ОКУМУШТУУЛАР ҮЧҮН «КАТЫШЫП БАЙКОО УСУЛУН КОЛДОНУУ» БОЮНЧА ВЕБИНАР ӨТТҮ

  • 20.06.2020
  • 0

Онлайн Университетинин Коомдук изилдөөлөр лабораториясы кечээ  «Катышып байкоо усулун колдонуу» боюнча вебинар өткөрдү.

ОКУМУШТУУЛАР ҮЧҮН "КАТЫШЫП БАЙКОО УСУЛУН КОЛДОНУУ" БОЮНЧА ВЕБИНАР ӨТТҮ

Вебинардын спикери Борбордук Азиядагы Америка университетинин Антропология программасынын доценти Мукарам Токтогулова катышып байкоо усулунун негизги баскычтары, эрежелери, артыкчылыктары менен кемчиликтери тууралуу маалымат берип, катышуучулар менен бир катар маселелер талкууланды. Бул усулду колдонууда окумуштуу бир жагынан  аралыкты кылдаттык менен сактап,  изилденип жаткан топко сырттан байкоо салат. Экинчи жагынан катышуучу катары топтун ичинде болууга, аны ичкертен таанып-билүүгө умтулат. Ошондуктан бул усулду колдонууда катышуунун деңгээлдери менен чектерин, этикалык жагдайларын аныктап алуу маанилүү экендиги белгиленет.

Белгилей кетсек, катышып байкоо антропология илиминин негизги усулу,  мындан бөлөк бул усул психологияда, социологияда ж.б. коомдук илимдерде кеңири колдонулат.

 

Вебинардын видеосун төмөндөгү шилтеме менне университеттин ютуб каналынан көрүүгө болот: https://www.youtube.com/channel/UCCxjXfD5x3Se5hI_GVM-t7g

Бөлүшүү

Комментарийлер