26 ЖАШЫНДА ДИРЕКТОР БОЛГОН ЖЕТЕКЧИ

  • 24.03.2021
  • 0

Быйыл 63 жашка чыгып, кырк жылга жакын өмүрүн жаштарды тарбиялоого, билим берүүгө жумшап, эл алдында кызматы бааланып, жергиликтүү жана райондук кеңештердин бир нече жолку чакырылышынын депутаты болуп, айылдын, райондун “Ардактуу атуулу” наамына татыган Алай районундагы Бакир Нарматов атындагы орто мектебинин директору Майрамбек Качкынбаевди райондун көпчүлүк эли жакшы тааныйт. Эмесе ушул каарманыбыз жөнүндө сөз учугун улайлы.

Майрамбек Качкынбаев Алай районундагы Бүлөлү айылында 1958-жылы туулган. Атасы Качкынбай Таабалдыев кезинде алгачкы жогорку билимдүү адис болгон. Ошол элүүнчү жылдарда мектепте эле эмес айылда да жогорку билимдүү адам жок эле. Көп жыл мектепте директор болуп иштеп, бир нече муундарды тарбиялап,  “Эл агартуунун отличниги” наамына татыган инсан эле.

​Майрамбек Качкынбаев 1975-жылы айылындагы Бүлөлү орто мектебин аяктары менен совхоздун мал чарбасында иштеп, эл менен аралаша баштайт.
1977-жылы ата кесибин улантууну көздөп, замандын талабына ылайык жогорку билимге ээ болуу керектигин сезип, совхоздун жолдомосу менен Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун математика бөлүмүнө экзамендерин​ ийгиликтүү тапшырып, окуу жайдын студенти болду. Эң жакшы окуп, студенттик отряддарды жетектеп, айыл чарба иштерине активдүү катышып, группанын старостасы болгон. 1981-жылы окуу жайды эң жакшы бааларга аяктап, эмгек жолун бийик тоолуу Чоң-Алайдагы Кара-Кабак сегиз жылдык мектебинде иштөө менен баштап, 1982-жылы В.Т. Костыря (азыркы С.Карыев) атындагы орто мектепке директордун тарбиялык иштер боюнча орун басары кызматына которулат. Бул иште да камчы салдырбай иштеп, жамааттын жакшы баасына татый баштайт. Анын жетекчилиги менен мугалимдер даярдаган драматург М.Жакыповдун “Бир түп арча” спектакли райондо 1-орунду ээлеп, райондун​ аймагына спектакль коюуга уруксат берилген. Аткарган иштери районго угула баштайт. Ал учур кадр тандоо жана тарбиялоо жакшы жолго коюлган мезгил боло турган эле. Идириктүү, өз ишине тың, коомдук ишке чапчаң, жан дүйнөсү бай, келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш адисти 1984-жылы жетекчилери туруктуу болбой, улам алмаша берип, мектептин иши солгундап кеткен Бакир Нарматов атындагы орто мектепке директорлукка дайындашты. 26 жаштагы жаш директор жаамат менен тил табышып, окуучулардын татыктуу таалим сабак алуусуна бар дареметин, билимин жумшады. Мектепте билим сапаты ​ көтөрүлдү.
Окуу-тарбия иштери жолго коюлуп, жаш жетекчинин иши райондо мактоого алынып, а түгүл облуска угула баштады. Уюштуруучулугу, башкаруучулук жөндөмү, шыгы төп келген М.Качкынбаев 1994-2000-жылдары Бүлөлү айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошту.

26 ЖАШЫНДА ДИРЕКТОР БОЛГОН ЖЕТЕКЧИ

2001-жылы Б.Нарматов атындагы орто мектепте директордун тарбиялык иштер боюнча орун басары, 2002-жылдан бери кайрадан мектептин директору болуп, билим берүү тармагынын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, жакшысына татып, жаманына ооз күйгүзүп дегендей, ак кызматын өтөп, мектептин ишин жандандырып, материалдык-техникалык базасын чыңдоо, жетишпеген кадрлар менен камсыз кылуу, мугалимдердин иштөө шарттарын жакшыртуу, окуучулардын билим сапатын көтөрүү, окуу-тарбия процессин натыйжалуу уюштуруу, ата-энелер менен мектептин байланышын чыңдоо максатында бир топ жигердүү иш-аракеттерди жүргүзүп, ушундай аракеттин негизинде ийгиликтер жарала баштады. Республикада жетишкен ийгиликтерин айта турган болсок, республикада “Мыкты айыл мектеби — 2011” сынагында өзү жетектеген мектеби экинчи орунга, “Манас таануу” интеллектуалдык теле таймашында 2017-2018-жылдары мектептин командасы алдыңкы орунга, ​ Каныбеков Дастанбек аттуу окуучусу 2013-2014-жылдары предметтик олимпиадага катышып, байгелүү орунга жетишкен. Мектептин алдыңкы иш тажрыйбаларын жайылтуу максатында 2013-жылы облустук деңгээлдеги семинар өткөрүлүп, катышуучулар мектептин көптөгөн жетишкендиктерине күбө болушкан. ​ «Алтын түйүн» математикалык олимпиадасында мектеп окуучулары 2010-2011-2012-2013-2014-жылдары республикада байгелүү орундарды камсыз кылышты.  Чокоев Сагынбай жетектеген мектептин улуттук ордо оюну боюнча командасы 2015-2016-жылдары республикада ийгиликтерди жаратышты. Агайдын колунан таалим-тарбия алган жүздөгөн окуучулары ушул күндө республикабыздын өнүгүүсүнө өз салымдарын кошуп, түрдүү тармактарда үзүрлүү эмгектенишүүдө. Арасында илимдин доктору, кандидаттары, спорттун грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону, бакыйган мекеме-уюмдардын жетекчилери, мугалимдик кесипте иштегендери бар.

Мектепте спорт залдын жоктугу көп жылдар жүрөгүн өйүп жүргөн. Бир жылдан бери барбаган жери калбай, акыры тилеги кабыл болуп, 2019-жылы спорт зал курулуп, пайдаланууга берилди.

26 ЖАШЫНДА ДИРЕКТОР БОЛГОН ЖЕТЕКЧИ

КР Билим берүү кызматкерлеринин үчүнчү сьездинин делегаты, райондук директорлор секциясынын жетекчиси М.Качкынбаевдин билим берүү тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгектери бааланып, «Билим берүүнүн мыктысы», Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тил” төш белгилери менен сыйланып, Жогорку Кеңештин “Ыраазычылык каты”, Билим берүү министрлигинин, профсоюз кыймылынын, райондук, облустук мамлекеттик администрацияларынын  Ардак грамоталары менен сыйланган.
Азыркы мезгилде өрнөктүү өмүр өтөп жаткан М.Качкынбаев өмүрлүк жары, Билим берүүнүн мыктысы, ардактуу эс алууда жүргөн Апиева Кандалат экөө эки уул, үч кызды тарбиялап өстүрүшүп, 12 неберенин кадырлуу таята-таенеси, чоң ата-чоң энеси болушту.

Сыдык Мамыров, Алай району, С.Карыев атындагы орто мектептин мугалими, Билим берүүнүн мыктысы

Бөлүшүү

Комментарийлер