРМАЦИЯ“АЛТЫН КАЗЫК”: БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ МАСШТАБДУУ ТРАНСФОРМАЦИЯ

2024-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягында республикада 14 мектеп жана үч бала бакча ачылды. Мындан тышкары 7 мектеп жана бир бала бакча капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

Республиканын мектептерин учурдагы оңдоого биринчи жолу дээрлик 400 млн.сом жумшалды, бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу төрт эсеге көп экенин министр баса белгиледи.

Келечектеги пландар

Мектептик билим берүүнүн он эки жылдык түзүмүн этап-этабы менен киргизүү боюнча иш-аракеттер планы өкмөттөн бекитилди. Ага ылайык, зарыл болгон ченемдик укуктук актылар, мамлекеттик стандарт, предметтик стандарттар иштелип чыгууга тийиш.

“АЛТЫН КАЗЫК”: БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ МАСШТАБДУУ ТРАНСФОРМАЦИЯ

Гүлнара АЛЫБАЕВА,

Эльвира Какиева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер