УРМАТ АГАЙ ЖАНА УУЛКАН ЭЖЕЙ

  • 06.09.2013
  • 0

Көп жылдар мугалим болуп иштеп, азыр ардактуу эс алууда жүргөн Осмонова Уулкан апа менен анын жолдошу Эсенгулов Урмат ата экөөнүн жалындуу жаштык кездери, деги эле эс тутумундагы жагымдуу нерселер мектепке тыгыз байланыштуу. Анткени алардын турмушундагы урунттуу учурлары мектепте окуучулар менен өткөн. Өмүрүнүн 40 жылдай мезгилин балдарды окутуп-тарбиялоого арнашкан мугалим жубайлар сегиз баланы тарбиялап өстүрүшүп, балдарынын жогорку билим алуусуна өзгөчө көӊүл бурушту. Азыр  уул-келиндеринин иштеринде жетишкен ийгиликтерине кубанып, ичтеринен сыймыктанышат. Балдарынын арасынан бир уулу, үч кызы жана үч келини ата-энеси ардактаган мугалимдик кесипте үзүрлүү эмгектенип келишет.

Уулкан эже өзү жан дили менен сүйгөн кесиби тууралуу айтканды, деги эле мектепте өткөн кезин эскергенди жакшы көрөт. Адамдардын билимге умтулуусу заманга жараша болот белем, өзү мектепти аяктаган 1965-жылдары калк арасында жогорку окуу жайга окууну каалагандар көп деле эмес болчу. Бактысына жараша турмуш курганда түшүнүктүү үй-бүлөгө туш болгон экен, Уулкан эженин түшкөн жери жогорку билимге ээ болушуна толук шарт түзүп беришти.

— Кайненем ыраматылык, абдан сонун киши эле. Мага келининдей эмес, өз кызындай мамиле жасачу. Ошондуктан болсо керек, көп балалуу болсок да, алардын түйшүгүн көп тарткан жокмун, анткени кайненем менен бирге жашагандыктан, балдарды багууда, деги эле үй тиричилигинде мага дайыма кол кабыш кылаар эле. Мени кайын журтум келин болуп келгенден кийин, 1965-1970-жылдары Кыргыз мамлекеттик  университетинин механика-математика факультетинде окутушту. Ошого миӊ мертебе ыраазычылыгымды дайыма айтам. Алгачкы эмгек жолум 1968-жылы 9 жылдык Туз мектебинде математика мугалими болуп иштөөдөн башталган.  Жолдошум Урмат экөөбүз 1976-жылдан 1982-жылга чейин Ленин атындагы мектепте иштедик.  Урмат агайыӊар болсо адегенде Көк-Жар орто мектебинде тарбия завучу, андан кийин мектеп директору, 1969-70-жылдары Кара-Суу орто мектебинде тарбия завучу, анан Кочкор райондук билим берүү бөлүмүндө инспектор болуп иштеген иш тажрыйбасы менен алты жыл мен жогоруда айткан Ленин орто мектебинде директор, мен болсо математика мугалими болуп иштеп жүрдүк. Агайыӊар директор болгон соӊ анын жоопкерчилиги, милдети жогору эле. Кайсы жакка иштегенге жиберсе, ошол жерде иштөөгө милдеттүү болгон. Ал кезде тартип да, талап да катуу эмес беле. Аны 1982-жылы Эпкин орто мектебине директорлукка которгондо мен да кошо барып, ал жерде да балдарды математика сабагынан окутуп жүрдүм. Андан соӊ 1985-жылдан дээрлик 1996-жылга чейин Туз орто мектебинде пенсияга чыкканча иштедик. Мектеп директорунун аялы болуп туруп, ошол жерде мугалим да болуп иштөө азыр кандай экенин билбейм, мага эки эсе жоопкерчиликтүү болду. Урмат өз ишине так болчу, башка жумуш калса да, мектептин жумушу калбасын деген принциптеги жетекчи эле. Мага жубайы катары эгерим жеӊилдик бермек турсун, кайра бир ооз мактоо сөз айтчу эмес. “Кой, уят, аялын мактап жатат” деп айтышат деп ыйбаа кылып турчу. Менин түйшүгүм эки эсе болчу дегеним, мектеп директору болгондон кийин ага сырттан ар кандай коноктор, текшерүүчүлөр байма-бай келип турушчу да, аларды тосчумун. Конок тосуунун машакаты түшүнүктүү го. Үйүӊө келген меймандар эшик-төрүӊдү карайт дегендей, анан уят болбоюн дейсиӊ да. Андан сырткары 600дөн ашык эсептерди чыгарып, экзамендерге даярдайбыз.

Текшерүүчү дегенде эсиме түшүп, күлүп калам. Бир жолу дагы мектепке текшерүүчүлөр келди. Аларды биздин үйгө алып келип коноктодук. Агайыӊар мындайда да чынчылдыгын карматчу. Үйдө коноктоп, мектепке барып башкалар менен бирге текшерүүчүлөрдүн көз алдында сабак өтмөй. Үч математик элек мектепте. Экөө күйөөсү-аялы боло турган. Текшерүү келгенде эле тиги жигит бир жакка кеткен болот да, экөөбүз кабылып калабыз. Жашырып не, мугалимдер текшерүү ишинде балдар чыгарган маселелерине көз салып, күйөрман болуп калчубуз. Бир жолу эсимде, классымда эки алган балдардын саны азыраак болсун деп эсебин толук чыгарбай калган бирин-экин окуучумдун эсептеринин аягына кошуп чыгарып койдум. Үйдө конок камында жүрүп балдарымды жакшыраак даярдай албай калдым да. Көрсө, алар балдар чыгарган эсептердин этегине билдирбей белги коюп коюшат экен, аны билбей эле тигинтип кошуп чыгарып, кармалып калып жатпаймынбы. Ошондогу уялганым ай, текшерүүчүлөр деле кечинде биздин үйдө даам сызган адамдар эле, куулук-шумдукту билбегенибиз ушул да, алар менен алдын ала сүйлөшүп койсо деле болмок беле, ким билет…

Эсеп тактыкты сүйөт эмеспи, кээде чыкпай кыйналганда, таӊкы саат 3-4 чейин отурчубуз эсеп чыгарып. Мектепте да толгон-токой жоопкерчиликтер бар. Конспекти жазасыӊ, дептер текшересиӊ дегендей. Мен гезит-журналдарды үзбөй окучумун. Айрыкча, “Математика в школе” журналын көп окудум. Андан башка да дидактикалык, методикалык кошумча материалдарды окуп, балдарга кеӊири маалымат айтып бергенге далалаттанчумун. Жеке эле мен эмес, башка кесиптештерим да, колго тийген гезит-журналдарды кезектешип окучубуз. Азыр эстесем, биздин муундун мугалимдери бардык жагынан алдыӊкы агартуучу болгонго аракеттери зор болгон экен, көрсө. Ал кездеги мүмкүнчүлүктөр менен азыркыны салыштырып болобу. Бир байкаганым, азыркы жаш мугалимдер өз ишине биздин учурдагыдай умтулуу менен мамиле жасашпагандай, — деп Уулкан эжей мүнөзүндө калыптанып калган математикалык тактык менен,  бирде күлүп, бирде ойго батып мектепте иштеген жылдарын эскерип отурду.

“Менин өткөн жылдарым – менин байлыгым” демекчи, агартуу тармагында басып өткөн байсалдуу жолу Уулкан эже менен Урмат агайдай эриш-аркак бир түйшүктү бирге тартып келген адамдар үчүн чыныгы байлык, бакыт болсо керек. Уулкан эжей акылгөй, иш билги жубай катары “Урмат агайыӊар” деп абышкасын  алдыӊкы орунга коюп, дагы да алдыга сүрөп отурганын байкап, узак жолдо урмат-сыйлуу өмүр сүрүп келаткан карыларга суктанып, кийинки жаштарга үлгү болорлук үй-бүлө экен деп ойлодум ичимден.

Урмат Эсенгулов ал кездеги ураанга ылайык, өкмөт менен партия кайсы милдетти жүктөсө да, кабагым-кашым дебей, ошол милдетти ыйык парзындай аткарган, өз ишине так, чындыкты сүйлөгөн, чындыкты сүйгөн жетекчилердин бири катары белгилүү болду. Ал өзгөчө Ленин атындагы орто мектептин курулушуна чоӊ салым кошкон. Туз орто мектебине (азыркы С.Жунушалиева атындагы мектеп) 1986-1987-жылдары ашар жолу менен аскер бөлмөсүн курдурганы айылдаштарынын эсинде. Мындан тышкары да дубалы көтөрүлүп, бүтпөй арабөк калган корпустун курулушун аягына чыгарып, айтор, директор катары мектеп короосунун чарбасын тыӊ жүргүзгөн жетекчи эле. Анын бул эмгектери эл оозунда дагы да айтылып келет.

Урмат Эсенгуловдун жөнөкөйлүгүн жана чынчылдыгын, эч качан сыйлыкка, атак-даӊкка умтулбагандыгын ушундан бил, Уулкан экөөнүн теӊ жадакалса “Эл агартуунун отличниги” төш белгиси да жок экен. Бир нече райондук, облустук грамоталары гана бар. Уулкан Осмонова 1985-жылы ЛКСМдын Ардак грамотасы менен сыйланган. Анан 1992-жылы «улуу мугалим» деген наамын алып, ошол наамы менен эс алууга узады.

Өзү билгенин балдарга үйрөтүп, аларга билим үрөнүн сээп, эртеӊки күнү ал балдары ал билимин андан ары улантып, жогорулап баратканын көрүп-билүү мугалим үчүн анык сыйлык, анык сыймык эмеспи. Мугалим үчүн мындан артык кандай сыйлык бар?! Айрыкча, өзүӊдүн балдарыӊдан сенин кесибиӊди улантканы – сен баштаган көчтү улап, сен өмүр бою аздектеген ыйык таберикти дагы бийигирээк, дагы жогорураак көтөрүп баратканы ушул да.

Уулкан эженин энелик жүрөгү эс алууга чыкканда деле тынчыган жок. Аны айрыкча, азыркы замандын балдары окууга мурдагыдай тереӊ умтулбагандыгы түйшөлтөт. Тээ, заман олку-солку болгон 90-жылдарда жогорку билимдин эле эмес, орто мектепти аяктаганга көӊүл бурулбай калганда чындап үрөйү учкан. Чырылдап жүрүп балдарын окутушту. Балдары эле эмес, колуна келген келиндерин да окутушуп, жогорку билимге ээ кылышты. Азыр кудайга шүгүр, сегиз баласы теӊ жогорку билимдүү, колдорунда иши бар дегендей, нан таап жегенге жарашат деп топук кылып калышат.  Улуу баласы Жылдызбек Ооган согушунун катышуучусу. Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган, азыр Бишкекте тергөөчү. Ал да атасындай чынчыл, туура сүйлөгөн, өз ишине так адис болгонун көрүп ыраазы болушат. Экинчи баласы Жыргал веттехник, кийинки кызы Ажар эки дипломдун ээси, мектепти медаль менен аяктаган, кесиби – математик. Учурда борбор калаадагы лицейде математикадан сабак берет. Төртүнчүсү — Батыйкан да математик, медалист. Азыр Эпкин орто мектебинде мугалим. Ильич болсо техника башкарат, трактор айдайт, айтор, короодогу болгон техниканын ээси. Кылыч болсо транспорт МАИсинде, ал эми Уландын кесиби — энергетик. Эӊ кичүүсү Өмүрбек — филолог. Өмүрбек Урматов учурда Оро-Башы орто мектебинин кыргыз тили, адабияты мугалими, директордун тарбия иштери боюнча орун басары болуп иштейт. Келинчеги экөө бир мектепте эмгектенишет. Ыр жазып, кароо-сынактарга да катышып калат. Уул-келиндери ыймандуу, ата-энесинин сөзүн жерге таштабай, ыйбаа кылып тургандарына ыраазы болушат. Улуусу болобу, кичүүсү болобу, ата-энесинин алдынан өтүшпөйт. Уулкан эже өзү деле ошол Кочкордун Коммунизминен. Алардын үй-бүлөсүндө да мугалимдер көп. Сегиз бир тууганынын ичинен басымдуу көпчүлүгү Уулкан эжедей болуп – математиктер. Урмат агай тамашалап айткандай, алардын бул жөндөмү генинде болсо керек.

Мугалимдик кесип да чыгармачыл мамилени талап кылган, тубаса шык-жөндөмдү, көкүрөктө эӊсөөнү сураткан кесип экенине Уулкан эже менен баарлашуумда, анын ошол мектепте калган кезин ушунчалык эргип айтып отурганын көрүп, дагы бир жолу ынандым.

 Айнагүл Кашыбаева,

“Кутбилим”

Поделиться

Комментарии