ӨЗ АРА КЫЗМАТТАШУУ ӨНҮГҮҮГӨ ЖОЛ АЧАТ

  • 01.07.2013
  • 0

И.Арабаев атындагы КМУ жана ОшМУ Кыргыз Республикасындагы жогорку окуу жайлардын кызматташуусунун жаӊы этабын баштады.

Республикабызда жогорку кесиптик билим берүүнү өзүнүн иш стилине айлантып, салттуу жөрөлгөлөрү менен айырмаланып турган ЖОЖдор арбын. Бирок бардык эле ЖОЖдор учурдун күрөө тамырын кармап, өлкөдөгү өзгөрүүлөрдү өзүнө сиӊирип, элдин мүдөө-талаптарын аткарып кете албай жаткандыктарын калктын калыӊ катмары билет. Айрым ЖОЖдор элдин социалдык эсинде калып, олуттуу өзгөрүүлөр жасалбаса да, инерция кубулушу боюнча эл арасында аброюн сактап турушат. Ал эми кээ бир ЖОЖдор ички мазмунун өзгөртүп, материалдык-техникалык базасын күндөн-күнгө чыӊдап, жаш мамлекетибиздин тикеленип кетүүсүнө салым кошо турган татыктуу кадрларды үзгүлтүккө учуратпай даярдап келишүүдө.

ӨЗ АРА КЫЗМАТТАШУУ ӨНҮГҮҮГӨ ЖОЛ АЧАТ

И.Арабаев атындагы КМУ жана ОшМУ экинчи категориядагы ЖОЖдун катарын толуктап келишүүдө. Аталган эки ЖОЖдун тарыхы, баскан жолу, мамлекет алдында аткарып жаткан милдеттери жана жоопкерчиликтери да окшош.  Алар жарым кылымдан ашык убакыттан бери педагогикалык кадрларды даярдашып, бүтүрүүчүлөрү республикабыздын булуӊ-бурчтарында, Орто Азия жана Казахстандын аймагында, акыркы жылдары Европада, Батыш өлкөлөрүндө үзүрлүү эмгектенип келе жаткандыктары менен сыймыктанышат.

ӨЗ АРА КЫЗМАТТАШУУ ӨНҮГҮҮГӨ ЖОЛ АЧАТ

Республикабыздын ордолуу очогуна айланган эки шаарыбыздын (Бишкек, Ош) борборунан орун алгандыгы да, бул жогорку окуу жайлардын шаарларыбыздын инфраструктурасына тийгизген таасирин аныктап турат. Жаштар топтолгон жер, студенттер билим алган жайлар шаарларыбыздын көркүнө көрк кошуп, маданияттын, билим алуунун, илимдин чордонуна айланып бара жаткандыгын эч ким танбайт. ЖОЖдорго мамлекет тарабынан жеткиликтүү каржылоо бөлүнбөсө да, жамааттардын жеке аракеттери, профессордук-окутуучулар курамынын жигердүү изденүүлөрү, окуу жайлардын жетекчилеринин иш билги башкарууларынын натыйжасында, турмуш ыргагынан артта калышпай күн кечирип келишүүдө. Ал аз келгенсип, өздөрү тапкан каражаттарынын эсебинен мамлекетке салык төлөп берип да жүрүштү.  Негизгиси, мамлекет ЖОЖдон пайда эле көрбөсө, эч кандай зыян тарта элек. Тескерисинче, ЖОЖдор мурдагы бийликтен бир топ запкы жеп, материалдык зыяндарды тартышты. Азыркы күнү да ЖОЖдор тагдыры чүкөдөй калчанып турат. Ошондуктан мамлекеттен жеткиликтүү каражат бөлүнбөсө, ЖОЖдун өнүгүүсүнө заманбап кол кабыш кыла албаса, алардын “көп экендиги” жөнүндөгү маселенин күн тартибине коюлуп жаткандыгынын өзү туурабы деген суроо жаралат. Республикабыздагы ЖОЖдор көбүнчө студенттер тарабынан төлөнгөн каражаттын эсебинен жашап келгендиктен, “мамлекеттик” ЖОЖдун – “элдик”  ЖОЖго айлангандыгына жыйырма бир жылдын жүзү болуп бара жатат.

Мындай тамыры, жашоосу окшош ЖОЖдо бири-бири менен тыгыз байланышта иштешип, тажрыйба алмашышып, мамлекетке сапаттуу кадрларды даярдап берүүдө, саясий, идеологиялык маселелерди чечүүдө, аларды калктын калыӊ катмарына жеткирүүдө четте калбоолору керек деп ойлойбуз. Бул айтылган жалпылыктар, эки окуу жайдын ортосундагы кызматташууга болгон умтулууну жаратты.

Акыркы жыйырма жылдагы тажрыйба көрсөтүп тургандай, республикабызда жайгашкан ЖОЖдор бири-бири менен кызматташууга, чогуу-чаран окуу процесстерин уюштурууга, өз ара жардамдашууга умтулбай келишти. Мыйзам чегинде ЖОЖдун мындай иш-аракетине бөгөт коюлуучу жагдайлар жок. КР билим берүү жана илим министрлигинин буйругу боюнча Окуу методикалык бирикмеге тектеш (профилдик) ЖОЖ профессордук-окутуучулар курамы мүчө катары киргизилген. Бирок алар өздөрүнүн функционалдык милдеттерин аткаруу менен чектелип келишкен. Мындай абал жетекчилердин (ректорлордун) ички байланыштарды күчөтүүнү жана кыргыз улутун бириктирүүнү өздөрүнүн милдети деп сезбегендиктен жаралган деп айтсак туура болчудай.

Азыркы күндө бардык эле ЖОЖдор чет элдик байланыштарды күчөтүүгө аракет жасашат. Мамлекетибизде атуулдардын чет мамлекеттерге чыгуу маселелери туура жолго коюлуп, нормалык-укуктук документтер иштелип чыгып, тоскоолдуктар алынып ташталгандан кийин, мындай аракеттердин жаралышы туура көрүнүш. Анын үстүнө “өнүгүүчү”   ЖОЖ болуш үчүн эл аралык мамилелер жолго коюлуу керек деген маселе да бар, болбосо “функционалдык” гана ЖОЖ болуп калышы мүмкүн. Бирок ошол эле учурда республикабыздагы ЖОЖдор бири-бирин билишпей, жетишкендиктерин баалабай жаткандыктары ойлонтпой койбойт.

2013-жылдын 11-13-майында И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, тарых илимдеринин доктору, профессор Т.Абдырахманов жетектеген чоӊ делегация Ош мамлекеттик университетинде болуп, эки тараптуу келишимге кол коюлду. И.Арабаев атындагы КМУнун демилгеси менен уюштурулган Ош мамлекеттик университетиндеги жолугушуу эки чоӊ максатты көздөдү:

1. Эки окуу жайдын ортосундагы академиялык кызматташуу;

2. Элибиздин биримдигине данакер болуу же  “түндүк”, “түштүк” ажырымын жоюуга таасир берүү.

Ордолуу Ош шаары, шаардын ортосун жара агып жаткан Ак-Буура суусу, касиеттүү Сулайман тоосу барган адамды өзүнө тартып, кыргыз жеринин дагы бир ажайып кооз жаратылышынан кабар берип турду. Бүгүнкү күнү Ош шаарына биринчи барган адам 2010-жылкы окуя болбогондой кабыл алары бышык. Шаардын ичи таза, жолдору тегиз, шаардын айланасы кыргыздын белгилүү личносттору, баатырлары менен курчалган. Бул символикалык көрүнүш шаардын жалпы коргонуу тактикасы сыяктуу көрүнгөнү менен экинчи борбор шаарыбыздын жалпы стратегиясын чагылдырып тургансыйт. Биринчи барган адам шаардын ээси бар экендигин сезет деп айтсак аша чапкандык болбос. Шаардын четиндеги жолго чыкканда (Төлөйкөн айылына) чогуу барган кесиптештердин бири Бишкектин жолуна түштүк деп тамаша кылганы жалпы көрүнүштү чагылдырып турду.

Ош элинин меймандостугун эске салышып,  эртеӊ мененки тамакта ал жерде кеӊири тараган мастава алдыга келди.  Ал эми саат 11.00 баштап, ОшМУнун ректору, филология илимдеринин доктору, профессор Исаков Каныбектин кабыл алуусунда болдук. Алардын жүрөк жарыла кубануу менен тосуп алгандарын көрүп, ата-бабалардын конок күтүү боюнча салттуу жөрөлгөлөрүнө ыраазы болосуӊ. Ал эми андай жөрөлгөлөрдү өз ыгы менен колдонуу да чоӊ өнөр.

Каныбек Абдуваситовичтин жаш болсо да баш болуп тургандыгы жана  уюштурган иштери, Ош мамлекеттик университетинин жетишкендиктери, жараткан ийгиликтери биздин делегациянын мүчөлөрүндө ыраазычылыкты жараткандыгын жашыра албайм. Эки күндө ОшМУнун 21 окуу корпусунун 8 гана корпусу менен таанышууга жетиштик.

Биздин делегация ОшМУнун ректораты, курамдарынын жетекчилеринин кабыл алуусунда болду.  Эки ЖОЖдун ректорлору пикир алышышып, бул жолугушуунун маани-маӊызына токтолушту. К.Исаков өз сөзүндө борбордо жайгашкан ЖОЖдон келген делегация ОшМУнун тарыхындагы алгачкы саамалык экендигин баса белгилеп, мындай аракеттен эки окуу жай үчүн пайдалуу, жугумдуу жактары арбын боло тургандыгына токтолду. Ал эми Т.Абдырахманов: “Ар бир ЖОЖдун өз салты, өнүгүү жолу болот, бири-бирибизден ал жактарды үйрөнүүгө тийишпиз, Сиздерден да пайдалуу жөрөлгөлөрдү алып кетебиз деп ойлойм. Биздин бул жакка аттанып чыккандыгыбыздын эки максаты бар: биринчиден, академиялык кызматташууга жол ачуу, экинчиден элдерибиздин ортосундагы мамилеге данакер болуп берүү. Аны биз интеллигенттер жасабасак, башка чөйрөлөрдүн колунан келбей да жатышы мүмкүн. Советтик мезгилде бийлик тарабынан кадрларды ротациялап, кандайдыр бир деӊгээлде элдин ортосундагы жакындыкты чыӊдап турчу. Акыркы 21 жылда мындай аракеттер болбогондуктан, “түндүк” жана “түштүк” маселеси жашоонун күн тартибине коюлуп келе жатат. Жаштарды, студенттерди бири-бири менен жакындатуу аркылуу бул маселени оӊ жакка чечсе болот. Эки ЖОЖдун бүгүн башталып жаткан алакасы билим берүү жаатындагы академиялык кызматташуу, тажрыйба алмашуу менен эле чектелбестен, улуттук деӊгээлдеги жалпы көйгөйлөрдү камтып тургандыгы менен баалуу” — деди өз сөзүндө.

Жылуу маанайдагы пикир алмашуу, таанышуудан кийин ОшМУнун музейи, чоӊ жыйындар залы жана окуу процессинин уюштурулушу, өткөрүлүшү жөнүндөгү маалыматтар кызыктырбай койгон жок.

Айрыкча окуу процессин автоматташтыруу системасы толук аяктап калгандыгы, анын жыйынтыктары бизди өзүнө тартып турду. Бул жааттан үйрөнө турган жагдайлар бар экендигине ынандык. ОшМУдагы корпустардын бардыгы бир системага салынып, борборлоштурулган окуу башкармалыгынын көзөмөлүндө тургандыгы албетте, алкоого арзыйт.

Ошондой эле студенттер үчүн  түзүлгөн шарттар,  жаштар студиясы алардын чыгармачылыктарынын өсүшүнө өбөлгө болуп жаткандыгына күбө болдук.

ОшМУнун материалдык-техникалык базасы заманбап чыӊдалгандыгы, Ош шаары интернет менен университет аркылуу камсыз болуп тургандыгы, китеп фондунун жылдан жылга толукталып  өсүп жаткандыгы, бул университеттин келечеги жөнүндө кабар берет.

ОшМУнун алдында медицина факультети жөнүндөгү түрдүү сөздөр жүрүп келгендиги жашыруун эмес. Биз аталган факультеттин базасын көрүп, алар акыркы техника, технологиялар, көрсөтмө куралдар жана окуу китептери менен камсыз болгондугуна күбө болдук. Айрым аппараттар, технологиялар Бишкектеги ЖОЖдо жок деп айтса болот.

ОшМУнун алдындагы теология факультети да анын өзгөчөлүктөрүнүн бири катары кызмат кылууда. Аталган факультеттин мечитине кирип, сыйынып чыгууну да унуткан жокпуз.

Биз шаардын түндүк-чыгышында жайгашкан корпустар менен таанышып, борбордогу филология факультетине келгенде журналисттер тарабынан даярдалган эртеӊ мененки жолугушуу жөнүндөгү маалыматты теледен көрүп, университетте иш-чаралар  ыкчам уюштурулуп жаткандыгына ишендик. Ошол жерден спорт аянтчалары жаӊыдан курулуп бүтүп, ишке берилүү абалында тургандыгын көрдүк.

Ошол эле күнү кечинде искусство институтунун студенттеринин күчү менен даярдалган жаӊы модалар жана делегациянын урматына арналган концертке катыштык. Кыргыз элине белгилүү обончу жана аткаруучу Р.Абдыкадыровдун музейи менен тааныштык.

Бул күнкү программа ректордун кечки тамагы менен аяктап, эртеси күнү келишимге ыйгарымдуу кол коюу аземи уюштурулду. Түзүлгөн келишимдин негизинде эки университеттин студенттери академиялык мобилдүүлүк укугуна ээ болушат, б.а. тиешелүү адистикте окуган студенттер өздөрү тандаган семестрди тандаган окуу жайда уланта алышат. Төлөм акылары өздөрүнүн окуу жайларында гана ишке ашырылат. Окуу мерчемдеринин негизинде эки жактан теӊ практикалардан өтүшөт. Мында эки тарап келген практиканттарды жатакана менен камсыз кылышат. Мындан сырткары, биргелешип илимий долбоорлорду ишке ашыруу, илимий-практикалык конференцияларды уюштуруу, окуу куралдарын даярдоо, эл аралык байланыштарга чыгуу ж.б.у.с иштерди чогуу аткарууга жетишилди.

И.Арабаев атындагы КМУ менен ОшМУнун ортосундагы келишим республикабыздагы башка ЖОЖдор үчүн өрнөк. Мындай келишим III муундагы мамлекеттик билим берүү стандартынын негизги принциптери менен дал келет. Аны өркүндөтүп отуруу өлкөбүздө сапаттуу кадрларды даярдоонун өбөлгөсү болот деп ишенимдүү айтууга негиз бар.

Ордолуу Ош шаары, шаардын ортосун жара агып жаткан Ак-Буура суусу, касиеттүү Сулайман тоосу барган адамды өзүнө тартып, кыргыз жеринин дагы бир ажайып кооз жаратылышынан кабар берип турат. Бүгүнкү күнү Ош шаарына биринчи барган адам 2010-жылкы окуя болбогондой кабыл алары бышык. Шаардын ичи таза, жолдору тегиз, шаардын айланасы кыргыздын белгилүү личносттору, баатырлары менен курчалган. Бул символикалык көрүнүш шаардын жалпы коргонуу тактикасы сыяктуу көрүнгөнү менен экинчи борбор шаарыбыздын жалпы стратегиясын чагылдырып тургансыйт. Биринчи барган адам шаардын ээси бар экендигин сезет деп айтсак аша чапкандык болбос. Шаардын четиндеги жолго чыкканда (Төлөйкөн айылына) чогуу барган ксиптештердин бири Бишкектин жолуна түштүк деп тамаша кылганы эки шаардагы жалпы көрүнүштү чагылдырып турду.

 

Т.Коӊурбаев,

И.Арабаев атындагы КМУнун

окуу иштер боюнча биринчи проректору

Поделиться

Комментарии