АБДИНАЗАР ЭРГЕШОВ: «МУГАЛИМ ЭС АЛУУГА ЧЫКСА ДА МУГАЛИМ БОЙДОН КАЛАТ»

  • 10.11.2021
  • 0

Абдиназар Эргешов беш жыл мурун ардактуу эс алууга чыкканына карабай өзү эмгектенген Ноокат районундагы «Улуу Тоо» мектеби менен байланышын үзбөй, жума сайын болбосо да ай сайын жогорку класстардын окуучуларына тарбия саат өтүп жүрөт. Ардагер педагог – жаш педагогдордун дагы насаатчысы.

– Агай, көпчүлүк педагогдор ардактуу эс алууга чыккандан кийин эле өзү эмгектенген билим уясын унутуп коюшат. Сиздин мектепке кайра барышыңызга эмне себеп болду?

– Мектеп менин үйүмө жакын болгон үчүнбү, айтор, мектепке көз кырымды салып турам. Анан бир жолу мектеп директоруна, ал да менин мурунку окуучум, «Бир күндү белгилеп кой, балдарга тарбия саат өтөйүн» деген оюмду айттым. Макул болду. Ошентип өтө баштадым. Жогорку класстын окуучулары «Агай, эми качан келесиз?» дешип, кийинки сабакты чыдамсыздык менен күтүп калышат. Анткени биз көргөн күндөр, башыбыздан өткөргөн окуялар, окуган китептер, көргөн фильмдер, идеал туткан адамдар алар үчүн кызык. Өзүм да жоопкерчиликти сезип, мурда түзгөн портфолиолорумдан керектүү материалды издеп таап, дыкат даярданып барам.

Балдар да тартынбай ойлорун айтышат. Мен баа койбойм, баалабайм, бирок алардын айылдашы, улуу курактагы инсан катары сунуш айтам, кеңеш берем. Ушул нерсе өспүрүмдөргө жагат болсо керек, бири да калбай сабакка келишет.

– Бул саамалыгыңыз колго аларлык экен. Батышта, айрыкча, Америкада эс алууга чыккан мугалимдер мугалимдин көмөгүнө муктаж балдар менен жеке иш алып барарына күбө болгом. Муну алар өз демилгеси менен, эч бир акча сурабай эле жасашат. Сиздин аракетиңизди көрүп, бул саамалыкты өлкөбүздүн баардык мектептеринде баштаса болчудай деп ойлойм.

– Эмнеге болбосун! Америкада бар нерсени бизде да кылса болот. Бирок ошого жетекчилик маани бериши керек. Күүлүү-күчтүү, тажрыйбасы мол ардагерлердин потенциалын колдонууга мезгил жетти.

Учурда мектепте иштешкен мугалимдер мурункуларды унутпай, ар кандай даталуу күндөргө чакырып турса, ардагерлер да билим берүү ишинен алыстап калышмак эмес.

– Сиз мектепте канча жыл эмгектендиңиз?

– Туптуура 45 жыл иштедим.

– Алгачкы сабагыңыз, мектебиңиз дагы деле эсиңизде болсо керек?

– Ооба, эсимде. Мен мугалимдик кесипти Баткен районундагы Орто-Боз айылындагы Ю.Гагарин атындагы мектепте орус тили мугалими болуп иштеп баштагам. Үч жылдан кийин райондук билим берүү бөлүмүнүн буйругу менен мени Паска-Арык аттуу чек ара аймагындагы мектепке завуч болуп бардым. Эми иштегениңди эл, анан жогору жактагылар баалайт экен, дагы үч жыл өткөн соң мени Самаркандек орто мектебине директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлыгына дайындашты. Бир жылдан кийин бул мектепке Мурат Салиховдун ысмы ыйгарылды. Бул кишини азыркы жаштардын көбү билбей калышты. Мурат
Салихов 37-38-жылдардагы репрессияда эл душманы деп ак жерден айыпталып, бейкүнөө атылып кеткен. Ал киши өз доорунун эң бир билимдүү, илимдүү адамдарынын бири эле. Совнаркомду башкарып, бир топ мезгил билим берүү тармагын да жетектеп турган. Анан бир тууган иниси
Тажикстандын юстиция министри болгон. Экөөсү тең – ушул Баткендин кулундары.

Көп өтпөй мени райондогу Ак-Сай мектебине директорлукка дайындашты.

Ак-Сай дегенди билесиңер, ары жагында 30 миң калкы бар тажиктердин Ворух деген чоң айылы жайгашкан, бери жагында тажиктердин Макаи деген чакан кыштагы жатат.

Ал жерде да үч миңдей эл жашайт. Ошол эки тажик айылдарынын ортосундагы Ак-Сай мектебинде төрт жыл директор болуп иштедим.

Ак-Сай элинин ынтымагы, биримдиги, бири-бирине жасаган мамилеси башкача эле. Мен көп жерде иштедим. Кээде ата-энелерден «Балаңызга канча убакыт бөлөсүз?» деп сурасам, көбү жооп бере албай калышчу. Ал эми аксайлык ата-энелердин кимиси болбосун: «Эрте менен туруп, кайсы китептерин салды, салбады деп текшерем, мектептен келгенде үйгө кайсы тапшырма берилгенин сураймын» дешчү.

Ушундай бала тарбиясына маани берген ата-энелерди көрдүм.

Ушундай жерден кеткиң келеби? Бирок турмуштук себептер менен Ноокат районуна көчүп бардык. Азыр райондун борборунан кыйла алыс, союз учурунда сымап казылган, Өзбекстан менен чектеш Улуу-Тоо айылында жашап жатам. Бир топ жыл ушул айылдагы орто мектепти жетектедим. Суунун жетишсиздиги, чек арага жакындыгы бизге бир катар көйгөйлөрдү жаратты. Чек ара тосулбагандыктан элдин малы Өзбекстан тарапка өтүп кетип жатты. Кеткен мал жандыктар кайтарылбады. Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Надира
Нарматовага кайрылдым эле, эл өкүлүнүн кийлигишүүсү менен айылга чек ара тозоту салынып, мал уурулук да токтоду. Азыркы тапта Найман айыл Өкмөтүнүн төрайымы
Розаканга да ыраазычылык билдирем. Ал иштегенден бери ФАП, бала бакча курулду, жакында мечит ишке берилгени жатат. Бул отуз кожолук биздин чакан айыл үчүн зор жетишкендик болуп саналат.

– Агай, Сиз айылда жашайсыз, элет мектебинин көйгөйлөрүн да айта кетсеңиз…

– Мугалимдин кесибин пайгамбардын кесиби деп коюшат. Англияда мугалимди премьер-министрден да бийик коюшат экен. Бизде болсо экономикалык каатчылыктан улам бул жаатта көйгөйлөр жок эмес. Эми анын баары турмуш шартыбыз жакшырган сайын чекеден чечилет деген ойдомун. Азырынча жанагы «Мугалимдин статусу» деген мыйзам кагаз жүзүндө гана жазылып калгандай таасир калтырат. Ошол мыйзамда жаш мугалим айылга иштегени келсе, үй менен камсыз болсун, жер тилкеси бөлүнүп берилсин деп айтылган. Муну өлкөбүз каржылык тартыштыктан улам аткара албай жатат. Ушундай кыйынчылыктарга карабай биздин райондук билим берүү бөлүмүнүн аракети менен жеринде көп маселелер туура чечилип жатат. Ушул жерде иштеген Осмоналы Көчкөнбаев аттуу агайды сурасаң, ноокаттык мугалимдердин баары «Жакшы агай!» деп айтышат.

Азыркы таптагы жетекчибиз Акуш
Асанбаевдин да аракети мыкты. Ал кечээги пандемияда окуу процессин үзгүлтүксүз уюштуруп, эл алкышына татыды.

– Азыркы мугалимдерге кандай каалоо-тилектериңиз бар?

– Менин ыраматылык досум Тургунбай Жумаевдин «Саламатсызбы, агай! деген сөзү үчүн мектептен кетким келбейт» деген ыры бар эле, анысыңарындай, мен да ушул мугалим деген улуу кесип менен ар дайым сыймыктанам! Мага окуучулардын «Саламатсызбы, агай!» деген сөзү жетиштүү.

Азыркы мектепте иштеп жаткан мугалимдерди да өз кесиби менен сыймыктанууга чакыраар элем. Сабакты жүр-нары өтпөй, чыгармачылык менен изденип, бүгүнкүдөн эртеңкисин кызыктуу кылып, жан дилиңер менен бергиле дээр элем. Ошондо окуткан окуучуларыңардын, алардын ата-энелеринин урмат-сыйына татыктуу болосуңар дээр элем!..

 

Бөлүшүү

Комментарийлер