12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ – КЕСИПКӨЙ АДИСТЕРДИН КЕЛЕЧЕГИ

  • 04.04.2025
  • 0

Кыргыз Республикасы 12 жылдык билим берүүгө кадам таштады. Бул – олуттуу чечим. Анткени азыркы дүйнөлөшүү заманынын алкагында эл аралык рынок жана мамилелерде татыктуу орун алуу мамлекетибиздин негизги багыттарынан экендигин өлкө башчысы баса белгилеп келүүдө. Буга чейин заман талабына ылайык билим сапатын эл аралык стандартка шайкеш келтирүү максатында министрлик тарабынан сунуштар айтылган, бирок ишке ашырууга эрк жетишпей келген.12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ –  КЕСИПКӨЙ АДИСТЕРДИН КЕЛЕЧЕГИ

Министр Догдуркүл Кендирбаева бул реформаны ишке ашыруу зарылдыгын айтып: “2023-жылы улуттук баалоо боюнча анализ жасадык. Балдардын дээрлик 64 пайызы математиканы билбейт, көндүмдөрү жок, ал эми 42% эмне окуганын түшүнбөйт. Креативдик жасалма интеллект менен иштөө, эмгек рыногуна жооп бере турган негизги көндүмдөр жок дегенди билдирет. Келечекте Кыргызстан атаандаштыкка туруштук бергидей өлкө болбой калышы мүмкүн деген кооптонууну жаратат” — деп белгилеген.

Кыргызстандын түштүк аймагындагы технологиялык багыттагы жогорку билимдүү адистерди даярдаган жалгыз окуу жай катары Ош технологиялык университетинин жамааты жана жеке өзүм 12 жылдык билим берүү системасын биздин билим берүү тармагындагы дагы бир зарыл жана маанилүү кадамы катары кабылдадык.

Биздин окуу жай 14 мамлекетте жайгашкан 100гө жакын окуу жайлар, илимий институттар, ишкана, холдингдер менен кызматташат. Эл аралык компанияларда иштеген бүтүрүүчүлөрүбүз көптөгөн ийгиликтерди жаратууда. Бирок биз күткөндөн аз санда. Буга эки себеп бар: биринчиси, бир катар мамлекеттердеги окуу жайлар менен студенттерибиз үчүн мобилдүүлүк, кош дипломдуулук келишимине кол коюуда же башка өлкөлөрдө билимин улантуу учурунда биздин мектеп стандарттары менен дал келбегендиктен, билим дарамети жетишсе да ишке ашырууга кедерги болуп келген. Эми бул маселе жоюлуп, адис даярдоонун дагы бир этабына көтөрүлүү мүмкүнчүлүгү ачылат деген үмүтүбүз бар. Экинчиси, инженер, программист, конструктор, архитектор, дизайнер, технолог, жол куруу кесиптерин тандагандар салыштырмалуу аз. Демек, кадрдык таңсыздык бар. Мунун негизги себебин министрибиз белгилегендей, мектеп программасында так жана табигый илимдерди мектепте окутуу программалары татаал жана жалпылоочу багытта түзүлүп келгендиктен, жогорудагы кирешелүү, рынокко туруштук берчү, өндүрүштү өркүндөтүүчү тармакты мектеп бүтүрүүчүлөрү тандоодон карманчу.

Дүйнөлүк таанымал психолог-педагогдордун пикиринде, балдардын жаш курагына жараша канчалык көлөмдө академиялык билим алыш керектиги каралган. Баланын жөндөмүнө, физикалык, психологиялык абалына, жашына, менталдык мүмкүнчүлүгүнө жараша жүктү бөлүштүргөндө 12 жыл келип чыгарын белгилешет. Бул бир катар изилдөөлөрдүн натыйжасында кабыл алынган ченем.

Азыркы билим берүү стандарттарында 10-12-класстарды окуу учурунда балада максаттуу тандоо жана улантуу мүмкүнчүлүгү болгондуктан, инженердик багыттагы адистерди даярдоо күч алат деген ишенимдебиз. Бул болсо, мамлекетибизде акыркы жылдары жолго коюлуп жаткан оор өнөр жай тармагын жакшыртып, квалификациялуу адистерди берерине ишенип турабыз.

Улуттук билим берүүнүн жаңы моделинин программасында жогорку класстын окуучулары кесип тандоо менен катар, жакшыртылып жаткан мектеп ашканаларында жана эмгек сабагында колдонулчу станок, машиналарды иштетүү менен практикалоо жана орто кесипке ээ болору пландалганын белгиледи министрлик. Ош технологиялык университетинин жамааты 12 жылдык билим берүүнү модернизациялоого салым кошуу үчүн төмөнкү жети сунушту белгилейбиз:

Мамлекетибиздин билим берүү тармагындагы модернизацияга активдүү катышуу аркылуу өндүрүшкө кесипкөй адистерди даярдоону жана экономикабызга салым кошуу миссиясын аркалоо максатыбызды ишке ашырууга ар тараптуу изденүү менен салым кошобуз.

1. Тамак-аш технологиясын иликтеген адистерди даярдаган окуу жай катары Ош технологиялык университети сметалык баасы 31 млн сом гранттык долбоор утуп алганбыз. Учурда лабораторияга жабдуулары келип түштү, курулуш иштерин баштоо планы коюлууда. Ушул лаборатория дал ушул жогорку класстын адистештирилген окуучулары жана мектеп мугалимдери үчүн бир база катары колдонулса деген сунушту айткыбыз келет. Анткени калктын тамак-аш коопсуздугун жана экологиялык талаптарын мектеп курагынан өздөштүрүү сапаттуу азык-түлүктөрдү сунуштоого, туура тамактанууга, калктын саламаттыгын сактоого кошкон зор салым болот.

2. Ош технологиялык университетинде жеңил өнөр жай тармагында тигүү, бычуу, дизайн технологдору даярдалат. Адистерибизди мектептерде жогорку класстарда кесипке багытоо жана орто кесипке даярдоодо, окутууда даяр адистер катары сунуштайбыз.

3. Мындан сырткары, IT, робототехника, мехотроника, машина куруу, жол курулушу, курулуш дизайны тармагында да онлайн жана офлайн окутууларды уюштуруу аркылуу маалымат берүү менен кесипке багыттоого кызыкдарбыз.

4. Мамлекетибизде электр энергиясынын таңсыктык көйгөйүн чечүү максаты менен окуу жайлардын тарыхында биринчи болуп кичи ГЭС курганбыз (2023) жана бул жылы күндөн жарык алуу системасын жайылтуу долбоорун иштеп чыгып окуу жайыбызга практикалап, тийиштүү тармак жетекчилерине сунуштадык. Дал ушул тармакта мектепте так илимдерди окутуу багытында окуучуларга көрсөтмөлүү сунуштай турган практикалоочу лабораторияларыбыз бар, аны ар бир райондорго жайылтып берүүгө потенциялыбыз жетет.

5. Ош облусунун аймагында агроинженерия тармагына салым кошуу багытында жайыт коррозиясын токтотуу жана калыбына келтирүү, дыйкандарга түшүмдүүлүктү жогорулатуу максаты менен 20 гектар аянтка күнөскана аркылуу илимий иштерди жүргүзүүчү ири долбоор сунуштаганбыз. Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан колдоого алынууда. Бул ишке ашса, дыйкандарыбыз. “Бир алкак – бир продукция” долбооруна шайкеш келген рынокко жетиштүү көлөм менен экспорттоого жол ачылып, дыйкандардын өндүргөн жашылчаларын максаттуу, пландуу, алдын ала буйрутма менен жоготууларсыз сатуу менен реализациялоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Биз жогорку класстын окуучуларын мектеп аяктары менен агро жана логистика тармагында кирешелүү жумуш орундарын камсыздоого жана андан ары адистештирип билимин улантууга түзүлгөн мыкты шарт болот деген ниеттебиз.

6. Кылым долбоору болгон ири долбоор бул – “Кыргыз –Кытай” темир жолу. Бул жол ишке ашса, экономикалык сонун мүмкүнчүлүк болору серепчилер тарабынан байма-бай айтылууда. Биздин окуу жай ушул жолду курууга адис даярдоо жоопкерчилигин алган тарап катары келечекте ушул ири темир жолду эксплуатациялоочу адистерди да 10-12-класстардан багыттоо менен жумуш менен камсыздоо жана тейлөө коопсуздугуна салым кошуу демилгесин көтөрүп жатабыз.

7. Шаарлардагы жол тыгынын чечүү багытында жер астынан, жер үстүнөн, эстакадалык, айланма жолдорду, жер астына жана жер үстүнө көп кабаттуу унаа токтомолорду куруу боюнча мамлекеттик талаптар коюлууда. Ушул багытта да орто жана жогорку билимдүү адистерди даярдоо практикабызга таянып, кесипке багыттоо жана баштапкы жалпы окутууну колго алуу боюнча программабыз бар.

Жанболот ТУРСУНБАЕВ, Ош технологиялык университетинин ректору, т.и.к, профессор

Бөлүшүү

Комментарийлер