АКСЫДАГЫ АРУУЛУККА ҮНДӨГӨН САБАКТАР
- 15.05.2025
- 0
«Кут Билимдин» туруктуу долбоору — активдүү авторлордун катышуусундагы өз ара тажрыйба алмашуу семинары 2013-жылдан бери уюштурулуп келүүдө. Бул жолу ал Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы №6 Надыр Мамбетов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде болуп өттү.
Мектеп, семинар жана коноктор тууралуу учкай кеп
Надыр Мамбетов мектеби райондогу түптүү билим берүү мекемелеринин бири болуп саналат. Ал алгач 1928-жылы «Кутчу» башталгыч мектеби деп аталып, 1958-жылы сегиз жылдык, 1965-жылы Н.К.Крупская атындагы орто мектеп болуп өзгөргөн. Билим ордосуна 1993-жылы Аксы райондук кеңештин чечими менен элеттик агартуучу Надыр Мамбетовдун ысымы ыйгарылган. Учурда мында 53 мугалим 900дөн ашуун окуучуга татыктуу таалим-тарбия берүүдө. Окуу-тарбия ишиндеги, сынак, олимпиада жарыштарындагы башка ийгиликтерин айтпаганда да, мектеп өткөн жылы «Жылдын мыкты мугалими — 2024» сынагында 1-орунду ээлеп, район, облус намысына жараган.
Кербендеги бул байманалуу билим уясын «Кут Билим» медиа борборунун директору Кубат Чекиров сырткы авторлор үчүн уюштурган журналисттик онлайн мектептин угуучусу, буга чейин «Кутбилим» авторлорунун Жети-Өгүз, Түп, Алай, Сузак райондорунда өткөн тажрыйба алмашуу семинарларына катышып келген көп кырдуу педагог, жазуучу жана акын Узен Атаканов жетектейт.
Биз мектеп жетекчисинен бул күнкү семинардын максаты тууралуу сураганыбызда ал төмөнкүдөй жооп берди.
— Бул семинар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужол жөнүндөгү Жарлыгын жүзөгө ашыруу жана мектеп окуучуларын улуттук баалуулуктарды кастарлоо менен окуп-үйрөнүүгө тарбиялоо, сабак өтүүнүн алдыңкы усулдарын жайылтуу максатын көздөйт.
Гезит авторлорунун өз ара тажрыйба алмашуу семинарына бул ирет тоолуу өлкөбүздүн агартуу тармагына өздөрүнүн эмгеги менен таанылган бир топ алдыңкы педагогдор, атап айтсак, борборубуздагы Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинен Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Гүлүмкан Асанкадырова, Жети-Өгүз районунун Данаке Иманов атындагы мектебинен Билим берүүнүн мыктысы Шайыр Ашырова, Талас облустук лицей-комплекстен жаңычыл-педагог Эдиса Кыдырмышова, Кара-Көл шаарынан бир нече усулдук китептердин автору, дасыккан педагог Байыш Мүсүралиев, Алай районунан, айылдык кеңештин депутаты, күжүрмөн мугалим Сыдык Мамыров, Кара-Суу районунан эмгекчил эжейлер Инаят Жаманкулова менен Замира Атакулова, Ноокат районунун кечки мектебинен агартуу ардагери Абдиназар Эргешов, Сузак районунан чаалыкпас мугалимдер Чолпон Кадырова, Урниса Нурбаева, Бактыгүл Акматова катышып, тарбиялык ачык сабактар, предметтик сабактар боюнча өз ойлорун ортого салып, баалуу сунуштарын айтышты.
Өз ара тажрыйба алмашуу семинарына Кербен шаарындагы жалпы орто билим берүүчү мектептердин жетекчилери, алдыңкы мугалимдер, райондук мамлекеттик администрациясынын, шаардык мэриянын, коомчулуктун өкүлдөрү катышып, «Унгужол» программасын ишке ашырууда чыгармачылык менен изденип иштеп жаткан мектеп жамаатын мыкты табылгалары менен куттукташты.
Көргөнүбүз көңүлгө толду
«Эшигин көрүп, төрүнө өт» дегендей, Аксы районунун борбору Кербен шаарындагы №6 Надыр Мамбетов атындагы мектептен көргөнүбүздүн баары көңүлгө толду. Кайда караба иреттүүлүк, тазалык, форма менен мазмундун шайкештиги көзгө урунат. Аксы эзелтен таланттардын мекени экенин билсек да, билим ордосунун Сүйгүнбаев Мамат атындагы «Адабият жана маданият» залынан жез таңдай акын Жеңижок (Өтө Көкө уулу), залкар комузчу Ниязалы Борошов, төкмө акындар Токтосун Тыныбеков, Ысак Барпиев, атактуу жазуучулар Төлөгөн Касымбеков, Темиркул Үмөталиев, Жунай Мавлянов, Жазуучулар союзунун мурунку жетекчиси Нурлан Калыбеков, Салибай Шатманов, котормочу Ильгиз Гилязетдинов, акын Азада Бегимкулова, обончу Абдыкерим Алымов, жалындуу журналист, акын Зайырбек Ажыматов, ажарлуу ырчы Гүлсүн Мамашева жөнүндө керектүү маалыматтарды алдык. Бул таланттардын баары ушул көркөмү көз тайгылткан Аксы жергесинде туулуп-өсүп, баралына келгенде бүтүндөй кыргыз элине опол тоодой кызмат кылышкан. Айрымдары ушул күндө да эл үчүн талыкпай эмгектенип келүүдө.
Бул залдын өсүп келе жаткан жаңы муун үчүн мааниси албетте, эбегейсиз зор деп айтсак болот. Азыркы залга улай илинген стенддер келген коноктордун баарынын көңүлүн өзүнө бурду. Анткени, мында жаш муундарга, өзгөчө өспүрүмдөргө максат коюп жашоонун маанисин астейдил түшүндүргөн кыска-нуска акыл-насааттар жазылган.
Айрымдарын окуп көрөлү: «Кыялданган адам болуу эч качан кеч эмес», «Ийгиликтүү адам жыгылса, кайра турат», «Ийгиликтүү адам тобокелге барат», «Ийгиликтүү адам сабырдуу», «Чоң ийгиликтер — бул туруктуулуктун натыйжасы» ж.б. у.с.
Андан ары мектептеги «Ата-энелер мектебинин» иштөө принциптери, программанын идеяларын ишке ашыруунун лекция, талкуу, семинар, конференция, тренинг сыяктуу иштиктүү формалары жазылган көрнөктөр илинген.
Булар албетте, мектепте ата-энелер менен иш алып баруу жакшы жолго коюлганынан кабар берет.
Коридордон азыркы доордун талабы болгон санариптик сабаттуулукка байланышкан «Мугалимге керектүү Google сервистер», «Фейк деген эмне?» сыяктуу маалыматтарды да көрө алдык.
Ушул эле жерде PISA иликтөөсүнө, STEM билим берүүсүнө арналган көргөзмө стенддер илинип, кыргыздын боз үйү тууралуу таасирдүү маалыматтар келтирилген.
«Боз үйдүн артыкчылыгы: түзүлүшүндө темир колдонбогондуктан, чагылган түшпөйт, жер титирөөгө туруштук берет, кышында жылуу, жайында салкын. Боз үйдүн жасалгасында, түзүлүшүндө зор инженердик маданият жатат. Боз үйдүн түндүгү — айлана, керегеси — ромб, каалгасы — тик бурчтук» деп жазылыптыр. Сөз эмес бекен!
Узун коридордун бир бурчунан предметтик мугалимдердин аракети менен түзүлгөн тарых музейин көрө алдык. Мында байыркы доорлорго таандык карапа буюмдар, жыгач идиштер, баш кийимдер, орус келгиндеринин жез чайнектери, темир үтүктөрү, Тула самоварлары коюлган. Согуш жана эмгек ардагерлеринин сүрөттөрү, айылдын уста, уздарынын сүрөттөрү жана алар тууралуу кызыктуу маалыматтар да бизди кайдигер калтырбады. Мектептин тарыхына, ардагер агартуучуларга, мектептин мурунку бүтүрүүчүлөрүнө, алардын колунан жасалган таберик буюмдарга да залдан татыктуу орун берилиптир.
Мектептин залдарын кыдырып чыккан соң, биз тарбия ишинде мугалимдин сөзү гана эмес, дубалда илинип турган көрнөктөр да өсүп келе жаткан муунду тарбиялай аларына ишенип, «Уңгужол» программасын талыкпай ишке ашырып жаткан мектеп жамаатына ыраазы болдук.
Мектеп менен таанышып чыккан соң, топ-топко бөлүнүп ачык сабактарга кирдик. Семинарда «Уңгужол» программасы боюнча Нышанбаева Гүлнур даярдоо классында «Табият · биздин досубуз», Мамытова Муңайым 2-класста «Кыргыздын көөнөрбөс кол өнөрчүлүгү», Дыйканбаева Айжамал 9-класста «Улуттук оюндар», Стамалиева Гүлназ 5-класста «Үч кылда камтылган улуу тарых» аттуу тарбия сааттарын өтүшсө, Кожобекова Кутбү 11-класста географиядан «Индия мамлекети», Туралиева Сатина 8-класста «Кислоталар жана негиздер», физикадан Тотоева Наргиза 9-класста «Рентген жана лазер нурлары», Калдар кызы Элиза Дин таануу предметинен 9-класста «Радикализм, экстремизм, терроризм» деген темада кызыктуу сабактарды өтүштү.
Ачык сабактардан кийин мектеп алдындагы аянтчада «Уңгужол» программасынын алкагында уюштурулган «Кыз узатуу» каадасына күбө болдук. Ыр-күүгө жакын жогорку класстардын окуучулары, мугалимдер, өнөрлүү ата-энелер көрүүчүлөргө кыз узатуу салтын чоң чеберчилик менен сахналаштырып беришти.
Семинардын катышуучулары ой бөлүшөт
Эдиса КЫДЫРМЫШЕВА, Талас облустук лицей-комплекстин кыргыз тили жана адабияты мугалими:
Улутубуздун улуулугун даңазалаган иш-чара
«Уңгу жол – улуу багыт» аттуу семинарга Талас облусунан барып катышып келдим. Семинардын аты айтып тургандай, улутубуздун улуулугун даңазалаган эң жогорку деңгээлдеги иш-чара болду. Мен 5-класска Стамалиева Гүлназ эжейдин «Үч кылда камтылган улуу тарых» аталышындагы ачык сабагына катыштым. Сабак абдан таасирдүү, жандуу өттү. Өзгөчө окуучулардын кыргыз боз үйүнүн жасалгасын, эр жак, эпчи жактын айырмасын, ал жакта кандай буюмдар коюлушу керектигин, кыргыз комузунун жасалышынан баштап күүлөрдүн түрлөрү, залкар комузчуларга чейин айтып көрсөтүп беришти. Макал-лакаптардын маанисин чечмелеп, талдашты.
Жасалма интеллекттин жардамы менен улуттук аспаптардын келип чыгышын көрө алышты. Сабак эң жогорку деңгээлде өттү. Деги эле кыргыз баласына кыргыз кереметтерин кичинекей кезинен жан дүйнөсүнө сиңирип тарбиялоо ар бирибиздин ыйык милдетибиз деп ойлойм. Семинардын жүрүшүндө республикабыздын ар кайсы аймактарынан чогулган алдыңкы калемгер эжей-агайлар менен жолугуп, маектеше алдым.
Байыш МҮСҮРАЛИЕВ, Кара-Көл шаарындагы №4 Шопоков атындагы орто мектебинин мугалими:
Тарыхты жаратуудан мурда, аны сактап калуу маанилүү
Тарыхты жаратуудан мурда аны сактап калуу канчалык маанилүү экени биз семинарга барган мектептеги тарых-край таануу музейинен байкалып турду. Мезгил алмашкан советтик доордогу колдонулган көп эски буюмдардын музейден орун алышы, бул жайды түптөп жана ушул убакка чейин улантып келаткан жетекчилердин бараандуу эмгеги деп билсек болот. Мектептин кире беришинен баштап ички жасалгасы атайын тематикасына жараша жайгаштырылганы, окуу-тарбия процессинде колдонулуп келген мурдагы жана азыркы учурдун талабына ылайык окутуу усулдары камтылган стенддер, улуттук колоритте жасалган кол өнөрчүлүк буюмдары көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Бул жетишкендиктердин баары, албетте, Узен агай баштаган ынтымактуу, чыгармачыл жамааттын күжүрмөн эмгеги экенине ынандык.
Гүлүмкан АСАНКАДЫРОВА, Бишкек шаарындагы Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими:
Жандуу сабактарга күбө болдук
Семинарда өтүлгөн сабактардан химия мугалими Туралиева Сатинанын ачык сабагы өзгөчө жандуу сабак болду. Окуучулар топтордо иштеп, лабороториялык байкоолорду жүргүзүп, берилген тапшырмаларды так аткарып, турмуш менен байланыштырып иштешти. Мугалимдин окуучулар менен болгон мамилеси, кесипкөйлүгүн көрсөтүп турат.
«Кислоталар жана негиздер» темасындагы сабакты окуучулар топто кызыгуу менен иштешти.
Дагы бир класстык саатка катыштым. Мамытова Мунайым 2-класста «Кыргыздын көөнөрбөс кол өнөрчүлүгү» темасында жүндү кайдан аларыбызды, жүндөн эмнелер, кантип жасаларын, турмушта кантип колдонорубузду практикалык иш аркылуу көрсөтүп өттү. Окуучулар топторго бөлүнүп, берилген тапшырмаларды кызыгуу менен аткарышты. Сабакта окуучулар жүн жөнүндө маалымат алуу менен бирге, жүндү иштетүү ата-бабаларыбыздан калган эмгек экенин билишти. Окуучулар өз колдору менен жүн тытып, ийик менен жип ийрип, чийге жүндү тегиздеп салып, бетине оюу салып, кийиз жасашты. Чийге оролгон жүнгө ысык суу куюп, уютуп, тепкилөө ыкмасы менен кийиз жасап алууну аткарышты. Ийрилген жиптен кийимдер токуларын айтып беришти. Комуз күүсүнүн коштоосунда, жүн сабашып, эс алуу менен жагымдуу маанай тартуулашты. Сабак улуттук каада-салттарды окуучуларга үйрөтүү менен өз максатына жетти.
Шайыргүл АШЫРОВА, Жети-Өгүз районундагы Данаке Иманов атындагы орто мектебинин математика мугалими:
Бизди мектеп жамааты эң жакшы маанайда тосуп алды
Аксы районунун Ак-Дөбө айылынын Надыр Мамбетов атындагы жалпы билим берүү мектебине “Уңгужол · улуу багыт” темасындагы республикалык семинарга катышып келдик.
Бизди мектеп жааматы эң жакшы маанайда тосуп алышты. Мектеп директору Узен Атаканов өзү жетектеген билим берүү мекемеси жөнүндө толук маалымат берди, ички жабдылышы жана көрсөтмөлөрү менен тааныштырды.
Андан соң ачык сабактарга катыштык. Башталгыч класстардын мугалими Мамытова Муңайым ”Кыргыздын көөнөрбөс кол өнөрчүлүгү” анын ичинен «Жүн» жөнүндө проблемалык методду пайдаланып, 2-класста кызыктуу сабак өттү. Окуучулар жүндү тазалоо, тытып, ийрүүгө даярдоо, ийрүү, жиптерди боёо, токуу, кийиз жасоо, оюларды түшүрүү боюнча топ-топтордо иштеп практикалык баалуу билим алышты.
Ал эми Туралиева Сатинанын 8-класстагы «Кислоталар жана негиздер» аттуу ачык сабагында окуучулар Менделеевдин таблицасындагы катар номердеги элементтердин аттарын атап, өз атын тааныштырды. Сабакта окуучулар эрежелерди сактоо менен тажрыйба жасашты. Класста лабораториялык тажрыйба жасоого жабдыктар жетиштүү экенин байкадым. Сабак өз максатына жетти.
Менин оюмча “Үрп-адатты кийинки муунга өткөрүп берели” аттуу адабий музыкалаштырылган кече эсте каларлык болду. Мектеп жамааты, окуучулары катышкан оюн-зоок, бий, ыр-хорлору эң жогорку деңгээлде аткарылды. Иш-чарага биз, калемгерлер тобу, райондук мектептердин өкүлдөрү, райадминстрациясы катышып, ыраазычылыгыбызды билдирип, эң жакшы маанайда кайттык.
Замира АТАКУЛОВА, Кара-Суу районундагы Ибрагим Кулбаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстар мугалими:
Семинар жогорку деңгээлде өттү
Надыр Мамбетов мектебинин жамааты уюштурган «Уңгужол- улуу багыт» семинары жогорку деңгээлде өттү. Мен эки ачык сабакка катыша алдым. Дыйканбаева Айжамал 9-класска «Улуттук оюндар» темасына класстык саат өттү.
Сабак максатына жетти. Окуучулар тапшырма боюнча маалымат беришип, ар бир улуттук оюндун эрежелери сактап, практика жүзүндө көрсөтүп беришти. Балдар-кыздар кичи топтордо иштеп, өздөрүнүн улуттук оюнга кызыгууларын көрсөтө алышты Мугалим окуучулар үчүн чөйрөнү абдан жакшы түзө алды.
Андан кийин Кожобекова Кутбү эжейдин 11-класстагы География сабагына катыштым. Сабакта Индия мамлекети жөнүндө сөз болду. Окуучулар кичи топторго бөлүнүп, «Орёл или решка» оюнун ойношту. Ченелүү жана ченемсиз көп акча менен Индияга саякат жасап, акчаны кантип үнөмдүү пайдаланууну үйрөнүштү. Мугалим бул сабакты математика, музыка сабагы менен байланышта өттү.
Бактыгүл АКМАТОВА, Сузак районундагы №83 Зулум Жамашев атындагы орто мектебинин башталгыч класстар мугалими:
Өзүмө зор чыгармачылык эргүү алдым
Мен «Кут Билим» гезитинин бул долбооруна биринчи жолу катышып жаткандыктан, өзүм үчүн зор чыгармачылык эргүү алдым. Узен Атаканов жетектеген жамааттын ынтымагы, агартуудагы жетишип жаткан ийгиликтери, республикалык деңгээлдеги семинарды ар тараптуу уюштуруп, ачык сабактардын баары биринен бири мыкты болгону мени таң калтырды. Көрсө, агартуу ишинде көп нерсе мектеп директоруна жараша болот экен. Узен Атаканов агайга таазим дегим келет. Агайдын иш билгилиги менен жөнөкөйлүгү айкалышып турарын байкадым. Анын тарбия иштери боюнча орун басары Миртемир агай да бардык алкоого татыктуу экен.
Чолпон КАДЫРОВА, Сузак районундагы №83 Зулум Жамашев атындагы орто мектебинин мугалими:
Ар бир бала, ар бир мугалим таланттуу экен
Мага баарынан да Н.Мамбетов мектебиндеги ачык сабактар, айрыкча семинардагы маданий иш-чара абдан жакты. Ар бир бала, ар бир мугалим таланттуу экен. Жогорку уюшкандыкта өткөрүлгөн семинардын жетекчиси Узен агайга ыраазы болуп кайттык.
Тоолорундай бийиктеп бактыңыздар,
Төбөңөрдөн төгүлүп жакшылыктар.
Унутулгус зор элес калтырышты,
Аксылыктар, ай ушу аксылыктар!
P.S. Биз жолго чыккан күндүн эртеси «Кербен шаарынын мыкты мугалими — 2025» сынагында физика мугалими Наргиза Тотоева баш байгени жеңип, МАТИС жеңил машинасы менен сыйланганын уктук. Эмесе ынтымактуу жамаатты дагы бир ийгилиги менен куттуктайбыз!
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим» (Бишкек-Кербен-Бишкек)
Комментарийлер